Конкурска: Адам досторун жана кастарын кантип тапты? (№23)

ЖОМОК

Силер, балдар, жан-жаныбарлардын чогулуп жыйын курганын көп эле жомоктордон, тамсилдерден уккан чыгарсыңар, балким китептерден окугандырсыңар?

Биздин жомокто да ушундай болот. Бирок ал кез – өтө узак доорлор мурда болуп, Жер бети эми-эми каймактай баштаган кез экен. Жер каймактоо менен ар кыл-ар кыл айбанаттар ошол Жер бетинде пайда болуп, алар бир күнү жыйынга чогулат.

Жаныбарлар жыйынын ким башкарды дейсиңерби? Ооба, биз билген жомоктордо токой ээси, каардуу, эч ким айтканын эки кылбаган Арстан башкарат эмеспи. Ал кезде Арстандан да чоң, андан да күчтүү жаныбарлар көп болуптур. Алар Жети баштуу желмогуз, Алты баштуу ажыдаар, Кырк кулач жылан, учуп келе жатканда шамал чыгарган Алп кара куш, көктү көрккө бөлөгөн, үнүнө бүт аалам куштар Зымырык куш, кыйкырык-айкырыгынан бак-дарактар тамыры менен суурулуп кулаган Динозавр, бир дайранын суусун бир жуткан Керик, жалгыз көздүү, оозунан таш бүрккөн Дөө... Койчу, койчу... Ушундай канаттуулар, ушундай айбанаттар жерде-көктө ары-бери учуп, ары-бери чуркап жүрчү экен.

Ушулардын ичинен Алп кара куштан алты эсе чоң, жеткен жерин жексендеген, конгон көлүн соолуткан, буту тийген тоосун түз кылган, оозунан от бүрккөндө бир өрөөн бир күйгөн Алаамат куш деген бир канаттуу болуптур. Ошол Алаамат куш жар чакырып, жан-жаныбарларды жыйынга келүүгө үндөп жүрүптүр:

– Оо, Жер бүткөнү ошол Жердин токойлорун ээлеп турган макулуктар, ээн талааларды кезип жанын багып аткан эки аяктуу жана төрт аяктуу жаныбарлар, Жерди таканчыктап тээп, көккө көтөрүлүп беймарал сызып жүргөн өткүр көз канаттуу куштар, Жер астындагы караңгылыктан жай тапкан казандалар, бак-дарактарды байырлап тилин безеген парандалар, суу ичинен оокат кылган балыктар – баарыңар, баарыңар уккула! Жер үстүнө Жер астынан бир жаныбар чыкты. Ал кипкичинекей болгону менен эки эле аягы менен жүрө алат экен. Мунуңар акылы ашкан неме экен, башы менен көп нерсе ойлоп, колу менен аларды жасап коёт экен. Эгер ушул Адам аталган макулук Жер бетин мындай өзгөртүп отурса көлдү кургак жерге, чөлдү шаарга, тоону токойго айлантат. Бул Адам жан-жаныбардын баарын жей берет экен, балдарыбызды жеп, бизди тукум курут кылат. Токойлорду күйгүзүп, дайраларды тосуп, сууларды соолутуп, баарыбызды кыйын күнгө салганы турат. Кана, ким айтат, эмне кылышыбыз керек?!

– Ыш-шы... Ыш-ыш... Мен, - деп чыгат Жылан тилдерин соймоңдотуп, оңду-солду карап, ийри-буйру денесин жыйнап келип, токочтонуп, - аны жолуккан жерден уу тилим менен чагып өлтүрөм. Бирок силер биздин тукумга тийбегиле, жер астында жети жылы караңгыда жатсак, Ажыдаар болуп чыгып келебиз да, жанагы айткан жандыгыңарды чагып да, денебиз менен кысып да жок кылабыз!

– Анда, Жылан сен тандаган жагыңа кет да, Адамды тукум курут кылуунун камында бол! – Алаамат куш заарын толтуруп алган кырк кулачтуу Жыланга ыраазы боло карады.

– Ыш-шы... Ыш-ыш... Анда мен ысыктын ысыгына, суусу жок кумдуу чөлдөргө кетейин. Адам баласын ошол жактан күтөмүн! Ыш-шы... Ыш-ыш... – Кырк кулачтуу Жылан жыйрылып-жыйрылып жөнөй бергенде биз да ушуга окшош экенбиз, же атабыз, же энебиз бир болсо керек деп Эчкемер менен Кескелдирик артынан ээрчийт.

– Ауу, ауу... Аны мага койгула! Мага! Мага!... – Ары жактан Бөрүнүн улуган да, боздогон да үнү угулат. – Кыштын узун түнүндө үйүндө жатканда да, тоодо-түздө баратканда да үйүрүбүз менен кол салып, кекиртектен тиштеп бир аптага жеткирбей баарын кырып бүтөбүз. Аны үчүн силер бир нече жыл Бөрү тукумуна тийбей, Бөрүлөрдү жан-жаныбарларга падыша кылгыла! Ауу, ауу...

Бөрүнүн бул сөзүн Адам угуп турган, дароо эле:

– Карышып калгыр, сени эми Бөрү дебей, Карышкыр деймин! Өмүрүм өткөнчө сөөк өчтү душман боломун! – деп каргап жибериптир.

– Сен жаныбарлардын падышалыгынан үмүт кылба! – Алаамат куш Бөрүгө ачууланды. – Оозуңдан ысык кан кетирбей желип-жортуп адамга жакындай албай аны имерчиктеп жүрө бер! Бар!

Ошентип Бөрү да жыйындан кетти.

– Мен да ошонун артынан барайынбы, Алаамат аба? – Арттан бир үн угулду. Баары ошол жакка бурулду. Карашса, аттын башындай таш үстүнө чыгып алган бир куш отуруптур.

– Сенин атың ким? – Алаамат куш аны тааныбайт экен.

– Жору! Көктө сызып учуп барып Адам дегениңерди мына бул чеңгелдерим менен чапчып аламын да, бийик зоонун чокусунан таштасам, сөөктөрү сөпөт, устукандары упат болот!

– Кана, Жору, Адамды көтөрүп кетер булчуңдарыңды, Адам этине батып кетер курч тырмактарыңды көрсөтчү?

Жору булчуңдарын, тырмактарын Алаамат кушка көрсөттү эле, ал боорун тырмалап каткырып күлүп:

– Ушул чеңгелиң менен Адамды көтөрүп кетем дейсиң. Ага жарамак белең! Бар, Бөрүнүн артынан бар! Бөрү өлтүргөн жан-жаныбардан тарп калат, ошол тарпты жеп эптеп күнүңдү көр! Эгерим Адамга жолой көрбө! – дейт да жыйындан кууп жиберет.

– Күүр! Күүр! Күүр! – Күрүлдөп да, бырылдап чаар-ала териси бырышкан да, тырышкан Жолборс чыкты ортого. Адам эмес баарын жей тургандай көзүнөн от чыгып, бир айдан бери тамак жей электей курсагы курулдап, ошол салаңдаган бош курсагы ары бир, бери бир чайпалат.

Менин атым – Жолборс,
Жолукканын койбос.
Жети күнү эт жесе,
Этке түгү тойбос, - деп ырдап да жиберет азуу тиштерин ырсайтып, жүндөрүн түктөйтүп.

– Эмне, Жолборс, Адамга каршы сен барасыңбы?! – Алаамат куш ага ишенип да, кызыгып да сурады.

– Эмне экен? Барса барам! Бирок аныңар илмейген неме экен, эти тишимдин бир кычыгында эле калат ко.

– Ал жеткен айлакер! Сен аны кантип колго түшүрөсүң?!

– Күүр! Күүр! Күүр! Ал жагын мага койгула. Калың камыштын же чытырман токойдун арасына кирип кетемин да, Адамыңар келе жатканда кекиртектен алып муунтамын!

– Сенин колуңдан келет, Жоке! Бар, анда, Адамга каршы согушка бар! – Алаамат куш ага ак жол каалап жатып, Илбирсти көрүп калды:

– Сен да кошул, Илбирс, абаңа жардам бер! Абаң камыш ичин, чытырман токойду байырласа, сен ак мөңгүлүү тоолорго чыгып кет, ошол жактан Адамга кол сал! Колго түшпө, колго түшсөң Адам териңди сыйрып, ичик кылып кийип алат!

Жолборс менен Илбирс азууларын кайрап, жогдор жүндөрүн үрпөйтүп, узун куйруктары  менен денелерин чапкылап, азыр эле барып Адамды жеп жута тургандай шагдам жөнөдү.

– Сүлөөсүн, сен эмне турасың!? – Ары жакта койкоюп турган бир сулуу жаныбарга тигилди Жолборс менен Илбирс. – Сен да бизге туугансың, бизди ээрчи!

– Сүлөөсүн колго түшпөсүн, - деп кыйкырды Алаамат куш, - Адам анын терисин тебетей кылып башына кийип алат!

Ал үчөө жаныбарлар жыйынынан узап чыкты.

– Дагы ким барат!? – Алаамат куш Адамга каршы жибергендерине анчалык ичи чыкпай калдыбы, дагы алдуу-күчтүү жан-жаныбарларды издеп атты.

– Мен барат элем го... – Жаян балык суудан башын чыгарды. – Бирок мен суудан чыга албаймын да. А силер айткан Адамыңар сууга түшпөйт.

– Кандайча түшпөйт! Түшөт! Бу Адам деген суунун да жанын койбой, дайраларды ары бир, бери бир буруп, бир жерин тосуп көл кылып, балыктын этин жеп үйрөнүп атат деп уктум! Андай болсо Жаян балык сен сууга түшкөн Адам менен кармаш, аны суу ичинде жутуп сал!

– Айтканыңызды кылам, Алаамат ата! – Ушинтти да Жаян балык сууну толкун кылып бир жакка сүзүп жоголду.

– Оо, Алаамат куш, Адам менен арбашууга мен барайын? – Кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз Жети баштуу желмогуз үн катты. Жети башын жети жакка шыргыйдай созуп, эпейип ат минип алыптыр.

– Сенин не өнөрүң бар? Адам деген асмандан жааган таштардан курч кылыч жасап алган, сенин жети башыңды жети жерге сулатпайбы?

– Жок! Менде күч жок болгону менен айла бар – Адамды чарчатам, алсыратам. Түшүнө кирем. Тырмактарым менен тыткылайм. Оозума жел толтуруп, үйлөп, шамал кылып демин кысып айласын алты кетирем. Сыйкыр өнөрүм менен аны адаштырып жардан секиртемин.

– Жети баштуу желмогуз, - дейт Алаамат куш, - сен чынында кыйынсың, айлакерсиң, акылдуусуң, бирок Адам сенден кыйын, сенден акылдуу, сенден айлалуу. Ал сени Жер үстүнөн жексен кылар!..

– Андай болсо, мен бир айла табам, Алаамат ата.

– Кандай айла?

– Адамдарды бири-бирине жамандап, бири-бирине кайраштырып, аларды уруштурам, жанагы сиз айткан кылычтары менен бири-бирин чабыштырам. Анан алар менсиз эле өздөрү менен өздөрү согушуп жок болот! – Жети баштуу желмогуздун жети оозунан мындай кытмыр күлкү чыкканда минип турган Аты коркконунан калтырап кетти. Ананчы, Аты анын колунан ушундай жамандык келерин билет эле, өмүрү анын жонуна ээр токубады, кулун-жалын сылабады, туягына така какпады, отко да, сууга да, ташка да аябай мине берет.

– Баргыла, анда алдыдагы мингениң менен экөөлөп Адамды жок кылып кайткыла!

Эч нерсени түшүнбөй эле буларды эки өркөчүн булактатып, майпаң-майпаң басып Төө, Жети баштуу желмогуз минген Атка окшош экенбиз деп Качыр менен Эшек ээрчип алды.

– Менин да өнөрүм көп! – Таштан ташка секирип жыйынга Сагызган келип калды. Ала-була канаттары былкылдап жөн тура албайт. Анын кичинелигинен Алаамат куш араң-араң көргөндөй болду.

– Ушул кибиреп турушуңда сен Адамга кандай жамандык кыла аласың?

– Оо, менин өнөрүм күч. Адамдын алдынан чыгып шакылыктай берсем – ал бара жаткан жолунан кайтат, таш менен тап берип кубаласа, дагы ары кетип ачуусуна тийе берем!

– Мейли, сен да пайда-зыяның жок бир неме экенсиң. Адамга каршы барсаң, барчы! – деп Алаамат куш уруксат этиптир.

Бир убакта бул жакта эмне болуп атканын билгенби, билбегенби – Итти таргыл Мышык кууп кирип келди.

–– Силер эмне куушуп жүрөсүңөр!? – Ачуусу келген Алаамат куш ал экөөнү ушунча зекиди эле, кирер жерин таппай калды.

– Мынабул кипкичине нерсе мени кууп жүрөт. Жолборсмун, жетсем эле жеймин дейт! – Ит калтырап коркуп, Алаамат кушка Мышыктын үстүнөн даттана баштады.

– Куушпай жерге киргирлер! Биз бул жерде жан-жаныбарлардын келечегин талкуулап атсак, булар куушуп жүрөт. Бар, экөөң тең Адамга барып, жок кылып келгиле! Эми Мышыкты Ит сен куугун!

Эми Мышык качып, Ит кууган бойдон айры бут Адамды издеп кетти...

*      *      *

Жолдо келатып Жети баштуу желмогузга бир ой келди. Адамга каршы бараткандардын баарын бир-бирден кармаштырып, бирин-бирине өлтүртүп, өзү гана барышы керек да, Адамды өлтүрүп, Алаамат кушка биринчи болуп өзү келиши керек.

Бир башын акырын созуп ышкырып бараткан Жыландын кулагына шыбырады:

– Сени Жолборс тытып жеймин деп атат!

Экинчи башы менен Бөрүгө жетти:

– Бөрүм, сен менин досумсуң, ошон үчүн айтпасам болбой калды...

– Эмнени?

– Сени Жылан чагып, муздак денеси менен кысып өлтүрөм дейт...

– Көрөм... Кимди ким өлтүрөр экен!..

Желмогуздун үчүнчү башы созулган бойдон сууда дайраны толкун кылып, сел кылып бараткан Жаян балыкка жетти:

– Жаян, Жаян! Сени Адамга жеткире койбой көктөн келип Жору илип кетет экен?

– Ким айтты?

– Өзү айтты?

– Илип кетип эмне кылат экен?

– Көзүңдү оюп, өзүңдү зоодон таштайт экен!

– Ушул менин тырмагымдай немеби? Карасаң муну, кибиреген!

Төртүнчү башы Жоруга жетти:

– Жору, Жаян балык сени кибиреген тармагымдай неме дейт. Сени көрөрү менен ап сугунуп, сууга киргизип кетип, балдары менен томолотуп ойнойт экен?

– Сага ким айтты, муну?

– Өзү! Азыр эле анын жанынан келе жатамын да.

– Көрүшөбүз!..

Желмогуздун бешинчи башы Илбирске, алтынчы башы Сүлөөсүнгө жетти.

Куушкан бойдон Ит менен Мышык кетип калыптыр. Аларга эч нерсе айтпай калды. Сагызган да көрүнгөн дарактын, таштын башына конуп отуруп, Жети баштуу желмогузга жеткирбеди.

Желмогуздун жаныбарларды бири-бирине жамандаган сөзүн аны минип жүргөн Аты укту да, ээсинен биротоло көңүлү калды. Ал Жети баштуу желмогуз уктап атканда Төөнү, Качырды, Эшекти ээрчитип ушунун баарын адамга айтабыз деп Адамды издеп кетти.

Жети баштуу желмогуз ойгонсо эле, көк ирим көлдүн боюнда, карагайлуу өтөктө, балкамыштар өрттөнүп, кырчын талдар самандай майкандалып, Бөрү, Жылан, Жаян, Жолборс, Илбирс, дагы башкалары бири-бири менен согушуп атыптыр. Улуган, арылдаган, ырылдаган, кан жалаган Карышкыр улам күчү жеткенин бирден камайт. Жаян балык суудан башын чыгарып, капчыгайдай эпсиз чоң оозуна туш келгенин оп тартат. Жолборс менен Илбирс экөө биригип алыптыр, өздөрүнөн алты эсе чоң таштарды кулатып, миң жылдык карагайларды түбү менен ыргытып ачуулары менен жер чапчыйт. Жылан болсо балакет экен, уу тилин соймоңдотуп, бирде анысына, бирде мунусуна барып, заарын чачат. Бир гана урушка катышпаган Жору. Куу жыгачтын башында конуп отурат. Кимиси жеңсе – ага баары бир. Өлүк тапса – той.

Эмне болсоңор ошол болгула деп Жети баштуу желмогуз баштары менен акылдашып, анан тиги урушуп аткандарга карап мындай дейт:

– «Ким биринчи Адамды өлтүрүп, алдыма келсе, ошону өз ордума падыша кыламын» деп силерди Алаамат куш күтүп отурат.

Бул сөздү уккан Жылан да, Жаян балык да, Жолборс да, Илбирс да кайра эле бири-бирин качырып кирди. Жердин баары майкандалды. Тоонун баары түз болду. Суулар соолуп, талаалар чөл болду. Булардын согушу жети жыл, жети күнгө созулат. Ага чейин беркилерден кабар алалы.

Адамды эң алдын Сагызган көрдү. Көрдү да жакындаштан даабай туруп калды. Алдынан бир, артынан бир, жан-жанынан бир учуп аны өлтүргөнү келе жаткандардын кабарын айтайын деп жанына келген сайын Адам аны таш менен уруп, кууй берди:

– О, жамандыктын кабарчысы болгон Сагызган! Ак сүйлө, ак сүйлөбөсөң ары жогол! – деп ургулады.

Сагызган качат. Адам тап берет. Ошол кезде Адамды көздөй Мышык менен Ит куушкан бойдон келе жатат. Караса Мышык калтырап-титиреп коркуп калган. Ит болсо азыр Мышыкка жетсе эле шарт секирип баса калып, башын жулуп салгыдай. Адам боор ооруп кетти. Жер тамынын оозун бекиткен камыштарын көтөрө койду эле жан айласы куруган Мышык ал жерден ичине кирип кетти. Ит сыртта – короодо калды. Адам аны байлап койду.

Ал кезде Ат, Төө, Качыр, Эшек жолдо келе жаткан. Төө бир жатып алса – турбайт экен, Эшек болсо жеткен аңкоо – кайда баратат, эмнеге баратат, эч нерсе менен иши да жок. Качыр дале ошондой экен. Аларды улам-улам артын бурулуп карай бербей алдыда Ат келе жаткан. Ал Адамды көрүп, көзүнө жаш алып Жети баштуу желмогуздан көргөн кордугун, ал Жолборсту, Бөрүнү, Жаянды, Илбирсти, Жоруну бири-бирине калптарды айтып жамандап кагыштырып, уруштуруп, чабыштырып таштаганын, алар согушуп жатканын айтып келет. Адам Атты кучактап, куйрук-жалын тарап, туяктарына така кагып, үстүнө үртүк жаап, ээр токуп, жүгөн салып минип алат. Ал үчүн таш тамынын астынан таш мамы тургузат.

Арадан бир жума өтүп-өтпөй Аттын артынан келе жаткан Эшек, Качыр, Төө буларга жакындайт. Төөнүн моюну оо алыстан эле көрүнөт да, ал Атты минип алган Адамды көрөт. Ат сулуу болуп калыптыр. Өңүнө чыгыптыр. Ушул жашоосуна ыраазыдай. Анан үчөө Ат менен Адамга баралы деген чечимге келет.

Адамга Ат тигил келе жаткан досторун көрсөтөт. Алар да Адам менен Атка жакын келет. Адам Төөнү – матоого, Эшек менен Качырды – сарайга жайгаштырат да, алдыларына жем салат.

Адамга дагы ар жактан келген достор көбөйөт. Бир топ жылдан кийин желеде Уйлары кулгуп кепшеп, короодо Койлор козуларын ээрчитип үркпөй жашап, Эчкилер сакалдарын экчеп коюп, ээсине жакындап, матоодогу Төөлөр ыңгырап тузсурап, эшик-элигин Ит кайтарып, Мышык болсо үй ичинде Адамга эркелеп жашап калат.

Кырк кулач жылан, Жолборс менен Илбирс, оозу жардай Жаян балык, кан күсөгөн Карышкыр бири-бирин жеңе албай, алдан тайып, күчү кетип, Адамдын астына келе албай калат.

Жети баштуу желмогуз болсо не болгонун ким билет, ошол бойдон Жер бетинен жоголуптур.

Мына ушундай менин жомогум, балдар!..

2020-жыл, август

«РухЭш» сайты келечекте ою жатык, тили жетик муунду тарбиялоо максатында аталган конкурска демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясына терең ыраазычылык билдирет! О.э. өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө гана басым жасабастан, келечек муунга көркөм-мураска калар улуттук адабиятыбыздын бүгүнкү абалына кайдыгер карабаган бизнес чөйрөсүндөгү мекенчил ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө жалпы улуттук адабияттын өкүлдөрүнүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз