Конкурска: Эки дос (№9)

ЖОМОК

Илгери, илгери эки дос болуптур. Алар бала кезден чогуу ойноп, чогуу жүрүп чоңоюшат. Бир үзүм нанды бөлө жеген ынтымактуу достордон болушат. Жылдар суудай агып, бат эле жигит куракка жетишет, үй-бүлө күтүшөт. Достордун бири дыйканчылык менен алектенсе, экинчиси мал багууга шыктуу болот. Жашоо шарттары, кызыгуулары ар башка болгонуна карабай экөөнүн достугу чыңала берет. Ошондой күндөрдүн биринде малчы достун жандыгы тез эле көбөйө баштаганын дыйкан дос байкайт.

- Оо дос! Мал-жаның күн санап өсүп жатат. Кубанып турам... Бирок? Бирок, жандыктарыңдын мынчалык тез көбөйгөнүнө таң калам. Буга кантип жеттиң? – дейт кызыгып.

- Кайдан болмок эле, - дейт малчы дос каткыра күлүп,- Кошуна айылдардагы байлардын малына ууруга барып жатам. Бирин-экин алып турсам, алардын кылы деле кыйшайбайт. Керек болсо байкабай деле калышат, - дейт мактанып.

- Кой дос, мунуң жарабайт. Билинип калсаң ууру атыгып, элден чыгып каласың. Азыртан токтот, - дейт дыйкан дос капа болуп.

- Ээй! Коркуп жүрө берсек эч нерсеге жарыбай өтөбүз. Андан көрө сен да кошул мага! Жайы-кышы жонуңду оорутуп жер иштетпей, мага окшоп жыргайсың! – дейт малчы дос дыйкан досту азгырып.

- Жок, кошула албайм, кечир!

Дыйкан досуна каршы болот. Ошентип, малчы дос уурулукка кынык алат. Уурдалган жандыктардан досуна да кайрылышат. Дыйкан - “сага кошула албайм”,- дегени менен досунун белегим же жардамым деп берген малын үндөбөй ала берет.

Күндөрдүн бири малчынын короосунда асыл тукум жылкылар пайда болот. Аны көргөн дыйкан дос бир чети коркот, бир чети суктанат.

- Абдан сулуу жаныбарлар! - дейт суктанганын жашырбай,- Булардын асыл тукум экени сокурга деле байкалат! Демек булардын кожоюну жөн адам эмес. Кайдан уурдап келдиң? - дейт досуна кайрылып.

- Мурунку кожоюну жөн адамбы, башкасыбы-ы... ишим да жок! А азыр кожоюну менмин! Менин короомдо жүрүшкөн соң, демек меники... Сен каалаганыңды тандап ал. Достон аянбайм, - дейт малчы дос мактана.

Келишкен сулуу күлүктөрдү дыйкан албайм дей албайт. Ого бетер сугу артып:

- Дос, бирөө болсо жалгызсырайт, экөөнү бер! - дейт напсисин агызып...

- Макул, ала бер! Сенден качан аянчу элем! - малчы достун берешендиги артат...

Ошентип, эки жылкыны жетелеген дыйкан үйүнө кубанып кайтат. Үйүнө жете электе алдынан атчан жоон топ чыгат. Алар ошол чөлкөмдүн ханынын жигиттери эле. Жылкыларды алыстан көрө кыйкыра чаап келишет.

- Мына, хандын күлүктөрү! Күнү-түнү издегенибиздин акыбети кайтты,- дешет кубанышып. Дыйкандын “мен уурдаган жокмун!” дегенине карабай буту-колун кишендеп, хандын ордосуна алып келишет.

- Улуу-урматтуу ханым,- дешет алар кол куушурушуп,- Мына ууру! Сиздин аргымактарды уурдаган ушул акмак! - дешет ханга тизе бүгүшүп.

Хандын ачуусу абдан келет. Дыйкандын колун кесүүгө буйрук берет. Дыйкан жигит жансоогалайт.

- Улуу урматтуу ханым! - дейт дыйкан,- Мен ууру эмесмин! Жылкыларды малчы досум белекке берди эле. Сиздики экенин билсем албайт болчумун! - дейт көз жашын төгүп.

Дыйкандын бул кебин уккан хан жигиттерин малчыга жөнөтөт. Көп өтпөй аны да ордого алып келишет. Малчы жигит уурулугун моюнга алып, досун коё берүүлөрүн суранып, досунун күнөөсү жок экенин айтат. Ошондо хан:

– Чыныгы уурунун колун кескиле да, коё бергиле! Ал эми уурдалган экенин билип туруп кабыл алган жигиттин колун кескиле да, зынданга салгыла! - деп буйрук берет.

Эки дос хандын калыссыздык кылып жатканын айтып жансоогалашат. Хандын ачуусу огобетер келет:

- Мен эч качан калыссыздык кылбайм! Бирөөнүн мал-жанын уурдаган гана ууру эмес! Уурдалганын билип туруп кабыл алган да ууру! Уурулардын жазасы бирдей: колуңар кесилет! Ал эми досун саткан зынданга кетет! Ууру – жандык уурдаса, саткын – адамдын ишеничин уурдайт! Ууру оңолушу мүмкүн. Ал эми саткын эч качан оңолбойт! - дептир.

Аягы. 2020-ж

Комментарий калтырыңыз