Конкурска: Аттиң ай! (№76)

Аттиң ай, мен да жалгыз, сен жалгыз.
Ааламдагы айда жалгыз, күн жалгыз.
Бирикпейт эки кургур эмнегедир,
Кылган бейм күнөө! - деген кечире алгыс.

Күн ыйлайт төгөт жамгыр булутунан.
Ай ыйлайт караңгыда улутунган.
Кээде ачат кабак кашын жайдар мүнөз,
А бирок кол кармашпайт унутулган.

Ай келет күндүн бетин өпмөк үчүн,
Он эки ай кырк жылда бир көрмөк үчүн.
“Тутулду”, “тутулду” деп ичи тарып,
Айдаган шамалдын көр кара күчүн.

Ай тосту күндүн бетин жабыркатты,
Чак түштө, көлөкөлүү болуп калды,
Дегендер бир бирине шыбырашып,
Ушак сөз табиятта болуп жатты.

Аттиң ай, ким билсин ал кургурлардын
Айтышпай калганбы дейм көп сырларын.
Кургур ай түгөйүнө жолукчудай,
Батаарда издеп калат тоо кырларын.

Издейт ко, издеп жүрөт ааламдардан,
Нече жыл кылым тете замандардан.
Эгерде кол кармашып экөө кетсе,
Калышмак асман булут жана жылдыздардан.

Ким билет тагдырына буйругандыр,
Айга жылдыз, күнгө ошол булуттардан.

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз