Жолдошбек уулу Бектур: Азыркынын Майсалбектери кайда?

Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна

...Мен аны көп жолу окудум. Окуганда да жөн эле окуп койгонум жок. Берилип окудум, кызыгып окудум, сиңирип окудум... Алардын бактылуу күндөрүнө ортоктош болуп, кыйын учурунда жардамдашкым келип жүрдү. Эл менен кошо фронтко десе фронтко, тылда иштеш керек болсо тылда иштемекке макул болгон болдум. Чын эле, боорум ооруду, аядым, бир чети сыймыктанып, ыраазычылык билдирип жаттым. Боорум ооруганы – бир үйдөн төрт эркек болсо төртөө тең кан жыттанган согушка аттанса, башында кат жазып дайын-дарегин айтып жатканы менен төртөөнөн тең кабар жок, четинен жан дүйнөнү эңшерген кара кагаз келип жатса, андагы кабар "какаганга муштаган" болуп ого бетер чүнчүтүп, табигаттан берилген баёо сезими душманды каргап, согушту каргап, турмушту каргап, жашоого болгон каалоосу жок калгандыгы өткүн сымал бир себелеп өтүп, келини экөөнүн тең сай сөөгүн сыздатканы, туман баскан келечегин көрө албаганы.

Ал эми жан дүйнөсү жараланып, кан жутуп турган учурда да Толгонайдын Субанкулдун аманатына жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, өлгөндүн артынан өлмөк жок экенин астейдил сездиби айтор, эки тизгин бир чылбырды колго алып, балдар үчүн, айыл үчүн, келечек үчүн деп тагдырдын сыноосуна сынбастан күрөшкөнү эрдик эмей эмне?

Анын үстүнө бул кечээки эле окуя, кан менен жазылып калган карт тарых, андан бери кылым айлана элек, анан да Айтматов муну Кытайдын тарых булактарынан алган жок, өз көзү менен көрүп, өзү аралашып, ал эмес сельсоветтин катчысы болуп иштеп, биз уга элек кыйынчылыктарга туш болгонун кийин өзүнчө жазганы бар ("Балалык").

Бирок, мен айтайын деген маселе такыр башка...

Эми ойлонуп көрөлүчү. Азыркы ата-энесинин айласын кетирген, жеткен эрке чөп көчүктөр (буга өз кезегинде ата-эне өзүлөрү да күнөөлүү), "Айфон эле айфондоп" ата-энесин этектен тарткылаган, алып берсе "рахматты" билбеген, алып бербесе кабагына кар жаап, мурутуна муз тоңгондор, бир кийгенин экинчи кийбей мода кубалап жүргөн эргулдар, "барга – шүгүр, жокко – сабырды" билбеген ырыс кесерлер ошол заманда туулганда кандай болмок?.. Толгонайдай кайраттуу, өзү жаш болсо да көп нерсени түшүнгөн Алимандай чыдамкай, келечекте жакшылыктан үмүт үзбөгөндөр деле бар болсо керек, бирок карасы көп болсо агы (дээрлик) көрүнбөйт эмеспи.

Мекенчил болумуш этип, өзүнүн жердештерин токмоктогон "жарма патриотторду" ошол учурга алып барып койгондо Жайнактай өз эрки менен согушка аттанаарына (согушка өз эрки менен жана үйдөгүлөрү камсанайт деп айтпай кеткен) эч эле көзүм жетпейт. Ошол үчүн калп эле эрдемсинип, бузулган сарайда сынык кылыч көтөрүп алып ары-бери чуркап, "жылаңач баатыр" болбой эле коюшса ошолор. Ал эми чыныгы баатыр Майсалбектин катычы? Бир чети жүрөк титиретсе, бир чети чыйралтып, чыйрыктырат го... Чын эле, мен Майсалбектин катын окуган сайын эмнегедир чыйрыгып кетем. Мына, азыр да кайрадан катты окуп чыгып, үстүмө күрмөмдү кийип, жазганды улантып жатам. Бул жердеги айтчу нерсе – азыркынын Майсалбектери кайда?.. Мейли, аны териштирип отурсам темадан алыстап кетчүдөймүн...

Ошол үчүн тууганым, мекендешим! Биз азыр Майсалбектердин заманынан бир канча эсе жыргал заманда жашап жатабыз. Ушуга шүгүр десекчи!? Сөз эркиндигинин туусу колубузда, ар бир экинчи киши журналист, көргөн-билгенин социалдык түйүндөргө жазат (өкүнүчтүүсү жаман кабарга, провокация кылганга, өксүгөн жагыбызды ашкерелегенге келсек, алдыга эч кимди салдырбайбыз го), мамлекетибиз ал кездегидей бирөөгө көз каранды болуп отурган жери жок. Келечеги колунда. Шыйрактан артка тарткандарга Жайнак сымал мамлекетимдин келечеги үчүн деп каршы чыга албай жатабыз, акчага азгырылып жатабыз, убактылуу жыргалчылык үчүн келечегибизди сатып жатабыз... Бирок, бүгүн да кеч эмес. Оңолсок болот. 100 күндө ирээтке келип (реформа), 2-3 жылда бутубузга туруп кетсек болот. Ал үчүн сен да, мен да ишенимдүү кадамдар менен азыртан баштап өзгөрүүнү өзүбүздөн баштообуз керек, тарыхты окушубуз, билишибиз жана өткөндөн сабак алышыбыз керек. Аталар ушул күн үчүн, ушул эркиндик үчүн өлүмдөн кайра тартпай, кан-жанын берди эле го!.. Кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылган. Пырпырап туш-тушка учкан кушубузду кайтарып, чачыраган элибизди жыйноо биздин милдет экен го. Демек, биз ушул мүмкүнчүлүктөн (эркиндиктен) пайдалана албасак Манас ата кечирбейт, Курманжан апа кечирбейт, Исхак ата кечирбейт, тарых кечирбейт, Кудай кечирбейт, эч ким кечирбейт...

Жолдошбек уулу Бектур, Нарын облусу, Нарын району Эчки-Башы айылы, 11-класс.

Комментарий калтырыңыз