Балдар адабияты боюнча конкурска: Эсеп билбеген бала (№22)

АҢГЕМЕ

Бактияр быйыл жайкы каникулду жайлоодо өткөрдү. Элдин малын алып баккан байкесине жардам берип ат минип, кой кайтарды, жеңесине кол кабыш кылып, кулун салып берип бээ саадырды, от жагып сүт бышырды. Балдар менен тоого чыгып ышкын, карагат терди, кечиндеси ак чөлмөк, дүмпүлдөк, жашынмак, жоолук таштамай сыяктуу оюндарды ойноп көңүл ачты.

Кыскасы, жайкы каникулу жакшы өттү, зерикпеди. Мындай жашоо абдан жаккандыктан чоңойгондо байкесиндей болуп, элдин малын багып, жайлоодо эле жай турмушта жашай бергиси келди. Бирок каникул абдан тез өттү. Окуу башталып жакага кайтууга туура келди.

Бактияр окууну жакшы көрчү эмес. Өзгөчө эсеп сабагын жек көрчү. Ошого жараша математикадан эч нерсе билбечү. “Ушундай ар бир кишинин колунда телефону бар заманда математикалык эсептерди чыгарганды үйрөнүп эмне кереги бар”,-  деп ага таптакыр көңүлү жок эле.

Муну мугалим эжей кайдан билсин: күн сайын сааттап сабак өтүп, сандар жөнүндөгү билимди мээсине куя берет, такый сурап, дудук болуп туруп бергенинде журналга да, күндөлүгүнө да экилерди жайната койот. Андыктан математика сабагы дегенде Бактияр заарканып турат. Сабак өтүлүп жатканда катардын эң артында классташтарына жашынып отурат. “Сурап ийбесе экен”, - деп ичинен тиленип, баш көтөрбөйт. Бирок мугалимдин көз жаздымынан тыш калыш кайда! Журнал боюнча деле карап үй тапшырмасын сурайт, класска көз жүгүртүп да өтүлгөн сабак боюнча эмне түшүнгөнүн билет. Мынчаны тигинчеге бөлдү, тигинчени мынчага көбөйттү деген татаал маселелерден, икс, игрек, тангенс сыяктуу белгилерден үрөйү учат. Булардын жашоо-турмушта эмнеге кереги бар экенине башы маң. Баарынан да мугалимдин сабак билбегени үчүн каарыганычы, болбогон эсепти же жадыбалды билбегени үчүн жакшы окуган классташтарынын шылдыңдап күлгөнүчү.

Кыскасы, Бактияр математика сабагынан абдан кыйналчу болду, чүнчүп кетти. Үйдө ата-энеси жакшы окушу керектигин какшайт, мектепте мугалимдери талап кылат. Өзү деле аракет кылып көрдү, бирок математика боюнча мээсине эч нерсе кирбеди. Айласы кеткенде кандайдыр сыйкырчынын жардамы менен математиканы үйрөнгүсү келди же эсепти эзип сурабаган бир жактарга качып кетсем деп кыялданчу болду. Ушундай каалоосу күч болуп жүргөндө бир күнү таң калычтуу түш көрдү. Анда мультфильмдеги жинге окшош бирөө капысынан пайда болуп, көкүрөгүн кош колдоп басып, ийиле таазим этип: “Дос, мен сенин кыялыңдагы сыйкырчы досуң болом. Атым – Ооба. Бул ысымым “Ойлогон ойлоруңдун баарын аткарам”, - деп чечмеленет. Демек мен сенин ой-максаттарыңдын баарын аткарам. Мындан ары “Ооба дос, момундай каалоолорум болуп атат аткарып койчу”, - деп кайрылсаң  сөзсүз орундалат”,- деп кандай пайда болсо ошондой көздөн кайым болуп кетпеспи.

Бактияр башында буга кубанган жок, бирок абдан катуу таң калды. Анан түшкө эмнелер гана кирбейт деп унутуп койгусу келди. Бирок көңүлүнөн чыгара албады. Ошентип эртеси ушул түштүн таасири менен сабакта дендароо отурду. Мындан улам кийинки сабак өзүн кыйла санааркаткан математика экенин унутуп койгон экен, классташы эскерткенде гана ал тууралуу адаттагы жагымсыз сезимине кабылды. Ушул учурда анын башына “Эмнем кетип атыптыр, жанагы түшүмө кирген сыйкырчыга кайрылып көрбөймүнбү”, - деген ой келип, убакыт шашылыш болгондуктан дароо эле “Эй, Ооба дос, өзүң билесиң, мен математиканы жакшы көрбөйм, андан таптакыр билбейм, ошон үчүн азыр ал сабак кирбей эле койсунчу, ордуна фискультура болсунчу”,- деп ичинен күбүрөнгөнүнөн беш мүнөт өтпөй сырттан класс жетекчи эжей кирип, жарыялап калбаспы:

- Балдар, эжейиңер ооруп үйүнө кеткенине байланыштуу математика сабагы кирбей калды. Анын ордуна фискультурага чыккыла.

Муну укканда классташтары кубанычтуу түрдө дүрбөгөн бойдон сыртка жөнөштү. Бир гана мындайда эшикти карай баарынан биринчи жүгүрчү Бактияр таң калганынан оозун ачкан бойдон кала берди. Бул эмне дал келүүбү же түшүндөгү Ооба досу каалоосун орундаттыбы? Чыкса, классташтары аянтка тизилип калыптыр, өзүнө өзү окшобой ойлуу тарткан Бактиярды колунда футбол тобу бар дене тарбия мугалими шаштырды:

- Бол, Акматов! Сен эмне болуп калгансың бүгүн? Ооруп калган жоксуңбу?

- Жок, агай сопсоомун, -деген Бактияр дароо көңүлдүү тарта түштү.

Оюндун кызыгына баткан Бактияр сабак бүтөрү менен унута түшкөн таң калычтуу түшүн кайра эстеди. Ал биринчи суранычын аткарганына ишенбей, жөн гана дал келүү деп болжоду. Ошентсе да аны дагы бир жолу сынап көргүсү келип: “Ооба дос, үйдөгү жумуштарды бүт атам жасап койгон болсунчу”, - деп өтүндү.

Үйгө келсе демейде жумушунан кеч кайтчу атасы бүгүн эрте келип суу ташып, музоону аркандалган жеринен алып келип, эми бададан уй тоскону кетиптир. Мына сага! Ооба дос болбосоң коё кал! Бактияр экинчи каалоосу орундалса да бул кереметке ишене албады. Ушундан кийин ал Ооба досун сынамакка эки-үч каалоосун айтып, алар кынтыксыз аткарылганда гана ишенип, ойлогон ойлорунун баарын аткарган достуу болгонуна сүйүндү. 

Ушундан кийин Бактиярдын жашоосу жыргалга айланды. Ооба досунун жардамы менен мектепте оюндагыдай окуп, үйдө да каалаганындай жашады. Кааласа мектепке барат, барбаса жок. Үй жумуштарын жасаса жасайт, жасабаса жок. Бирок мындай бир өңчөй жашоодон ал бара-бара тажады. Жайлоодогу жыргал жашоосун эстеп ошол жакка кайткысы келди. Дароо эле Ооба досуна кайрылды. Кечинде атасы тоодо мал баккан Бектен байкесине барып жардам бериши керектигин айтканда таң калган деле жок, бирок башка балдар мында эзилип окуп жүргөндө өзү он беш күн мурда бүткөн жайкы каникулун кайра улантарын ойлоп кудуңдап сүйүнүп, Ооба доско рахмат айтты.

Эртеси түштөн кийин жайлоодо болду. Бирок жайлоо мурдагыдай эмес экен: күн сууктап, чөптөр саргайып, баягы кулпурган гүлдөрдүн бири да көрүнбөйт. Көк майсаңга жайбаракат жайылып, күн ысыганда биринин алдына бири башын тыгып жуушап жаткан койлор жайытка токтобой калыптыр. Эң негизгиси, баягы көп балдар окууга кетип, ойногонго эч ким калбаптыр. Ооба досунун жардамы менен бул жерде да эч нерсе кылбаган Бактияр зериге баштады. Кеткиси келди, бирок дагы бир-эки күн турууну чечти. Эртеси жайлата агасына бактырган койлорун бөлүп кетиш үчүн жакадан кишилер келишти. Короого камалган отордон алар өз койлорун эн-белгисинен таанып, сыртка чыгарып жатышты. Бөлүш бүткөндөн кийин короо оозунда кой санап, кимдин канча чыгарганын кагазга жазып жаткан Бектен байкеси:

- Бактияр, чыгарылган койлордун жалпы саны эсептей салчы, - деп кагаз менен калемди Бактиярга сунду.

Баскылай салайын десе телефону жанында жок (ал өчүп үйдө калган), андыктан күтүүсүз берилген бул суроодон улам эмне кыларын билбеди. Анан айласы кеткенде бул кыйынчылыктан оңой чыгыш үчүн Ооба досуна кайрылды да, калп эле эсептемиш боло калем менен кагазды чукулап калды.

- Канча болду? – агасы сурады.

- Керим 35, Улан 65, Жаныбек 70 кой чыгарып, чыгарылган койлордун жалпы саны...- деп Бактияр ойлоно түшүп, анан Ооба досу каалоосун аткарганына ишенип, көңүлүнө келген сандарды айта салды: - Эки жүз элүү кой.

- Ыя! Ушунча көппү? Мынча болбойт. Кайра эсепте, – деп талап кылды агасы.

- Кой эй, анча көп кой алган жокпуз! - деп кой бөлгөндөрдүн бири манжаларын ачып-жумуп  бир заматта эсептей салып: - Жүз жетимиш эле болот экен! Иниң бизди бир заматта байытып салды го. Кантсе да чоң математик экен! Ха-ха-ха! – деп каткырды.

- Туура, - деди Бектен байкеси да ичинен эсептеп. – Оңой эле эсеп экен, ушуну билбейсиңби? - деди анан таң калганы же зекигени айырмаланбай.

Каалоосу аткарылбаганда “Досум таштап кеттиби”,- деп ойлоп Ооба досуна катуу ишенип алган Бактияр коркуп кетти.

- Эгер эсеп билбесең койчу да боло албайсың, адам деген турмушта керектелчү алуу, кошуу, бөлүү, көбөйтүү амалдарын сөзсүз билиши керек, - деп Бектен агасы кишилер кеткенден кийин Бактиярга сабак өтө баштады.  “Окуудан качып келсе...” деп байкесин жактырбаган Бактиярдын буга кыжыры келди, андыктан кулагына сөз кирген жок. Ал суранычын орундатпаган Ооба досун ойлоп отурган. “Эй, Ооба дос, кетели бул жерден, машина чакыр”, - деди ал бир кезде. Аңгыча автоунаанын дүрүлдөгөн үнү угулуп, көп өтпөй ал эшиктин алдына келип токтоду.

- Бир кишилик орун болсо сабагыңдан калбай кете бер, математикадан таптакыр билбейт экенсиң, эсепсиз эч нерсе жок, эринбей үйрөн, - деп агасы акыл айтты эле, кулагынын сыртынан кетти. Анткени Бактияр Ооба досу өзүн таштабаганына кубанып отурган. “Укмуштай оор маселелерди эки секундда чыгарган эсептөөчү техникалар турганда баш оорутуп эмне кереги бар? Бирок Ооба дос, сен дагы мен сыяктуу эсеп билбейт окшойсуң. Мейли, эч нерсе эмес, экөөбүз математикасыз эле жашайбыз, эң негизгиси сен мени таштап кетпесең болду”,- деп күбүрөндү ал жолдо келатып. 

Мектепке барып жарытып окубаган, үйдө калып жыргатып жардам бербеген, жалаң оюн менен күн кечирген бекерпоз күндөр кайрадан өтө баштады. Бактияр мурдагыдай эле боштуктан зерикти. Эртерек чоңоюп, бир ишке орношуп, чоң кишилерче каадалуу жашоодо өмүр сүргүсү келип, Ооба досуна кайрылды. Ал дароо чоңойтуп жибере албаганы менен берки каалоосун аткарды. Ошол эле күнү алардыкына базарда дүкөн иштеткен таежеси келди.

- Кардарлар менен сүйлөшүп сатып атканымда кирген-чыккандарга, товарга көз салган бир жардамчы керек экен. Күнүнө беш жүз сомдон төлөп берет элем, - деди ал чай үстүндө отурушканда.

Күнүнө беш жүз сомдон төлөсө айына канча болорун билгиси келгени менен эсептей албаган Бактияр мындай оңой жумушка жакшы акча төлөшөрүнө сүйүнүп, дароо эле Ооба досуна кайрылды.

- Бактияр жарайбы жардамчылыкка? - деп сурады бир аздан соң апасы.

- Жарайт. Анын кыйынчылыгы жок. Бирок окуусучу?

- Окуп деле жарыткан жок. Кийин деле окуур, - окууга чоң маани берген апасы бул ирет негедир башкача сүйлөдү.

- Мейли анда...

Ошентип Бактияр шаарга күн сайын каттап, чоң базардын бир бурчундагы дүкөнүндө соода кылган таежесине жардамчы болуп иштей баштады. Болгон жумушу дүкөнгө кардар кирип, таежеси кийим-кечектерин көрсөтүп, соода кылып атканда сырттагы товарларга, дүкөн ичине көз салып турат. Киши жок болсо бейкапар телефон чукуп отура берип, кечинде беш жүз сом иштеп табат. Аны чогултуп айдын аягында алмай болду. Жыргал жашоо башталды. Тилекке каршы, мында үч эле күн иштеди.

Ошол күнү дүкөнгө үч кардар бирдей кирип, таежеси жетише албай калгандыктан алардын бирөөсүн тейлөөнү Бактиярга тапшырды. Ал үч жүз элүү сомго көйнөк алып, майдасы жок экен, беш жүз сом берди. Канча кайрып беришти билбеген Бактияр телефонун чукулап эсептегиче карап турган  кардар:

- Эже, балаңыз эмдигиче беш жүздөн үч жүз элүүнү алса канча каларын билбейт экен. Баланын келечегин ойлоп, бекер күчүнө кызыкпай окутуңуз да! Жөнөкөй киши деле анча-мынча эсепти билиши керек, - деп, акчасын алып чыга жөнөбөспү.

- Бактияр, чын эле сен беш жүздөн үч жүз элүүнү алса канча каларын билбейсиңби? – деп таң калган таежеси кардарларынын алдында уялып, алар кеткенден кийин жумуш менен акчага кызыкпай окушу керек экенин, өзгөчө турмушта кереги тийчү эсеп-кысап амалдарын сөзсүз үйрөнүшү зарылдыгын айтып, үч күн иштегени үчүн эки миң сом берип кетирип жиберди.

Эсеп билбеген ал таежеси акчаны ашыгы менен бергенин билбеди, андыктан ыракмат айтканга да жарабады. Мындай жакшы жумуштан бошогонуна өкүнгөнү менен колуна тийген көп акчага кубанган Бактияр мындай узаары менен каалаган тамагын алып жеп, ойноп көңүл ачуучу жайларга кирип, аттракциондон аттракционго түшүп, компьютердик оюндарды ойноп, айтор бүт каалоолорун кандыргыча эки миң сомду коротуп, кечинде эч нерсе болбогондон бетер үйгө келди.

Мындай жашоо абдан жаккандыктан эртеси ойгонору менен эле көңүл ачыш үчүн Ооба досуна акча табууну буюрду. Жуунуп келип чайга отурганында үстөл үстүндө миң сом туруптур, дароо эле Ооба досум каалоомду аткарган экен деген ойдо чөнтөккө салып, чай да ичпестен көчөгө жөнөдү. Жаңы эле жакшы көргөн шаурмасын алып, сүйүктүү ширеси менен жемекчи болгонунда, атасы чалып үйгө келүүсүн катуу айтты. Коркуп кеткени менен Ооба досуна атасын урушпагыдай кылуусун суранып, көңүлү жай үйгө келди. Чын эле атасы урушкан жок. Бирок ал үйдөн акча уурдаганы үчүн уяткарып, акыркы кездеги окуудан качканы менен үйгө жардам бербегенинин себебин сурады, дегеле кийинки кездеги бузулган жүрүм-туруму үчүн жооп берүүсүн өтүндү.

Кийинки Ооба досунун жардамы менен жетишкен жыргал жашоосун ата-энеси билбейт деп жүрсө, алар майда-чүйдөсүнө чейин байкашыптыр. Айласы кеткен Бактияр өзүнөн күнөөнү алыстатып, актаныш үчүн Ооба деген дос күткөнүн, ал каалоолорунун баарын аткарып жатканын баштан-аяк айтып берди.

- Ии, түшүнүктүү, - деди атасы. – Сен азгырыктуу каалоолоруңдун кулу болуп калган турбайсыңбы.  Ооба, адам бир нерсени абдан катуу кааласа, ал сөзсүз аткарылат. Бирок каалоолордун баары эле бирдей болбойт. Алардын жаман-жакшысын ылгабагандар сендей болуп уятка калат. Ал тургай кийинки жашоосун бузуп алат. Ошон үчүн акыл-эстүү болуп, оңой аткарылчу каалоолорго азгырылба. Бул жерде да жакшы чыгарылган турмуштук эсеп керек. Мисалы, каалоого акыл-эсти кошуп аракеттенсең уятка калбайсың, ал эми ага билим менен тажрыйбаны кошсоң, улууларды уксаң ийгилик жаралат, аларды иш-аракетиңден кемитсең жолуң болбойт. Эгер эле каалоого көз жумдулукту, макоолукту, кежирликти, жеңил ойлуулукту кошсоң – уят болосуң. Ошондуктан бардык эле каалоолорго “ооба” дей бербей, “жок, болбойт” деп жооп айтышты да билиш керек, ага эрк табыш милдет. Жөнөкөй эсепти билбей ката кетирсең оңдоп койсоң болот, ал эми каалоолор боюнча турмуштук эсепти билбесең, уят эле болбостон өмүрлүккө жаңыласың. Ушуну билип жүр, - деп атасы Бактиярдын акылына сиңгидей кылып насаатын айтты.

Түшкө жуук Бактияр бир жумадан бери бара элек окуусуна жөнөдү. Биринчи сабак математика болчу, ага катышууну каалабай Ооба досун эстеди, бирок арты зыяндуу каалоолорго “жок болбойт” деп айта билиш керектигин насааттаган атасынын сөзүн эстеп, ошондой эле эптеп болсо да эсеп чыгарганды үйрөнүп алууну каалагандыктан аны жардамга чакыргысы келбеди.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Касмалиева Жумакул

    тарбиялык мааниси бар жакшы чыгарма экен. эми ушуну балдар окуса экен, телефонго алаксыбай?

Комментарий калтырыңыз