Арапбаева Айбике: Эгемендикке болгон сүйүү №11

Эгемендиктин баасы эмнеде?” конкурсуна

Билесеңерби,  мен аябай бактылуу инсанмын. Эмне үчүн? Себеби,  менин алты саным аман,  жардамга муктаж эмесмин!

Себеби,  менин ата-энем,  бир туугандарым жанымда жана мени дайыма колдоп,  жандап турушат!

Себеби,  ичээрге таза суум, жээрге алдымдымда тамагым бар! Менин сүйлөөргө өз эне тилим бар! Күкүм топурагы алтынга тете Кыргызстаным бар! Кыйын учурда колдогон Кыргыз элим бар! Дегеле,  айта берсе көп сөз.

Биз кара калпактар,  чечендер,  дунгандар сыяктуу улуттардай ар жерде жашабайбыз.1991-жылы 31-августта ар кыргыздын төбөсү көккө жетсе керек. Эгемендүүлүк бизге кандай жеткенин,  канча убакыт, өмүрлөрдү талап кылганын тарых сабагынан окуп,  билип эле жүрбөйбүзбү.

Эгемендүүлүктү мына 30 жыл толду,  ушул 30 жыл Кыргызстанда кандай иштер жүрдү? Жолдор оңдолууда,  бийик имараттар курулууда, суу жетпеген айыл-кыштактарга суу жеткирилүүдө, “жаштар” менен иштөө актуалдаштырылууда.

 Мисалы, биздин мектепке кечээ жакында эле “Адептүү,  дени сак уул-кыздарың – тиреги эгемен Кыргызстан” аттуу долбоор болуп өттү. Ош шаардык мэрияда ар түрдүү демилгелер көтөрүлдү.

Бирок ошол эле жылдары революциялар,  митингдер,  президент алмашуулар жана башка шумдуктуу окуялар азыр да болуп жатат. Мунун баарын жасаган биз, элбиз. Ушундай эле зордук-зомбулук,  мажбурлап ала качуу,  өзүнүн жана башка бирөөнүн өмүрүнө шек келтирүү көбөйүүдө. Эгер жакшы жагынан карасак,  мыйзам күчөп,  ошого жараша жазасы да күчөтүлүүдө.

Суицидге же өз жанын кыйууга көбүнчө мен сыяктуу өспүрүмдөр барышат. Болбогон нерселер үчүн бирисин жакшы көргөн кызы таштап кетсе,  экинчиси жөн гана ата-энеси менен кичине уруша кеткендиги үчүн. Адам баласына бир гана өмүр берилет. Эч нерсени билбеген баланын муну кылганы өтө жаман.

Эгемендүүлүктү канча акчага сатып алса болот экен? Миллионбу,  миллиардбы же андан да көпбү? Эгер тарыхка көз салсак эч ким мындай жасаган эмес,  жасаса да өз максатына жетишкен эмес. Демек,  эгемендүүлүктү,  эркиндикти сатып алууга мүмкүн эмес! Бул нерсе акырына чейин чыдап,  керек болсо өз жанын берүүгө даяр эр азаматтардын артында турат. Абдыкерим Сыдыков,  Жусуп Абдырахманов,  Эшенаалы Арабаев жана башка репрессияга тушуккан бийик инсандар сыяктуу.

Эгемендүүлүк – элдин эркиндиги,  эгер улут апапакай сүт болсо,  эгемендүүлүк сүт куюлган идиш,  бул элдин намысы,  чеби. Ошол сыңары чыныбызды сындырбай,  сүтүбүзгө суу кошпой,  намысыбызды булгабай,  чебибизди өзүзүбүз талкалабайлы! Эми ар бирибиз өзүбүзгө суроо берели,  мен Кыргызстанга кандай салымымды кооштум?.. Келечекте Кыргызстанга өз салымымды кошо аламбы?

Ар кимдин өз ою бар,  ошол себептүү мен өзүм үчүн жооп берем. Мен азырынча мектеп окуучусумун,  албетте,  чоң иштерди жасай элекмин,  бирок  мектепте жакшы окуп,  коомдук иштерге активдүү катышып,  олимпиадаларда өз билимимди көрсөтүп жатам. Бул менин Кыргызстанга кошкон кичине болсо да салымым.

Ош шаары, Төлөйкөн айылы,  №32 Жолон Мамытов мектеби,  9-класс,  Арапбаева Айбике

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз