Азамат уулу Аманбек: Эгемендик – бул жоопкерчилик №9

“Эгемендиктин баасы эмнеде?” конкурсуна

Дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер бар. Эгемендикти эңсеген башка мамлекеттерге окшоп, жерим-элим бир көз карандысыз мамлекетте жашаса деген улуттар бар. Мисалы: дунгандар, уйгурлар, цыгандар жана башка көптөгөн эгемендиктин баркын-кадырын билген улуттар жок эмес. Ошол эле учурда эгемендик алганына 30 жыл толгон берекелүү,  дөөлөттүү Кыргызстан мекенибиз бар экенине кудайга ыраазымын.

Эгемендикти белек кылган бабалар арбагына дагы ыраазымын. Санаттай берсе санжыра узун, таржымалдаса тарых узак.

"Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама жыйып журт кылдым" - деп тээ Манас ата доорунан бери эчен жолу мамлекет түптөп эгемен болгонбуз.

Ар бир каганаттын, ар бир хандыктын, ар бир күнкор мезгилдин, ар бир эркиндик үчүн күрөштүн, ар эгемендик жеңиштин, ар бир жоортуулдун, ар бир кыргындын, ар бир сүргүндүн курмандыктары бар, болгондо да өтө көп.  Турган-бүткөнү менен жоопкерчилик канга сиңип калганы да ошондон.  Анткени узак тарых күрөштүн сабагын берди.  Жеңиштин даамын таттырды,  ызанын ыйын жуткурду. Кыргыз кыргыз болуп жаралганы эгемендик үчүн ээ-жаа бербей күрөшүп жүрүп олтурду. 

Эгемен туубуз желбирегенден бери ушунча убакыт өттү.  Адамзат тарыхы үчүн бул балким, бир көз ирмемдир.  Бирок биз үчүн бүтүндөй бир доор.  Кыргызстаныбызда беш президент алмашты.  Үч ыңкылап болду.  Эки жолу башка өлкө менен толук масштабдуу согушуу коркунучуна кептелдик. Президенттик башкаруудан супер президенттик башкарууга, андан соң парламенттик системага өтүп,  кайра супер президенттик тартипке кайттык.  Бир дагы президент Конституциябызга тийбей кыйгап өткөн жок: өзгөртүп толуктады.  Болору болду,  өткөн өттү. Эми каталарды дыкат карап,  тыянак чыгарып, ишти чапчаң илгерилетчү мезгил келди. 

Өзгөчө сабак алып,  акыбалды оңдоого шашылчу бир нече тармактар бар.  Алар: тышкы миграция,  кен иштетүү, билим берүү системасы,  адеп жана жарандык жоопкерчилик,  экономикалык дипломатия, тышкы карыздан кутулуу,  мыйзам иштетүү жана адабиятка көңүл буруу мына ушунун баарын акырындап,  оңдоп-түзөө менен эгемен мекенибиз мындан ары карай гүлдөп,  өркүндөп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Азыркы учурда эгемендиктин кадырын билбеген жарандар көбөйүүдө.  Бабалар кан төгүп,  канча кыйынчылык менен түптөлгөн мекенибиздин баасын билүү керек.  “Колдо бар алтындын баркын жок” дегендей, жаштарыбыз эгемендиктин кадырын билбей,  киндик каны тамган жерине түкүрүп,  булгап, башка элге көрсөтүп, ал эмес үйрөтүп жаткандыгы эң бир өкүнүчтүү көрүнүш.

Ошондуктан эгемендик - бул жоопкерчилик, биздин моюндагы аманат. Асыл ой,  берекелүү аракет,  ширелишкен ынтымак болмоюн,  ал аманатты алып кетип,  кийинки жаркын келечекке мурас кылуу кыйын.  Жаратканым бизге жардам берип,  Кыргызстаныбыздын зоболосун зор кылсын,  ылайым!

Азамат уулу АманбекЧүй облусу,  Токмок шаары,  ОСШЛ номер 11

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз