Конкурска: Иттин пири (№80)

УЛАМЫШ

Жайылган койлорду ээн эркин оттосун деп, аларды ээрчий жүрүп отурган Кыргызбай күндө келип кетчү жайыттан өтө эле алыстап кеткенин байкады. Тээ ылдыйдагы айылын, бозүйлөрдүн четиндеги өздөрүнүн кичинекей карала боз үйүн, ары-бери басып жүргөн айылдагыларды карап жатып, өздөрүнүн үйүнөн илээлеп жай басып чыккан атасын көрдү, ичи “тыз” деп алды. Үйдө атасы Осмон экөө гана апасы мындан беш-алты жыл мурда төрөттөн каза болгон, “кара басты” болду дешти, өзү да баласы менен удаа кете беришти.

Көптөн бери атасы ооруп жүрөт, тамакка табити тартпайт, арык,  керээли кечке жатат, кээде эшикке отуруп, кайра кирет. Эмнеси ооруурун өзү да билбейт, азыр да күндөгү ордунда отурган атасын көрүп, дайымкы санаасы менен алектене кетти, атасы да апасындай ары карап кетсе жашоосу эмне болорун ойлойт,  ооруса да атасынын ушу турушу агачоң караан жөлөк эле. Атасы ооругандан бери ушул койлорду кайтарып келет, бардар жашаган жакын тууганынын койлору. Санаасы менен алпурушкан ал айылы жактан көз албай ойлонуп жатып, өзүнө тушташ ылдый,  чоң таштын түбүндө бир нерсе кыймылдап жатканын байкады, кечке кызыгып тиктеп калды,  ага жакын оттоп барган койлор да ошол нерсени карап, оттобой турушат. Суур же чычкан болуш керек, – маани деле бербеди.

Бир топко шектенип, көңүл буруп калды, койлор суур,  чычкандарга мынчалык кадалмак эмес, барып көрөйүнчү деген ой менен ташка жакындап келди.  Чоңдугу кичинекей алачыктай таштын түбүн жыттагылап, кээде боору менен тоголонуп таштын түбүндө баса албай будаланып жаткан кичинекей күчүктү көрдү. Көзү да көрүнбөйт, дароо селт этип, элеңдеп эки жакты карап коркту. “Карышкыр, бул жерде карышкыр бар экен, кетүү керек”, – шашкалактап ташты тегерене ийин издеди. Сербейген чөптөн башка эч нерсе таппады, айланасын, тээ арыдагы таштарды, жантайган тоонун боорун карады, эч жерден ийин, ал түгүл кичинекей эле тешик таба албады, кетүүгө камданып, айран куйган кол чаначын ала койлорду кайрып кирди.

Кетип баратып күчүк жакты дагы бир карап алды, көрүнбөйт, көрсө ташты шимшилеп, тегеренип, аркы бетине айланып кетиптир, курсагы ачка көрүнөт тамак издеп,  болгондо да эмчек издеп таштын түбүн түрткүлөп жылып бараткан күчүктү колуна ала койду.  Жердин сызы өтүп, ичи муздап калган күчүк жанталашып Кыргызбайдын колун, салааларын түрткүлөп жаланып кирди, күчүктү жерге коё сала чаначындагы айрандан колун жуктап оозуна такады эле, баарын жалмалап салды,  дагы ошентти, алаканына кичине тамызып аны да ичирди.  Эми кетүү керек эле,  муну эмне кылмакчы, таштап кетсе эртеңкиге чейин ит-куш жеп же ачкасынан өлсөчү, эки анжы болуп турду, алса аркасынан карышкыр келип кол салбайбы?..

Ичине бир нерсе барганга кубаттана түшкөн күчүк ого бетер тырмалаңдап билек өйдө жүткүндү. “Кеттик” көйнөгүн чече коюп күчүктү орой, кемселинин ичине катты да койлорду айдай ылдыйлап кетти. Кечке жуук атасына бүгүнкү окуяны айтып, жип менен керегенин жыгачына байлап, алдына кетик жыгач аякка тамак куюп коюшту.

- Эмне болсо да көрө жатарбыз, бул бөлтүрүккө окшобой жатат, аты Бөрүбасар болсун, - деди Осмон.

Күндөр өтүп, бул үйдө аялзаты болбогондуктан эч ким деле келбейт, Кыргызбай кой жайып кеткенде үйдө атасы күчүк менен калат, эрмеги ушу – өзү менен эшикке алып чыгат, арткан-үрткөн тамакты майдалап берет, ушул жерден күчүктүн өзгөчөлүгүн байкады, аяк кир болуп калса же бир күн түнөп калган тамакты ичмектүгүл жыттап,  жакындап да койчу эмес, күчүктүн ушул мүнөзүн байкаган Осмон мурда элден угуп жүргөн ит жөнүндөгү жоромолдорду эсине түшүрөт. “Ким билет” дейт андайда.

Арадан бир жылдан ашык убакыт өтүп, Осмон айыккансып, мурдагыдай болбой шайдоот болуп, кээде Бөрүбасарды ээрчитип кой жайып келе калып жүрдү, андайда түлкүбү же суур, коён болобу, кур келишчү эмес, алардын терилерин ар кимге тартуулай коюп төрт-беш кой-козу курап алышты.  Ушундай күндөрдүн биринде Кыргызбайдын тайлары жактан экөө куржунга эт ашын артынып келип калышты, максаты - эжесинен калган жээнди алыстатпоо. Андан да өздөрүнүн жашында жесир калган балалуу жакынын бөлөк-бөтөнгө кеткенче Кыргызбайга баш байлап койсок өз көз алдыбызда жүрсө деген ойлорун Осмонго билдиришти.  Коюн бактырып жүргөн жакын тууганы да муну туура көрүп, бир топ жылдан бери мал-салына көз салып, чоң жардамы тийип жатканын эске алып беш-алты кой,  минерине ат берип, кол үзбөй малын көзөмөлдөп туруусун өтүнүп көңүлүн алып койду.

Убакыт өтүп, Бөрүбасар да чоңойду, бирок айыл иттерине көп жолобойт, короо четинде же мал менен жайытка кетип калат,  кээде жолдуу болуп келет, башка айылдарда карышкыр тийип ызы-чуу болуп жатса, Кыргызбайдын айылы ууру бөрүдөн тынч. Ушундай күндөрдүн биринде Бөрүбасардын мүнөзү өзгөрө баштаганын Осмон байкап калды, жайытка барса да, үйгө келсе да эч нерсеге көңүл бурбай өзүн айланчыктап, бир жакты караганы караган же ал караган жакта эч нерсе көрүнбөйт, бүгүн да тикирейип короонун кире беришинде тээ алысты карап турду,  тамакка чакырганына да бурулуп карап койбоду, кечээ кечинде да жайыттан келе, короонун аркы башында дал ушинтип карап отурганын эстеди. “Буга эмне болуп жатат? Качканы жатабы же энеси издеп келатабы?” - деген ойдо калды.

Түн кирип, таң ата жайытка кошо ээрчип кеткен Бөрүбасар кайра кеч кирери менен баягы жакты дагы тикирейип карап, бирок бул жолу короо четине эмес, боз үйдүн капшытына артын такап, комдонуп карап турду, жанындагы тамагынабурулуп да койгон жок. Осмон ат менен ал караган жакты карап,  эки жакты чалгындап келди, эч нерсе жок. Ал түнү таңатканча ошол калыбын бузбай тикирейип, таң атаары менен жайытка кетип кеч менен келген Бөрүбасар тынчы кетип боз үйдү айланып, буулуккан кыңшылаган үн менен кыйпычыктап жатты. Үйдөгүлөрдүн эч кимиси ал эмнеге минтип жатканын түшүнүшпөдү, болгону алдыда боло турган бир чоң кооганы күтүп калышты. Түн кирип, жат-жатка келгенде боз үйдүн эшигине артын такап, кайра-кайра тегеренген Бөрүбасар үйдүн эшигин серпе, бир аттап, жүк алынып бош калган тактанын үстүнө секирип, эшик жакты карады да, комдонуп отура кетти, көздөрү күйүп-жанып, көмөкөйүнөн буулуккан үн чыгып,  тикирейип эшикти жүткүнө карайт.

Үйдөгүлөр селейип калышты, бешикке бала бөлөп жаткан келин да Кыргызбайдын жанында отурган бала да аны кучактай, баары эшик жакты карап, мына азыр эшик ачылып, бир чоң коога болчудай жүрөктөрү дүкүлдөп, бири бирин караан тутуп, кыймылдагандан коркуп,  бешиктеги баланы ыйлатпоого аракет кылган келин да бешикти аста термете,  эмчегин оозуна сала коёт.

Арадан көп убакыт өттү, жыгач аяктын түбүндөгү май билик какшып түгөнүп, эшилген кебез каңырсып барып өчүп калды.  Үй капкараңгы, такта үстүндөгү Бөрүбасар гана тынчы кетип, көздөрү учкун жана жаркылдап бирде комдоно, бирде бөгүп барган сайын тыбырчылай баштады. Оо бир оокумда баары уйкусурап көздөрү илинип баратканда капилеттен “зуу” деген эпкин чыга Бөрүбасар бир аттап улагага жетти. Эшиктин жабуусун сүзө атып чыкты, баары бири бирин карап дүрбөп, эсине келе түшкөн Осмон ордунан козголуп, эшикке кулагын түрө:

- Эмне болду, бир балээ болду го? - акырын эшиктен башын чыгара эки жакты аңдады.

Айлана тыптынч, короодогу койлор дүргүп чогулуп, теребелде өлүү тунжураган жымжырттык тунат, жада калса иттердин да үнү угулбайт.  Түн жарымынан ооп кетиптир, арылап баскан ал тээ кокту көздөй Бөрүбасардын караанын байкап калды. Чуркап баратабы, не учуп баратабы, карааны караңгылыкка сиңип жок болду, шашкалактап үйгө кире:

- Ал бирдеме болду, биякка сак бол, мен артынан барайын, тынччылык болсо экен, - деп кемселин ала эшиктеги атты токуп, короонун тегерегинен бир таякты таап Бөрүбасар кеткен жакты көздөй жөнөдү. – Атаганат, мылтык болсо эмне ушундайда!

Иликтеп көпкө жүрдү, чакырган үнүнө жооп болбоду. Көз жеткен жердин баарын карады. Жер жарыктанып,  таң атып келатты, оо бир оокумда чоң коктунун алдындагы түздүктөн эки караанды байкады, бири чоң, бири кичине аларга деле маани бербеди, жайытында калган бирин-экин малга окшоштурду. Сай бойлогон талдарды, ээн өскөн чийлерди карап жүрүп жанагы эки караанга жакындап калыптыр, күн уясынан чыгып, бардыгы даана көрүнүп калган, киши бою келген чийлердин арасынан, баспай кетенчиктеген атын теминип чыга келген ал алды жагын карап селейип туруп калды. Бир топ окчун жерде алиги өзү көргөн эки караан. Бири – Бөрүбасар, бири – Бөрүбасардай төрт-бешөө келген карышкырды көрдү. Экөөтең бири биринен элүү кадамчалык аралыкта комдонуп, бөгүп тиктешип турушат.  Карышкырдын кебетеси өзгөчө жаалдуу, сүрдүү көрүндү. Мындайды эч көрбөгөн, укканы бар: карышкырдын сырттаны, кабылан деп, ошол ушул экенин боолголоду. Аты да баспай туруп алды, айласы куруп: “Кап, киши кара да жок, мылтык болгондо эмне? Бөрүбасар экөөбүздү соо койбойт бул”, - жүрөк заада болуп, бир топко туруп калды, качып кетейин десе, итин аяп турду.

Тигил экөө калыбын бузбай, кыймылсыз бири бирин аңдып турушат. Бир аздан соң атын жетелеп чийлердин артына чыгып, казыкпош чала байлап, үзөңгүнү чечип алды. “Анты болот дечү эле, жардамы тийер, көрө жатаармын”. Чий дөңсөөлөргө жашынып, карышкырдын тушун болжоп арт жагынан чыкты, кебетеси эң эле коркунучтуу экен, зордугу чоң кара тай торпоктой бар, желке тушунан башталган жалы бел көчүгүнө чейин жетип, өзгөчө желкесиндеги жалы тикчийип турат, жакындаганга даай албай көпкө турду. “Кой, үзөңгү менен башка бир чаап калайын”.

Жүрөгү болкулдап, үзөңгүнү билегине орой кармап,  таягын эптей арт жагынан чыкты. Улам жакындаган сайын сүрдөнүп, тизелери калтырап, буттарын солбуй будаланып баратты, артка тартууга болбой калды, таягын оңтойлото кармамакчы болуп буйдала калганда, үзөңгүгө тийип кеткен таяктын үнүнөн алдындагы лөкүйгөн сырттан жалт карады, чөйчөктөй чакчайган кыпкызыл көз өзүн бир караганын билет, ошого удаа “ахш” деген үн менен кошо, күчтүү эпкиндин соккусунан боюн токтото албай чалкасынан кулап түштү. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй, коркконунан жамбашы менен артка кетенчиктеген Осмондун көз алдында алиги көк жал менен Бөрүбасар кадимки жырткычтык абалда бири бири менен кармашып жатышты. Азыр эле тыптынч турган теребелге бир заматта коогалаң түшүп, бут алдыларында жер тытылып, айлана чаңдап, жүндөр учуп, экөөнүн тең көздөрү оттой жанып кыпкызыл. Оозунан келмеси түшүп коркуп карбаластаган Осмон не кылар айласын таппай, тигилерди тегерене чебелектейт.

- Оо кудай алдыңа кетейин, Бөрүбасарды аман коё көр, алдыңа кетейин, жаным курман, - үзөңгү менен чапмак тургай эки сырттандын эпкининин күүсүнөн эле аларга жакындай алгыдай эмес.

Арадан эт бышым убакыт өтүп, чоң короо ордундай жердин бети оюлуп, айланадан көтөрүлгөн чаң тээ эки-үч аркан бийиктикке созулуп, түрмөктөлүп уюп турду, эки сырттан тең күүсүнө келип, бири бирин жара тартып коюудан кайра тартпаган абалда кармашып жатышты, бирок алгачкыдай эмес жайлагансып, шалкындары бошой түшкөнүбайкалып турду, кимиси кимисин жарадар кылганы белгисиз, бүткөн бойлору кан, терге батталышып, ал эле эмес топурактар жуурулушуп, айлананы коңурсуган кандын, тердин жыты каптады.

Бир маалда көк жал Бөрүбасарды эшик төрдөй жерге алып ыргытты, жерге бир көмөлөнүп кайра тездик менен ыргып секирген Бөрүбасар көк жалдын дүгдүйгөн жонуна чап жабышып, көк жал күржүйгөн моюнун кайрып жонунда жабышкан Бөрүбасардын санынан аткый тиштей, экөө бир топко маташып, тегеренип, бир маалда жерге “күп” жыгылышты. Эми экөө тең жерде бири бирин кабышкан бойдон тиштешип, оролушуп, тегеренип жатышты.  Бөрүбасарга жардам бере албаганына ызаланган Осмон айласы кете белиндеги кисесин ала көк жалдын толорсугун кесип салууну ойлоп, кисесин тийгизе берерде катуу соккудан улам эшик төрдөй жерге учуп түштү, кайда жатканын билбей эси оой түшкөн ал көптө өзүнө келди, бул арада айланасына үч-төрт киши пайда болуп калыптыр. Арасында Кыргызбай да жүрөт, арыда экөө тиштешкен бойдон сулк жатышат,  чылпылдап сууланган жүндөрүнөн буу көтөрүлөт.

Айланадагылар карап турбай үзөңгү,  кестиктери менен көк жалды тап берип киришти, көптөшсө да аны багынтуу оңойго турган жок,  башка чапкан үзөңгүлөрү темир чапкансып кайра өздөрүн көздөй ыргып, бир серпим менен жыгылып түшүшсө да алка-шалка терге түшүп жатып, кенен эт бышым убакытта көк жал кыймылсыз жатып калды.

Тиштешкен экөөнү ажыратуу оңойго турбады, экөөнүн тең жаактары кабышып, тиштигип калышыптыр, көк жалдын жаактарын кескилеп, камчы салып жатып, Бөрүбасардын эзилип кеткен санын чыгарып алышты, анын жаагындагы көк жалдын желкесин кесип эле чыгарышпаса оңой менен чыккыдай эмес, жоондугу баланын билегинче келген көк жалдын желке тарамышы кесилбей, суу талды кесип аткансып, курч деген киселери өтпөй мокоп, оо бир топто барып кесилген желке менен Бөрүбасарды ары жакка аяр жаткырышты. Баарылап терини сыйрып киришти. Мына дагы, терини этке чаптап койгонсуп, тери эмес эле тарамыш сыйрып жаткандай, бул арада кабарды угуп дагы бир топ адам топтолуп калган, күн кечке жакын калганда терини сыйрып бүтүшүп,  көк жалдын жүрөгүн Бөрүбасарга жегизүүнү ойлошту. Көзүн жылтыратып сулк жаткан иттин оозундагы көк жалдын кесинди жалын бери тартып көрүштү эле “шоп” деп кебездей эзиле чайналган жанагы жоон тарамыш уюган кан, кылдарга ширелишип бери жакка суурулуп чыга түштү. Муну көргөндөрдүн оозунан келмеси түштү.

- Анык сырттан,  кабылан деген сен экенсиң!

- Баары бир ажалы сенден экен...

Алардын Бөрүбасарга болгон көз карашында таңдануу да, суктануу да бар эле,  ал эми ит болсо ичи тартылып, баш көтөргөнгө да шайы келбей сулк жатты, көк жалдын тоң моюндугунун пайдасы тийип, анын азуусу сөөккө аз гана жете албай, бирок сан эттери эзиле чайналып кеткен. Кара күүгүм менен атка арта жабылган теринин булуң-бучкактары жерге бир карыштай сүйрөлүп, теринин оордугунан бир чети сүрүнөн бүткөн боюн кара тер басып, титиреген атты жетелеп, көрпөчөгө аяр оролуп, чылбыр менен коомай байланган Бөрүбасарды алдыга алып айылга кирип келишти.

Демейде бир атчан бастырып кирсе төрттөн-бештен ажылдап айылды башына көтөрчү айыл иттери эчак эле куйруктарын кыпчып,  булуң-буйткага житип жоголушкан. Бөрүбасарды адам баккандай бапестеп багып, жарааты бир жылга жакындап калыбына келди, анын бул окуясы эки-үч жылга чейин эл оозунда айтылып жүрдү.

Ушул окуядан эки жыл чамасы өтүп, элди улуу тумоо каптап, эл көп кырсыктап, кеч менен жаткан кээ адамдардын эртең менен сөөктөрү чыгып, бири биринин үйлөрүнө катташпай, ал эмес эшиктеги мал-кел каралбай калды.  Ушундай күндөрдүн биринде Кыргызбайлардын айылын четтеп төрт-беш атчан өтүп баратты, аңгыча алардын көңүлүн ажылдап үргөн иттин үнү бурду, баары ал жакты карап калышты.  Боз үйлөрдү тегерене чуркаган ит бир маалда тээ коктунун өрүн көздөй ким-бирөөнү бучкактап талагансып, үргөн бойдон кирип кетип,  ажылдаган үнү бир топко чейин угулуп турду. Атчандар бири бирин карап туруп калышты.

- Кой, ылдамдайлы. Кутурган неме го, кол салбасын, - бирөө ушинтипбастырып кирди, арасындагы көп жашаган ак сакал карыя гана ит кеткен жакты кылчактап карап, ойлуу келе берди.

Арадан эки күн өткөрүп кайра тарткан алиги атчандар айыл тушунан өтүп баратышып, көрүстөнгө сөөк жашырып жаткан адамдарды көрүп, бата кылып куран окуп кетишмекке аярлай калышты, бул жерде Кыргызбай да жүргөн. Анын үйбүлөсүндө ооруп-сыркоологондор жок эле.

- Айылыбыз менен катуу жыгылдык, бирин-сериндеп кырсыктап жатышты эле, эки күндөн бери жети-сегиз кишибизди жоготуп алдык, кичине баш көтөрүп жакшы болуп калыптырбыз, бүгүн минтип ары карап кеткендерди жашырып жүрөбүз,- деди Кыргызбай.

Бул учурда ал айылдагы белдүү адамдардын катарына кирип калган.

- Ии де, эми түшүндүм, ошол ит кумайык турбайбы? Ооба, куш болгондо жору түспөлдөшүп кеткен, ал иттин пири, иттин пири экен, оорунун ээси болот,  ал ошону айылыңардан кууп чыгыптыр, бактылуу экенсиңер... - деди угуп отурган ак сакал карыя. - Аттиң тээ жаш кезимде дал ушундай бактыдан кол жууп калып, өмүр бою өкүнүч, кем ырыскы менен минтип, өмүрдүн чегине жеттим.  Анда он үч жаштардагы кезим,  оокаттуу элек. Бир күнү бооз бээбиз жок ошону издеп жүргөм, бир убакта ээн жайык жерден окшош эки күчүктү көрүп калдым, көздөрү ачыла элек, баштары чоң, кебетеси жаңы туулгандай. Экөө тең бири бирин жоготуп алуудан коркконсуп кыңылдай жыттагылашып, түрткүлөшөт.  Айланада ийин же кичинекей чуңкүр көрүнбөйт, кудум асмандан түшкөндөй, карап кармалап бир топко турдум, бөлтүрүк дейин десем бул жерге карышкырлар келбейт.  Үйгө ала кетсемби деп, бир чети жок издеп жүргөнүмдү эстеп, “кой, муну эмне кылам, башыма жүк кылып. Бээни таап алайын, эртең деле келем” деп артымды карабай басып кеттим. Кечинде атама айтсам “ала келсең болмок” деп койду, эртеси дал ошол жерге бардым. Күчүктөрдү көрмөккө, жок дегенде бирөөнү алып келмекке, эч нерсе жок. Дал ошол мен көргөн жер, кичинекей дөңсөөчө жапырылган шыбак, баары эч нерсе болбогонсуп жымжырт. Айлананы кыдырып издеп көпкө жүрдүм, табылбаганда келе бердим, бирок көз алдымдан кетпей койду.

Арадан бир айча убакыт өткөндөн кийин атам бир тууган эжеси менен атчан келатышып, көчкү алдында калышты, мындан соң бир жылга жакын убакыттын ичинде агамандан соң чоң энебиз оорудан каза болушту. Кыш күрөөдө малга жут болуп, тоодон жылкылар учуп, ал аз келгенсип короого карышкыр тийип, бүлө башыбызга да, малыбызга да чыгашалар эгиздеп, сегиздеп келип жатты. Кийин үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуу болгонумда эгиз балдарым бир жума ичинде кете беришти. Кырсык кош кабаттап келип,  өмүр бою коштоп келет, ар бир жоготуулар болгон сайын ошол эки күчүк кудум азыр эле болгон сыяктуу көз алдыма тартылат, көрсө ошол күчүктөр кумайыктын тукумдары тура, ошолор менин көкүрөгүмдү ачты.  Акыл-эсимди жарык кылып кетти, бирок аттиң, жоготууларым оголе көп болду. Орду эч убакта толбой,  башка, малга чукак болуп өмүр бою арманда жашоомдогу бардык нерселерге зар болуп жашап келем. Ошондогу жакын адамдарымдын баарын жоготтум,  бала-чакалары бирин-серин гана.

- Анда сиз айтып жаткан кумайыктан тукум алып калыш керек экен,- бирөө суроо узатты.

- Кайдан, төрөлүгүн ушундан бил, кир идиштен тамак ичип, көрүнгөн жерге жата бербейт, ал айланабызда жүргөн иттерди карабайт, кокус кайып каскагынан болуп калса ошо да бир кылымда бир болот. Ошону кармап калсаң бактың, кармай албасаң өмүр бою арманда өттүң. Иттин пири миң жылда бир жер үстүнө жаралат, алгач эч адамга көрсөтпөй кырк күн багыш керек,  душманынын жытын жети күнчөлүк жерден сезет, душманынан эч жеңилбейт, анткени аны кайып ааламы колдоп турат, өмүрүнүн акырында өзүнөн өзү жок болуп кетет. Өзүнүн аруу, ыйык кайып дүйнөсүнө кетет. Жалган жашоодо анын жаралганын эч ким көрбөгөн сыяктуу эле, анын өмүрүнүн акырын да эч ким көргөн эмес. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт деген сөз ошол, - аксакал сөзүн аяктады.

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз