Абдикарим кызы Айзада: Эгемен элибиздин жаңы мүмкүнчүлүгү IT технологиясында №13

“Эгемендиктин баасы эмнеде?” конкурсуна 

Эгемен өлкөбүздүн туусун көтөрүү, ар бир мекенчилмин деген кыргыздын башкы милдети!

Эмнегедир ушул теманын өзү мени терең ойго чөктүрдү. Адабий, энциклопедиялык, илимий-фантастикалык, дегеле канчалык көп китеп окуп эссе жаза аларымдан күмөнүм болбосо да, бул темада эссе жазуу мен үчүн оңой болгон жок. Теманын алкагында ойлорум чаржайыт болуп, жүрөгүмдү тыз эттирген окуялар көп болду. Мектепте досторума, эжейлериме, үйдө ата-энеме ушул суроону берип, бирок оюмдагыдай жооп ала алганым жок.

Эгемендик, дегеле эгемен мамлекет экендигибиз – жалпы кыргыз элинин энчисине буюрган эркиндик деп билем. Картада калдайган ордубуз бар, өзүбүздүн тилибиз, динибиз, маданиятыбыз бар, чоктой кызыл туубуз, гербибиз, гимнибиз бар. Демек бизде эгемен мамлекет экенибизди билдирген баары бар.  

Болгону ошонун баркына жетпей жаткандайбыз. СССР курамынан биз менен бирдей бөлүнүп эгемендик алган коңшу Казакстан, Өзбекстан бизден бир кыйла алдыга кетти. Эгемендигибизди оң-тетири пайдаланганыбыздын акыбети өлкөбүздү ушул абалга алып келди.  Мейли экономикалык өнүгүүнү мындай коёлу, жок дегенде чек араларыбыздын такталбай жатканы зээнди кейитет.

Эми өткөнгө өкүнүүнүн кереги жок. Өнүгүүнү жаңыча баштообуз зарыл. Анткени эгемендигибиздин чыныгы баасы мамлекет катары өнүгүп-өсүп, биримдиктүү болушубузда чыгар.  Азыркы учурда эгемен өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн менин оюмча реалдуу ресурс кен байлыктарыбыз же бийликтегилер эмес,  бул – билимдүү, гумандуу жаштар. Биз билимдүү болсок эле эгемен өлкөбүздүн бардык тармактарын мыкты адис катары гүлдөтө алабыз. Кудай боюрса, биз мурункулар кетирген катачылыктарды кетирбей, өлкөбүздүн эгемендүү желегин бүткүл ааламга желбиретебиз. Мамлекеттин өнүгүүсү ошол өлкөдө жашаган ар бир адамдын өнүгүүсүнөн, жекече мекенчилдигинен көз каранды экендигин да унутпайлы. Мен ушул күндөн баштап китептен башымды көтөрбөй окуп, изденип, талыкпай билим алууга убада берем.

Мен жакынкы жылдары эгемен өлкөмдүн  өнүгүүсү үчүн кандай салым кошо алам:

1. Мен Кыргызстандагы 2-орунда турган Манас-Ата чокусуна жакын жерде жашайм. Бул жакка жайында дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер, альпинисттер келет. Аларды кабыл алып тейлеген лагерлер бүт башка улуттар тарабынан уюштурулган. Менин зээним кейигени, "Эмнеге ушундай лагерлерди биз кыргыздар 1-лерден болуп ойлоп таап ишке ашырбайбыз.  Өз өлкөбүздө ушундай мүмкүнчүлүктөр турса, чет жерлерде тентип кара жумушчу болуп жүрөбүз. Ушуга ар бирөөбүз намыстанышыбыз керек.Буйруса мен дагы 2-3 жылда жергиликтүү элдин жардамы менен эң чоң кыргыз колоритинде лагер ачамын.  Бул да болсо кичинекей салымым деп билем.  

2. Биздин айыл тоонун этегинде жайгашкандыктан айыл тургундарынын дээрлик бөлүгү мал кармашат. Албетте, айран, каймак сыяктуу нерселер да ар бир үйдөн үзүлбөйт. Мына ушундай нерселерге олуттуу карап, айылдын нукура азык-түлүктөрү үчүн атайын завод ачкым келет. Жана бул азыктарды чет өлкөлөргө экспорттоо аркылуу айыл жерлеринин өнүгүүсүнө пайдамды тийгизсем дейм.

3. Азыркы учурда программист кесиби замандын талабы болуп калды. Мен да акыркы 2-3 жылдан бери ушул кесипти аркаласам деген ой менен жашап келем. Биздин айылдын жаштары да ушул баалуулуктарга өтө шыктуу болушкандыктан, IT тармагында айылда курс ачып, өзгөчө программаларды айылдаштарым менен чогуу ишке ашырсам дейм. Ушинтип айылдын жаштары бир жакадан баш, бир жакадан кол чыгарып чогуу иш алпарсак көп ийгиликтерди багындырабыз деп ниеттенем.

Абдикарим кызы Айзада, Ош облусуна караштуу Чоң Алай районунун Дароот-Коргон айылы. Алайчы уулу Саит мектебинин 10-классынын окуучусумун.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз