Балдар адабияты боюнча конкурска:  Ысык-Көл жомоктору (№24)

АК КУУ, АЛАБУГА ЖАНА КАРА КАРГА

Ысык-Көлдүн жээктеринде ала-телек кар жаткан.

Алабуга деген балык тоо тараптан агып келген дарыя менен өрлөп чыгып барып урук чачканы камынган.

Дарыянын куймасынан ал Ак кууну көрүп калды. Ак куунун жалгыз жүргөнүн эч качан байкачу эмес: же экиден, же топ-топ болуп жүрүшчү.

Алабуга суудан башын чыгарып Ак кууга:

– Саламатсыңбы? – деди.

– Саламатчылык! Сен шашып кайда жөнөдүң, Алабуга?

– Суу өрлөп. Дарыянын баш жагына барып урук чачам. Ичим толуп кетти.

– А эмнеге көлгө урук чача бербейсиң?

– А бул жак кир. Чабактарым булганыч сууга чыдабай өлүп калат.

– Ичиңде канча балаң бар?

– Оо, Алабуга, кызык суроо берет экенсиң. Уруктарым көп. Сан жетпейт. Бир эле мен таштаган уруктарымдын баары балык болуп чоңойгон болсо – Ысык-Көлгө балык батпай калмак.

– Анан алар эмне болот?

– Сууга агат, ташка кыпчылат, селде калат, башка балыктар жеп салат, адамдар кармайт – ошентип бизди көбөйтө койбойт. А сен өзүң неге жалгыз сүзүп калгансың?

– Биз көбөйбөйбүз, Алабуга досум. Менин шеригимди да кайыкчан адамдар таң атарда кармап кетти. Ошону күтүп атам. Бүгүн кечке келбесе – мен да өлүмгө барам.

– А балдарыңар жокпу?

– Жок, досум, биз өмүрүбүздө бир же эки эле балалуу болобуз.

– Силер сулуусуңар да, көл бетин сулуулап турасыңар?

– Ыраспы?

– Ырас! – Алабуга ушинткенде Ак куу андан бетер моюндарын койкойтуп, канаттарын каккылап, ары-бери сүзүп калды.

– Экөөң эмнени сүйлөшүп атасыңар? – Жээктеги бир ташка коно калган Кара карга куйруктары менен улам-улам жер чапкылап экөөнө бирдей суроо берди.

– Адамдар биздин тукумду көбөйтө койбогонун! – Биринчи Алабуга жооп берди.

– Кишилер бара-бара сугалак болуп баратканын! – Ак куу да ага кошулду.

– Өзүңөрдөн көргүлө, - деди Кара карга, - Алабуга, сен адамдар жей турган бала туусаң анан кырып ташташат да, а сен болсо, Ак куу, сулуу болсоң – кармап кетишет да.

– А сенин балдарың кандай? – Экөө бир ооздон Кара каргага суроо берди.

– Мендей эле – капкара, супсулуу!

– А аны адамдар жебейби?

Кара карга бир азга ойлоно калды. Чын эле адамдар аларды эмнеге жебегенин билбейт экен. Калп айтты:

– Биз алар менен доспуз да!

– Ии, анда бизди да досуң менен достоштуруп койчу? – Экөө бирдей жалынып, жалдырап ийди.

– Макул. Аны үчүн силер жээкке чыгып, менин жаныма келишиңер керек. А мен адамды ээрчитип келем.

– А биз суудан чыга албайбыз да.

– Анда суунун түгөнгөн жерине чейин келип тургула. Мен адамды баштап келем.

Алабуга менен Ак куу адам менен достошуу үчүн Кара карганы карап кыйла турду.

Бир убакта мылтыктын атылганы, Кара карганын көккө учуп барып кулап түшкөнү көрүндү.

Алабуга дарыя башына, Ак куу көл ортосуна сүзүп кетти...

САЯКАТЧЫ КОҢУЗ

Жээкте кайык турат. Толкунга теңселип, чайпалып коёт. Ичинде эки калак. Кокус байлоосунан чыгып кетсе шамал айдаган тарапка кете берет бул кайык. А азыр шамал жок. Суу мемиреп, уктап аткандай тынч.

Көл боюнда карт дарак өсөт. Жүз жылдан бери көлдүн желин, күндүн жылуулугун, жердин азыгын шимирип жашап келет. Ошол дарак түбүндө бир Коңуз да күн кечирет. Өмүрү дарактын көлөкөсүнөн ары кеткен эмес, андан ары эмне бар экенин да билбейт.

Бул жолу ал жалгыз кайыкты көрдү. Кайык аябай эле алыс-алыста тургандай. Адам болсо ага эки аттап эле жетмек. Кыйыкты байлаган жоон аркан жээктеги казыкка туташып турган. Аркандын да аяк-башы көрүнбөйт.

Бир убакта көлдүн шарпылдаган доошуна кошула:

– Эмнеге таң калып атасың? – деген үн чыкты.

– Аркандын ушунча узундугуна, дүйнөнүн ушунча кеңдигине. – Коңуз акырын үн катты.

– Сен кимсиң?

– Коңузмун! А сенчи?

– Кайыкмын. А сен дүйнөнүн кеңдигин билбейт экенсиң! Дүйнө кең. Мен болсо дүйнөнүн баарын – ушул көлдүн кыйла жерине чейин көргөмүн. Оо, ажайып кооз. Сууну жиреп кете бересиң, кете бересиң...

– Өзүң эле кете бересиңби?

– Билбейм. Калактар жардам берет ко?

– Калактарды ким кыймылдатат?

– Билбейм. Адамдар го.

– Сен да ошол жакка баргың келеби, Коңуз?

– Ооба. Ооба! – Коңуз секирип-секирип ийди. Бирок анын секиргенин эч ким байкабады. – А мен кантип барам?

– Мен алып барам. Сен ошол аркан жиптин үстү менен келе берсең, келе берсең – акыры мага келесиң, аңгыча менин ээлерим да келип калат. Сени алыстарга, алыстарга – Ысык-Көлдүн ортосуна чейин алып барам.

Чын эле Коңуз узак жол басып, эчен жолу учуп кетейин, учуп кетейин деп кайыкка жетти. Алыска-алыска барып келейин деп жылуу жерге кирип алды.

Бир убакта көзүн ачып караса – көкмөк суу. Кубанды. Дүйнөнүн кеңдигин көрдү. Анан эле ал жаткан кычыкка сасык жыттар келе баштады. Көрсө балыктарды ташташкан экен. Коңуз балыктардын бир кычыгында калды. Шамал, бороон болуп, кайык ары бир, бери бир теңселип Коңуздун кускусу келди, окшуду, үшүдү, курсагы курулдады. Бир убакта эси ооп жыгылып калды. Көптөн кийин көзүн ачса бет маңдайында өзүнүн карт дарагы туруптур. Аркан менен ага кантип жеткенин билбей да калды, анан «мага эми мындан башка жер да, дүйнө да жок» деп ийинине кирип кетти.

КОЁН, ОНДАТР, КИРПИ

Көл боюнда чычырканактуу токойдо Коён, Кирпи, Ондатр кошуна жашаптар. Кошуна болгондо кандай? Коён адам буту баспаган, ит жойлоп жете албаган бадалдардын арасына кургак жерди казып, ийин салып алган. Бөжөктөрү да көп. Кирпи да ошол тушта.

Жакын жерден саздын суусу сарыгып чыгып, жылжып барып көлгө куят. Ондатрдын турагы болсо ошол жерде.

Сууну шарпылдатып, же сүзүп келе жатканы, же басып келе жатканы билинбей ондатра шашып жем издеп жүргөн. Аны кокусунан Коён көрө калып коркконунан бакырып ийди.

– Эмне коркуп кеттиңби? – Ондатр көзүн алайтып, үрпөйгөн жүнүн тегиздей албай турган Коёнго боор ооруй карады.

– Ооба! Жүрөгүм түшүп калды! Сен кайдан чыга калдың?!

– Мен ушундай. Ушул жерлерде жашайм.

– А сен эмне жейсиң? – Коён курсагы ачып турган. Бөжөктөрүнө да бир нерсе алып барышы керек эле.

– Ой, ошол элеби, жей турган толтура. Мына бул саздын ичи, камыштардын арасы жалаң сенин жемиң.

– Биз кармай албай агызып ийген сабиз, картошка, дарбыз, коон ошол сен жакка барабы?

– Ооба да. Алар бул жакта каалашыңча бар.

– Мага алып келип бербейсиңби?

– Мен кургак жерге чыга албаймын да. Сууда жүрүшүм керек.

– А мен сууга кире албайм. – Коён өкүнө түштү.

Булардын жанынан шашкалактап Кирпи өтүп бараткан. Ийнелерин чачып ийбесин деп Коён этияттана калды.

– Кирпи, сен кайда? – деди Коён ага абайлай карап.

– Сулуу болууну үйрөнгөнү.

– Сага аны ким үйрөтөт?

– Ондатыр! Сен анын кандай сулуу экенин билесиңби? Карачы, ал аябай сулуу, жүндөрү жумшак, жылтырып турат. Адамдар анын жүндөрүн сылап, терисинен кийим кылат.

– Менин дале терим жумшак, менин теримди дале адамдар кийим кылганы алып кетет. – Коён таарына түштү.

– Ой, кишилер сенин териңди «Коёндун териси да бир күнгө чыдаптыр» деп шылдың кылышат.

– Бир күн болсо да жакшы да. А Кирпинин терисинен баары качат. – Коён эми Кирпини кемсинте баштады.

– Экөөңөрдүн тең териңер меникине жетпейт! – Ондатыр дагы мактанып кирди.

– Айтчы, эмне үчүн сенин териң мындай жалтырак, кооз, жумшак? – Экөө Ондатырга кызыга карады.

– А силер билбейсиңер да. Кептин баары мына бул чалчык сууда. Аны бакалар, балырлар дарылап турат. А мен ошол сууда ары-бери сүзүп денемди, терилеримди сонун кылып алам.

– Биз да сууга түшсөк болобу? – Коён сууга жакын келди.

– А мен ошон үчүн атайын келбедимби? – Кирпи жээкте турду.

– Эми туура болду. Экөөң тең сууга секиргиле да, мени ээрчигиле? – Ондатыр ары карай сүзүп жөнөдү.

– Ой, ой! – Коён бутун сууга бир малып эле тартып алып, ары чычырканактардын ичине сереңдеп кирип кетти.

– Ох, ох! – деп Кирпи бир-эки сүзүп барды да, кайра артка кайтты.

Ондатыр көрүнбөй калды. Чамасы ал жем издеп жүрүп адамдар койгон капканга түштү окшойт. Эми териси сыйрылат.

2020-жыл, 23-24-август

«РухЭш» сайты келечекте ою жатык, тили жетик муунду тарбиялоо максатында аталган конкурска демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясына терең ыраазычылык билдирет! О.э. өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө гана басым жасабастан, келечек муунга көркөм-мураска калар улуттук адабиятыбыздын бүгүнкү абалына кайдыгер карабаган бизнес чөйрөсүндөгү мекенчил ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө жалпы улуттук адабияттын өкүлдөрүнүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Dr.X

    Бул конкурс аяктады?

Комментарий калтырыңыз