Балдар адабияты боюнча конкурска: Кылдырек (№21)

Бала кылдыректи зуулдатып, төштүн этегинен ылдый жүгүрүп түштү. Баятан бери  ылдыйышта кылдыректин аркасынан чымын-куюн жүгүрүп келген бала арыктан өтүп, эс алганы отурду да, кылдыреги менен зымелегин кармалап жылмайды.

Атасы кышындасы туулган күнүнө белек кылгандан бери кылдырегин жанынан чыгарбайт. Азыр жайдын күнү “машинесин” жыргап айдап жүрөт! Атасы эски колясканын дөңгөлөгүн чыгарып, кылдырекке  ылайыктап, жоон зымды эки-үч кайтара ороп, башын кылдырекке ылайык ийрейтип илмек баш зымелекти кошо жасап берген. Баса, эски велосипеддин кызыл төгөрөк жангычын алып, аны зымелектин сап жагына кадап берип “бул фара болот” деген.

Туулган күнүнө кылдыректи белекке алган бала ошондо дүйнөдөгү бактылуунун бактылуусу болчу! Быйыл алтыга чыгып калган баланын эси-дарты кылдыреги менен зымелегинде. Ананчы! Кылдырек деген бул - машина да! Атасынын колунан баары келген үчүн, кылдыреги да, кылдыректи айдап алчу зымелеги да ыңгайлуу! Кайда болбосун айдап кете берсе болот: аңгил-дүңгүл жар башына, аңызда, өңгүл-дөңгүл  таштак сай жолдо, дайрадагы ничке өтмөктөн, төштүн эңкейишинен кылдыреги менен асфальт жолдо айдагандай текирең-таскак салган бала алдына эч кимди салбайт. Кээ бир балдардын кылдыреги чоң велосипедден болгон үчүн оор, айдаганда  калдаңдап ары-бери боло берет, төштө турмак түз жолдо түзүк айдай алышпайт. Балдар болуп жарышканда чоң кылдырекчен балдар дөңгөлөгү калдаңдап ыргып кетсе ызаланышат. Ошон үчүн тыпыйган  кылдыреги менен зымелегин уурдатып ийбейин деп корккон бала “машинесин” түнү үйгө алып кирип алат.

Кылдырегине “машине” деп апасы ат койгон. Себеби, кылдырегин кышындасы үйдө айдаганда эле “вуу-уу-у” деген бала, жолунан “тоскоол”- үйдөгүлөрдү, буюмдарды көрсө, “кы-ы-ыйк” этип бурулуп, атасына, апасына, карындашына, үкасина жакындаганда “пи-и-ип” деп кыйкырып, кылдыреги машинага айланган. Эки бөлмөлүү үйдөгү  жерге салган ала кийиз менен үч шырдамал дароо баланын сүйгөн жолуна айланды. Оймонун артынан кубалап айдап кете бересиң, кете бересиң, дегеле тажатпайт! Анан шырдамалдын ар жерине, оймокторго уккан, билген, теледеги кинолордон көргөн шаарлардын аттарын коюп алган. Ортодо Бишкеги бар, жанында Ош, анан таятасынын айылы, чоң атасынын, өздөрүнүн үйү бар. Апасы чоң шырдамалдын төрт четиндеги оймолорго ат коюп берген: Москва,  Париж, Рим, Лондон деп. Азырынча шаарлардан ушуларды билет.

Баланын башка да оюнчуктары бар: бош консервалардын жез идишин былчыйтып, бириктирип койгон каталектери толтура. Каталектерди биринин үстүнө бирин тизип, балдар болуп он кадам алыстан таш менен уруп ойношот. Андайда мергендигин көрсөтөйүн деп, ар кимиси ашыгат. Анткени ким каталекти таамай ыргыта койгондорду чүкө атышмайга талашып кошуп алышат. Чүкөлөрү да бир баштык, арасында кызыл, көк, жашылга боёп  алгандары бар. Чүкөнү жакшы ойногону үчүн баштыгын бөксөртө койбойт, домпойлорунан эле үчөө бар. Баса, каталектерин эстебеди беле! Консервалардын жез тыштуу капкактарын дароо чыгарып, андан эмнени кааласаң жасасаң болот. Жука жез капкакты ороп, учтуу жебенин огун жасап, жебеге кадап,  атасы жасап берген жаа менен атса барбы! Андай жебеден атасы  бешти жасап берген.

Достору менен чогуу бекитип ойношот, болбосо чоң балдар көрсө тартып алат деп коркушат. Анан да жука жез капкакты тешип, жип өткөрүп, “апачи” ойногондо чөптөрдүн арасына илип койсо, “белыйлар” келатканда бутуна илинип, шыгырап  билинип калат. Ошон үчүн балдар көчөдө жолдон бошогон консерванын жез идишин көрсө эле “лып” илип кетишет! Дароо капкагын чыгарып алып, идиш жагын таш менен уруп былчыйтып каталекке айлантышат. Антип дароо каталекке айлантып былчыйтып коюшпаса, кыздардын колуна идиш бүтүн тийсе болду да! Бекитип бербей коюшат. Бекитпей анан! Консерванын бош идишин көргөн кыздар андан “үй” ойногонго түрдүү буюмдарды жасашат. Алар капкагынан тарелка жасап, идишин казан дешип, анан “тамак жасадык” деп, капкагын ачып-жаап жыргай беришет.

Баланын төрт жашар карындашы качан болбосун оюнчуктарын талашканы талашкан “үй жасап ойнойм” деп. Айнек идиштердин, желим идиштердин пөктөрүн да карындашы экөө талашат. Балдар пөктөрдү чогултуп түрдүү оюндарды ойлоп чыгарып атышкан. А кыздарчы? Кыздар болсо баягы эле “үйдү” ойноп, желим идиштердин пөктөрүн “пиала”, “чыны”, “ыстакан” деп айнек идиштердин жез пөктөрүнөн өздөрүнө  “алтын” шакек, топчу, дагы жез пөктөрдү бири-бирине бурап улаштырып, “алтын” чынжыр жасашат.

Бала ушуларды эстеп, эсине дароо чүкө, кателек, пөктөрү салынган баштыктары түшүп, карындашы менен кичинекей бөбөгү чачып салбады бекен деп үйгө жетип келди. Баары жайында экен. Чүкө салган баштыктары менен кошо калгандары да  тамдагы өзү бекиткен эски чемодандын ичинде жатыптыр. Үйгө келери менен адатынча беш жашар карындашы чапкенедей жабышты: “Мага да кылдырек айдаганды үйрөтүңүзчү?! Кылдырек үйрөтөм дебедиңиз беле?”- деп. Эки жашар бөбөгү да тили келип-келбесе деле: “Кылдыйе-ек! Кылдыйек бейчи?..”- дей берет артынан калбай ээрчип.

Азыр да карындашы жетип келип кылдыректи сураганынан эптеп кутулуу үчүн: “Кылдыректи кыздар ойносо болбойт. Көчөдө балдар көрсө уят болот! Сен кыздардын оюнун ойной бер да?”-  дей баштады. Анысын көргөн апасы акырын кагып койду: “Койчу, балам?! Үкалариңи зарыктырбай кылдырегиңи берип ойнототуп койсоң боло?”- деп. Апасы эч качан балдарын урушчу эмес. Эч качан! Ошон үчүн апасынын акырын кагып койгону балага катуу тийип, ызасына чыдабай ыйлап жиберди. Агасынын ыйлап жатканын көргөн карындашы менен иниси да апасын чочулап карап,  агасынын жанына катар тизилип туруп алып ыйлап коё беришти. Апасы ыйлаган балдарын жалт карап алып, камыр жууруп жаткан колун сууга жууй салды да, чөгөлөп отура калып үчөөнү өпкүлөп кирди. Бала таң калып, апасынан сурады:

– Апа, үкаларим эмнеге ыйлап атышат? - деп.

– Сага болушуп ыйлап атышпайбы, үкалариң... Сени урушуп койсом ыйлап атышпайбы. Болду, балам, экинчи сени дагы, үкалариңи да урушпайм!.. Мени кечирип койчу, балам?..- деген апасы үчөөнү алмак-салмак өпкүлөдү.

Дайыма апасы туура эмес болсо кечирим сурай турган. Апасын көрүп, балдары да бири-биринен кечирим сурашчу. Апасы алтургай ысыгыраак тамак берип алса, оозу күйүп бирөө-жарымы чочуп кетсе балдарынан кечирим сурап ийет жалынып-жалбарып. Бала жарк этип күлүп: “Апа, мен сизди кечирдим! Эми мен жакшы бала болом, апа! Үкаларима кылдырегими берем а, апа!”- деген бала карындашы менен инисине кылдырегин алмак-салмак берип, үй ичин айланып-чуркап ойноп жүрүштү...

Эртеси эртең менен үйдүн алдына отуруп алып, уулунун кычкач менен зымдарды, эски-уску темир буюмдарды бурагылап атканын көргөн атасы таң калып сурады:

– Эмне кылып атасың, балам? Устачылык кылайын деп атасыңбы?

– Ии, ата, кылдырек жасап атам! Үкаларим азыр тургуча кылдырек жасап берем! - деген баласына күлүп караган атасы:

– Анда сага жардамдашайынбы?- деди.

Бала башын ийкеп, атасы экөө кылдырек жасаганга киришти. Атасына “кыздарский” бир кылдырек, анан кичине кылдырек жасайлы деген бала, кечээ апасы урушса карындашы менен иниси экөө өзүнө болушуп кошо ыйлаганын, эми эч качан бир туугандарынан оюнчук аябай турганын айтып берди. Уулунан эми эле угуп аткандай болгон атасы кечээги окуяны келинчегинен да уккан.

Келинчеги да эми балдарын какпай турганын, баласынан кечирим сураганын, кичинекейлери агасына болушуп ыйлаганын көрүп жашыганын айтып берген эле. Кышындасы уулунун туулган күнүнө белек алып бергенге акчасы жок жаш айалемет ата, балдарынын эски коляскасынан кылдырек жасаган болчу. Анан өз колу менен жасаган белегин бир шоколад менен алтыга чыккан уулуна карматып, уулун куттуктап, эшикке чыгып ызасын эч кимге көрсөтпөй жашыган...

Эгерде айлыгы кеңири жете турган жумушу болсо кана?!. Уулун, үй-бүлөсүн Ошко алып барып шаарды айландырып ойнотуп, балдары каалаган оюнчуктун баарын алып бермек! Балдарын шаарга алып барып ойнотмок турсун, тамак-ашына жеткирип жашаганына шүгүр айтып жүрбөйбү. Анан да үч баласы болгону менен үстүнө баш калкалар үйү жок. Эми үй алуу үчүн балдарын таштап, тээ Россияга барабы? Жок! Балдарын таштап келинчеги экөө карыш жылгысы келбейт. Анда кантип үй алышат? Каяктан акча табышат? Айлыгы тамак-аштан артпай атпайбы?

Ушундай түмөн ойдон жүрөгү түпөйүл жаш ата ичинен улам күбүрөп:“ Ынтымак болсоңор экен, ырыстууларым... Ушундай күйүмдүү болсоңор экен. Күйүмдүүлөрүм..”- деп баятан бери жанында тегеренип жүргөн уулуна карап  бактылуу жылмайып, эки кылдыректи бат эле жасап койду.

Бир саат өтүп-өтпөй кылдыреги кызыл боёкко боёлгон, апасы гүлдүү жоолугунун гүлдөрүн, жалбырактарын кесип берип, алардын учун  атасы уулу экөөлөп зымелекке скочтоп койсо тимеле укмуш кооз болуп калган “кыздарский” кылдырек менен тыпыйган кичинекей кылдырек  зымелеги менен даяр болду. Бала жерде салынган төшөктө ысылап, томолонуп уктап жаткан кичинекей бөбөгү менен карындашын жүгүрүп кирип ойготту:

– Атам экөөбүз силерге кылдырек жасап койдук! Карасаңар? Жаман сонун жасадык! Жүрсөңөр! - экөөнү тышкы үйгө алып чыгып көрсөттү.

Үчөө кылдыректер менен алек болуп, дүйнөдө жок керемет буюм алгандай бактылуу күлүп-жайнап, үй ичин тоз-тополоңго салып оюнга киришти. Балдарын кубанып карап турган бактылуу жаш жубайларга мындан артык бакыттын кереги жок болчу! Болгону батирдин акчасын төлөп алышса батыраак... Анан эптеп үй салып алышса... Кылдыраган жашоонун кылдыреги бактылуу бул бүлөнү кайда алып барары али белгисиз болчу. Азыр алар чексиз бактылуу! Кымбат баалуу оюнчук турмак, арзан оюнчуктарды “алып бер” дегенди билбеген, дегеле шаарларда базарларда оюнчук саткан толтура күркөлөр бар экенин билбеген, даяр оюнчуктардын түрү сатыла турганын билбеген балдары менен бактылуу эле. Бул бактысын жаш жубайлар эч нерсеге алмашкысы келбейт. Эч нерсеге!

А бирок үйү жок кыйналып кетишедиби... Үй салабыз деп балдарын таштап алыска кетишсе чүрпөлөрү түшүнөт бекен? Балдары кечиришет бекен? Балдарынан кечирим сурап өздөрү үйрөтүп койбоду беле? Кичине катуу айтып алып кечирим сурап үйрөтүп коюшпады беле. Эми таштап кетишсе балдары  кечиреби же жокпу? Кантип балдарын таштап кетишет?..

… Азырынча бактылуу бүлө дүйнөнү үч кылдырек менен чарк айланып-тегеренип, атасы, апасы кошо ойноп, ала кийиз менен шырдамалдагы оймо-шаарларга балдары менен чогуу саякаттап,  бакытка тунуп турган эле...

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Абдилазиз Зулпуев

    Жакшы. Балдар үчүнгө караганда, чоңдор үчүнгө жакыныраак. Ойумду жазып койдум. Канчалык туура айттым билбейм, бирок.

Комментарий калтырыңыз