Конкурска: Жылан менен сырдуу балка (№75)

АҢГЕМЕ

Балалык куракты бекер жеринен тунук булакка салыштырышпайт тура. Анткени, ошо кезде уккан-көргөн нерселериң сезимге өчкүс болуп сакталып калат экен. Бул окуя өз жашоомдо болуп өткөн. Атамдын да айткандары эсимде калыптыр. Ал кезде жай мезгили, август айы ортолоп калган. Күз келер убакка саналуу күндөр калса да, төбөдөн тийген күндүн аптабы тамагыңды кургатып, денеңден тер мончоктойт.

Огородго орнотулган жер астынан чыккан суу түтүкчөсүнөн кыштыр-жайдыр суу агып турчу. Бул да болсо атамдын жасаган мээнети эле. Жайкы, жазгы убактарда огороддо эгилген эгиндерге пайдасы көп эле тийчү. Өзгөчөлөнгөн жери; мындай нерсе биздин көчө боюнча биздин гана үйдө болучу. Көчө бойлоп орнотулган суу түтүктөрү бар эле. Негедир үйдөн чыгып жаткан суудан алгым келбей, тышка чыгуу үчүн көчөдөгү түтүктөн суу алып келгенди жакшы көрчүмүн. Анда мен канчанчы класста окуп жатканым да эсимде жок.

Адаттагыдай көчөгө суу алып келүүгө чыгып, челекке суу толтуруп жатып, кошунабыздын дарбазасынын жанына катар тигилген үч түп албөлүсүнө (алча) көзүм түштү. Ал мен кичине кезден бери бар болчу, дарбазанын жогору жагында жайгашкан эле. Ал эми ылдый жагында болсо кайналы өсчү. Кошунабыз Таштан деген абышка эле. Карып, жашы кыйлага барып калса да, атама аябай окшогон, жаны тынбаган, мээнеткеч абышка болучу.

Анын үйүндө атайы мал-жанга сала турган чөп кескич станогу боло турган. Анын күртүлдөп иштегенин уккан кезде, Таштан аба чөп кескенди баштады деп ойлоп калчумун. Жумушун бүтөр замат ал колуна чоң саптуу чөмүчүн көтөрүп алып, суу түтүктө чыгып калчу, колдорун, жүзүн жууп-чайып алган соң, колундагы чөмүчү менен суудан сузуп алып иччү. Жумуштарын бүткөн соң, ошол кайналылардын жанына орнотулган отургучка отуруп, анын көлөкөсүндө эс алчу.

А баса, ошол кайналылары мени бир өлүмдөн алып калган десем жаңылбайм. Анда канча жашта экенимди билбейм, бир аз гана эсимде бар. Түш убагы болчу, акем ошол күнү бирге иштегендери менен үйгө келип калышты. Алар келген бензин ташыган чоң машине эле. Дарбазанын тушуна токтотушкан экен. Коңшу-колоңдун балдар-кыздары менен машинада ойноп отурганбыз. Бир убакта жанымдагылардын баары түшүп кетишти, эмнесине тийе койгонумду билбейм. Заматта машина ордунан жылып баштады, үнүмдүн баарынча кыйкырганым эсимде.

Ошол кезде абамдын баласы суу алып жаткан, машина менен жылып баратканымды көрүп, үйүн көздөй качып жөнөдү. Аңгыча машина ылдый карап жылып барып, ошол мен суу алчу түтүктүн үстүнөн өтүп, өзү кайрылып барып, кошуна абамдын кайналысын сүзүп токтоду. Заматта акем менен бирге отурган кишилер, машинанын ээси чуркап чыгышты. Мени машинадан көтөрүп түшүргөн акем байкуштун өңү бозоруп кеткени дале эсимде. Кызыгы, машинага эч нерсе болбоптур, болгону айнектери гана быркырап, күбүлүп түшүп калган. Деги, балалык кезде эмнелер гана болбойт.

Эми албөлү күндүн ысык табына мөлтүрөп бышкан дейсиң, кишинин шилекейин агызат. Жегим келди аябай, бирок негедир кошуна кемпирден айбыгып, коркуп турдум. Себеби, ал жеткен тажаал кемпир болчу. Суу челекке толору менен үйдү көздөй чуркадым. Ашканага кирип, челекти коюп, үйүбүздүн артындагы чоң энем менен атам жашаган үйдү карай бет алдым. Атам тиккен ошол үйдүн алдында жалгыз гана бир түп албөлү боло турган. Оюмда ошол албөлүгө жетсем, бөтөлкөгө терип алып, теректин бутагы менен эзгилеп жесем дейм. Үй артына бурула берип, жолду карасам ийрелеңдеп бир жылан кетип баратат. Үнүмдүн болушунча:

- Ата, жылан! - деп кыйкырып артка кетенчиктедим.

Биз кичинебизден өз атабызы аке деп, чоң атамды ата дээр элек. Ошол убакта акем менен апам огороддо жүгөрү кайрып жаткан. Атам болсо кургаган чөптөрдү жыйноо менен убара эле. Ал аңгыча орогун көтөрүп, атам жете келди.

- Кана, кайда жүрөт ал? - дегиче болбой, жылан мен көргөн жерден ийрелеңдеп сойлоп атып, кыйла узап калыптыр, атам келгиче мен көз жаздымыман чыгарбай карап турдум, себеби аны жоготуп алуудан жана таппай калып, алардын мага ишенбей калуусунан чочуладым.

Атам жылан сойлоп бараткан жерге чөгөлөп, колундагы орок менен жыландын башына үч-төрт жолу чапкылап калды, жылан андан бетер ийрелеңдеп, башын бирде өйдө, бирде төмөн көтөрүп жатып, анан сулап калды, андан соң атам ордунан турду да, мени күкүрт алып келүүгө жиберди. Мен чуркаган бойдон тандыр алдына жөнөдүм. Колума күкүрттү алган бойдон кайра артка чуркадым, кечигип калсам баягы жылан кайра тирилип кетчүдөй сезилди. Ал аңгыча акем менен апам да жете келишти. Ага чейин атам айланадагы куурап калган куурайлардан сындырып, жыландын үстүнө үймөлөктөп таштап, мени күтүп турушуптур.

Барарым менен атам күкүрттү чагып, жыландын үстүндө жаткан куураган куурайга ыргытты. Куурап калган чөптөр татырап күйө баштады. Жыландын жаны көп болот дегенге, кантип эле ошондой болсун деп такыр ишенчү эмесмин. Эми эле башы эки-үч жеринен жанчылган жылан өрттүн жалынына чыдай албай, кайрадан жан кирип, ышкырып, жандалбастап, ийрелеңдеп, өрттөн качууга аракет кылып жатты. Анын ышкырганы жалындын учкундары менен кошо өчкөндөй, улам алсыз боло берди. Атам ага карабастан, улам орогу менен качууга аракет кылган жыланды түрткүлөп, кайра жалынга жылдырат.

Атамдын бул кылганына түшүнө албай, таң калдым. Мен сени көрбөй, атама айтпаганда балким, бирибизди чагып алмаксың деп, бир чети кайра жыланга боорум ооруп, бул деле Алланын жараткан бир заты да деп, теңселип карап тура бердим. Кызык эми башталды, жыландын ичинде жумурткалары бар экен, качан гана жылан кыймылсыз жатып калганда, ичиндеги жумурткалары тырсылдап, жалынга туруштук бербегенсип жарылып жаткандай болду, байкуш эне жылан экен. Бир кезде каңырсыган жыты мурдумду өрдөп, колум менен оозу-мурдумду бекиткен бойдон турдум. Бүттү баары, жыландан бир кыймыл жок калганда атам бактын четинен чуңкур казып, ошол жерге алып барып көөмп салды. Жыланды өңүңдө көрсөң жанч, түшүңдө көрсөң кенч деген сөзгө ошондо гана ынандым. Негизи үйдө атамдан башкабыздын баарыбыз жылан десе аябай коркчубуз. Атам үйдө жок кезде, короого жылан кирип калса дайыма акемдин инисине чуркачу элек.

Башка кезде акем өзүнчө эрдемсип, жадагалса тамашага салып: «Чакырчы ошо жыланыңды, керек болсо чайнап таштайм» деп калчу, а жылан чыгып калган кезде чакырсаң, «атаңы чакыр, мен корком» деп жолобой каччу. Себеби, бул жылан биринчи жана акыркы эмес экенин билчүмүн. Акем үйлөнгөн соң, атам өзү жашаган үйдүн алдынан жер алып койгон жайы бар эле. Ошол жерге атам устасыз эле өз колу менен, өз мээнети менен үй салганын айтып калчу.

Мурда бул бош жаткан жерде эмне болгону, кандай жер экени белгисиз дешет. Атам үй салардан мурда бул бош жерде кандайдыр бир дубал сыяктуу узунан кеткен сокмо болгон экен. Ал жерди билген адамдар бул жерде жыландардын уюгу бар экенин айтып жүрүшкөнүнөн атам кабардар болсо да, ал жерди кетмен менен тегиздеп, баягы дубалды да жок кылып, үй салган. Бирок ал дубалдын орду жол болуп, ал аркылуу биз дааратканага барчубуз. Атам көп айтаар эле: кыштын кычыраган чилдеси түшкөн кезде ылайдан чыккам, ошондо салып бүтүргөм бул үйдү деп.

Ошентип, мурда жашаган элдин айтуусу боюнча атам жыландардын мекени болгон жайга үй салып калганына ичтен кейип, балдарынан, неберелеринен аябай коркуп жүрчү. Оюнда бир күн болбосо да, бир күнү жыландардын бири чагып алуусу мүмкүн дечү. Жыл сайын жок дегенде эки-үч, кээде андан да көбүрөк жылан атамдын колунан ажал тапчу. Эң таң калыштуу жери: алардын түгөнүп, жок болуп калгандын ордуна кайра чыга бергенинде. Кээде ойлоном, деги бул жашоодо жыландын адамзатка тийер да пайдасы болду бекен? Менин угушума караганда кээ бир адамдар дарылыкка деп жыландын сорпосун ичишет экен. Ден соолукка бир дабасы бар экенин айтышчу. Кимден укканым эсимде жок.

Бир абышка карыган кезинде аябай катуу ооруп, ооруусунун шыпаасы табылбай төшөккө мыкталат. Көбүнчө үйдө жалгыз жатып калат, үйүндөгүлөр баары талаа жумушуна кетет. «Ээ, Кудай, карып калган кезимде кор кылба, балдарыма жүк кылып, аларды да, мени да кыйнаба. Алчу болсоң эртерек жанымды алып, тынчыт», деп Кудайга жалбарат. Ушул убакта тамдын тосундарына оролуп ийрелеңдеп, боору менен жылып келаткан жыланды көрөт. «Оо, Кудай, бул сенин мага жиберген дабааң го. Эми ал келип мени чагып алса экен, бул азаптан кутултса экен, аркы дүйнөдөн жаным сеп алар эле» деген ойго чарпыла калат бир заматта. Тилеке каршы, жылан ага келбестен, илгичте илинип турган челектеги сүткө түшүп калат. Ага каалагандай чөмүлүп, ары-бери удургуп, челектин четинен сүттү чачыратат. Кыйлада барып челектен чыгат да, кайра келген жолуна түшөт. Тосундун үстү менен ийрелеңдеп, көздөн кайым болот. Аны караган абышка таң калат. Кейишке түшүп, өзүн-өзү жемелеп, «жада калса ушул жылан да мени чагып алган жок, бул эмнеси, ага да менин керегим жок болуп калган экен да» деп ачууланып кала берет.

Кеч түшүп, күн батканда үйүндөгүлөр талаадан кайтышат. Колунан бир жумуш келбесе да, жок дегенде түшкү чайын даярдап бергенге жарармын деген ниетте абышканын кемпири да кошо кеткен эле. Кемпиринин эшиктен кирип келишин гана күткөн абышка аны көрөрү менен андан жанагы челектеги сүттөн берүүсүн сурайт. Оюнда жанагы жылан болду болбоду ошол сүткө уусун чачып кетти, азыр аны ичсем өлсөм керек деп, бир олжо таап алгандай сүйүнөт. Абышкасынын айтканын эки кылбаган кемпири абышкасына сүт берет. Аны ичкен соң, абышка мемиреп уйкуга кетет. Канча уктаганын ким билсин, эшикте эчак эле таң атып, күн көтөрүлүп калган кезде ойгонот. Түшүмбү, же өңүмбү деп, өзүнө-өзү ишенбей ордунан козголот. Дарттан бир тамчы да калбаган, төшөгү болсо суу куйгандай, аябай көл-шал тердеген экен. Абышка ошону менен сакайып кетет. Негедир атам жыланды көөмп жаткан убакта бир кезде уккан ушул окуя эсиме түшүп кетти. Бул окуя эмнеге эсиме келе калды, балким, тетиги жумурткалары тарсылдап жарылып күйүп жаткан жыланга боорум ооруп кеткениненби?..

Демек, Кудайым ар бир тирүү затты пайдасы жана зыяны менен гана жараткан турбайбы деген ойго жетеленип кала бердим. Анан капысынан сезимиме бир ой тык этти: биздин короодон канча жыландар өлүп жатат, а эмне үчүн башка жылан келип бизден, болбосо атамдан өч албайт? Ар бир кылган жаман ишиңдин, болбосо бирөөгө кылган жамандыгыңдын жообу эртеби-кечпи, кайтып келери бул чындык эмеспи. Бул суроого жооп таппаган бойдон калдым.

Биз үч бир тууган элек - сиңдим анан иним. Атам байкуш ар бир дубасында Кудайга жалбарып, «уул небереме кошуп, дагы бир уул небере бере көр, мен өлгөн кезде неберем жалгыз өкүрүп турбасын, уул небере бере көр» деп жалынып, жадагалса ыйлап дуба кылып жүргөнүн көп байкачумун. Балким, мына ошол убакта Кудайым атамды жазаласа керек деп, ойлочумун. Бирок Кудай сен сура, мен берем дейт экен го. Кудайым атамдын тилегин укту, иним төрөлгөндөн он жылдан кийин дагы бир инилүү болдум. Убакыт өтүп, ал алты айга чукулдаган мезгил эле. Анда да жай мезгили. Түш убагында инимди уктатуу үчүн үйгө кирип, коляскасына салып, терметкенден эригип, колясканын кармагычына бутумду аса жатып терметип жаткам, ага кошо мемиреп көзүм уйкуга кетиптир. Бирөөнүн мени шыбырап чакырып жатканынан ойгонуп кеттим. Босогодо апам туруптур, мени карап акырын деп сөөмөйүн оозуна коюп, «чүүш» деп жатат. Эмне болуп кетти дегендей башымды ийкеп, макул деген белгини берип, эмне болгонуна түшүнбөй, ордуман козголбостон жата бердим. Ал аңгыча апам колунун учу менен жаңсап, кирпичтен жасалган плитанын астында жаткан жыланды көрсөттү. Ал полдун палас жетпей калган полдун дубал астындагы чекесиндеги кичине тешигинен чыккан болсо керек.

Мына кызык, бул жылан да ушул убакка чейин чыгып жүргөн жыландардан эч айырмасы жок, куйуп койгондой окшош эле. Мен чалкамдан жаткан үчүн көзүмдүн кыйгачы менен карадым. Апам мени карап жатып, тур дегендей белги берип, акырын сыртты карай жөнөдү. Эч канча убакыт өткөн жок, атамды ээрчитип кирип келишти. Мен болсо эки көзүмдү жыландан албай жаткам, ал болсо бирде ары буралып, бирде бери буралып жаткан. Атам акырын келип, колундагы от көсөөч менен жыланды бери тарта баштады. Ал болсо болушунча ары-бери ийрелеңдеп, чыккан тешигине артты менен кайра кирип кетүүгө аракет кылды.

Кылган аракети текке кетип, атам жыланды колуна кийген качаңкы бир катуу калың кол кап менен тартып алып, сыртты карай көтөрүп чыгып кеткенде, «өх» дедим. Негедир бул жолкусунда атамдын жыланды кантип өлтүргөнүн, кантип өрттөгөнүн көргүм келген жок, жыланга боорум ооруп, ордуман кыймылдабастан жата бердим. Канча убакыт өткөнүн ким билсин, бир убакта апам келип, элеңдеп эки жагын карап, мага жете келип, корккон жоксуңбу деп, мени кучактап өпкүлөп кирди. Атам жыланды адатынчы өлтүрүп, өрттөп салганын айтты. Бирде атама ачуум келип, эмнеге антти, ал деле Кудайдын жараткан бир макулугу го, атама уул небере бербей, Кудай жазалабады беле, бирок ал кайра кечирип сураганын берди эле го, бир чети балким, ушул жолу менден жана инимден өч алгысы келгендир деген ойго кеттим. Корккон күндөр, уйкусуз түндөр да болбой койгон жок. Эмнеге ушул убакка чейин атам өлтүргөн жыландардын артынан башка жыландар келбейт, эмнеге алар өч алышпайт деген суроолор бассам-турсам жамырайт.

Эгемендик келип, өкмөт ар бир үй-бүлөнүн үлүшүнө берген жерлерин иштетип жатып калдык. Ошол мезгилде эл колунан келишинче тырмалаңдап, берилген жерлерин иштетип, эгин эгип башталган кез. Эл катары биз да жерибизге күн карама, жүгөрү, картошка жана кыш мезгилинде мал жандар жеш үчүн беде эктик. Акеме ошол СССР быркырагандан кийин, өзү иштеген жеринен бир «КамАЗ» машинасы менен трактор колуна тийген эле. Ошол тракторуна бизди салып алып, эрте таң азандан талаага жөнөйбүз. Күн чыгып, ысып кеткенче иштеп калууга шашабыз.

Күндөгүдөй эле атаман, анан кичине инимден башкабыз талаага жөнөдүк. Кечке иштеп, үйгө кайттык. Үйгө келерибиз менен атамдын бир башкача болуп калганын сездим. Апам нан жапкан тандырдын астында отундар жатар эле. Атам жаан-чачындан далдоо кармап, ошол жерде сактоочу. Атам анда карып, алдан-күчтөн тайып, көрүүсү да мокоп калган. Биз күндүзү талаада жүргөн кезде, ошол жерден атама эмне керек болгонун билбейм, бир нерсе керек болуп бара калган экен. Өзүнө керек нерселердин арасынан көзүнө бир түтүк учурайт. Аны тандырдын астына ким таштаганы белгисиз. Өзү таштаган эмес. Эмне болгон түтүк экен деп алып көрмөк болуп, тизелеп отуруп, колун сунат.

Тизелеп деп жатканымдын себеби да бар. Казан аяк кагышат, эрди-катын урушат эмеспи. Анда биз кичинебиз, кичине иним төрөлө элек. Акем иштен бир күнү кечинде ичип келип, апамды ур-токмокко алат. Мындайды күтпөгөн апам байкуш эртеси биз үчөөбүздү алып, төркүнүнө кетип калат. Неберелерин сагынып, чыдабаган атам байкуш кошунанын машинасы менен бизди кайра үйгө алып келүү үчүн таенемдин үйүнө келет. Инимди колуна ала коюп, кудаларынын жибербейбиз деген сөзүнө кулак салбастан, эшикти көздөй жөнөйт. Кыш мезгили болгондуктан, таенемдердин үйүнүн астында көкмөк болгон музга тайгаланып, чалкасынан жыгылат. Катуу жыгылгандыктан, ошол жерде эле жамбашы сынып, эки балдакка байланып, жатып калат.

Кийин айыккандан кийин, ошол буту менен аксаңдап басып калат, жерден бир нерсени тизелеп отуруп, анан алчу. Караса, ал аябай жумшак, баам салса, жылан жаткан болот. Атам көргөн көзүнө ишенбей, ушундай да чоң жылан чыгабы, буга чейинки өлтүргөн жыландар мынчалык чоң эмес эле деп, оозунан келмеси түшүп, артка кетенчиктейт. Бирок жылан негедир адатынча качпастан, ышкырып эки ачакей болгон тилин бирде чыгарып, бирде тартып алып соймоңдотуп, атамдан көздөрүн албастан арбаша кетет. Атам байкуштун денесин майда калтырак басып, ушул күнгө чейин бир да коркуу сезими болбогон атамды таанып болбос эле. Чекесинен тер кетип, алы кете баштайт. Ал аңгыча бир белгисиз жактан чыккан үндөн улам селт чочуп, эки жагын караса, эч ким жок. Маңдайында башын бир аз өйдө көтөрүп турган жыландан үн чыгып жатканын угат.

«Эмне болуп кетти, сенин болгон күчүң ушулбу, эмнеге мынча карбаластап, тердеп атасың, эмне кылар айлаңды таппай калдыңбы, менден корко түштүңбү, сен эч нерседен корпогон жан эмес белең, ушул кезге чейин менин бардык балдарымды өлтүрүп келбедиң беле, мага калганда шайың кетип, оозуңдан келмең түшүп, эмне кыларыңды билбей калдыңбы? Силер, адамдар, таш боорсуңар, силер биздин чагып алуубуздан коркосуңар, а биз жөн жеринен эле чага бербейбиз, силер зөөкүрсүңөр, кезеги келгенде сен менин эч кимимди аяган жоксуң, балдарымдын баарын өлтүрүп жок кылган сенсиң. Билем, азыр мен бир аз ашыкча кыймыл жасасам, мени да балдарымдай башымды жанчып, анан өзүмдү өрттөп көөмп саласың. Колуңдан эмне келет дейсиңби, кана эмнени күтүп турасың, мен да балдарым сыяктуу сени колуңдан бир күн болбосо, бир күн ажал табаарыма шек жок эле. Мен ушул убакка чейин сенин балдарыңа тийгеним жок, мына бүгүн жалгызсың. Неберең экөөңсүң, бүгүн мен сенден өч алууга келдим, бирок мен небереңе жете албадым, балдарым сыяктуу сенин колуңа түштүм. Колуңдан келсе мени да өлтүр» деп, жылан болгон күчү менен атамды карай умтулуп калат. Атам аябай мээнеткеч эле. Эмне жумуш жасаса да, колунан кол кабын чеччү эмес. Ал калың таардан тигилген болчу. «Карып калганда адамдын териси да жукарып калат турбайбы, кичине шак чийип кетсе эле канталап жатып калат, балам, муну колуңа кийип алып, иш кылсаң эч нерсе болбойт колуңа» деп калчу мага.

Мына ошол кезде да кол кабын кийип жүргөн экен, умтулган жыландын тамагынан кармай калып, күчүнүн болушунча муунтуп кирет. Атам менен жылан канча алышканын да билбейт, корккон кезде эмне кылып жатканыңды да билбей каласың киши. Качан гана жыландын кыймылы токтогондо атам өзүнө келип, жыланды өзүнөн эки-үч кадамдай алыс ыргытып, шалдайып отуруп калат. Канча отурганын ким билсин. Бир оокумда ордунан жер таянып атып, араң өйдө козголуп, жыланды көтөрүп бакты көздөй алып жөнөйт, адатынча куурап калган чөп куурайлар менен жыланды өрттөйт. Ошол убакта бир өзгөчө ачуу чыңырыктар атамдын кулагына жаңырат. «Сенин болгон кудуретиң ушул, мындан артык колуңдан эмне келмек, мындан артык эмне кыла аласың, билип кой, сен баары бир менин урук-тукумумду курут кыла албайсың, ушуга чейин мен сага жана сенин балдарыңа тийгеним жок. Эми менин калган тукумдарымдан жакшылык күтпө. Бир күн келер сенден да өч алаар кезек» деген үн чыгып, кадимки адамдын күлкүсүндөй күлкүлөр туш тараптан атамды шылдыңдагансып жаңырып кирет.

Атам колхоздун жумушунда иштеп жүргөндө комбайн айдачу. Эми техника жаатындагы кишинин үйүндө техникага керектүү темирдин баары бар эле. Алар атамдын жер төлөсүндө сакталчу. Айлыбызда кошуналардын баары эле керектүү темир-тезекти биздикинен сурашар эле. Бирок атам көбүнчө жок деп кутулар эле. Бул эми көрө албастык, же кызганычтан эмес болучу. Алып кеткендерин кээси жоготуп же бербей коюшчу. Ошентип, өзү зарылганда таппай калып, өкүнө турган. Ушундан улам жалкты окшойт. Анын үстүнө «эртеңки күнү балдарым ошол керектүү нерселерге зар болуп калбасын, издеп убара тартпасын» деген ойдо жүргөнүн сезчүмүн. Кээде «ушул адамдар керектүү буюмдарды өздөрү эмне үчүн сатып алышпайт, баары бир ошол буюмду өздөрү пайдаланышат ко» деп ойлочумун.

Атам адатынча мага бир күнү жер төлөдөн бир нерсе алып чыгып берүүмдү буйруду. Оюмда эч нерсе жок эле бараткам, жер төлөнүн эшигин ачаарым менен бутумдун астында жаткан жыланга көзүм урунду, эмне кылышты билбей, селейип каттым. Себеби, бул жылан атам өлтүргөн жыландардан эч айырмасы жок эле. Денем дүркүрөй түштү. Адаттагыдай: «Ата, жылан!» деп бакырсам, бул түрү сууктун качып кетиши турган сөз. Ал эми жер төлөнүн ичи темирге толгон жашиктер, бул алардын кайсы тешигине кире качат, анан таап көр. Ушуларды ойлоп жерден таш алганга үлгүрдүм, жылан ары, жер төлөнүн ич жагын карап жатканы үчүн мени байкаган жок. Колумдагы ташты атам отурган жакка аттым. Атам чочуп, эки жагын элеңдей карады, анан мени көргөндө гана «акырын, бери келиңиз, жылан, дегендей белги бердим. Атам акырын келип, жашикте жаткан бир оор темирди ала коюп, жыланды бел талаштыра чаап калды, ийрелеңдеген жылан качууга аракет кылганда, атам аны кармап алып чыгып кетти.

Ошол бойдон аны эмне кылды, кантип өлтүрүп, кай жерген көмгөнүн көргөнүм жок, бул эми мен үчүн эч кандай кызыгы жок болуп калган.

Жашообуз өз нугунда өтүп жатты. Жаз келип, мал-жандын баарын жайлоого айдаганбыз. Колубузда бир гана саан мал менен торпогу кала турган. Колуңда мал-жан болсо жакшы, кээде акча керек болуп, зарылып турган убакта эч кимден акча таппайсың, өзүңдө жок ааламда жок деп да бекеринен айтылбаган. Андай кезде бир койду базарга алып барып сата койсоң, акчаң боло калат. Ошондон улам атам мал-жанды көп кармачу.

Түш маалы болуп калганда уй менен торпокко челекке суу алып барып берүүмдү айтты атам. Сарайга кирерим менен торпоктун маңдайында жылан жатканын көрдүм. Бир кызык жери: үйдөнбү, сарайданбы, айтор кай жерден чыкканы белгисиз, бул жыландар бир гана менин жана атамдын көзүнө көрүнчү. Мунун себеби эмнеде экенине башым жете берчү эмес. Бирок бул жолу атамды чакырууга эч кандай мүмкүнчүлүк жок эле. Жылан мени көрөрү менен качып, жерде жаткан торпоктун алдына жакындай берди. Ошол убакта кулагыма чап деген катуу чыңырык угулду. Эмне болуп кеткенин билбейм, өзүмө келсем жыландын башы канга боёлуп, бут астымда жатат. Көрсө, мал аркандай турган казыкты каккан чоң балка менен жыланды башка чапкан экемин. Балканы кайдан, качан көтөрүп алганым такыр эсимде жок, ошол окуядагы колумда пайда болгон балканын сырын ушул күнгө чейин билбей келем.

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз