Пантелеймон Романов: Жакшы адамдар (конкурска № 25)

АҢГЕМЕ

№6 батирдин тургундары таң каларлыктай ушунчалык жароокер, жагымдуу жана ынтымактуу адамдар эле. Берки четки бөлмөдө толугунан келген, мартабалуу  көрүнгөн, кашка баш, чыпалагына баалуу чоң шакек салынган, бир кезде бакубат жашап бараандуу эмкананын ээси болгон доктор үй бүлөсү менен турат. Андан ары Марья Петровна жашайт, өткөн бактылуу турмушту эске салган, өңү өчө түшкөн сыя түстүү гүлдөр жана тасмалар тагылган такыя-чепчик кийген карыган айым. Бул кемпир эски замандын салттарын бекем карманса да эч бир зыяны жок өтө боорукер жан эле.

Далистин орто чениндеги бөлмөдө убагында бакубат үйлөргө барып сабак берген музыка мугалими Надежда Петровна жашайт, чынжырлуу белбоосунда кичинекей сааты дайыма илинүү. Ал эми далистин аягындагы бөлмөдө –  жесир инженер Андрей Афанасьевич Обрезков  алты жашар кызы менен турат. Аты Ирина болсо да, баары Аринушка деп аташат. Батирде жашагандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон үй бүлө. Атасы баарына көңүл бөлгөн сезимтал адам. Жакшы кызматта иштесе да, эски адаттарды сактаса да инженерди “өз киши” деп айтышар эле.

Айрыкча Марья Петровна Андрей Афанасьевичтин эжесимин деп ал кишини абдан аздектечү. А чынында экөөнүн туугандыгы өтө деле жакын эмес.

Зыгырдын өңүндөй ачык-саргыл чачына кызыл бантик тагынган, белбоосун ылдый байланып кыска көйнөк кийген Аринушка абдан жайдары жана тили таттуу наристе эле. Ал эч кимди жадатчу эмес. Чоң кишилерди туурап сүйлөгөндүктөн аны менен баарлашууну баары каалашчу, айрыкча бөтөн адамдар.   

Маселен, эгер Аринушкага бир нерсе керек болгондо минтип айтар эле:

– Айланайын Маша апче (ал аялдардын баарын апче дечү),  айланайын Маша апче, эгер сизге кыйын болбосо, менин улуу куурчагымдын топчусун тагып бериңизчи, бай болгур. Ал өзүнүн самтыраган кебетеси менен жакында мени көкмээ кылат.

Кемпир болсо күлкүсүн араң тыйып жооп берчү:

– Сен буларды катуу кармабайсың, бекерпоздукка үйрөтүп жатасың:  мен кечээ бөлмөңө кирсем үчөө тең отурат поповналарга окшоп.

– Мен албетте, поповна эмне экенин билбейм... Бирок менин мүнөзүмдө катаалдык жетишбейт, –  деп жооп берчү жароокер кыз.

Биринчи февралга караган түнү баарынын жүрөктөрү түштү: эшиктин  коңгуроосу узак шыңгырады. Коменданттын коштоосу менен аскер кийимчен адамдар кирип келишти. Бирөөсү эшикти кайтарып, калгандары комендант менен Обрезковдун бөлмөсүнө кирип, аны алып чыгып, бир жакка айдап кетишти. Аринушка болсо көшөгө артындагы керебетте кызарган бетине колун жазданып кызуу уктап жаткан.

Батир тургундары түнкү кийимдери менен доктордун бөлмөсүнө чогулушту, корккондон өң-алеттери жок, болгон окуяны талкуулап жатышты.

– Бул эмнеси? Андрей Афанасьевичти кайсыл күнөөсү үчүн?.. Эми эмне болот?–  деген чочуланган суроолор айтылды.

– Мүмкүн, жалаадыр... Уккула, таксырлар! Бирөөңөрдө Андрей Афанасьевичтин каты калып жүрбөсүн?  Алар келип сөзсүз тинтүү жүргүзөт, анан бизди жакын мамиледе экен деп ойлошот.

– Ооба... Ооба,  ошентүү керек. Аябай карагыла, атүгүл анын аты жазылган  кагаз болсо да тез арада жоготкула.

– Аринушканы баарыбыз карайбыз. Эми арга жок, атаң иш сапарга кетти дейбиз да.

– Мүмкүн болушунча аны жалгыз калтырбоо керек, –  деди доктор, –  менимче биз жокто, Марья Петровна, суранабыз, кызга көз салып туруу  милдетин аласызбы?

Жүрөгү түшкөн кемпир көзүн жашылдантып, ашык сөздүн кереги не, ымыркай балага кам көрүү бул деген ыйык милдет, ансыз деле бөлөк-бөтөн эмесмин,  Андрей Афанасьевичтин эжесимин дегендей унчукпай колун жаңсады.

Аринушкага атаң күтүлбөгөн жерден иш сапарга кетти, эч ким үйдө жок маалда Маша апче кам көрөрүн айтышты.

Эшиктен сейилдеп келген Аринушка босогону аттаары менен Маша апчесине колдорун жая сүйлөдү:

– Маша апче, мени бүт үй бүлөм менен өзүңүзгө аласыз го, тиги сиз айткан поповналар ээн үйдө калбайбыз дейт. Аларды да чакырайын?..

Кемпир элжиреп кетти, көзүнүн жашын кылгыртып кызды бооруна кысты.

– Чакыр, чакыр аларды да, ананайын, эптеп батышарбыз.

Кечинде комендант келип Андрей Афанасьевичтин эшигине мөөр басты, иши кыйын окшойт, кызын Обрезковдун жакын туугандарына дайындоо керектигин айтты.

– Кыз дайындалды, –  дешти тургундар Марья Петровнага карап.

– А сиздин ага кандай тиешеңиз бар?

Улгайган аялдар сыяктуу Марья Петровнанын да моюну кызарып чыкты, Обрезковго эч кандай тиешеси жоктугун, жөн эле кызын жакшы көргөндүктөн көз сала  баштаганын мукактана айтып, эптеп үн катты. 

– А сиз анын эжеси болсоңуз керек? –  деди комендант.

– Каяктагы эже? Эч кандай! Анын эжеси болоюн деген оюм да жок, –  деди жүрөгү түшкөн Марья Петровна.

Комендант сынагансып, Марья Петровнага ошондой сезилди, көпкө тигиле карады да унчукпастан чыгып кетти.

Комендант кетери менен тургундар доктордун бөлмөсүнө дагы чогулушуп, үрөй учурган абалды кайрадан талкууга алышты.

– Ал бизди аябай шектенип карады, байкадыңарбы? –  деди музыка мугалими Надежда Петровна.

– Ооба, абайлаш керек, ал бизди бул ишке кошуп салышы мүмкүн.

Ушу күндөн тартып батирде өзгөчө жымжырттык өкүм сүрдү, коркуу күчөдү. Мурдагыдай бир бөлмөгө чогулбай калышты, кокус тигилер дагы бирөөнү арест кылганы келишсе, булар эмне жыйын кылып отурат деген шек жаралышы мүмкүн. Ушу сыяктуу ойлор тургундардын башына  тынымсыз кире баштады. Мурда ар дайым ачык турган бөлмөлөрдүн эшиктери эми такай жабылды.

Бир күнү Аринушка демейдегидей сырттан сейилдеп келсе, Марья Петровна үйүндө  жок, дайыма ачык турган эшиги жабык, кулпуланган.

Таң калган Аринушка музыка мугалимине баш бакты.

– Надя апче, Маша апче каякта? Эшиги жабык экен, а мен кирейин десем жай жок. Уруксат берсеңиз, сизге кирип отурсам?..

– Аа... ал жакында келсе керек, –  деди Надежда Петровна шашкалактап. – Мына, сүт ич... бирок мен азыр кетем, Маша апчең  келгиче далисте отура бер. Мен сени азыр жайгаштырам.

Ал далбастап далиске өзүнүн чоң жумшак креслосун –  бөлмөдөгү эң жакшы буюмун алып чыкты. Аринушканы отургузуп, колуна китеп кармата коюп, бөлмөсүн кулпулап чыгып кетти.

Марья Петровна кечинде келсе, кыз ээн далисте, бурчтагы креслодо бүрүшүп уктап жатыптыр. “Ар дайым даяр бол” аттуу китеби жылмышып полго түшүп калган. Чүпүрөк куурчагы колдорун жайып кыздын тизесинде көмкөрөсүнөн жатат.

Марья Петровна бут учу менен акырын басып бөлмөсүнө кирип, эшигин ачкыч менен жаап алды.

Эртең менен батирде эч ким жок эле. Аринушка сүтүн ичип бүтүп, негедир креслонун жанында чогулуп калган оюнчуктары менен ойной баштады. Жаратылышынан жоош жана эркеликтен алыс кыз далистин бурчунда өз буюмдары менен алектене отура берди.

Ушундан тарта далистин аягында отурган кызды көрмөксөнгө сала шаша басып бөлмөгө кире качмай адатка айланды.

Бир ирет Аринушка кызматтан келген докторду көрүп астынан тосуп чыкты.

– Саша байке, айтыңызчы, байболгур, бу элге эмне болгон? Мен кечке эле жалгыз отура беремби? –  деди  чоң кишидей таптап сүйлөп.

Доктор шектене эки жагын каранды да:

– Эсиңде болсун, мен сага эч кандай байке эмесмин, - деп бөлмөсүнө кирип, эшигин ичинен илип алды.

Кыз жабык каалганын жанында бирдемени түшүнүүгө аракет кылып дубалды чукулап тура берди. Анан бурчка келип, креслодо кыймылдабай көпкө бүрүшүп отурду, бир маалда башын кыйшайтып, оң колун салаңдаткан бойдон уктап калды.

Комендант тез-тез келчү болду, далисте ары-бери басат, унчукпастан кайра кетип калат.

– Буга эмне керек? –  деп бири биринен шыбырап сурашат тургундар.

– Мүмкүн Обрезков менен кимдин жакындыгы бар экендигин билгиси келип жүргөндүр?

Наристе кыздын айынан батирдеги жашоо күндөн-күнгө тозокко айланды. Кокусунан кыздын көзүнө туш келгендер алдастап, эмне дээрин билбей, эптеп эле эркелете сүйлөмүш болуп, бир шылтоо айтып, тез эле көздөн кайым болушат. Же узун далисте жалгыз отурган кызды көрмөксөнгө салып бөлмөсүнө кире качышат. Кыздын жуунбаганына бир жумадан ашты, ал өзү суунун чоргосуна жеталбайт. Креслодо чечинбестен отуруп уктайт. Мойнунда каргы сыяктуу каралжын тилкелер, манжалардын ортолорунда катып калган кабыктар пайда болду. Тургундар анысын көрсө да байкамаксан болушат, антпесе кыз үчүн баарын жасоого туура келет. Атүгүл жакын келип тамак берүү  да азап эле. Аринушка өзү да эмнеге карабай калдыңар деп сурабайт, аракет да кылбайт.

Ал эч үнүн чыгарбайт,  көздөрүн жалдырата бакырайтып жанындагы терезеге бир чөйчөк сүт койгон кишини муңайым тарта карай берет. Ошондуктан  ымыркайдын адам чыдагыс абалынан качып, өзүлөрүн аяп, сүттү кыз уктап жаткан маалда  койот же кээде башкалар  деле таш боор эместир деген жалган үмүт менен кетип калышат.

Алгач кыздын абалын аяп, аябай кооптонуу менен талкуулашып, мамлекеттик машинанын таш боорлугун катуу сындашты. Ар бири кызуулана сүйлөп, башкалардын жана өз абийиринин астында боорукерлигин  көрсөтүүгө аракеттенди. Бирок убакыт өткөн сайын бул темадан да качып,  кыз жөнүндө таптакыр сүйлөшпөй калышты.

Эч кимиси ага жолобой, атүгүл атайылап жактырбагандай мамиле кыла баштады, антпесе, жакшы көрөт экен деп кыз куйрукка окшоп ээрчип алышы мүмкүн, анысын бирөө-жарым байкап калса, жакындыгы бар экен  деп айтаары бышык.

Бирок Аринушка өтө сезимтал кыз экен. Ал бир жамандык болгонун байкады, эч кимден эч нерсе сурабаш керектигин түшүндү. Кошуналардын оолактап калганын көрүп, өзү да жакындабады. Тигилерге ошол эле керек, кудай жалгады, далистен өтүп кетүү жеңилдей түштү. Эң башкысы, кыз жакка карабай өтүү керек.

Анын узун кирпиктүү, көгүлтүр асманга окшогон муңдуу  көздөрүн  кароо азаптын азабы эле.

Бир ирет кимдир-бирөө кыздын башы биттеп кетиптир, жуунтуш керек эле деди. Баары бир ооздон макул болушту...

Музыка мугалими, ачка кыз ашканада бош турган текчелерден жей турган бирдеме издеп жүргөндө, креслону аябай дыкат карап, тазалап, бөлмөсүнө алып кетти. Ордуна эски, жыртылган, пружиналары чыккан креслосун чыгарып салды. Эски килемчесин кошуп бурчка ыргытты.

Аринушка алмашкан креслону көрүп, Надя апченин каалгасына улам карай берди. Көп узабай көңүлү пружинага бурулуп, сөөмөйү тийсе эле серпилип термелгенине кызыга карап турду.

Пружиналардын айынан креслодо уктоо эч мүмкүн эмес эле. Аринушка бул түнү килемчени полго төшөп, тумоолоп калган кичүү куурчагы менен жатты. Анысына  өзүнүн кыска эски пальтосун кийгизип койду. Өзү болсо килемченин чети менен буттарын жабалбай көпкө убара болду...

Бир күнү Марья Петровна адатынча аябай шашкан кишиге окшоп далистен өтүп баратып, карай салып  кокусунан кыздын көзүнө көзү урунду.

Өңү аябай азган, арыктаган, купкуу Аринушка креслонун бир бурчунан  үн катпай кемпирге карап отуруптур.  Ошол маалда кыздын көзүнөн тамчы жаш куюлуп баратты...

Кемпир бөлмөсүнө чуркап кирип, керебетке көмкөрөсүнөн кулады, карыган денеси титиреп солкулдай берди, буркурап көпкө ыйлады.

Ошол калыбында көпкө жатты. Бир убакта селт эте башын көтөрдү. Эшик акырын тыкылдады. Абайлай барып ачса, босогодо аябай кирдеген, кийими жыртылган Аринушка турат. Ал кемпирге жалооруй карады.

– Айланайын апче... Маша апче...  эгер сиз капа болбосоңуз... жарты кесим нан бериңизчи, ардагым апче... Менин... аябай... аябай курсагым ачты...

– Алда бактысыз шордуум ай!.. –  Кемпир боздоп жиберди, –  Ме, ала гой, жей гой, ме дагы...

Ал кыздын жарыбаган кичинекей алаканына кесим нан жана токоч карматты.

– Бар эми, бара гой, креслоңо, ошол жерге отуруп же.

Кемпир кызды ийнинен түртүп чыгарып салды да, эшигин жаап алды.

Х    Х    Х

Эртеси күтүлбөгөн жерден ачык асмандан түшкөн чагылгандай кабар тургундарды көтөрө чапты,  көрсө Андрей Афанасьевич туура эмес камалыптыр, фамилиясы окшош бир кисебир кишиге кокустуктан айрыбашталып кетиптир. Аринушканын атасы эртең чыгып келет экен. Биринчи эле музыка мугалими эсине келип, Аринушкага жүгүрдү.

– Садагасы, менин жаным, атаң келет экен! Жүр, эртерээк жууналык, атаңды эртең майрамдагыдай тосуп алалык.

Аялдар аябай толкундана кубанычтары койнуна батпай кызды курчашып, жарыша жалына жалбарып жакшы сөздөрүн айтып, жабыла көтөрө ваннага алып жөнөштү. Батышалбай четте калган Марья Петровна ашканага кирип кызга арнап тамак даярдай баштады.

Атүгүл доктор да, бул жерде таптакыр артыкбаш болсо да кызды киринтип жаткан ваннага улам жакын келип, кашка башын кайра-кайра сылап, ары-бери басып жүрдү.

Орусчадан которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз