Конкурска: Акыркы түн (№79)

АҢГЕМЕ

Жан дүйнөсүн бороон уруп мөндүрлөп,
Жүрөк сыздапмиң бөлүккө бөлүнөт.
Тарт колуңду! Ыйлабасын аялзат,
Сенин жүзүң, үйбүлөңдөн көрүнөт.
(Автордон)

Базарга аны-муну алууга келген Мээржан капысынан инисине жолугуп калды, ушунча алыстан келип, учурашканча үйгө барып чай ичип ал-жайды сурашпайт белең дегендей жөн салды сүйлөдү.

- Баргым келбеди, - иниси көңүлсүз сүйлөдү, бая жайында келгенде дарбазаны ачкан жездеси Жуман аны көрүп:

- Ал үйдө жок, – деп дарбазаны “тарс” эттире жаап алганда башка чапкандайболуп, ызаланып ыйламсырап кеткен..

- Ал эт алып келдиби? Эки жума мурда былтыркы арактарынын эсебинен деп короодогу бооз койдун бирин тандап алып кеткен, апам тура албайт да, кошунаныкына алып барып сойдуруп, этин алып калгандарын аларга таштап кетиптир.

- Мм-де, – Мээржан ичинен онтоп алды, өткөндө көп эт алып келген, аны майда бөлүктөргөбөлүп, очок үйдө тасмалга жайып алектенип жүргөнүн эстеди, эмне кылып жатат, кайдан алды сурабайт, иши жок. Кокус сурап же бир нерсе деп кеңеш салса: - Сен мындайсың...  - сөөмөйү менен чыкыйын чукуп, көр жеме же заар сөздөрү менен сөгүп жооп кайтарат.

Иниси кайдигер баш ийкеше коштошуп жолуна түштү. Мээржан турган ордунда тегеренип, ичи ачыша ушу бир тууган инилерине зыяны тийип, аларга жек көрүндү болуп баратканына жүрөгү түтөп тиштенип алды. Атасы жакынкы жылдары кайтыш болуп, анан ушу бир туугандарыма жардамы тийип, жөлөк таяк болор деп ишеним артып тийген күйөөсү өзүмчүл,  кара өзгөй, ичи заар болуп чыкты.

Райборбордоэсепчи болуп иштейт, жаңы таанышканда айкөл мээримдүү, боорукер адамдай көрүнүп, инилерин жумушка орноштуруп, сиңдисин окуталы деп кеңеш берип, атүгүл апасын колубузга алалы деп чыккан.  Эми баары тескерисинче болуп,  аларга да, өзүнө да эң биринчи душманды тапканына өкүнүп, ичинен да, тышынан да ыйлап жүргөн чагы, убакыт өткөн сайын анын ар бир орой,  терс мүнөздөрү дайын боло баштады, эң жакын адамдарын жемирип-жескеп канын соргон, ошондон өз жашоосуна ырахат алган, көчөдө башка, үйдө башка эки жүздүү экен.  Баарына кайдыгер, керек учурда өз жаны же бир сом акчасы үчүн жакын адамдарын курмандыкка чалуудан кайра тартпаган зулум экенине көзү жетти, ар бир күн анын көр жемеси, же итерип түртүп, же байкоостон чаап жиберүүсү менен өтчү мындайда, “куучуйган зулум” деп жек көрүүсү менен ичинен айтып алат, көзгө чаап жибербесе деп сактанат, көзү көгала болгондон тартынат, ушунун айынан мектептеги сторождук жумушунан да аргасыз бошоду. “Эже, сиздин мындай абалда жүргөнүңүз балдарга ыңгайсызболуп, туура келбей жатат”,- деди директор. Өзүнүн жамандыгынан көгала болуп жүргөнсүп окуучулар, иштешкендердин арасында жүргөндөн уялды, бир чети класстарды жууп, шыпырып, кичине кеч калса эрте келген тиги эшикти илип алмай адат таап алды.

Бир күнү жок жерден кыйкым издеген ал атайылап жасаганбы, туугандары конокко келишкен, алар кетери менен көздөн ары бир муштады.

- Үйгө киши келсе эле күлүп жиберет экен, канчыктар ошентет, анан дагы минтип сүйлөп коёт, - ызырынып дагы бир коюп алды. Көзү болтоюп шишип чыга түштү, тиги күпүлдөп: – Элдин аялдары антпейт, канчыктар ошентет... -деп бир топко сүйлөнүп отурду.

Эртеси шайлоо болуп, таң эртеден эшиктерди койгулап чакырып жүрүштү. Эки көзү тең көгала болгон Мээржанды ээрчитип алып клубга,  конторага, андан дүкөнгө, айтор эл көп жүргөн жерлерге ээрчитип жүрдү, үйгө кетейин дейт кетирбейт. Эл Мээржанды аягандай карап жатышты.  Бир-эки таанышына:

- Жеңең жапайы айылдык да, минтип койбосо чектен чыгып кетпейби, хе-хе, - деп эркек таналыгын көрсөтө эрдемсип каткырды, аларда күлүмүш болуп калышты.

Былтыр апасы үйгөкелгенде ага да ороңдоп урушкан:

- Үйгө келбегиле,  тээ жакта мейманкана деген бар, - деп.

Апасына болушуп каяша айткандан да коркту.. Кокус апамды чаап жибербесин, апам көгөрүп калбасын деп. Ал колунан келмек. Апасы да ошондон бери келбейт,  өзү да барбайт, барганда да ага тыйын тыпыр керек, анын үстүнө күйөөсүнө кошо өзү да жек көрүндү болуп атса, баргандан качат.  Үйгө келгенде жолду карата жыйылган ичиндеги бугу менен бир тийди:

- Эмне, апамдардын коюн алып атасың, бир сом акчаң өтүп кетти беле аларга, эмнең короду?

– Ой, аларың мага бекер бербейт,  төрт бөтөлкө арагым бар аларда, эми дагы бир кой берет, - ороңдоп өкүм сүйлөп, билгениңди кылып ал дегенсип, ички үйгө кирип кетти.

Аракты чектеп сатып, шылуундар ящиктеп алып, айылга койчуларга алып барып төрт бөтөлкө аракка бирден кой алып, заман өзгөрүп турганда бул да бир топ арак алып, Мээржандын апасынын үйүнө “кой алып бергиле” деп таштап келген. Айылдагылардын эч кимиси алмашпай койгондо “ордуна аракты өткөрүп толтуруп алгыла” – деп беш-алты коюнун бирин алып баса берген, эми дагы бир коюн алыптыр.

Зулум десе, бир туугандарына жардамы тийбегенине, кайра күйөөсү экөө алардын эптеп оокат өткөрүп жаткан мал-салына кол салып жатканына, жек көрүндү болгонуна, ызасына муунуп, буулугуп ыйлап алды. Алыс жакта күйөөсү жетпеген жерде үйү болсо эки баласын жетелеп алып, ошоякка безип кеткиси келет, жашоосунун тынчтыгы үчүн жер шыпырып, ажаткана тазалаганга да даяр эле.  Күйөөсүнүн биринчи аялын эстейт, бактылууэкен мындан кутулуп. Жаштуу көзү менен эшикке чыкса, күйөөсү ички үйдөн мискейге эт салып күйпөлөктөп жүрүптүр. “Тебетей катын”- ичинен жек көрүү менен сөгүп алды. Ушундай эркектер болорун эч билбеген, көп болду тамагын жасап берет, кесмесиби, башкабы – бышкан маалда идишине куюп берип, өзү төркү үйгө кирип кетет. Антпесе тамагын кызганып, Мээржанды алка жакадан алып коколоп, эшикке сүйрөп чыгарып, илип алып тамактанат, андайда эшиктин алдында турса бирөө-жарымга көрүнгөндөн жазганып, кошуналардын бирөөсүнүн үйүнө бир нерсе сурамыш болуп, ар нерселерге алаксып убакыт өткөрүп, бир топто келет.  Өмүрүндө бирөөнүн үйүнө бейчеки басып кирбеген неме буга да аргасыз көндү. Баарыдан да иштеп жүргөндө айлыгын бергиси келбей, өзүнө өтүк алып алса, аны да бирөөгө сатып жибериптир. “Сенин ичип-жегениңе да акча кетип жатат, акча таап келип жатасыңбы?”- деп көзүнөн заарын чача ызырынды.

Көөдөнгө толгон ызасынын баарын ыйлап чыгарып алган Мээржан жеңилдей түштү, кечке жуук тамактанууга келгенде мискейдеги этти чыгарып, табактарына салып берип, бир кичирээк кабырганы өз табагына салып, “апамдардын коюнун эти” – деп кесип жеп кирди, аңгыча көзүн чакчайтып тура калган күйөөсү колундагы этти жулуп алды.

- Жебе канчык! Менин этим, менин акчам,  арагым кеткен, энем берген эт дегениң го, экинчи этке жолочу болсоң өлтүрүп, кокоңду жулуп алам, – олбурлуу неме арык Мээржанды коколоп, тамга такап муунтуп кирди.  - Келе оозуңдагыны! - Жаагын куушура кармап, сөөмөйү менен чала чайналган этти чыгарып алып жерге ыргытты.

- Өлтүр! Өлтүр!.. Куучуйган канкор сволуч, тебетей катын өлтүр... - кыйкылдаган Мээржан анын колунан күч менен жулунуп, жерге жыгылды.

Үйдүн ичи ызы-чуу болуп, уулу эшикке чуркап чыкты, кызы ыйлап атасын муштап, колунан тартып чыгара албай жатты.  Аңгыча эшиктен көчөдөгү маңдайлаш кошуна эркек кире калды, күйөөсү дагы бир тээп алып төрдөгү ордун көздөй басып кетти.  Чыныдагы шорпо төгүлүп, жана колунан талашкан эт, бычактар жерде жатат, чачылган эттерди, жулмалашкан экөөнү бир карап, үрөйү учкан кошуна Мээржандан сурады:

- Эмне болду эже?

- Апамды өлтүрүп жатат, - деп бала чуркап келгенинен,

- Тынччылыкпы? - бурулуп Жуманга карады.

Ал унчукпай жердеги эттерди, бычакты алып “күңк” этти:

- Жөн эле, кел тамак ич.

- Жок, ичтим, кетейин урушпасаңыздар. Эмне болду эже?

Мээржан унчуккан жок, кантип айтат эт талашып атабыз деп, мындай окуя эч кимде болбойт да, жек көрүү менен күйөөсүн тиктеди, обдулуп турайын деп, тура албай жатты.  Эмнегедир бели башкача очорулуп, тура албай буралып, боюн токтото албай жатты.

- Кой ээ, мен кетейин.  Урушпасаңар, балдардын эси чыгып жатат, – кошуна чыгып кетти.

Мээржандын бели эмне болду – белгисиз, боюн токтотуп тура албай, жамбашын таканчыктап сүйрөлүп барып, арыдагы жер төшөктүн үстүнө кыйшайып жатып ыйлап кирди. Алтыга чыгып эс тартып калган кызы бир нерсени үстүнө жаап,  жанына жатып, эмне жардам берерин билбей, колу менен апасынын бети ылдый куюлган жашын аарчып сылагылайт.

Бир маалда арка жагынан уулу келип кыналыша жатып, апасынын мойнуна колун орой кучактай кетти.  Кайрылып баласынын үстүн жабууга бурулуп, кыймылдаганга алы келбей, колун артка кайрый үстүндөгү жабуусунун четин жабымыш этти.

Аял ит жандуу деген чын окшобойбу. Мээржан бир ай дегенде өйдө болуп басканга жарап, боюн токтотуп калды. Ага чейин эшикке жамбашын сүйрөп, сойлоп кирип чыгып,  отуруп алып балдарын жумшап, кир-когун жууп берип, кызы колу жеткен жыгачтарга самсаалатып жайымыш болуп жүрдү. Үйгө эч ким келбейт, келсе аларды жаман көрүп, бузуп атасыңар деп чыгарын билишет. Маңдайкы кошуна келин күйөөсү жокто келе калат, тамак-ашын, нанынан көтөрүп келе калып жардамдашып жүрдү. Башында “арамзааланган өлүк” деп ызырынган күйөөсү бул күндөрү бөйпөңдөп, айланчыктап, тиги-муну жасап чай кайната коюп, эт ашын бышырып алдына алып келип, чарк көпөлөк, эки жүздүү зулум.

Мээржан өзү көнүп калган чайын ичип, тамагынан ооз тийбей жатып алат, жеп-ичкенде деле аш болбосун билет, акырындап боюн токтотуп, эшикке кирип-чыгып калганда мындан биротоло ажырашууну чечип сотко арыз жазып кайрылды, жок дегенде алимент алып балдары менен тынч жашоо өткөрбөсө – балдары да уруш, көр жемеден жалтак болуп, өзүнө окшоп алар да ар кай жерлери көгала... мусапырдай болуп баратышат, аларды таштабайм дейт, болбосо өзүнө жасаган зомбулукту балдарына да көрсөтөрүн билет.

Акыркы чечими менен арызын жазып, соттун имаратынан ар кимден сураштырып Бейшеев Асанбек деген табличка кадалган эшикти ачып ичке кирди, төрдөгү орто жаштардагы кишиге арызын берип жатып, күйөөсүнүн ар бир жоругун, жашоого мүмкүнчүлүгү калбаганын айтып жатып,  маңдайындагы ушул адамды ага чоң тирек болчу калыс адамдай жакынсытып ыйлап алды.  Бейшеев жубатып жан тарта сүйлөдү:

- Ыйлабаңыз, сиз балдарга керексиз, ишти карайбыз, күнөөлөрү үчүн жооп берет, эч жакка кача албайт, – күйөөсүнүн иштеген жерин жазып алган Бейшеев бир жума аралыкта кайра келүүсүн айтты.

Бул аралыкта айылдагы апасынын үйүндөгү балдарына барып кайра тартты, балдары эле эмес өзү да аларга күнөөкөр болгонсуп кысылып араң жүрдү.  Айткан күнү Бейшеев Асанбекке кайра кирди, бул жолу ал Мээржанды көргөндө эле ырайы бузулуп жекирип кирди:

- Күнөөнүн баары сенде турбайбы, өзүң ар кимдин үйүнө барып түн ортосуна чейин жүрөт экенсиң, балдар менен күтүп отуруп, анан келбегенде илип алам дейт, туура кылат!.. Белиң үзүлсө, кана справка? Жаштайыңдан ар кай жакта көп басып, калп айтып көнгөн неме экенсиң, ар кимдин сөзүн сүйлөп дейди болуп, жапайыланып, сени ошол күйөөң киши кылып атат, ал кантип калп айтсың, интеллигент, жогорку билимдүү болсо, сени адам катарына кошуп ушул даражага жеткирген ошол экен, ме ал арызыңды, балдарыңды кара, күйөөңдөн башка эч ким күйбөйт, экинчи келбе, элдин убактысын алып!..

Жакшы үмүт менен келген Мээржандын жүрөгү кысылып, тиги ыргыткан арызды мыкчый кармап, эрдин тиштенип эшикке атып чыкты, чыгары менен өзүн кармана албай эчкирип ыйлап жиберди.  Имаратты айланып, эл аз жерге туруп алып ыйлап жатты, жашын токтото албай өпкөлөп көпкө ыйлады.  Чындык жоктугуна, эч ким чындыкты издебегенине, жада калса адилеттүү деген сот дагы кызматтагы адамдарга шериктеш экенине, өзү сыяктуу карапайым адамдар күнөөсүз болсо да бардык жерде күнөөлүү аталып, тебелендиде каларына көзү жетти.

Жуман эки жүздүүлөнүп баягыдай заар, жалган сөздөрү менен өзүн жамандаганын, сот сөрөйү менен бир пикирге келишип сүйлөшүп алганын, экөө бири-бирине керек экенин сезди. Бейшеевди жек көрдү “сурабайбы, кошуналардан, жакын адамдардан чындыгын аныктабайбы, интеллигент, маданияттуу адам сөрөйлөр имиш”. Ушу тапта бардыгын жек көрүп жатты, өткөндө мектепке аксакалдар сотун уюштуруп, күйөөсүн теске салып коюусун өтүнгөн мектеп директорунун кабинетинде аксакалдар соту делген активчалыш неме да күнөөнү Мээржанга оодарган:

- Күнөө эки жактан бирдей кетет, бул келин да бир деме деп койду да, анан эркек неме чаап жиберди, ажыраштырганда булардын балдарын кимиңер багасыңар! –деген опурулуп.

Сыналгыга селде оронуп алып шариятты саймедиремиш болуп: “Күйөөсүн сыйлап, өйдө карап сүйлөбөгөн аял, бул эң бактылуу аял” деген молдо сөрөйдү да... баарын, баарын жек көрүп жатты,  көрөт эле ошолордун кызы же жакын адамдары өзүндөй абалга туш болсо, ошентип айтаарын. Тескерисинче, ошол жакындарын жан талашып, кызыл чеке болуп коргоп чыгышмак.  Ушул адамдарга караганда карапайым,  жөнөкөй болсо да өзүнүн жан дүйнөсү чынчыл таза экенин сезди, өзүндөгү чындыкты көрүп билген айланасындагы төрт-беш адамдын калыс сөздөрү да,  булар үчүн түккө турбастыгын билди,  өлүп бул жашоодон кечип кеткиси келди, кайрадан балдарын ойлоду. “Балдарды дал ушундай адамдардын арасына таштаппы, ушулар балдарын коргойбу?” Солуктап өпкөлөп ыйлап жатты, бирин-серин өткөндөр карап өтүп жатышты.

Бейшеев телефон чалганбы, Жуман артынан келип колдон алып кетирбей, алдап-соолап жылуу сүйлөп эркелетип кирди:

- Жүрү, мен тамашалап койсом ошону чын көрүп, сотко чейин барып, ал тамаша да, мындайлар боло берет, ушуга кантип мени кыйдың,  балдар турса, кечирип кой, жүрү үйгө. Элдин баары эле ушинтип урушуп атпайбы,  кана алар сага окшоп сотко бергени? – Мээржанды сылап-сыйпап, аябай жайдары...

“Эки жүздүү шүмшүк” – жүрөгү таштай каткан ал ичинен сөгүп алды, бирок кайда бармак. Өз үйү болсо эмне, коркпой-үркпөй эркин жүрмөк, апасы, бир туугандары менен сыйлашып,  сыйлуу да жүрмөк.

Айылдан балдарды алып келип, көнүп калган супсак, томсоргон жашоо кайрадан өтүп жатты.  Эч кимге жайдары карап сүйлөй албайт, эптеп жылмайымыш болсо да бешенесинин ары жагында кайгынын көлөкөсү көрүнүптурат. Жети-сегиз жылдык жашоо мурдагы ачык-айрым тамашакөй,  тарсылдаган мүнөзүн таптакыр өзгөрттү, эч кимге бир нерсе деп сүйлөй да, кеңеш бере да албайт. Өзү билип бир нерсе жасоодон, сурап келген кошуналарга бир нерсе берүүдөн да коркот,  андайда алар кеткенден кийин,  чыкыйын чукуп каарып кирет, кокус көзгө чаап жибербесин, уу сөздөрү бычак болуп жүрөгүмө сайылбаса экен дейт.

Мурдагыдан эми кайдандыр ашканаларда эт чапчу кичинекей балтаны таап келип, аны серванттын үстү жагына оңтойлотуп койду, бир күнү үй жыйнап жатып балтаны складга алып барып койсо эртеси ызырынып, сөгүнүп кайра алып келип, сабын бери каратып коюп койду, ошондо билди нээти жаман экенин.

Дагы боюнда бар, ушундай күндөрдүн биринде Жуманга,  эки баласына тамагын куюп берип, өзү чайын ичип алып төркү үйгө жатып алып, санаа аралаш ар кайсыны ойлоп жатып уктап кетиптир, капталга тийген катуу соккудан чочуп, ойгонуп отура калды.  Атасынан калган ичикти кийип алган Жуман бутундагы өтүгү менен дагы бир тепти.

- Тур өлүк, өлүп калган тура! – колу менен тап берди. – Чеч көйнөктү!

Тиги башын калкалап, жалтана берип, уйку соо аралаш көйнөгүн чечип кирди.

- Ич көйнөктү...  – аны да чечип туруп калды.  Тиги кайра өкүм сүйлөдү: - Шымыңды,  тигиниңди! - турсисин кошо көрсөттү.

Мээржан аны чечип жатып балдар жакты карады, алар уктап жатыптыр. Бир колу менен томпоюп келаткан ичин калкалап, бир колу менен абийирин жаап, жүрөгү титиреп туруп калды, алда нени күттү.

Жуман аны итере түрттү:

– Бас эшикке!

Бутун киймекке улагага буйдалып калды эле, таштекте турган кычкачты ала, жондон ары бир чапты эле, далысы ачыша түштү.

Кыш мезгили болчу, эшик түн ортосу болуп калыптыр, суукка тоңдуруп өлтүрөт турбайбы деген ой келди башына, үйдү айланып басты эле, кычкач жонуна “шак”дей түштү.

- Тиякка!

Айлана суук, кар калың,  өткөндө тизеге жакын жаап салган.  Буттары сууланышып, карды жиреп, кечип баскан сайын таманы бир нерселерге урунуп жалакайланып, бир чети сууктанбы же корккондонбу – титиреп кирди. Айткан жагына бурулуп, өздөрү жаңы салып бүткөн складды айлана бергенде, ылай жасалып, киши белине чейин казылган аңдын ичин көздөй түртүп жиберди.

Байкоостон бараткан неме оңкосунан учуп түшүп, башы менен жерге катуу тийди, баш оор болот окшобойбу, төрт аяктап тизелеп, мүдүрүлүп,  өйдө болгону менен башын көтөрүп тура албай будаланып жаткан анын үстүнө өйдө жактан кар шилеп үйүп кирди. Кардын асты жылуу болот окшойт, денесин каарып жаткан сууктун ызгаары кайтып, айлана мемирей түштү, кыймылсыз туруп калды. Ичинде “кетсин,  кеткенде турайын”- деди. Карды кычыратып ары-бери басып жүргөнү угулуп турду, же дагы карды үйүп жатабы, белгисиз. Канча убакыт өттү... бир маалда Жуман аңга секирип түшүп өтүгү менен карды кечип, издеп кирди да, аны көздөй дагы бир жолу тээп алды, бул жолу өтүк капталга катуу тийди:

- Тур, бас үйгө! Эми өлүмүш болуп жатканыңды көрөйүн, эненди...

Жанараакта атасынын сөгүнгөн үнүнөн ойгонгон алты жашар кызы атасынын апасына жасаган жосунсуз жоруктарынын баарын көрүп турган.  Жылаңач адамдарды кароо уят экенин сезген наристе, алар эшикке чыкканда артынан кошо чыгып, үйдүн бурчунда жашынып, ыйламсырап карап турган.  Чуркап барып апасынын үстүндөгү карды шыпырып, үйгө алып келгиси келип турса да, атасынан коркуп, апасына болушам деп көп жолу атасы жонунан алып ыргытканда жер астын үстүн, башы кеңгиреп далай ыйлаган күндөрү болгон, анын да жүрөгү атасынан муздап бараткан, “өлүп калса” деп тилечү.

Атасын кетсе экен деп, үшүп-титиреген бала, далдаадан башын кылчайтып, алар кайра үйдү көздөй жөнөгөндө, тызылдаган тейде үйгө кирип төшөгүнө бүрүшүп жата кетти. Мээржандын денеси ысык-суукту сезбей дордоюп, буту жерге тийип жатабы, кар же таш басып жүрөбү – эч нерсени сезбей калды, тиги өтүгүн чечип, ичигин үстүнө жамына төшөгүнө жатты. Үстү башындагы, саксайган чачтарындагы тоңуп калган карларды күбүп, бүт турпаты кар аралаш суу болгон Мээржанга үйдөгү жылуулуктун илеби сезилбей, кийимдерин кийимиш этип, мештин оозун ачып көң калап жатып, көкүрөк толгон бугун чыгарып ыйлап жатты. “Эмне күнөөм бар буга, эмне жамандык кылдым?!. Айбан, зулум. Оо алдыңа кетейин кудайым, ушул зулумду алып кетчи, муну албасаң мени алып кет, алып кетчи кудайым, ушул жашоодон кечтим!. Алчы мени”.

Канчалык шолоктогон сайын, көкүрөктөгү бугу, тарткан азабы, жек көрүүнүн каары ээ жаа бербей көмөкөйдөн атылып чыгып, балбаалап булактап аккан көз жашы бетин жууп, оозуна кирип, этек ылдый тамчылайт.

От күйүп, чөөгүн кайнап чыкты, үй ичи жылып турса да денесине жылуулук келбей, чыныга карандай чай куюп, буусуна жаштуу бетин аймалата ууртап, ысык чай эрдин ачыштырат. Дагы, дагы ууртады, ичиме жылуулук жетсин деп ансайын шоркурата ууртап, ушул учурда бел тарабы “зыр-р” дей түштү. Баягы ооруган белиме суук тийди деп ойлоду, жана кийинип жатып өтүк менен тепкен бөйрөк тушунун кара көк болуп турганын көргөн.  Коңурук тартып уктап жаткан күйөөсүн каардуу көз огу менен ата тиктеди. “Көркоо, тебетей катын”. Өзү үчүн алып келип койгон балтасы менен жара чаап өлтүрүп, өзү милицияга барып бергиси келип, ушуну каалап калчылдап турду. Балдарын карады, булар эмне болот, ким карайт, өзү элге жек көрүндү канкор аталат, балдарымды да жек көрүшөт, өзүм өлсөмчү,  анда да өзүм жаман иш жасап өлгөн болуп күнөөкөр болом. Баары бир өзүм күнөөлүү болом, чындык эч жерде жок, адилеттик издеп барып кагуу жеген соттун тергөөчүсүндөбү чындык?!

Көпкө ой толгоп, ыйлап турду. Ушуга уу берип өлтүрүп салсамбы,  уу дегени менен ал кандай экенин да билбейт. Күтүлбөгөн жерден бүткөн бою калчылдай баштады, акырындан күчөп баштады калчылдагы. Эки колу, эки буту эки жакка калч-калч этип, ага кошулуп бүткүл денеси токтоно албай калтылдап, колундагы чай чайпалып колунан түшүп, дасторконго төгүлдү. Шак-шак деген үн чыгып, эки жагын карады.  Чыныны өйдө алганга кудурети жетпей, денесиндеги калчылдакты токтотууга дармансыз болуп калтылдай берди, шакылдаган үн арт жагынан угулуп жаткансыды “аркамда эмне болуп жатат” деп эстей албады.

Оо бир топто эки жаагынын кабышканынан улам, тиштеринин шакылдаган үнү экенин туйду - “шак-шак-шак-шак”. Башы кейкеңдеп, ээги тынбай экчелип, бүт денеси менен калтылдап жатты. “Калт, калт, калт”.  Башын көтөрө карап калган кызы туруп келип апасынын катуу калчылдаган колун кармап,  таңыркай күлүмүш этти.  Кызын төшөгүңө жат деп айтайын деп, ошол сөздү айтууга оозун эптей албай, жаактары кабышып жатып коркуп кетти. “Бүттү, жинди болдум,  өмүр бою ушинтип нерв оорулуу болуп каламбы?” Заманасы куурулуп, дүйнөсү тарыды. Бир топ убакыт өткөн соң калчылдаганы акырындап, өзүн-өзү карманып калды, титиреген колу менен чыныны оңдоп,  суу болгон нандарды ирээттеп сүрүп кирди. “Кетебиз, эртең кетебиз, бүттү келбейбиз, жата гой укта” - кызына сүйлөндү.

Калчылдабай дени соо болгонуна сүйүнүп ыйлады.  Бул жолу сүйүнгөнүнөн, тээ бала чагында көрүп өзү күлгөн, жинди кишиге окшобой калганына, адам кебетесине келе түшкөнүнө сүйүнүп ыйлады,  кудайына жалынып ыйлады.  Көзүн ирмебесе да карегине толгон жаш балбаалап, өзүнөн өзү төгүлүп көлкүлдөп, бетин жая агылып токтобой, ага кошулуп, өпкөлөп солуктап жаткан Мээржанды күйөөсү баш көтөрө карап сөгүнүп,  ары карап жатты. Ал мындайыйдын эченин көргөн, ан сайын ызырынып эрдемсип калчу, табасы канчу. Денесиндеги кардан нымдалышкан көйнөгү ичиркентип, ого бетер отко жакындап жыла бергенде, аягынан бир нерсе ”жылп” дегендей болду, дагы ошентти.

Асты сууланышып, иренжий... “табарсыгыма суук тийди го” деп койду.  Туруп эшикке чыккысы келип, турайын дегенде дагы ысык нерсе жып-жып куюлуп берди. Эси чыгып кетти. Боюмдан түштү!” Чебелектеп, жүрөгү дүкүлдөп, турган жеринде тегеренип, дубалды таяна калды, шыйрагы ылдый аккан канды көрүп, көзүнөн заар чача күйөөсү жакты карады:

- Канкор! Сени өлтүрүп туруп өлсөм жакшы болот эле... Канкор! - чебелектеп не кылар айласын таппай дубалды таянып турган ал ушу азыр колунда мылтык же бычак болсо, аны өлтүрүүдөн кайра тартпайт эле. “Кантем эми, кантип жетсем?”  -айылдын доктурунан көзү учуп жатты.  Шашкалактап шымын кие, дубалда илинип турган жаман кемселди жамына, кыска өтүгүн жыңайлак бутуна иле эшикке атып чыкты,  чыгып баратып артына кайрылып балдары жакты карап алды, үйдүн ысыгына уулу ачынып алыптыр,  жаап коюуну ойлоп, бирок шашуу керектигин эстеп, жарыкты өчүрүп чыгып кетти.

Түн караңгы, коркуп кетти, не кыларын, каякка барарын билбей кайсалактап, коңулдан башын чыгарган итти көрүп сүйүнүп кетти. “Жүрөгой, Киреше, жүрү”. Ит шыйпаңдап ээрчип, көчөгө чыгышты. Канчалык бат басса ошончолук такым ылдый ысык нерсе агып, бөлтөк-бөлтөк ысык нерсе түшүп, шымы батташып, өтүктүн ичи былжырап, чулкулдап, ичиби, белиби ачышып, талыкшып кадамы жайлап, бели үзүлүп бараткансыйт. Аягы оорлоп баса албай баратты, мына аз калды жетээрине.  Барган сайын жаткысы келип, жаны жер тартып, аягы жайлап баратты, бир нерсенин үстүнө эс алгысы келип отура калды.

- Киреше, - итке сүйөнүп шыбырады, - Киреше.

Атаганат, доктурдун үйүнө жөлөп, сүйрөп барса кана. Ичинен ошону каалап, көрүнүп турган үйдөн көзү өтөт. Кайдандыр ит үрүп, Киреше ырылдап кирди.

- Кетпе, Киреше, кетпе! - алсыз үнү менен шыбырап, иттин жылуу моюнунан кучактап тизелеп турууга аракет кылды, кандын жытына денеси дирилдеп, кырылдаган иттин жонунан аткый башын таяп, коңурсуган жытын искей алдыны карады.- Ээй, ким бар, ким бар келгилечи? - алсыз араң чыккан үнү өзүнө эле угулду.

Кандын жытын искеп айланчыктаган чоочун итке тап берген Кирешеден шыпырылып түшүп, тизелеп жер таяна калды, капысынан жер кулап бараткансып, эки колу менен жер кучактай,  башы менен жер сүзө көмкөрөсүнөн жыгылды, бетине тийген муздак кардан улам, эсине келе башын көтөрдү. Алыспы, жакынбы - иттер ажылдап “талаадамынбы” деген ой келе эсин жоготуп, буга удаа түйүлүп барып ычкынып жатып калды. Иттер кабышып, көчө ызы-чууга толуп, жакын турган үйдүн жарыгы күйүп, дарбаза ачылып бирөө чыкты.  Эки жакты карап иттерди кууп, кар үстүндө жаткан жансыз денеге эңкейди.

Капысынан күйгөн жарык, кишилердин кобурашкан үндөрүнөн ойгонгон Мээржандын кызы тура калып апасын издеди, түндөгү жыйналбаган дасторкон ошол бойдон. Кишилерди элейе карап турган атасын карап, эсине түшө түндөгү окуяны, үйүлгөн карды ойлой, апасын издеп эшикке атып чыкты.

Таң куланөөк болуп, эшикте турган кишилерди аралай короо жанындагы кар үйүлгөн аңды көздөй чуркады. “Кетебиз, кетебиз, апа! Кетебиз” - улам бир жердеги додолонгон карды чапчыган кыз шашкалактап, апасы чыкпаганга туталанып,  буулуга ыйлай берди. “Атам тура электе кетебиз,  апа кетебиз”.

Апасы жанында эле болуп турса, ага бөбөгүн көтөртпөй өзү эле көтөрүп алмак, тезирээк бул жерден кетиш керек, жан талаша карларды чапчып будаланып ыйлап жатты, мына азыр атасы келе калып желкесинен апчый кармап карга ыргытаарын элестетип,  бүт денеси титирей аны күтүп,  калчылдаган колдору менен ар кай жерди чапчып жатты...

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз