Конкурска: «Поджарка» же чочко жеген кыргыздын икаясы (№4)

МИНИЭТЮД

Студенттик кез.  Бирде ачка, бирде ток...  Ошого деле кайылбыз.  Махабат айдыңына эрте киришип, биринчи курсту бүтөрүм менен эле үйлөнүп алгам.  Эрте үйлөнсөң, эрте кагылат экенсиң...  

Келинчегим экөөбүз кол кармашып жүрүп, он үч батирде көчүп жашадык.  Көпчүлүк кожоюндар орус тукумундагылар.  Турмуш экен, алардын салт-санаасын, көр пенделик турмушун толук өздөштүрдүм.  Эки-үч кожоюнду акыркы сапарга узатканга да жетишип калдым.  Төкөлдөштө Литовская деген көчөдө турам.  Кожоюнум тётя Капа деген байбиче.  Тынч.  Көп чатагы жок.  Кээде пирожкилерин көтөрүп келет.  Студент экенбизди аяйт окшобойбу.  Абышкасы дядя Толя мага ынак.  Жумуштан келерим менен баш багат.  Кол бош боло калса эле шахмат ойнойбуз.  Кээде чочугансып самогондон сеп этмейибиз да бар.  Жакшы киши эле, ыраматылык.  Жанаттан жай берсин.  Ак көңүл.  Кишиге жамандыгы жок дядя Толябыз бир күнү кете берди.  Кошуна-колоң, бир топ орус чогулду.  Кыргыздан жалгыз мен.  Жумуштан суранып алгам.  Директор жок экен, анын орус басары М. А. Шевчук менин кебетемди көрүп, боору ачыдыбы же каны тарттыбы, айтор бир эмес үч күнгө уруксат берди.  Тажыясына тикемен тик турдум.  Дядя Толяны өмүрү кийбеген кара костюм кийгизишип, ардактап кызыл тыштуу табытка жаткырып коюшту.  Акыры көмдүк.  Орустардыкы эмне, бизчилеп чабылып-чачылбайт.  Бодо соймой, кой соймой деген жок.  Куда-сөөк, тууган-туушкан таарынат деген сөздү да билишбейт.  

Эки чоң мискей борщ кайнатышты.  Мейиз кошкон күрүч, анан куймак.  Стол толо туздалган бадыраң.  Ии, баса, тооктор да бар.  Анан сомодой-сомодой болгон шишедеги самогондор.  Аларың бизчилеп алакан жайбайт.  Болгон сөзү: “Помянем!. . ” Бүттү.  Ошентип коюп эле самогонду шыпкай беришет.  Мен да алардан калбай шыпкап жаткам.  Бир кезде кезек мага келди.  Дядя Толя көзүмө элестеп, жашып кеттим.  Өмүрү орусча эки-үч сөздү кура албаган жаным дядя Толяны эскерип он минут сүйлөгөн экемин, көздөрүнө жаш албаган киши калбады.  Ошентип, кожойкебиз жалгыз калды.  Уул-кыздары бар.  Борбордо турушат.  Кээде келип-кетишкени болбосо, көбүнчө жолошпойт.  Кемпир тың.  

Ончакты тоогу менен бир кызыл корозу, бир күрпөң мышыгы, мурду кызыл чочколору бар.  Пенсиясына тыгын болсун дейби, самогон кайнатат.  Анысы өтөбү же өтпөйбү, башы оорубайт.  Болгонун кошуналарга пулдап жиберет.  Студенттик кезде үйгө түнөбөйсүң.  Бир жакка бардыкпы, жайлуу жер болсо конуп калабыз. Үйдө жок болсок, кемпирибиздин тынчы кетет.  Жалгысырайт окшобойбу.  Телевизору деле бар.  Бир күнү келинчегим Быстровкага кетти төркүнүнө.  Кезектеги гумжардамдын маселесин чечкени.  Чийкисин чийкилей, бышыгын бышык бойдон алабыз.  Баш тартуу дегенбизде түшүнүк жок.  Биз барабыз же берип жиберишет.  Адатымча телевизордон футбол көрүп жатып, көзүм илинип кетиптир.  Эшик тарсылдайт:

- Сашка, открой дверь? Ты мне нужен.

- Что случилось?

- Надо зарезать свинью.  Дедушку будем поминать! Уже два года прошло...  

Калган сөздөрүн уйку-соонун ортосунда түшүнбөй калдым.  Эшикке чыксам тётя Капа сабы кара билектей шамшарын камдап коюптур.  Кебетеси тири укмуш.  Курчун айт.

- Сашка, ты же баран резал, наверно много раз.  Давай свинью режь... - деп колума баягы кара саптуу бычагын карматты.  Жаш кезим.  Каруу бар.  Шашпай мегилжин турган короого секирип түштүм.  Бир колумда кара саптуу чоң бычак-шамшар.  Кудай мындай урбаспы, түшөрүм менен эле чочко чыңырып кирди.  Мени карап коёт.  Кейпи да тири укмуш.  Эки таноосу дердейген кызгылт мурдун чулгуп алды да, качырып сала берди.  Жан чиркин, таттуулугун айтпа.  Кандай кирсем, ошондой секирип, короодон чыга качтым.  Тётя Капа болсо камаарабай, кайра күлүп коёт.

- Не бойся, Сашка! Ты справишься! Давай.  Прыгай! Ну! Ты же, жигит!...  Кемпир мени ар кайсы сөздү айтып кубаттап жүрөт.  Не кыларымды билбейм.  Өмүрү чочко союп көргөн эмесмин.  Сойгонду билбейм деп айтуудан намыстандым.  Не кылсам?! Акыры айлам кеткенде кемпирден самогон сурадым.  Тётя Капа балыктын майы куюлган чоң бөтөлкөдөн сызылтып бир литр самогон куюп алды.  

- Пей, Сашка!

Сашкаң карап турабы, кырлуу стакан толору менен тартып жибердим.  Ичим ысый эле түштү.  Оң колумда кара чоң бычак.  Короого кирип, мегилжинди мээлеп бастым.  Чочко дегениң таза кудай урган неме болот экен.  Кулак тундура чыңырып, мени көздөй жөнөдү.  Өтө деле чоң эмес чочко корккондуктанбы, көзүмө опол тоодой каман көрүнөт.  Таноолору дердейген.  Мурду тири укмуш.  Көздөрүчү...  Кулактары бир ачылат, бир жабылат.  Ал бышкырганда көзүң жамандыкты көрбөсүн, жер астын-үстүн болгондой.  Жакшы эле бойлуумун.  Алеки заматта кибиреп калдым.  Чочконун чабуулуна чыдабай, чыга качам деп кулап да түштүм.  Беттин баары ботала.  Баткак.  Эмгектеп, жөрмөлөп, тырбалаңдап жатып, кашаадан ары куладым.  Тётя Капа чочко экөөбүздүн эрөөлүбүздү көрүп күлүп жатат.  Башындагы жоолугу шыпырылып калган.  Анысына карабай, кытылдайт.  Деги басылсачы.  Күлгө чапкан көтөндөй болуп, мен турам...  

Жандын кашайганын айтпа.  Өзүн таптакыр кожоюн сездиби, чокең эрдемсип жай гана кашаанын ичинде кышылдап, ары-бери баса баштады. Андан да кез-кезде эки таноосун дердейте мени карап бышкырганычы...  Жанды кашайтып, тирмийип тиктегенин айт...  Бир чочконун эбин табалбай шылдың болгонума ардандым. Намыстандым. Акыры, баягы бөтөлкөдөгү самогонду бүт шыпырдым. Кайран гана тётя Капанын самогону. Күчүн айт.  Самаштан айланса болот.  “Колуңа береке, тётя Капа!” Дене бой жибип калды. “Кош бол, Ата Журт!” Кайрадан майдан талаасына жөнөдүм. Кантсе да байыркы жоокерчил улуу кыргыз элинин тукуму эмесминби. Күрсүйгөн чочко акырындап, акырындап отуруп, алеки заматта тыпырайган торопойго айланды.  Ана, көрүп ал кызыкты.  Чыңырып качып жүрөт. Артынан бычак көтөрүп мен калбайм. Бир чай кайнам кууштук окшойт.  Кемпир күлө берип, кашаага жабышты да калды. Үнү чыкпайт. Оозу гана ачылып-жабылат.  Кээде гана оң колунун сөөмөй менен бир жерди көрсөтөт.  Түшүнсөм, кудай урсун.  Мага эмне, чочко кубаламайдын кызыгына кирип калгам.  Акыры экөөбүз тең баспай калдык.  Бир убакта чокең капталынан жыгылды. Кудай мындай бербеспи, тётя Капанын жандоосу менен такыр колтукка шамшарды басып, басып алдым.  

- Сашка, всё, всё! Уже, умер! Спокойся! – деп далыман таптаганына болбой, бышып атам.  Кыргыз канды көргөндө кызыйт ко...  Көрсө, чочколорду такыр колтукка сайып, тындым кылышат экен. Биринчи көрүшүм. Байыркы Римдеги гладиатор жолборсту жыга сайгандай көкүрөктү керип, мен турам. Оо, самогондун күчү! Боргулданып тердеп алгам...  Койчо моюнунан мууздайын десем, кемпир болбойт. Акырегинен ылдый карай төш аркылуу ичин жарыш керек экен.  Терисинин калыңдыгын айт.

- Тётя Капа! Давай наливайте. Все! – десем, байкуш кемпир калай кружка толтура самогондон дагы алып келди. Шашпай ичин жарып, каалагандай жиликтедим. Бир убакта тётя Капам:

– Саш, спасибо! Давай, я тебя поджарка сделаю? - дейт.

– А что такое поджарка? - десем, көрсө, чокенин майда тууралган этинен жасалган куурдак экен.

Аны укканда көптөн бери эт сагынган жаным жок, өзүм жасайм деп, этинен кестирип алдым. Көк-аш, калемпир-мурч, баарын кошуп куурдум. Жыты тим эле каңылжаарды жарат. Кичинекей кара казандын кап ортосунан куурдак. Ич толтура самагон. Бир күнү кечке касапчылык кылыш оңойбу. Чарчапмын. Поджаркадан чала ооз тийиерим менен оңкомон кетипмин. Көзүмдү ачсам, жерге жарык кирип, шаар жанданып калыптыр.  Баш айланат. Мээ зыңылдайт. Кулагымда чочконун чырылдаган “музыкасы”.  Мээмдин майда-майда клеткалары нейрондоруна дейре чокеңдин күүсү жаңырат... Эптеп туруп, муздак суу шимирдим. Кара казанды ачсам, бир-эки тоголонгон эт. “Туй ата! Бир казанды мастык менен жалмап салгам го? Не кылсам. Тётя Капага барсамбы?..”

Муздагыраак бир нерсе ичке кирбесе, баш сынып калмай болду. Муздаткычты карасам, бөтөлкөдө кымыз.  Сүйүнгөнүмдү айтпа.  Каалашымча шимирдим.  Кайдан келген кымыз? Акыл жетпейт. Ии, ошондо гана бирөөлөр келгенин боолголодум. Ары жак, бери жакты карайм. Эч нерсе билинбейт. Көзүм алакандай кагазга түштү. “Сапаш, келсек, уктап жатыпсың. Кыздар ойгото албай коюшту. Турганда, биздикине кел. Душанбинская көчөсү – №67. Эжең!” Эжемдин сыдыргыга тизгендей кол жазмасын көрүп, сүйүнүп кеттим.  Болору, болуптур... Түү ата, ит болгон турбаймбы?.. “Не кылсам? Кой, барайын”.  

Салып уруп, айтылган көчөгө жетип бардым.  Эжем менен жездем чай ичип отурушуптур.  Жездем ыраматылык тамашалап:

– Ии, Сапаш, баш кандай? Келсек, турбай койдуң. Дардайып жатыпсың.  Чай ичтик да, кетип калдык. Коңуругуң таш жарат. Айылдагы Бактыгулдун ДТ трактору биякта эле калат тура...

- Жезде, кечирип койгула? Кечээ бир топ болуп калыпмын. Анын үстүнө чочко союш, тирүүнүн тозогу экен. – Сөзүмдүн аягына чыканча, эжем оозуман сөздү жулуп кетти.

- Ээ, ботом, каяктагы чочко? Өзүң квартирада жашасаң... Түзүктөп айтчы? – Эжем мени суроолуу тиктеди.

- Эже, мен турган квартира орус кемпирдики. Абышкасынын жылдыгына карата байланып турган чочкосу бар эле, ошону сойгом. Эптеп, сойдум. Өлө семиз. Анан, кол кесер деп эт берген. Аны кууруп... – Кежигемди кашып, сөзүм бүтө электе эле эже мак жоолугунун учу менен оозун баса, эшикке чыга качты. Жездем болсо курсагын силкилдете күлүп жатат. Кыздар бирин-бири карап, саамга катып калышты. Анан баары жапатырмак каткырып жиберишти.  Акыры, эшиктен келген эжем :

 - Сапаш, анда эмне, биз ошо сенин кол кесериң – чочкоңун этин жедикпи?..

- Жесең, эмне экен.  Болору болду да?!. – Жездем күлсө, дене-башы кыймылдайт. – Тур, кыздардын бирин жибер. Сапаштын башын жазалы!

Бөтөлкө да ичилди. Баш калыбында.  Жездем болсо эстеген сайын:

–Сапаш, эжеңе куп гана куурдак жегиздиң! – деп санын чаап каткырат.

Көңүлүм жайдары... Телегейим тегиз эле, ошол кезде. Азыр болсо тётя Капа байбиче да унутулду... Эчак жер жазданган.  Жездем менен эжем, экөө тең жок.  Элестери гана ээрчип жүрөт...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз