Корошов Марлен: Эгемендиги жок эл – уясы жок куштай №10

Эгемендиктин баасы эмнеде?” конкурсуна

Ар бир элдин мүдөөсү,  анын өнүгүшү кылымдардан бери көксөп келген эгемендиги менен байланыштуулугу ырас.   Эгемендик эл үчүн,  кыштай кыналышып тизилген алтын ордодон да артык.   Анткени,  эгемендиги жок эл – уясы жок куштай,  ар жерде жүрүп,  өмүрүн дайыма коркунучта өткөрүп,  максаттары дайыма бүдөмүк.   Бекеринен  Манас атабыз үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап,  кулаалы таптап куш кылып,  курама жыйып журт кылбагандыр. 

Быйыл эгемендикке 31 жыл толду.  Кыргыз элинин кылымдарга созулган арманы орундалган эгемендиктин 31 жылдыгы.  Эгемендикти алгандан бери биз бир топ жакшы нерселерге жетиштик.  Өзүбүздүн туубуз, гербибиз, гимнибиз жаралды.  Улуттук валюта иштелип чыкты. Мектептерде «Кыргызстандын тарыхы» сабагы өтүлө баштады. Көптөгөн чыгармалар элге кайра окууга чыгарылды.  Эң башкысы, эгемендик ыроологон эркиндикке жетиштик.  Бул эркиндик оңой-олтоң келген жок.  Өзүнүн өмүрү коркунучта турса да, келечек муун үчүн жанын берген кайран аталарыбыздын, эрктүү энелерибиздин аркасында келген улуу дөөлөт. Буга тээ байыркы тарых эмес, кечээги эле биздин тарых далил.  Эми ошол эгемен өлкөнү өнүктүрүү биздин колубузда. 

Ар бир адамдын боюнда мекенге деген сүйүү болуусу абзел.  31 жыл ичинде бизде бир топ президент алмашты. Балким алар бийликтин башын анча буралбагандыр.  Ошол үчүн биз азыр артта калып жаткандырбыз… Бирок кандайдыр нерсе болгон күндө да,  биз мамлекетке жардам кылышыбыз керек.  Ажону өзүбүз шайлагандан кийин, анын артынан жамандабай кайра жардам берүү биздин милдет.  Эгемендик алгандан кийин артыкчылыктарга да, кемчиликтерге да кезигип келебиз. 

Эң өкүнүчтүүсү, бизде коррупция деген апаат өлкөнүн өнүгүүсүн солгундатып келет.  Бийликке келген адамдар өз камын ойлоп, кара курсак үчүн өлкөнүн келечегин ойлобогондор миңдеп саналат.  Жогорку кызматтарда эле эмес,  мектептерде,  окуу жайларда,  оруканаларда коррупция кезикпей койбойт.  Тактап айтканда, биз өзүбүз коррупциянын рулун айландырып жатабыз.  Бул ишти жоюу үчүн көптөгөн акчалар жумшалат.  А бирок анын аягына такыр чыкпай келишет.  Кезинде Кытыйлар коррупционерлер үчүн акчанын ордуна зындан бөлгөн.  Биз биринчи кезекте ушул нерсени жоготсок, өлкө өнүгүнүн жолуна түшөт. 

Тарых негизинен бизге чоң мотивация. Андан биз өлкөнү өнүктүрө турган чоң мисалдарды алууга болот.  Маселен, Ата Мекендик согуш жылдарында Японияга  атом бомбасы ташталбады беле.  А азыр кандай гүлдөгөн шаар… Кеп мамлекеттин казынасында эмес, элинде.  Азыркы доор өзүм-өзүм деген заман болуп калбадыбы.  Кайдыгерлик адамдын желкесине минип алгандай.  Биз ар бирибиз кайдыгер болуп бара жаткандайбыз… Мындай кыла берсек өлкөнүн келечеги эмне болот? Урпактарыбызга эмнени мурас кылабыз? Ата-бабабыз калтырган жердиби?  К.Тыныстанов жанын карч уруп изилдеген эне тилдиби? Т.Усубалиев калтырган Бишкектеги имараттардыбы? Же өзүбүздөгү чыккан таштандыны иштете албай,  өзүбүздүн таштандыга айланып бара жаткан шаарыбызды калтырабызбы? Жок,  элим,  азыртан ойлонолу.  Келечек муун үчүн эгемендиктин белгиси болгон эркиндикти,  мекенди, тилди кемитпей өркүндөтүп беришибиз керек. 

 Акыркы жылдары глобалдуу жылуулук,  кендердин көптүгү  Кыргызстанга да терс таасирин тийгизди.  Мөңгүлөр эрип,  Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз.  Биз энергиянын башка булактарына өтсөк жакшы болмок.  Таштандыны кайра иштетүүчү заводдорду куруу замандын талабы.  Эгемен эл болгонубуз менен миграция аябай күч алган.  Көбү чет өлкөлөргө иштеп,  жашап калышууда.  Бул өлкөдө завод-фабрикалардын аздыгында. Дээрлик Кыргызстанда экспортко караганда импорт басымдуу.  Ошондуктан ушул тармакты өнүктүрсөк  экономикабыз бир аз да болсо өнүкмөк.  Антпесе мекенибиз мектептей эле болуп калат.  Бардыгы чоңоёт да,  чет жакка кетип калыштат.   Ал жакка баргандан кийин келеби, келбейби – аны Кудай гана билет. 

Демек, ар бирибиз  өлкөнү өнүктүрүүгө милдеттүүбүз.  Эгемен өлкөнүн баркын баалап, эч бир жерин кемитпей келечекке мурас кылуу биздин милдет.  Кел кыргызым,  мен да, сиз да тырмактын учундай болсо да өлкөбүзгө жардам кылалы.  Мекендин тазалыгын сактап, жакшы билим алып,  элди, жерди өнүктүргөн атуулдардан бололу деп өзүмдүн калемиме таандык “Мурас” деген ырым менен дилбаянымды жыйынтыктайм:

Дүңгүрөтүп дүйнөнү Чыңгыз өттү,
Алыкулдай акындар ырын төктү. 
Касиеттүү Ысык-Көл көргөндөрдү
Чексиз сымал элестетип, бийик көктү. 

Чачылганды жыйнаган Манас эле,
Кыргыз деген жупуну улут дебе. 
Курманжандай даткалар чыккан бизден,
Кыргыз элдин тарыхы тексиз беле. 

Калтырып Саякбай зор дүйнөнү,
Касымдай эне тилге ким үндөдү?
Калтырып,  мурас кылып чоң дастанды
Жандантат дайыма ал жүрөктү. 

Сактап келип тарыхты,  эне тилди,
Кемитпей келишти эркибизди. 
Ажалдары турса дагы кыл учунда,
Мурас кылып калтырды жерибизди. 

Кел кыргызым, азыртадан ойлонолу,
Ар-намысты, эркибизди ойготолу. 
Бүгүнтөн келечекке кадам таштап,
Мурас кылып, жерибизди коргойлу. 

Корошов Марлен, Бишкек шаары,  78-мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз