Сүйүн Курманова: Чөндөлөй

  • 26.03.2024
  • 4462

АҢГЕМЕ

- Жику-у! А-ай, Жику-у, кайда кеттиң? – Колун алжапкычка аарчый, далиске чыга калган аял кыйкырып жатат, - Кайда кеттиң, ия?

Демейде “о-ов, эне!” деп келе калчу небересинен жооп болбогон соң   тепкич ылдый  шашыла  түштү. Дарбаза ачык экен. Көчөгө чыгып эки жакты карады. Көрүнбөйт. Кыздары менен ойноп калчу коңшунукуна  жетип барды. Жок. Кайда кетип калды?  Жии-куу!

“Ошол алып кеттиби?” – кылт эте калган ойдон аялдын жүрөгү шуу этип, көкүрөгү муздай түштү. Санаасы сапырылып, кайсалактап калды. “Атаны гана өлүгүңдү көрөйүн айе!” – ийнинен баскан оор жүк  шалдыратып,  дубалды таянды.

Өткөн жумада  короого чоочун жигит баш баккан. “Эже, жолоочу элек, дааратканаңарга кирип чыгайын, уруксатпы?” - дегенинен “мейлиң” деп койгон. Жайкысын  Көлгө эс алууга келгендердин далайын көргөн жаны  эчтемеден деле шек алган эмес. Алиги жигит  огородго өткүчөктү короо-жайга, үй жакка көз салып,  жуунгучка келип, шашпай кол чайкаганча жок издеп жаткансып тегерете караган. Башка жактан келгендерге бияктын жашоо турмушу кызык  көрүнүп жатса керек деп  койгон. Артынан эшикке узата чыкса... жол жээкте ойноп жаткан небересин кармап алып... бирөө сүйлөшүп жатыптыр.  Бу ким болуп кетти деп карай салып, күйөө баласын тааный койду. Ичинен дуу эткен жалын башына тээп, ушул азыр  колдон алдырып жиберчүдөй атырылып жөнөдү. Тизелеп отурган тейде  мончоктой кыздын бетинен өөп, “Мени тааныдыңбы? Мен сенин атаңмын да, эми мени өөп койчу...” деп каруусунан кармап алып эбедейи эзилип жаткан неме артынан арыштай жеткен кайын энесин байкаган да жок.

- Ай,  аны эмне кармап жатасың, ия! Кайдан келе калдың, сен!? - Тамагы буулуп калчылдаган кайненесин көргөн  жигит шарт тура калган.

- Апа, жакшысыңарбы? Мен... кызымды көрөйүн деп келгем...

- Кызың бар экенин эми эстедиңби? Сенин кызың эмес бу. Бар, көзүмө көрүнбөй жогол!  Болбосо... – Күйүккөн аял ийнинен дем алып, нары жакта токтоп турган машинени эми байкады.  Сомодой болгон  төрт-бешөө  отурат. Арасынан алиги короого кирип чыккан алибеттүү жигитти көрө коюп, титиреп кетти.

- Бар үйгө чурка, - деди небересине,- бар, Самарды чакыр!

Беш  жашар кыз олуттуу бир нерсе болуп атканын сезип  үйгө тыз койду. Кыз узап кеткенче аял ээрчий карап энтигип турду.

- Эй!  Муну мен  кантип бала кылганымды билесиңби? Өпкөсүнөн кагынып, өлүп калаарда ооруканадан чыгарып да койбой  жоголуп кетпедиң беле? Ошондо эле “мага эч кимдин кереги жок” дебедиң беле? Эми керек болуп калдыбы ия?  Мен деген... мен деген үч жыл уйку бетин көрбөй... эптеп бала кылсам эми кызым дейт бекенсиң...

- Кереги жок деген эмесмин, апа.

- Апалабай эле койчу! - Аял тигини сүйлөтпөй койду, - Ой, силер бүлөгө жок  көпкөн немелер турбайсыңарбы!  Силерге акча эле керек экен, бир тыйындын артынан өлөт экенсиңер. Бар, сага берчү кыз жок биякта. - Эриндери көгөрүп, энтиккен аял үйү жакты карады,- ана, агасы келатат, атып сала элегинде жогол. Беш жыл мурда кандай жоголсоң, так ошондой жогол!

Андан ары сүйлөшкөнгө чамасы келбей үйгө бет алды. Аттап-буттап жетип келген  баласы:

- Эмне болду? - деп сурады.

- Ой, мобулар келиптир. Адегенде чалгынчысын жиберип, үйдө ким бар экенин байкаштырып, анан  баланы уурдап кетишмек экен да! Тетигинде бирөө туалетке барам деп кирип-чыккан, мынча болбогондо бизди кашайтышмак окшойт!

Бою заңкайган, алибеттүү баласы алдында турган чепейген немени алка жакадан алып, машинени көздөй ыргыткан:

- Аман сооңордо  жок болуп кеткиле,  болбосо силерди  ушерден  грузовойго жүктөп кетишет...

Тигилер ошол замат эле качкансыган, көрсө... “Ой апа, кызыксыңар, эмнеге уурдашмак эле, уурдаса да табылбай калмак беле...” деп баласы  да камаарабай койбодубу...

Аял бет келди эле басып баратат. Кайда баратканын өзү деле билбей, айылдын чоң көчөсүнө чыгып, дүкөндөрдү кыдырып чыкты. Тааныштардын учурашканын  элес албай эмнеге минтип таң кала карап жатканын  оюна илбей, көзү жеткен жердин баарын теңтерип, небересин издеп жатат. “Ай жеңе, эмне алжапкыччан дикилдеп жүрөсүң?” деп бирөө  кармап токтоткондо гана  камыр жууруган түрү  менен элди аралап жүргөнүн байкады.

- Ой жанагы кибиректи таппай жүрөм, ушу жакка тамак-аш алганда бизди ээрчип келчү эле. Үйдө балдар да жок болчу.

- Ойноп жүрөт да балдар менен...

Аялдан кара тер кетти. “Ойноп эле жүрсө болду го. Кагылайын чөндөлөйүм, кайда кетип калдың экен?”

Кенедей кезинен алаканга салып алдейлеп келген небересин “чөндөлөй” деп эркелетчү. Кичине чоңойо түшкөндө:

- Эне, чөндөлөй деген эмне? - деп сурайт.

- Чөндөлөй деген суурдун баласы.

- А мени эмнеге чөндөлөй дейсиңер, мен силердин балаңармын да?

- Сенин  кашка тиштериң суурдун баласыныкындай  орсоюп турбайбы, ошон үчүн...

Ымыркай кезинде жанда жок ыйлаак, бакадай арык болгону менен сүйрүсүнө сүт толуп, ийрисине эт толо баштаганда минтип... көзгө бир сүйкүм, ыманы ысык, тили бал. Сайраса чоң кишилердин оозун ачырат. Акылы зирек, буйруса камчы салдырбаган,  ырыска шерик сулуу кыз болот.

“Балакетиңди алайын балапаным, сенсиз менде кандай күн болот? Оо, Кудай, өзүң колдой көр. Балам эле көзүмө көрүнсүнчү-үү!” - Көзүнө келип калган жашты зып кайра кайтарат. Жаман ойду алыс кубалаганы менен жүрөгү тыбырчылап турганы.

Эч жерде жок. “Тиги  желмогуз  алып кетти. Ошондой эле болсо шашпасын...” Тынчтанайын десе болбой  күйгөн көкүрөгү ачышып жатат.

Үйгө жетип, кайнагасына телефон чалды. Көптөн бери ыйкы-тыйкы болуп жүргөн мамилеси бу жолу эске да келген жок. “Аба, Жибекти уурдап кетиптир.”  Абасы адегенде түшүнгөн жок. Түшүнөөр замат, районго милийсага телефон чалды.  Балдарды түп көтөрүп, айылдын кирген-чыккан жолдорун тостурду. Башка жактан келген машинелердин баарын токтотуп, тинте турган болушту.

- Айылдан жакшы карадыңарбы? - деди үйгө келип.

- Баарын эле карап чыктым.

Кайын агасы эми өзү издей баштады. Эски милийса эмеспи,  көчөдө ойноп жүргөн кичне балдардан өйдө  сурап жатат. Анысы келинине жаккан жок. “Ошолор эмнени билмек эле, андан көрө тигилер узап кете электе  издетпейби”.

- Эй, сен Жибекти көргөн жоксуңбу?

Кара тоголок бала эңкилдей жооп берди:

- Алар деген дүкөнгө кетишкен.

- Качан, ким менен?

- Жанаа эле Алия, Нуку, Жибек болуп сагыз алабыз деп кетишкен.

- Кайсы дүкөнгө?

- Тее-тиги Бекиш байкенин.

Тигилер ишенээр ишенбесин билбей туруп калышты.

- Мен барып келейин, - деди аял.

- Тигине, участковый келатат, ошону менен баргыла.

Милициянын сары мотоцикли көчөнүн башындагы үйдүн алдына токтоду. Тосмо дубалга жармаштыра  салынган кичинекей дүкөнгө кирип барган аял селдейип эле туруп калды. Дүкөнчөнүн капталына урулган текчеде сербейген эки  кыз түтүктөн ширени соруп,   ортодогу  Жибектин ырдаганын угуп, дүкөнчү жаш келин жыргап  күлүп отурат. Аялдын артынан кирип келген милийса да  аларды тиктеп туруп калды.

- Ушу кыздар беле?

Капыл-тапыл кирип келгендерден кыздар да, келин да коркуп кетти.

- Ушу, - деди аял үнү кардыгып, - ай, оңбогурлар, биякта эмне кылып жүрөсүңөр ия? Силерди издеп  ит эле болбодумбу! Сен да үйүңөргө баргыла деп койбойсуң! Булар биякка эмнеге келген?

- Соода кылалы деп келишиптир, эже.

- Акчасы бар бекен?

- Бар экен, мына,- келин алдындагы текчеден кайчы менен кесилген кичинекей кагаздарды алып чыгып көрсөттү. Кагаздардын четтери кооздолуп, ортосунда,  төрт бурчунда  “1000 сом” деген жазуулары бар экен. Бири кызыл калем, бири көк калем менен тартылган “акчалардын” кээ биринде “1200 сом” деп да   жүрөт.  Аял же күлөөрүн же ыйлаарын билбеди.

- Ой эже,  булар жасалма акча жасагычтар го ия? - милийса каткырып калды.

- Сен да бала экенсиң, - деп күлдү аял, - анан алдыңбы, ушул “акчаны?”

- Ооба, эмгек кылып жасап келишиптир да. Экиден сагыз, үчтөн шоколадга жетти. Кызыңыз жакшы ырдайт турбайбы, эже. Гимнди  бүт  билет экен.

Эшикке чыгышса, милиционер телефондон районго чалып жатыптыр.

- Отургула, - деди аялга,- үйгө чейин жеткирип коёюн, алыс кетип калышкан турбайбы.

Эшиктин алдында аркы-терки басып турган кайын агасына эмне дээрин билбей кыжаалат болгон аял “үйгө кирип чай ичкиле” дегенге араң жарады.

- Атасы издеп келсе бербейт белеңер муну, же энеси карабаса, өзүңөр ооруп жүрсөңөр, бала аларга керек да, баксын өздөрү,- чай үстүндө баланын көзүнчө барк  эттире айтканы аялдын терисин  куруштурду.

- Бербей калайын, аба, буларсыз кандай жашоо болот...

Кайын агасы чыгып кеткенден кийин көңүлү карайып отуруп калган аялдын маңдайында  чүтүрөйгөн “чөндөлөй”  уйкусурап отурат.

“Мээнетиңди алайыным, арыгын карачы,- дейт аял капарсыз уктап жаткан кыздын далысынан сылап,- бир укканын илип алган зирегим, аман чоңойсоң бирдин ичинен чыгаарсың. Энесин ушунча жакшы көрдүм беле я? Эркелеттим бекен?  Аны далай эле чыбык менен чыпылдаткам  дечи.  Муну болсо... ушуну кантип урасың? Чөндөлөйүмдүн үнүн угуп, көзүн көрүп турбасам жашай албайм го...”

*     *     *

- Эне, турбайсыңарбы, абам силерди чай ичсин деп атат.

- Ооруп атпаймынбы. Сен доктур болом дебедиң беле?

- Эмнеңиз ооруп атат?

- Башым.

- Дарыңызды  апкелейинби?

- Ооба, көз айнегимди да апкелчи.

- Башыңыздын ооруганы басылып калдыбы?

- Ии. Ийне саясыңбы?

Ичке куурайды алып келип, жалбырак менен билегин сүрткүлөп, “ийне-куурай” менен акырын сайып, колун кармап, көзүн карап отурган “чөндөлөй” энеси “оой, болду, айыгып калбадымбы” демейинче ордунан жылбайт. “Мен чоңойсом  сизди такыр оорутпайм” дейт. Энеси жыргап башын ийкегилейт.

“Доктурдун үйү таза болуш керек” деп айткандан кийин  чаңдарды сүртүп, столдун үстүн иреттегенге жарап калган тетик кыз  энесинин телефону шыңгыраса кайдан болсо таап, жетип келет.

Телефон чалган кызы.  Күйөөсү менен оту күйүшпөй эки жылдан кийин  алты айлык баласын көтөрүп  келип, кыш чыгаары менен “акча табышым керек” деп Россияга  жөнөп кеткен.  Ушинтип эми кез-кезде телефондон “көрүшүп” сүйлөшүп калышат.

- Кандайсың, кызым, - дейт адегенде  чөндөлөйгө. Жети айында эмчектен чыгып, энеси айткандай “уялганынан эле чыдап баккан” кызы башын кыйшайтып, мыймыйып тим болот. - Жакшы жүрөсүңбү? Энеңдин тилин  алып жатасыңбы? Мени тааныдыңбы, мен сени төрөгөн мамаңмын да...” - дейт.

“Мама болбой жерге кир,- дейт аял ичинде,- беш жылдан бери сай-сайлап жүргөн ал эмне деген мама... Энесинин көкүрөгүн жыттап чоңойбогон бала да бала болобу...”

- Апа, силер кандайсыңар? - дейт кызы анан.

- Турабыз, баягыдай эле, - дейт аял эмелеки оюнан алыс кете албай, - Биз кантмек элек, картайып баратабыз, ден соолук жок.

- Дагы семирип кеткенсиңерби? Тынбай эле тойдо жүрсөңөр, тоюп алып эле жата берсеңер ооруйсуңар да анан!

- Көп сүйлөбөчү,  эмне биздин оокатты бирөө келип жасап берип атыптырбы? Жүрөбүз да өзүбүздү караганга шарт болбой.

- Мен деле жыргап аткан жокмун го, апа, өткөндө эле акча салбадым беле. Биякта эле акча суу болуп агып атыптырбы!

- Ой сенден ким акча сурап атат, кагылайын, мен деги акча деп айттымбы?! Отуруп алып ичип-жеп семирип атасыңар деген өзүң го? Анда сенин балаңды ким багып атыптыр? – аял ызасынан чыңалып кетет,- ай, менин канчага чыкканымды билесиңерби, ия, мендей аялдар азыр эчтеме кылбай эле отуруп калды.

- Апа, биякта силерден карыган аялдар зыңкылдап иштеп жүрүшөт.

- Балаңды өзүң  алып кетип бак, мен да ошентип зыңкылдап калайын. Оорудуңбу, карыдыңбы дебей баарын мага түртүп коюп, эриң экөөң эки жакта жаныңарды калкалап жүрөсүңөр...

Кызы кыйлага унчукпай калат. Алыста жүргөн неменин жүрөгүн ооруттум деп аялдын да жаны кейип турганы. Маңдайында болсо экөөнүн кайым айтышканынан ого бетер кичирейип, көзүн алаңдаткан чөндөлөй турат. “Кой, кызым, аман бол, Кудай кырсыктан сактасын”, - дейт да телефонду өчүрөт.

- Эне, мени эч кимге бербей эле койгулачы, - дейт  бооруна жабышкан небереси шыбырап,- Мен чоңойгондо сизди багам... Бүт баарын сатып берем...

- Эч кимге бербейм, секет болоюн, сен менин чөндөлөйүмсүң да...

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз