Осмонова Акылай: Эркиндикти баалабастар да жок эмес №12

Эгемендиктин баасы эмнеде?” конкурсуна

Жашоодо эркиндиктен баалуу нерсе жок. Ишенич менен терең дем алып, жаның каалаган нерсени жасоо эң сонун.

Эгемендүү өлкө болгон соң, мамлекет өзүнүн территориалдык жерине ээ болот. Ал башка мамлекеттерге баш ийбейт жана көз карандысыз болуп таанылат. Эгемендүү өлкө өзүнүн конституциясына, гербине, желегине жана мамлекеттик тилине ээ. Биздин Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар бир жаранга берилген укуктар бар. Ал укуктарга ээ болуп, биз өз оюбузду, пикирибизди эркин айта алабыз. Мыйзым чегинде биздин айткан ой-пикирлерибиз үчүн бизге эч кандай эзүүлөр мүмкүн эмес. Кайсыл чет өлкөдө болбойлу, биздин мамлекет бизди коргоп, жарандарына коопсуздукту камсыздап берет.

Азыркы учурга чейин биз эгемендүүлүгүбүздү сактап келдик. Бирок бул эгемендүүлүк келечекте сакталып калабы же Кыргызстан башка мамлекеттерге баш ийип калабы – белгисиз. Себеби, биз эркиндикти баалабай жатабыз. Көзкарандысыздыкка жетүү кыйын, а бирок ошол көзкарандысыздыкты баалоо эки эсе кыйын. Кеч болсо да мүмкүн бүгүнкү күндөн баштап, жаш муун асмандагы куштай эркин учуп жүргөнүбүздү баалап, эгемендүүлүктү сактоого умтулушат.

Чындыгында, биз өзүбүздүн башка өлкөлөрдөн көзкаранды экенибизди көрсөтүп жатабыз. Албетте, эгер мамлекет ичинде ички каршылыктар тынымсыз жүрсө, коңшулаш өлкөлөр биздин өзүбүзгө күчүбүз жетпегенибизди байкашат. Бекеринен эл ичинде “Ырыс алды – ынтымак” деп айтылбайт. Салыштырмалуу, дүйнөдө көптөгөн улуттар бар. Алардын саны жалпы кыргыз элинин санынан эки эсе көп болсо да, алардын өзүнүн мамлекети жок. Мындан бир чечимге келсек болот.

Эң башкысы баарыбызда сый болушу абзел. Аны менен гана чектелбестен, бири-бирибизди сыйлоо да өтө маанилүү. Ар бир жаран өлкөгө салымын кошуу үчүн, жакшы билим алуу керек. Өз тилин, каада-салтын, үрп-адаттарын даңазалап, барктап сактоо керек. Андан да мамлекетибиз күчтүү болуш үчүн армиябыз кубаттуу болушу зарыл. Эгерде арабызда күчтүү окумуштуулар чыкса, өлкөбүздү күчөтүү кыйынчылыкка жатпайт. Демек, эгемендүү өлкөнү сактоонун ачкычы – билимдүү жаштар.

Осмонова Акылай, 9-класс, Ош облусу, Ош шаары, Төлөйкөн айылы

Ош шаарына караштуу №32 Ж.Мамытов мектеби

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз