Конкурска: Мышык (№8)

АҢГЕМЕ

Таргыл семиз мышык бак түбүндө көлөкөлөп уктап жаткан. Бир маалда аарылар ызылдап чага баштады аны. Мышык коркконунан бакка чыга качты. Бирок түшө албай, бутакка илинип туруп калды. Ары жактан мышыктын досу агала күчүк келип, борсулдап үрдү:

- Аб-аб-аб, түш мышык!

Мышык шашканынан бутактагы таранчынын уясында турган жумурткаларды байкабай, жерге секирди. Учуп баратып, өзү менен кошо кулаган уяны көрүп, чочуп кетти. Уя учуп барып, агала күчүктүн башына кийилип калды. Ал аны этият алып жерге койду. Томолонгон мышыкка күлгөн бойдон ары кетип калды.

Күчүк, достору козу менен торпокту бактын түбүнө эрчитип келсе, мышык жерде уктап жатат.

- Ай, тур, чогуу ойнойлу, - деди козу.

- Турбайм!

- Кел, кубалашып ойнойбуз, - деди күчүк.

- Мени жайыма койгулачы! Жатам дедимби жатам.

Үчөө ийиндерин куушуруп кетип калышты. Эртеси оюнкарак үчөө кайра келишти. Мышык ордунан жылбай уктап жатыптыр. Торпоктун ачуусу кайнап:

- Сен ушундайыңан семирип кеттиң, тур ойнойлу! – деп мөөрөй баштады. Мышык акырын ордунан козголсо, курсагынын алдында уя бар экен. Ал уядан жумурткаларды жаңы эле чертип, таранчынын төрт балапаны чыйпылдап атыптыр.

Көрсө мышык бактан кулаган уяны эки күндөн бери басып жатып, таранчынын балапандарын куткарып калган экен. Кана балдар, мышык чын эле жалкоо бекен?

http://www.ruhesh.org/2020/02/14/baldar-adabiyaty-boyuncha-zha-y-konkurs/

Комментарий калтырыңыз