Балдар адабияты боюнча конкурска: Чоң ата менен небере (№19)

Небере:
Чоң ато-у, карасаңыз,
Бара жатат кумурска.
Өзүнөн чоң жүк көтөрүп,
Жол тарткансыйт алыска.

Чоң ата:
Жоокерлердей так жүрүшөт,
Чыгат күндө жүрүшкө. 
Жалкоолукту сүйбөйт алар,
Акыл-эси жумушта.

Небере:
Көктө турган ай эмнеге
Чыгат түндө жаркырап?
Чыкпай калса эмне үчүн
Капкараңгы туш тарап?

Чоң ата:
Ай асмандын сулуулугу
Түндө гана көрүнөт.
Уктап жаткан бөбөктайга
Нурдан мээрим төгүлөт.

Небере:
Бешке-бешти кошсо канча?
Таппай жатам эсебим.
Дагы канча күн уктасам,
Бийик болуп өсөмүн?

Чоң ата:
Бешке бешти кошсоң, балам,
Адашпагын – он болот.
Тил алчаактар, акылдуулар
Мендей бийик чоң болот.

Небере:
Тил аламын, тентек болбойм, 
Тобум тээп ойноймун.
Автоматчан солдат болуп,
Мекенимди коргоймун.

Чоң ата:
Мекениңди корго, уулум,
Мекен кымбат элиңе.
Душман бутун бастырбагын,
Ыйык туулган жериңе.

КЫЯЛ

Так секирем улактай, улактай,
Оргуп агам булактай, булактай.
Алиппемди шар окуп апамды
Кантип турам кубантпай, кубантпай.

Дирилдеймин бариктей, бариктей,
Чарк айланам шариктей, шариктей,
Мектебиме тартылам күнүгө,
Кичинекей магниттей, магниттей.

Боюм карыш кичине, кичине,
Бакыт толо күлкүмдө, күлкүмдө.
Билгим келет бүт баарын, бүт баарын,
Сыйкырчы болсом бир күнгө, бир күнгө.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз