Гүлсүнай Маамова: Үмүт

  • 21.11.2019
  • 4454

АҢГЕМЕ

- Карма! Жиптин учун карма дейм, кысталактын баласы! Ит жатышын көр! Сел келатат, бол! – Жамгыр аралаш сакалы ылдый ызанын жашы куюлган Батыр чалдын заманасы куурулуп турду.

Капкара куюн болуп келе жаткан селдин күү-шаа үнү үрөй учурат. Анын бул турган сайга жетип келиши кеп эмес. Ал тургай селдин алааматынан чочуган кашка күлүк үркүп, зыр коюуга даяр. Үстүндөгү ээсинин тарамыштай колдору гана ооздукту карыштыра тарткандыктан, оозунан кан аралаш көбүк атып, жаны көзгө көрүнүүдө жаныбардын.

Аңгекте үстөмөнүнөн сулаган мас кыйкырыкка жооп бере албады.

- Аа-аа-а – дегенден башка аракети ордунан чыкпай, бети-башы чалчык бойдон обдулууга да кудурети келбейт анын. Аттан түшкөн чал энтеңдеп басып, ала келген арканын жерге төшөй масты оодарды да, жипти арчындай байлап тартып көрдү эле, күчү келбеди. Көкүрөгү киркиреген чал жиптин бир учун ээрдин кашына орой салып, атка бек отурда. – Чү! - деди кашка атты каттуу  теминип.

Көз ачырбай куйган жамгыр менен аралаш күү-шаадан үрккөн ат бир ынтылуу менен аңгектен мындай чыгары менен «шау-уу» деген сел сай ылдый атырылып өтө берди…

Шуу үшкүрдү Батыр чал. Жанына медер кашка атынын  жалынан сылаганча мөңкүп-туйлап агып жаткан селдин агымына аргасыз көз жиберүүдө…  Жаныбар кашка күлүктүн өктөмдүүлүгү болбогондо селге кетмек, арамы.

Жамгыр көнөктөп куюп, жердин мээсин чыгарчудай сабалайт. Туш-туштан жоргологон майда кыяндар аттын туягы баткан изге бат эле көлмөктөй, ылай суу иримдене улам көбөйүп отуруп, селге карай кошулуп жатты…

Кара басып биз кезде уулум адам болот, орусча окутамын деп ээленген чал кемпиринин безеленгенине кулак салбай, бир кезде жалгызын шаардагы мектеп-интернатка өткөрүп койгон эле. Учурунда барып-көрүп дегендей, такай кабар алчу. Классы утуру жогорулаган сайын барышы сээлдеди. Бир чети карылык, экинчиден уулунун бою өсүп, кам көрбөгүдөй болуп калган. Жайкы эс алууга келгенде орусча сүйлөп, такылдаган баласына жетине албай: «Адам болот деген ушул, буюрса өз нанын өзү таап жейт, мага окшоп караңгы бойдон калбай, көзүмдүн тирүүсүндө окуп алганы дурус», - дечү.

Бу кезде Турдубек жогорку класста окуп калган. Бир күнү кыштын кычыраган суугунда жатаканадагы балдар зериккендиктен шаарга чыкмай болуп, тарбиячыдан жооп алышкан эле.

- Күндүн суугу бул, көрбөйбүзбү? - деди Гриша аттуу классташы дүкөндүн текчесиндеги кызыл бөтөлкөгө көз ымдап.

Турдубек кыйылды:

- Койчу, тарбиячылар билип калса, шермендебиз чыгат да.

- Биз эмне кыз белек. Кечки тамак аяктаган соң барабыз да, жатып алабыз. Келгиле тыйын чогулталы.

Ошентип алгачкы жолу виного оозу тийген Турдубек демалыш сайын жолдоштору менен ичкенге жол табууга аракеттенчү. Кийин-кийин көнүп да кетишти. Кыңыр иш кырк жылда, ал кылыгы билинген соң интернаттан чыгарып жиберишкен.

Айылдагы мектепти эптеп-септеп бүтүрдү. Себеби кыргызча сүйлөй алганы менен сабактарды өздөштүрүү кыйын эле. Мына ушинтип, же орус эмес, же кыргыз эмес арасат калган Турдубек бала кезде даамын таткан ичкиликтен кол үзмөк тургай, бара-бара анын кыныгын биротоло алып, баш-оту менен кирип кетти. Ошонун кесепетинен келинчеги эки баласын жетелеп жолуна түшкөн. Батыр чал андан башкасын эстегиси келбеди…

Ботала, ылай болуп тамтыгы чыккан Турдубекти же бир өйдө кыла алсачы. Эки жагына алактап, көзүнө жан киши учурабады. Анан калса чагылган чартылдап, асман үзүлүп түшчүдөй коогада ким көрүнмөк…

Пыяз чепкени сыгып алма суу, башындагы тумагы оор тартып, кийиминин чоло жери калбай сууланып барат.

- Алып чыктыңызбы?

Жанына келген Зулайка кемпирдин бырыштуу жүзү ого бетер каттанып, башына чүмкөнгөн чапанына суу сарыга, этегин бүрө кармаган колу калчылдайт. Кантсин, эне да кошунасынан угары менен чалынын жанын койбой жөнөтүп, ага да түтпөй бутуна кончтуу галошту салганча артынан шашып жөнөгөн.

- Ии, бол! Бир жагынан таяп өңөртүш. Эл көрөлекте эптеп үйгө жеткирели. Өлүгүнөн тирүү жүргөнүнүн күйүтү жанга батты го… - Батыр чал түтөп турду. Ичинен өзүн жемелейт. Мындайын билгенде жанынан карыш чыгарбай, айыл тарбиясын бербейт беле. Ата салты, эне наркы менен иши жок айбан болуп, ичип кеткен уулуна зээни кейиди.

Эрте жазда кемпири экөө тамаркасына сабиздин уругун сээп, отоп, сугарышты. Кол күрөк менен казып, мүшөктөргө каптатып, базарга арттырмак. Келин менен кеткен неберелерге берип жибермекчи. Өзүбүздүн күнүбүз өтөр… Пенсия бар, бирин-экин мал керекке жарар… Жарытып иштебеген уулунун алименти байкуш келиндин несине жетсин… эки күндөн бери капталуу турган мүшөктөрдү көргөн Турдубек:

- Ата, Сүлүктүнүн базарындагы ларёкто иштеген таанышым бар. Өткөзүп келейинби? – деди.

- Ушу сага ишенип болобу? Тутуругуң болбосо сенде газаңда бир, канча жолу оозум күйдү сенин дастиңдан. Оңолбодуң, же жоголбодуң!

Кемпири сөзгө аралашты:

- Бер,  чал! Сен, ушинтсең бала гөр болобу. Өткөзөм десе өткөзөт да, адам болор.

- Э, балаң экөөңдүн убадаңа тоюп бүттүм.

Башын жерден көтөрө албаган Турдубек атасынын ачуусун таратмакка:

- Ичпейм ата, акыркы сөзүм, – деди. Мунусу жүзүнчү жолку убададыр.

Эртеси Турдубектин жанында бир теңгеси жок бактын түбүндө оонап жатканын эшекчен Назир айтып өттү.

…Атасына берген убадасы эсинде. Сабизди өткөрдү. Анын пулун алган. Ашканага кирип, ысык тамак ичмек болду. Ошол жерден шайтаны мойнуна минип «көп эмес, аз гана ичем» деп жүз граммдык стаканга өлчөтүп алган. Анан напсиси ойгонду. Кечке үйгө барганча тарап калат, дагы кичине…  Бир кезде таанышы Жоро учурап калды.

- Э, дос, мындай отур. Азыр… Бир бөтөлкө аракты алып келген Турдубек досун кыстайт.

- Мен аракты таштадым.

Анысы болбоду:

- Жок, таштаганың ырас болсо, мени  менен бирге ал. Андан кийин таштадым десең ынанайын.

Экөөсү алагүү болуп таксиге түшүштү да, дагы бир жерге токтошуп, Турдубектин арак таштаганын чындап жуушту. Акыры өзүн билбей калган масты үйүнө жеткиргенден айбыгып, жолго түшүрүп коюшкан…

Мына, адамда лабиз болуш керек. Лабизи жок Турдубек чал-кемпирге убадасын берип, он күнчө дагы ичпей жүрдү. Бүгүн ун апкелем деп кечээ кеткен бойдон аңгектен чыга албай калыптыр…

Чал-кемпир эптеп сүйөмөлөп, тирүү өлүктү үйгө алып кетишти. Эмки үмүт дарылоочу жайга жеткирүүдө гана калган. Башка айла жок. Бир болсо ошондон  айыгат…

Үмүт… Адам баласы тирүүчүлүктө жакшылыктан үмүт үзбөй, ошол үчүн жашайт тура. Айрыкча, эне жүрөгү жалгыз уулунан үзүр көрүп, неберелерин сүйүп, карыган чагында баар тапмак эле. Ал үмүтү минтип кыйрап отурат… Азыр да бул жаанда кайдадыр басып кеткен чалы менен иши жок араккеч уулунун үстүнө үйрүлүп түшүп, суу болгон кийимдерин тарткылай, бир ууртам чай ичсе эсине келер деген үмүттө…

Сыртта жамгыр күчөп, дөңсөөдөгү эскилиги жеткен үйдү жууп кетчүдөй ансайын сабалайт. Дөң ылдый эненин көз жашындай салаа-салаа болуп тарамдаган киргил суу агып отуруп, сайдагы селге кошулууда…

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз