Кундуз Суранбаева: Толгоонун бир күнү

  • 22.04.2021
  • 6295

АҢГЕМЕ

Кычыраган кыштын кап ортосу. Калың жааган кардан кийин күн чакчайып тийгени менен, чилденин ызгаары бети-башыңды тызылдатып жиберет. Айлана аппак болуп, көп карасаң көзүң карыгат.

Булактуу коктунун тескей бети жыш арча, кайың, шилби, долоно, табылгы, четинге толуп токой болуп көрүнсө, күңгөй бетинде бирин-серин арчадан башка эчтеке жок. Жадагалса кар турбайт. Күн тиери менен бир короо кой жайылып, көп туяктын алдында бат эле эрип жок болот. Күздөн калган шыраалжындын, шыбактын куурайын тээп оттогон койлор түш оой кашарды көздөй чууруп жөнөшөт. Кой келгенде кашардын алды маараган койлордун үнүнө толуп, азан-казан түшүп, кечки тиргилик башталат.

Кыш күнүнүн кыскалыгын айт, күндүн мурду жерге тийгенден үй тиргилигинен эми бошогон аял, тыбыт жоолугун оронуп, челкейген ичин араң жапкан чапанын кийип, үйдө калган малды караганы чыкты. Кечээтен бери табарсыгы тартышып, бели түшө калып, толгоосу башталгандай. Бирин-серин ылаңдаган кой-козуга чөп салып болуп, желини чарадай чытыраган уйдун желинин карап: "Атасы айткандай дагы бир-эки жума бар экен" деди ичинен.

Катар-катар тизилген ноолордун башында чоң кара бочка турат. Жайында тынбай суу ташыган машина келип суу толтурат ага. Кышындасы бир айда бир  келип кетет. Аял бочкага тепкич аркылуу чыгып барып оозун ачты. "Тоңуп калган турбайбы, атасы келип балта менен чапкылап тешпесе болбойт эми" деп күбүрөндү. Үйдө калган малга суу бербесе да болбойт. Кош челекти көтөрүп чыгып, бети катый баштаган ак кардан чөмүчтөп салып кирди да, мештин үстүнө койду, көңдөн салып отту улуу жакты. Жаны жер тарткансыйт.

Үйдү үч көтөрүп ойногон кыздарын карап, жылмайып алды. Эки кичине кызы эчтеке түшүнө элек 3-6 жаштар чамасында. Аялга элгенчи болуп аны-мунуга жумшай турган чоңураагы 13 жашта, ай-күнүнө жетип калгандыктан аны интернаттан суранып алып келишкен. Андан улуурак үч уулу район борборундагы мектеп-интернатта окушат.

Балдарын сагынды. Каникулга кечээ жакында келип кетишсе да сагынат. Меш үстүндөгү челектеги кар эрип түбүнө түштү. Эки-үч чөмүч араң чыгат. Эки челегин көтөрүп кайра сыртка чыкты. Эми ал карга эмес, кашардын артына жөнөдү. Узунунан келген кенен кашардын үстүндөгү шыйпырдан эриген кардын суусу жерге, жерге жетип-жетпей тоңо берип, үстү-үстүнө кар эрип топтолуп отуруп, узундугу кулачтай, жоондугу билектей муздар, так эле сыналгыдан көрсөткөн Кремлдин алдындагы солдаттардай тизилишет. Аял бирден сындырып алып, челектин кырына чаап бөлүп-бөлүп салып кирди. Ичи кайрадан толгой баштады. Бир саамга отура калды да, басаңдаганда челегин көтөрүп жөнөдү.

Кыштын күнү суунун азабы өтөт ушинтип. Жазында кокту башындагы булак суусуна, эриген мөңгүнүн суусу кошулуп отуруп, кашарга жетпесе да орто жолго жетип, малды айдап барып сугарып алышат. Азаптын баары суук түшкөндө башталат. Булак суусу тартылып, чилдеде бочкадагы суу дагы тоңуп, анан ушинтип кар, муз эритип малга суу берип, кир-когун жууп алат.

Күйөөсү койлорун жайып коюп, түш мезгилинде келет. Атка эки филягды артып алып, булак көзүнөн тамак-ашка суу алып келет. Бутундагы өтүктүн ичиндеги ным тарткан пайтоону алмаштырат да, короо-жайын тазалаганы чыгат. Тоңуп калган бочкадагы музду жарып, ичинен темир илгич менен суу алып ноолорго куят. Жазга маал арыкчылыкта чөп түгөнүп, туут мезгилинде койлор арыктабасын деп чөптү үнөмдөп, бир убак ноолорго чубуртуп жем салат. Жеми да түгөнүптүр, жемкананын бурчунда калган акыркы жемди чогултуп салып берди. Жем түгөндү деп айттырганына көп болду. Совхоздон дайын жок. Атын минип үйдү карай чууруган коюн түгөлдөгөнү кетти. Күндө ушул.

Күн төбөдөн ылдыйлаганда айыл жактан татыраган трактордун үнү угулду. Көптөн бери айылдан каттаган трактор эмес, атчан адам бастырып келе бербеген кыштоого жаңылык болду. Үйдөн чыккан аял ылдыйкы жолду карап калды. Тестиер кызды ээрчип чыккан эки бөбөгү кошулуп алакан чаап, жадагалса тандырдын алдынан чыкпаган карыган дөбөт да башын чыгарып, "Ав-ав" деп кыска үрүп алды. Кар басып калган жол нугун таап, татыраган унаа көптөн бери уйкуда жаткан тыптынч теребелди ойготуп, оо бир топто келди кашарга. Малга жем ташыган трактор экен.

Жемин түшүрүп болуп, аял сунган бозону дем албай бир көтөрүп ичип, артынан "гарт" кекирип:

- Абам качан келет эми, - деди.

- Койлор ылдыйлап калыптыр, келип калат. Күтө тур, - деди аял.

Ичи кайрадан ооруй баштады. Эрдин тиштеп үйгө кирди. Мештин жанына жер төшөктү жая салып, жата кетти. Бели да түшө калат тимеле. Бүлк-бүлк этип ичин тепкилеген түйүлдүк, убак-сааты жеткенин туйгандай жаны тынбайт. Мештин табы менен үргүлөп кетти.

Уктатпады. Көзүн жумуп, ичин тыңшап жатты. Эсине он баланын ар биринин толгоосу келди. Бирин жайлоодо эле, кемпир-кесектин жардамы менен бакан кучактап отуруп төрөгөн. Бирин кыштоодо, бирин айылда, бирин райондо, айтор, жашыраак мезгилинде катар-катар төрөп, апасыныкында кырк күн эмес бир апта турбай, чүрпөсүн чүргөп алып үйүнө келчү. Жашы элүүгө жакындаганда толгоосу да ачуурак, өзү да коркуп турат.

Фрунзедеги студент кош каат кызын ойлоду. "Ай-күнү жакындап калды, жараткан өзүң түйгөн түйүндү өзүң чече көр". Райондун эң алыскы, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги, жайында да ак кар, көк музу кетпеген мөңгүнүн түбүндөгү айылдагы экинчи кызын ойлоду. "Жаңы эле бошонду эле, кантип жатат экен?" Армиядагы уулун ойлоду.

Ичинин ооруганы күчөй баштады. Ою бузулду. Сырттан маараган койлордун, бакылдап сүйлөгөн эркектердин үнү угулат. Күйөөсү келди окшойт.

- Гүкүн, атаңды чакырчы, - деди алсыз.

Боз топусун кие коюп кызы жүгүрүп чыгып кетти. Далистен тарпылдаган өтүктүн дабышы угулганча эле  күйөөсү кирип келди.

- Эмне болду? Башталдыбы?

- Айылга жеткирет окшойсуң, каралашаар эч ким жок бул жерде...

Сөзүнүн аягына чыгарбай күйөөсү:

- Бол кийин, кудай жалгап трактордун келип калганын айтсаң. Салып жиберем. Төрөт үйүнө жеткирип коёт,- деди.

Араң козголуп ордунан турган аял, тыбыт жоолугун оронуп, чапанын үстүнө араң кийип, балага даярдап койгон түйүнчөгүн көтөрүп үйдөн чыкты.

- Кап, атаңгөрү, айылга чейин 12-13 чакырым жол. Кантээр экенсиң эми? - күйөөсү кабатыр болуп турду. Тракторист бала экөө жөлөп-таяп кабинага отургузушту.

Күндүн акыркы нурларын ээрчий, татыраган трактордун үнү айлананы жаңыртып, көк түтүнүн бургуйлатып жолго чыкты. Күн кечтеген сайын суук күчөп, сөөктөн өтүп чучукка жетет. Бир аздан кийин бороон башталса, жолдун баарын күрткү басат.

Жанараак өзү келгендеги жалгыз трактордун изине салып, күүгүм кирип кеткиче ылдыйлап кетүүгө ашыккан тракторист болушунча дарылдатып айдады.

Аял толгоосу күчөгөн сайын эрдин кырча тиштеп, ичинин ооруганына, отуз омурткасы ажырап бараткандай бели үзүлүп түшө калганына чыдабай жан-алакетте. Боортоктоп жерге жата калгысы келип, жаны барган сайын жер тартып, тер чыбырчыктаган маңдайын жең учу менен сүртүп, сырткы жоолугун мойнуна түшүрдү. Көкүрөгү кичине ачылып, эс ала түштү. Кайрадан сыздаткан оору башталды. Алапайын таппай баратып ичинен күйөөсүнө жини келди. Туталанды. Көр тирликти жемеледи.

Күйөөсү айылдагы мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, жайлуу үйүн, жылуу-жумшак ордун таштап, бир күнү эле "чабан болом" деп бир короо кой алып, ушул айылдан алыс коктунун ичиндеги кашарга келип жайгашып калышкан. Кошуна-колоң деген жакын жерде жок. Бир чакырым аралыкта башка чабандын кашары бар.

Ичи катуулаган сайын, бөтөн эркектин көзүнчө үнүн чыгара албай, эрдин кесе тиштеп, ичинен уңулдап баратты. Жол ансайын арбыбай, демейде аш бышым убакытта ат менен жетип барчу айыл ыраактап кеткендей жер жутуп.

Кыбыраган кыр ашат болуп, күүгүм талаш айылга жетип келишти. Айылдын кире беришиндеги, жол боюндагы төрөтканага араң жетти.

Толгоосу бышып, отуз омурткасы жибип, төрөй турган убак-сааты жетип калган экен. Колу жеңил Соно акушердин колунан бат эле төрөп алды.

Эки күндүк оорусу, бир сааттык жолдогу толгоонун азабы заматта унутулуп, жарыкка келген кызынын ыңаалаган үнүнө магдырап баратты.

-Уктаба, - деди акушер аял.

- Жок, уктабайм.

Жаны жай ала түшүп, оюна күйөөсү келди. "Кантет экен эми? Үч-төрт күн жатып калсам, бир малга, бир үйгө чуркап кыйналат ко, кургурум. Нандары түгөнүп калбагай эле. Тамакты Гүкүнүм жасап турса. Саарлап бала неме уктап калып,  атасы койго ачкарын кетпесе экен. Ии, тоокторго унутпай жем чачып тур дебегеними карачы. Сиңдилериңи сыртка көп чыгарба, өпкөсү шамалдайт дедим эле, унутуп калбаса экен".

Жана эле айылда калган жайлуу турмушун эңсеп, тоодогу тиргилигин жектеп бараткан аял, эми батырак эле кызын кучактап тоо койнундагы, булактуу коктудагы үйүн самап, кеткиси келди. Ой-санаасынан күйөөсү тарткан мүшкүлдүү турмуш кетпей, үй-бүлөсүнөн эки көзү төрт...

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз