Конкурска: Биле жүр (№12)

Эне көргөн тон бычып,
Ата көргөн ок жонот,
Энелүү кыз адептүү,
Аталуу уул от болот.

Энекеңдин барында,
Ийне кармап, иш үйрөн.
Көргөн көздү кубантып,
Саймаларды сай түрдөп.

Эне, эже, жеңелер,
Ар өнөрдү билишкен.
Сыр бөлүшүп кыз менен,
Тарбиялай жүрүшкөн.

Оймок, ийне, темене,
Кайчы, ийик, жип-шуулар –
Кандай кызмат аткарат,
Анда эмесе билип ал.

ОЙМОК

“Алтын оймок” аталып,
Апалар уз болушкан.
Жүндөн кийиз жасашып,
Түрдөп оюу оюшкан.
Сактап бармак, сөөмөйдү,
Оймок илип манжага,
Жан киргизип сүйлөткөн,
Шырдак, көрпө, саймага.
Назик колун эненин
Ушул оймок сактаган,
Уздугуна кубанып,
Улуу журту мактаган.

ИЙНЕ

Түрдүү кийим, буюмдар,
Ийне менен тигилет.
Кооздугуна кубанып,
Көргөн адам сүйүнөт.
Өткөн ата-бабалар,
Сөөктөн жасап көрүптүр.
Жылмалашып, ичкертип,
Абдан көңүл бөлүптүр.
Узун, катуу темирден,
Учтап кийин жасалып,
Усталардан калыптыр,
Ийне делип аталып.

ТЕМЕНЕ

Темененин барк-баасы,
Чоң иштерде билинет.
Ийне алы жетпеген,
Жууркан, төшөк тигилет.
Калың, катуу темирден
Атайылап жасалат.
Узун, бекем чоң ийне -
Темене деп аталат.

ЖИП

Ийне менен темене,
Жипсиз такыр жыла албайт.
Энелер да эң иштүү,
Жипсиз оокат кыла албайт.
Жоон, ичке, ар түстүү,
Жиптин эң көп түрү бар.
Керек болот эмнеге,
Кел эмесе, билип ал!

ЧАРЫК ЖИП

Пахта менен жибектен,
Аземдешип ийирип,
Ичке жипти жасашкан.
Ийикчилер жүгүрүп.

Кызыл, сары, жашыл, көк,
Түрдүү түскө боёшкон,
Далай мээнет, убакыт.
Ал-күчтөрүн короткон.

Үлпүлдөгөн эң назик,
Жипке айланган чубалып.
Сый кийимге, саймага
Жиптер түшкөн буралып.

Көрктүү буюм, кийимдер,
Жиптер менен тигилген.
Көркөм сонун иштерди
Көргөн адам сүйүнгөн.

Кездемеге жип менен,
Каттар дагы жазылган.
Тагдыр, тарых, окуя,
Жип аркылуу айтылган.    

Ичке, назик чарык жип
Демек, абдан керектүү.
Аземдеген апалар,
Мына ушул себептүү.

ШООНА

Ийиришет шоонаны.
Төөнүн кылы – чуудадан.
Атайылап алышат,
Нар төө менен буурадан.

Жоон кылып ийирип,
Шырдак, кийиз шырылат.
Көркөмүнө, көркүнө
Абдан көңүл бурулат.

Бышык болот шырдактар,
Шоона менен шырылган.
Али жаңы бул шырдак,
Чо-ооң, чоң энем урунган.

ИЙИК

Ийик деген эмне деп,
Жатсаң керек ойлонуп.
Илгертеден апалар,
Кадырлашкан колдонуп.
Жумуру же тегерек,
Ташты аталар оюшкан.
Ортосуна жылмалап,
Жыгач саптап коюшкан.
Жүндү тытып, ичкертип.
Ийик менен ийирет.
Күлүк чыкса ийиги,
Күлүп апам сүйүнөт.

ШИБЕГЕ

Шибеге да өзүнчө
Көп жумушту бүтүрөт.
Ээрчи, өтүкчү, түймөчү,
Баркын жакшы түшүнөт.

Жипти илип учуна,
Уздар сайма сайышат.
Кездемени гүлдөтүп,
Кыялдары жарышат.

Сабаа, көөкөр, ат жабдык
Шибегесиз тигилбейт.
Шибегесиз маасы, өтүк,
Бутка тыкан кийилбейт.

Түймөчүлөр түрдүүлөп,
Кийим, буюм түйүшөт.
Шибегени кастарлап,
Дайым бийик илишет.

КАЙЧЫ

Кездемелер кесилбей,
Уздар ишсиз калганда,
Абдан өткүр, курч кайчы
Келет дайым жардамга.

Кездемелер бычылып,
Жака, жеңге айланат.
Көйнөк тигип көшүлтүп,
Уздун көөнү жайланат.

ТӨӨНӨГҮЧ

Алтын, күмүш, темирден
Төөнөгүчтөр жасалат.
Жакасына тагышып,
Сулуу кыздар жасанат.
Бермет, жакут, акакты,
Кооздошкон чөгөрүп.
Кыз-келиндер тагынган,
Кубанычка бөлөнүп.
Кийим бычып, тиккенде,
Уздар дайым колдонот.
Учкай төөнөп матаны
Уздун колу жорголойт.
Демек, темир төөнөгүч,
Тикмечиге пайдалуу.
Көрктүү болсо буюму,
Көңүлү да жайдары.

ТОПЧУ

Кызыл, сары, кара, көк –
Кооз болот топчулар.
Мааниси чоң булардын -
Кийимге көрк кошчулар.

Жака, жеңди бүчүлөп,
Шамал, желден калкалайт.
Көйнөк, күрмө боорунда
Тагылышып кайкалайт.

Топчуланган кийимдер
Тыкан болот тыкыйып.
Ийне, жипти колго алып,
Тагып алгын тыпыйып.

ҮЛГҮ – ЛЕКАЛА

Кийим, буюм жасаарда,
Үлгү чийип, кесилет.
Эсептелип так, туура.
Өлчөмдөрү чечилет.

Үлгү жасоо эң кылдат,
Жооптуу жана татаал иш.
Атайылап машыккан,
Бычмачылар жасаар иш.

Үлгүсү жок буюмдун,
Кемчилиги абдан көп.
Эч жарашпай кийимдер,
Денеге да келбейт төп.

Так эсептеп үлгү чий,
Ар бир иштин алдында.
Кор болбойсуң эч качан.
Үлгү – лекала барында.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз