Кожогулова Асема: Мекенимди таштандыга батыргым келбейт №7

  • 11.03.2022
  • 4943

«Эгемендиктин баасы эмнеде?» конкурсуна

Адам баласы колундагы бар нерсенин баркын жоготкондо гана сезет. Ушундан улам «Колдо бар алтындын баркы жок» деген кеп ооздон оозго өтүп, азыркы заманга чейин жашап келет. Албетте, өзүбүздүн бейиштей жерди барктабай атканыбыз чын экенин ким тана алат.

А балким азыр өзүнүн ордун билбей, эч бир элге, эч бир жерге батпай, улутун билбей, ким экенин билбей сандалып жүргөндөр биздин ордубузда болуп, бейпил күндөрдө жашаса, мекенин көздүн карегиндей сактап, жер бетине жөргөмүшкө желе тарттырбай барктайт беле. Бирок неге, не үчүн, кандай себептер менен киндик кан тамган жерибизди, алтын бешигибиз болгон мекенибизди таштандылардан коргой албайбыз? Эмне себептен «Ушул менин мекеним го» деп таза кармай албайбыз? Эмне үчүн таштанды, акыр-чикирди таштоо, өзүнүн артынан жыйнабоо эӊ чоӊ сабатсыз, эӊ чоӊ адепсиздик жана эӊ чоӊ маданиятсыздык экенин биз түшүнө албайбыз?!

Эмнегедир аалам баткан карегиме ар бир кадам баскан сайын чууруп жерде жаткан таштандыларды батыргым келбейт. Кыргыз болуп туруп өз мекенибизди аябаганыбызга жүрөгүм «дирт» дей түшөт. Чет элдери келип Кыргызстанга кандай баа берип, кандай суктанса, ошол жердин ээси болгон, ошол жердин кожоюну жана коргоочусу биз ошончолук деӊгээлде суктанып, ошончолук деӊгээлде баа бере албагандыгыбыз катуу өкүндүрөт. Белгилеп айта кетсек, адамзат тарыхында биринчи болуп 1961-жылы 12-апрелде советтик атактуу космонавт Юрий Гагарин космоско учкан эле. Ошол учурда Кыргызстаныбыздын жети кереметинин  бири Ысык-Көлдү «Жер планетасынын көзү» атаган. А бирок биз ошол сыяктуу баа бере алат белек? Мейли, өз жерибиздин экономикасын көтөрө албасак да жер бетин таза кармасак арпа боюнчалык болсо да жакшылык кылган болобуз го. Тамчыдан көл куралат демекчи, ар бир нерсени майдадан баштаганыбыз туура.

Эмне үчүн айыл болгонуна карабастан ар бир көчөгө таштанды челектерди орнотууга болбосун, эрте жаз менен ар бир окуучу жаш көчөттөрдү тигип жашылдандырууга болбосун, кантсе да ааламга жол айылдан башталат эмеспи. Ар бир жакшы аракет алдыга умтулуунун чоӊ кадамдары экенин түшүнгөнүбүз эп. Өнөөр эл тарыхын айтып, тыӊсынат, өнөөр эл максатына умтулат деген сыӊары кандай болгон күндө да максатыбызга карай умтулушубуз керек. Анткени мекенибизге жаркын келечек түзүү биздин аткарбай коюуга мүмкүн болбогон милдетибиз.

Кожогулова Асема Майрамбековна, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы №27 Ичке-Суу жалпы орто билим берүү мектеби, 8-класс.

Комментарий калтырыңыз