Конкурска: Келме кезек (№7)

ЖОМОК

Мартбек карыган ата-энесинен айрылып, жетим болуп өстү. Балапан эти ката элек, балтыр эти толо элек тестиер чагынан бодо мал, жылкы багып, байга жалданып жүрөт. Эмгегине үй ээси жылына ондон кой-козу бөлөт. Бала аларды байдын малынан бөлбөй, чогуу кайтарып, чыгымга учуратпай, бирге багууга көнөт.

Эгерим эс алууну билбей, күнү-түнү мээнетти жерибей, жандыктарын улам көбөйтөт. “Жетим – жетилет. Өнөрлүү - өлбөйт, жалкоонун жолу болбойт, иши оңбойт” – деген накыл мээсине кыттай орнойт. Колу бошто китеп окуп, кой-эчкинин, бодо мал, жылкынын эти менен терисин, жүнү менен сүтүн кайра иштетүүнүн жолун издейт. Анан жер иштетүүнү, бак-дарак өстүрүүнү, колго тийген нерседен буюм, жарак-жабдык, айтор ардеме жасоону үйрөнөт. Жигиттик баралга жетерде малын базарга салып, анын пулуна жер, түркүн көчөт сатып алат. Жерине биринин соңунан бири  түшүм   берчү жашылча-жемиш, эгинин айдайт.

Бул арада байдын уулу Битирбай да чоңоёт. Ал улуулар түгүл, атасынын да айткан акылын укпай, тескери басат. Ээнбаш, өзүм билем болот. Иш билгилик жадында жок, жанын кыйнабай, көп уктап, чак түштө араң ойгонот. Кийин билгени оюн-зоок: бозо, арак-шарап ичип, тынымсыз шапар тээп, алагүүлүктөн көзүн ачпай, ойногону кумар. Кумарда да ооматтуулар менен куулар утар, алардын да жолу кууш – бат эле сызга олтурар.

Битирбай ошентип бар байлыгын уттурду: кийиминен өйдө шылынып, карызга кокодон тутулду. Мал-мүлк, үй-жайы таланып, карызынан атасынын жыйган дүйнөсү менен араң кутулду. Ага урунду, буга урунду. Бирок, эмне тапса да берекеси болбой, колунан иш келбей, ырыскы качып, жармачтыкка тушукту. Кыйлага жетип, эсине келип, акылын араң жыйды. Көңүл коюп, көз салса, жетим деп тең санабаган бир кездеги Мартбек ченде жок бапырап байыптыр: кокту-колот, короосуна мал батпай, айкөл, малкөл,  ак сарайлуу асман кабат үй салыптыр.

Чырпыгы – чынар, түркүн дарагы түшүмү эсеп жеткис дүркүрөгөн, калың бак-шактуу токойго айланып, багында куштар сайрап, казанында ала көлдөй чык, Ала-Тоодой эт кайнайт. Тоо боорунан төмөн куюлган мөлтүр булагы, жер алдынан калпып алынган алтын-күмүшү жайнап,  табылгасы казынаны көздөй агыптыр. Кербендердей бири-бирине уланып курулган ишканалары  улам өркүндөп-өсүп, өндүргөн өнүмдөрү кымбат баада чет жерге өтүп, тамыр-тааныш, тууган-уругу, эли көбөйүп, байманасы укмуш ашыптыр. Мартбек өзү абройлуу окуу жайдан билим алып жатыптыр.

Битирбей  көрүнгөндөн насыя алат. Иштеп тапканын кайра эле насыяга карматат, карыздын үстөгүн жабат. Насыясы баштан ашат. Үй-жай, үлүш жеринен да ажырап, коколой баш, ач-жылаңач, томаяк болуп калат. Ошондо кур намысты жыйыштырат. Айласыздан болуп өтө сыпаа-сылык, Мартбектен кеңеш сурайт:

- Жетим элең – жетилипсиң. Кыз-жигиттерди туш келди иш издетип, жер кыдыртып, сандалтпай, элиңди мыктап багат экенсиң. Мындай доорго  кантип жеттиң, жөлөп-таяган устунуң ким?

Мартбек  Битирбайды аяды да:

- Жакшы атанын уулу элең. Эзелтен сага тең белем? Атаңдын учугун улап, жолун туурап, онун жүз, жүзүн миңге курап, жерин бейишке айлантсаң жарашмак!

Битирбей кайсалап, оор үшкүрдү эки жакка карап:

- Ээ, аны айтасың?... Бирөөнүн  көзүн каратпас, бөтөндөн оокат суратпас атамдын ашкан акылы кайдасың?

- Мына эми өзүңө келе баштадың!

- Көсөөнүн акылы түштөн кийин келери ырас. Насыянын үстөгүнө үстөк кошулуп атат. Шайым кетти, байлыгыңдан бере турчу бир аз... Сен менден жармач элең, буга кантип жеттиң?

- Анын жолу эң оңой, адегенде жалакайлыкты кой: ысык төшөктөн чыкпасаң, түшкө чейин уктасаң, акыл менен эмгек кылбасаң, бар мыдырыңды оюн-күлкү менен  шамалга чачсаң, оомат качат. Мен ар кимден үйрөндүм өнөр. Өнөр алууга ким да болсо, чыпалактайдан ыктаар,  көнөөр. Кур дегенде жер иштет: жылына үч-төрт түрдүү эгин эк, түшүм өнөөр. Бак тик, ал токой, таза аба берер. Коё жесең – кой артат, тарта жесең - тай артат. Жумуртканы тоокко, тоокту койго, койду бодо малга, аны жылкыга айлант. Аларды багып-караганга короо тап! Түгөнбөс жем камдап, жылга-жыбытка толтура чөп чап. Кой-эчкиң үч-төрттөн, уй-бээң төлдөсүн эки эмден. Анан эгерим карыз алба! Насыя алсаң, аны кайда жумшаштын, убагында кайтаруунун көзүн бил. Тапканыңды үнөмдө, ашыкча төкпө-чачпа! Күтүрөп иштээр, кирешени жүз эсе берер ишканаларды түмөндөтө кур! Карыз алсаң, анын өзүнөн да үстөгү жаман! Убагында кутулбасаң, анын пайызына пайыз кошулат. Кабыргаң кайышып, санаа тартып, кыйналасың абдан! Кыскасы, кулдай иште да, хандай жаша!

- Насыя албасам, карыздан кантип кутулам? – Битирбайдын шайы куруду.

Мартбек ууртунан күлүп:

- Ага такыр жолобо! Мен сага жашаарыңа  үй-жай, оокат-азык, кийим-кече берейин! Багаарыңа мал-кой, короо... Чөп чабаарыңа, бычан камдаарыңа белес, жайыт менен жер да  бөлөйүн! Колдогуңду төкпөй, бар болсо - чалкалап, чачып-көппөй, жок болсо – мүңкүрөбөй, тың жашаганга көндүрөйүн. Сарамжалдыкты үйрөтөйүн.

- Алганымды кантип төлөймүн?.. Кайдан билдим, итке минген сага бак-таалай конуп, даңазалуу мен жакыр болуп, ооматым колдон кетерин?

- Ай, ага баш оорутпа, эгерим!.. Өткөн өттү, кечээгиге кайгырба! Бай билгенди кул билет, Күндү жер тегеренет. Кыш артынан жаз келет, көктөм менен май, анан саратан жай, бышыкчылык күз келет. Африкада кыш болуп, Түндүктө жатат муз эрип. Жаурупада чилдеде күн кайнап, Азияда мандарын менен апельсин бышып атат. Муну айтканым болор сабак. Көрдүңбү, атаңдын байлыгы сага жукпады, жалкоо элең, сени мээнет чырмады. Эсиңе түй: ак мээнетсиз дүр-дүйнө эч кимге жукпайт, жалакайды  жакырлык арбайт. Бирөөдөн жардам күткөн байкушту  жалкоолук  жалмайт. Азыр ааламда жер четинде жылуулук алмашкандай байлыгы түгөнбөй, байлар да түбөлүккө тура бербейт. Колу жукаларга мал бүтөт, алар да байыйт,  келет кезек. Сага тогуздап мал  бөлөйүн – менден болсун, ошол сага белегим. Алганыңды доолабайм, сен да кайтарам деп ойлобо! Анткеним - сени байысын дегеним! Мен ыраазы,  пендеге  тийсе керегим! Анткени, атаңдын жоомарттыгын эстен чыгара элекмин.

Жакшынын шарапаты эзелтен калган. Эстүү адам кул кезинде жеген куйка менен жакшылыкты унутпайт. Билим, өнөр, акыл менен иштесең, жашооң болор май, талкан!

http://www.ruhesh.org/2020/02/14/baldar-adabiyaty-boyuncha-zha-y-konkurs/

Комментарий калтырыңыз