Балдар адабияты боюнча конкурска: Уйкучу ханзаада (№15)

ЖОМОК

Илгери-илгери өткөн заманда бир акылдуу, кадыр-барктуу, адилеттүү хан болгон экен. Анын Акыл аттуу жалгыз уулу болуптур. Уулу да атасы сымал акылдуу, келишимдүү жигит болуптур. Бирок бир кемчилиги: абдан уйкучу болгон экен. Ал уктаганда өзү ойгонмоюнча эч ким ойгото алчу эмес.

Күндөр өтүп, хандын уулу бойго жетип, атасына келип мындай  дейт:

- Ата, мен чоң жигит болдум, мен жер кыдырып, саякаттагым келет. Мага саякаттоого уруксат бериңиз.

Атасы макул болбойт, бирок баласы суранып жатып, акыры ханды көндүрөт. Хан макул болуп, Акылдын коопсуздугун ойлоп, жанына бир топ аскерлерди жана ишенимдүү вазирин жөнөтөт. Вазирине баласын табыштап, аны катуу көзөмөлдөп, коопсуздугуна кам көрүүсүн айтып, хандыктын чегинен чыкпоосун эскертет.

Ошентип алар жолго чыгышат. Бийик-бийик тоолорду ашып, токойлорду аралап, суу кечип жүрүп отурушат. Көптөгөн кооз жерлерди көрүшөт. Аңчылык кылышат, куш салышат. Алардын саякаты аяктап, кетүүгө камынышат. Жолдо келе жатып хандын уулу куш салып, олжо алып келүүгө кушун учуруп жиберсе, кушу бир кооз бакчанын ичине кирип кетет. Кушту бир күн кечке күтүшөт, бирок куш келбейт. Айласы кеткен хандын уулу бакчага кирүүгө камынат, бирок вазир уруксат бербейт. Себеби, бул бакча коңшулаш хандыкка таандык эле. Хан сапарга чыгарда хандыктын чегинен чыкпоону эскерткенин вазир жигитке айтып түшүндүрөт. Бирок хандын уулу вазирдин сөзүнө көнбөйт, вазир айласы кетип, макул болот, бирок бир шарт менен: ханга бул жөнүндө айтпашы керек. Жигит макул болуп бакчага кирип кетет.

Бакчанын ичи ушунчалык кооз эле. Өмүрүндө мындай бакчаны көрбөгөн хандын уулу абдан таң калат. Бакчада өскөн жемиштер, аңкыган гүлдөр, чымчыктардын сайраганы, туптунук сууга толгон жасалма көлмө, оргумадан агып жаткан суунун шаркырап акканы өзгөчө бир укмуштуудай кооздук. Жигит жемиштерден ооз тийип, суу жээгиндеги бактын түбүндө уктап калат.

Бул бакча Ак деген падышанын бакчасы болчу. Ак падышанын кичүү кызы Сулууке ар дайым ушул бакчага келип сейилдеп, эс алып кетчү экен.

Сулууке сейилдеп жүрүп, бак түбүндө уктап жаткан жаш жигитти көрөт да, ага ашык болуп калат. Кыз канчалык аны ойготууга аракет кылып, ырдап, үн чыгарса да жигит ойгонбойт. Сабыры түгөнгөн кыз бет аарчысына бир кесим кант, бир түп чөп, күзгү жана шакек салып, кетип калат.

Акыл уйкудан ойгонуп, бетин сууга жууп, жемиштерден бир аз алып, жолуна түшөт. Вазир баланын аман-эсен келгенине кубанат. Аскерлери менен аттарына минип, жолго чыгышат. Хан сарайга жетишип, жигит саякаты жөнүндө атасына айтып берет.

Кечки тамак ичип жатып жигит чүчкүрүп жиберип, бет аарчысын алуу үчүн колун чөнтөгүнө салып, кайра чыгарганда жерге бир кичинекей түйүм түшөт. Түйүмдүн ичин ачып, бир кесим кант, бир түп чөп, күзгү жана шакекти көрөт. "Бул эмне?"- деп хан уулунан сурайт. Уулу унчукпайт. Хан вазирин чакырып:

- Бул эмнени түшүндүрөт?- деп сурайт.

Вазир калп айтуудан коркуп, болгон окуяны ханга айтып берет. Хан ачуусу келип:

- Уулума кирүүгө сен уруксат берген соң, бул табышмактын жообун да сен табасың, мен сага кырк күн убакыт берем, эгер таппасаң – башыңды алам! - дейт.

Вазир үйүнө капалуу кайтат. Көптөгөн акылмандардан кеңеш сурайт, бирок эч ким жооп таба албайт.

Вазирдин үйүндө бир Бектен аттуу кызматчы бала бар эле. Вазирдин капалуу жүргөнүн көрүп, эмне болгонун сурайт. Вазир баарын айтып берет. Бектен ойлонуп, вазирге аны ханга алып баруусун өтүнөт. Вазир баланы ханга алып барат. Бала түйүмдү чечмелөөнү баштайт:

- Кант менен чөп ал Ак падышанын кызы экенин билдирет. Шакек болсо, ал кыз сиздин уулуңуз менен турмуш курууну каалаганы. Ал эми күзгү – бул белгилер эч кандай коркунучсуз жана ак пейилден дегенди түшүндүрөт, - деп сөзүн жыйынтыктайт.

Хан бул чечмелөөгө ишенет да, уулун кантип Ак падышанын кызына үйлөнтүү керектигин сурайт. Кызматчы бала хандын уулу менен чогуу бир айдын ичинде кызды алып келүүгө болорун айтат. Хан макул болуп, көп алтын берип, аларды жолго узатат. Бектен менен ханзаада көп жол жүрүп, шаарга жетип, чарчап, бир кемпирдин үйүндө түнөп калышат.

Эртеси Бектен кемпирден ушул хандыктын падышасынын кичүү кызы жөнүндө эмне билерин сурайт. Кемпир падышанын кичүү кызынын бала багуучусу болгонун, падыша кыздын кылган күнөөсү үчүн кемпирди жемелеп, кызын татыктуу тарбиялабаганын, экинчи хан сарайдан аны көргүсү келбегенин айтып, кууп жибергенин баяндайт. Бектен кемпирден кыздын эмне күнөө кылганын сурайт. Кемпир айтат: «Ак падышанын үч кызы бар. Бир жолу хан аларды чакырып алып: «Мени жакшы көрөсүңөрбү?» - деп сурайт. Үчөө тең жакшы көрөрүн айтат. Анда падыша «Кандай жакшы көрөсүңөр?» - дейт. Улуу кызы балдай жакшы көрөрүн айтат. Ортончу кызы канттай жакшы көрөрүн айтат. Кичүү кызы болсо туздай жакшы көрөм деп жооп бериптир. Муну уккан хан ачууланып, вазирине: «Улуу кызымды сенин уулуңа берем, ортончусун кеңешчимдин уулуна берүүнү чечтим. А кичүүсүн болсо, туш келген адамга, ким ага үйлөнүүнү кааласа – бере бергин, мындан ары ал менин кызым эмес», - деген экен.

Бала кемпирге алтын берип, хандын кызына бир кучак гүл сунуп, жообун алып келүүсүнө көндүрөт. Кемпир алтын үчүн макул болот. Бир кучак гүлдү жоолукка ороп, ичине шакекти салып, кемпирди кызга жөнөтөт.

Кемпир хан сарайга барса, Сулууке бир топ кыздар менен ойноп жүргөн болот. Гүлдү кызга берет, кыз гүлдүн ичиндеги шакекти көрөт да, гүлдү өзү ашык болгон жигит бергенин түшүнөт. Жанындагы кыздарга түшүнүксүз болуу үчүн, анар бакчасынан кырк таяк алып келип, кемпирди сабоого буйрук берет. Кыздар бакчага кетер замат кыз кемпирдин качуусун айтат.

Кемпир үйгө качып келет да, болгон окуяны Бектен менен ханзаадага айтып берет. Бектен бул табышмакты дароо түшүнөт да, ханыша кыз бүгүн анар бакчасына сейилдөө үчүн келерин айтат. Ханзааданы анар бакчасына жиберет. Ал анар бакчасына келип, кызды көпкө күтөт, күтүп отуруп чөпкө жатып уктап калат.

Кыз келип, Акылды такыр ойгото албайт. Айласы кетип анын чөнтөгүнө эки оюнчук жана эки жаңгак салып, кетип калат. Акыл ойгонуп, үйгө капалуу кайтат. Бектенге кыздын келбегенин айтат. Бектен анын чөнтөгүн текшерип, оюнчуктар менен жаңгакты таап алат да: “Ай, уйкучу, дагы уктап калыптырсың да”- деп тилдейт.

Бектен дагы бир жолу кемпирге алтын берип, араң көндүрөт, бир кучак гүл менен кызга жиберет. Кемпир хан сарайга барса, кыз кырк кыз менен ойноп жүрүптүр. Кыз кемпирден гүлдү алып, кыздарга алма бактан кырк таяк сындырып келип, кемпирди сабоого буйрук берет. Кыздар кетери менен кыз кемпирди качырып жиберет.

Кемпир үйүнө качып келип, болгон окуяны айтып берет. Кызматчы бала ханыша кыздын бул жолу алма бакчасына келерин айтат да, ханзаадага уктап калбоосун эскертип, аны жолго узатат. Хандын уулу алма бакчасында күтүп отуруп чарчап: ”Бир аз уктап алайын, кайра тез эле ойгоном”,- деп уктап калат. Түн бир оокумда кыз келип, жигиттин уктап жатканын көрүп, ачууланып, анын чөнтөгүнө нан жана бычак салып кетип калат.

Уйкудан ойгонгон Акыл дароо чөнтөгүн текшерет. Бычак менен нанды көрүп, кыздын келгенин билип, капаланып кетип калат.

Бектенге болгон окуяны айтып берет. Бектен:

- Нан менен бычак, дагы бир жолу уктап жатканыңды көрсөм, бычак менен башыңды кесип салганга ант берем дегенди түшүндүрөт, - дейт.

Бектен кемпирге дагы алтын берип, бир кучак гүл менен кызга жиберет.

Кыз кемпирди көрүп ачууланып, колундагы гүлдү жулуп алып, жанындагы кыздарга розалар өскөн бакчадан тикендүү розаларды үзүп келип, кемпирди сабоого буйрук кылат. Кыздар кетер замат кыз кемпирге ушул мерте акыркы жолу экенин айтып, качырып жиберет.

Кемпир үйгө келип, баарын айтып берет. Бектен хандын уулуна уйку жөнүндө таптакыр ойлобоосун, бул акыркы мүмкүнчүлүк экенин эскертип, роза бакчасына узатат.

Ханзаада гүл бакчага барып, кызды көпкө күтөт. Уктап калбоо үчүн колун кесип, жараатына туз сээп, колунун ооруганынан уйкуну да унутат.

Күн чыгары менен алыстан келаткан ханыша кызды көрүп, анын сулуулугуна ашык болот. Ай десе айдай, күн десе күндөй, супсулуу экен. Ошентип экөө жолугушат. Алар бири-бирине абдан жагып калышат. Акыл кызды аны менен чогуу кетүүсүн өтүнөт. Кыз макул болот.

Ошентип алар өз хандыктарына келишет. Хан уулун келинчеги менен көргөндө абдан сүйүнөт. Алар кырк күн, кырк түн той беришет. Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылышат.

Ханыша кыз атасына кат жиберет. Катында эмне себептен атасын туздай жакшы көрөрүн түшүндүрөт. Көрсө, туздай жакшы көрөм дегени – туз жок болсо, тамактын даамы болбойт, туз бардык тамакты даамдуу кылат. Сиз менин жашоомдун тузусуз, даамысыз дегени экен. Муну окуган Ак падышанын жүрөгү жибип, мурда муну түшүнбөгөнүнө капаланат. Жана дагы кызы хандын уулуна турмушка чыкканын окуп, абдан сүйүнөт. Анан дагы кыз атасынын хандыкка келип конок болуп кетүүсүн өтүнгөн экен.

Ак падыша көп жол жүрүп, хандыкка келип, кызы менен жолугуп, хан менен куда болгонуна ыраазы болуп, кызына ак батасын берип, сый көрүп, жети күн, жети түн тойдун сый коногу болот.

Ошондон бери хандын уулу Акыл жалкоолукту, уйкучулукту таштап, эмчекчил болуп калган экен. Уйкучулук жашоосуна кандай кыйынчылыктарды алып келгенин, канчалык жаман адат экенин балдарына, небере, чеберелерине айтып тарбиялаган экен. Анын урпактары эмгекчил болуп чоңоюп, ушул күнгө чейин жашап келишет дешет.

Жалкоо, уйкучу болбогула!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз