Балдар адабияты боюнча конкурска: Малдын тили (№17)

КИРИШҮҮ

Балам, биздин ата-баба,
Малды дайым сыйлаган.
Тепкен эмес, сөккөн эмес,
Ыгы менен айдаган.

Малдын ички сырын, көйүн,
Сыртын карап билишкен.
Мал өңүнө, мал үнүнө,
Терең маани беришкен.

Акылы жок айбан дебей,
Адам сымал сүйлөшкөн.
Малга терең баам салып,
Үйрөнүшкөн, үйрөткөн.

Техниканын заманында
Талыкпастан билим ал.
Антсе дагы малдын тилин,
Уят болбой билип ал.

Кишенесе эгер жылкы,
“Кыйкырды”, - деп жаңылба.
Маараса кой “Бакырды”, - деп,
Каткырыкка кабылба.

ЖЫЛКЫ

Жылкы деген мал асылы,
Кишенеген тили бар.
Жем сураса окуранат,
Жер чапчылап жаныбар.

Азанады деп коюшат,
Айгыр бийик үн салса.
Чыңырып да жиберишет,
Эгер катуу кыйналса.

Жем баштыкка арпа салып,
Чакырганда мо-молойт.
“Так”,- дегенде токтолот да,
“Чү”,- дегенде жорголойт.

УЙ

Уй жаныбар чындап эле
Берекенин башаты.
Кыргыз гана уй деп айтат,
Сыйыр деген эски аты.

“Өш”,- деп айдап жайытына
Ооуу-хоулап чакыртат.
Мөөрөп сурайт, өкүрөт ал,
Бакырат деп айтылбайт.

Сааган кезде сылап сыйпап
Чоң апалар сүйлөшөт.
Алар айткан ар кыл кепти
Адам сымал түшүнөт.

КОЙ

Кой жаныбар чындыгында
Төрт түлүктүн момуну.
Кыргыз үчүн бул турмушта
Бийик жерде оруну.

“Кош” деп айдап жайытына,
Чакырабыз түшөөлөп.
“Тарт, кайры”, - деп кыйкырганда
Токтош керек - түшүнөт.

Үн чыгарып маараганда,
Ачкалыгын билебиз.
Мындан башка үнүн укпай
Адамзаты келебиз.

ТӨӨ

Төрт түлүктөн төө жаныбар,
Төрө сымал шаанилүү.
Чөл кемеси атагы бар,
Тоодо дагы маанилүү.

Эки жагын каранат да,
Буу-буу этип жай басат.
“Чөк” дегенде чөгүп берет,
“Пос, пос”,- делип айдалат.

Жоош, момун, ысык-суукка
Көтөрүмдүү жагы бар.
Жегендери тикен, куурай,
Сууга көп жок жаныбар.

ЭЧКИ

Эчки деген тентек жандык,
Там башына секирген.
Сөзүбүздү жакшы билет,
“Чиге, чек”,- деп жекирген.

Үнү дагы көтөрүңкү,
Мекиренген, бакырган.
Сөзүбүзгө  жетип келет,
“Чү-чү-чүлөп” чакырган.

Короо толо бат көбөйөт,
Төлдөгөнү эгизден.
Аска-тоону өйдө көрөт,
Талаа-түздөн, тегизден.

ТОПОЗ

Топоз деген тоонун малы,
Талааларды эңсебейт.
Эркиндикте жүрөт дайым,
Колдон, үйдөн жем жебейт.

Коркулдаган сыяктанып,
Топоз туюк үн салат.
Адамды көп түшүнбөйт ал,
“Шөгө”, - делип айдалат.

Карышкырга алдырбаган
Кыйындыгы дагы бар.
Кол карабайт кышындасы,
Кар тээп оттойт жаныбар.

«РухЭш» сайты келечекте ою жатык, тили жетик муунду тарбиялоо максатында аталган конкурска демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясына терең ыраазычылык билдирет! О.э. өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө гана басым жасабастан, келечек муунга көркөм-мураска калар улуттук адабиятыбыздын бүгүнкү абалына кайдыгер карабаган бизнес чөйрөсүндөгү мекенчил ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө жалпы улуттук адабияттын өкүлдөрүнүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз