Конкурска: Ойчул (№10)

ЖОМОК

Илгери-илгери бир кемпир-чалдын жалгыз уулу болуптур. Ата-эне уулун бөтөнчө эркелетип өстрүшөт. Балалык мезгили өтүп, бойго жетсе да жумуш кылуудан качып, ойго батып отура берчү экен. Ата-эненин: “Ээ уулум, жигит болдуң, эмгек кылсаң боло”, - деген сөздөрүнө: “Мен ойлонуп отурам, тоскоол болбогула... Баарыбыз эле эмгек деп жүгүрө берсек, ойдун учугун ким улайт?”- деп койчу имиш...

- Өмүр, өлүм деген эмне? Бакыт дегенчи? Маңдайга тагдырды ким жазат деген суроолорго жооп тапмайынча эл-жер кыдырам. Балким суроолорума жеткиликтүү жооп берер адам табармын. Тапсам – кайттым, таппасам – келбейм, күтпөгүлө, - деп ойчул жигит жолго камынат.

- Кой балам, бул суроолорго жашоо бара-бара өзү жооп берет, – дешет ата-эне.

Бирок ата-эненин сөзүнө кулак салбаган уул жөнөп кетет.

Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү ким билет, айтор бир күнү талаада эмгектенип жүргөн бир дыйканга туш болот. Күндүн ысыгына, көл-шал тердегенине карабай дыйкан арык чаап, эгинин сугаруунун аракетинде.

- Иш илгери болсун!

Дыйкан терин аарчып, өзүнө тилек айтып турган бейтааныш жигиттин жанына келет.

- Жол болсун! Кайдан келе жатасың, кай тарапка бет алдың?

- Ээ, суроолорума жооп таба албай жер кезип жүрөм. Мына, сен өмүр бою кетмен көтөрүп, эгин эгип жүрөсүң... Өмүр, өлүм, бакыт деген эмне экенин билесиңби? А тагдыр дегенчи? Мына ушул суроолорго жооп таап берсең, мен ата-энеме кайтат элем...- деп жооп берет.

- Аа... – дыйкан ойлоно түшөт да, жайкалып өскөн эгинди көрсөтүп, - тээтиги жайкалган эгинди көрдүңбү? Күнү-түнү аракет кылып, арык казып, суу жеткире албай убара болуп жатам. Мен жыккан суу бул жер үчүн кичинекей тамчыдай... А жаандын жаай турган түрү жок. Эгерде жаан жаап өтүп, эгиндерим аман калса – өмүр... Жаабай, кургакчыл болсо – өлүм. Ошончо азап-түйшүгүмдүн акыбети кайтса – бакыт. Ал эми ушунун баарын жүрөгүмөн өткөргөнүм, анан да сени менен баарлашып турганымдын өзү – тагдыр, - дейт имиш.

Дыйкандын жообуна түшүнбөгөн жигит андан нары жол улайт. Дагы канча күн жол жүрдү ким билет, алдынан кой, уй, жылкы айдаган бир адам жолугат. Аны менен ал-жай сурашкан соң, эмне себеп менен эл-жер кыдырып жүргөнүн айтат. Жигиттин суроолорун уккан малчы мындай дейт:

- Тээтиги жайылып жаткан менин малым. Тоюту мол жер таап, буларды ит-кушка жем кылбай багып, карап алсам – өмүр. Ит-кушка алдырып жиберсем – өлүм. Эмгегимдин акыбети кайтса – бакыт. Мындай жашоо – менин тагдырым...

- Э-э! Буга окшош жоопту уккам. Силерде өмүр, өлүм, бакыт, тагдыр жөнүндө таптакыр түшүнүк жок экен. Иш деп жүрө берип, ойлонууга алыңар калбаптыр...

Жигит малчынын жообуна нааразы болуп, андан нары жол улайт. Бир күнү алыстан, тоо этегинде бир нерсе менен алектенген адамды көрөт. Жакындап барып эмне иш кылып жатканына кызыга карап турат. Ал адам тоонун боорун тешип чыккан булактын көзүн тазалап, тегерете таш тизип жаткан экен. Жанына барып учурашат да, булактан суу ичет.

- Ии жигит, - дейт бейтааныш, - кайдан келе жатасың? Сапарың кай тарапка? Мергенчи дейин десем, жонуңда асынган дүрмөтүң жок. Андай эмес дейин десем, ээн тоодо жалгыздап...

- Мен канча мезгилден бери суроолорума жооп издеп жүрөм, - деген жигит эмне себеп менен жүргөнүн айтат.

- Аа,- дейт анда бейтааныш, - мына бул булакты көрдүңбү? Тоонун боорун тешип чыгып, ырын ырдап, добушун салып турат. Улам бир жандык суусунун кандырып кетет. Бирок, көзүн тазалап коёр эч ким жок кыйналып калыптыр. Минтип көзүн ачып койгонум – өмүр. Тазаланбай соолуп калса – өлүм. Ырын ырдап, добушун салып, тоо жандыктарынын суусунун кандырып турса – бакыт. Буга себеп – тагдыр...

- Ой! Кандай эле жообуңар бири-бирине коёндой окшош. Тигилер деле ушунтет, мунусу деле...

Жигит, бейтааныш адамдын жообуна кол шилтеп басып кетет.

Дагы канча жүрдү ким билет, бир күнү сакалы тизесине жеткен, өңү кубарып арыктаган, колунда аса-мусасы бар думанага жолугат. Ал көзүн жуумп алып, күңгүрөнүп өзүнчө сүйлөнүп жаткан болот. Жанына келген жигитке назар салбайт. Жигит думананын жанына көчүк басат да, анын сөздөрүнө кулак төшөйт. Думана минтип жаткан болот: “Оо, кургур жаным! Өмүр бою баш оорутмай суроолорго жооп табам деп ушул күнгө туш келдимби? Эмгек кыл десе качып, дүйнө кездим. Үй-бүлө күтпөй, наристе жытын жыттабай калдым. Бу өмүр дегениң – зымырык куштай белем... Кечээ күнкү жапжаш жигит бүгүн минтип басууга дарманы келбеген карыга айланды.. Э-эх! “Өмүр эмне” деген суроого жооп издей баштаган күндөн – өлүү экенимди сезбей калыпмын да! Маңдайга тагдырды ким жазат деп кыйналдым... Бу тагдыр дегениң ийилчээк окшобойбу... Кайда бурууларына өзүң себепчи болот экенсиң да! Аны адам баласы түшүнбөй, билбей башканы күнөөлөйт экен да кургур! Кайра баштан жаралсам не?! Үй-бүлө күтүп, бала жыттап, эмгек кылып бакытка балкыйт элем го! Баары бүттү... Болбой калды...”

Думананын мындай кеби жигитке катуу таасир этиптир да, ата-энесине кайтып барып, үй-бүлө күтүп, көп балалуу болуп, эмгектенип, бактылуу жашап калыптыр.

Аягы. 2020-ж

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз