Алтынай Темирова: Турмуштун ар көз ирмеми – табышмак!

  • 10.04.2020
  • 5190

ӨТКӨӨЛ ЖЫЛДАРДА

Жазмыштын – Өлүм “сулуусун”,
“ортомчулар” курусун,
кучакташып сейил  курду  шаарда...
Өңү-түсү  билинбеген,
илсе  үстүнө – көрүнбөгөн
азгырыктуу  “сарпайда”...

Жалгыз  аны  жетелешип,
жалгыз  аны  “белек”   дешип,
бир-бирине,  башкаларга  да...
“Клиенттер”– киллерлер,
жиберишти “дилердей”,
чымчым  темир...  эң  бир  керектей?!..

Тийсе  музга  окшогон,
“сүйүүсүн”  жер  козгогон  –
келди ырдап, ышкырып,
отурганы  аз  тынып –
өз  үйүндөй  сезип  бөтөн  денени!..
Жылуулугун  качырып,
жарык  күндү  жашырып,
алуу  үчүн  түбөлүккө  энчини...

Кимсиң  өзү  деги  сен?!..
Ырайымы  жок  жеткен!.
Саткыны да, шылууну да Тагдырдын...
Тумандаган көз жаштын,
коркунучтун, каргыштын... –
жек  көрүүнүн – “жамынчысын” жамынган...
Асылдыктын  бүт  баарынан  кур калган...

...Ыргалба Жазмыш “сулуусу”,
кыдырып  шаарды, көп ушу...
теңеп адам өмүрүн бир тыйынга!..
“Ортомчулар” оңбосун,
Ордосу менен  жок болсун!..
Ишенимди кайрып жашоого,
адамдарга мээрим төгүп, атоого, –
кереметин сез деп турмуштун!..
Жакшылыкты татчы ушу!..
Сыйың менен кайтчы ушу!..
Мейлиби? O‘ key?!..

ЭСИМДЕ...

Алаканым?.. Не айтты...  алаканым?!.. –
Кармап үнсүз олтурду, үн катпады...
Кайыл болду не ишке, кандай жол бу?
Кандай тагдыр болду экен тандаганы?..
Билбейм, ким ал? Аты ким? Жүзү жылуу
Жүзү ысык билгендей мени эчактан...
Бейтаанышты какпастан мен да... сырдуу...
Сурап турдум: – Не  болду? Неге мындай?..
Нурдуу  жүзү калды үнсүз, эң сабырдуу...
Көздөрү  алыс  тигилди...  теребелде,
Эски аянт. Адамдар...  чуулгандуу...
Күндөр эле,  күн  ачык турса  деле...
Не ойлоду  билбедим, нени сезди?..
Баш байлады не ишке тобокелдүү?..
Өкүнүчтөй  ал кез да өттү сестүү...
Бейтааныш эр-азамат ошол  эстүү,
Калды эсимде,  аманбы, бактылуубу?..
Болсо  экен  дүйнөсү түгөл жан бир!..

АЯЗДАГЫ БАЛАЛЫК – I

(Балалыгы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде өткөн атам – Темир уулу Эгембердиге жана анын замандаштарына арналат).

– 1 –

Аяз... аяз... аяз!..
Айланада... ааламда да...
Тагдырларда да аяз!..
Ачкачылык бууп турат көңүлдү,
ак шишикке айланууда өмүр бу!..
Ар бир баскан кадамыңды тооруган,
Ажал гана абдан карды тоюнган,
сүрдүү, суук тумшугун,
малып турат жан этине,
жаш балдардын... –
каны эрте коюлган.
Бута кылып мээлеп турат көздөрү,
бүгүн-эртең ээрчип кетчү өздөрү, –
алсыздарды...
Ажал келбей сөзгө бу:
“Тойдум!” дебей...  “масмын...”  дебей,
өлүктөргө жолдогу,
барган сайын ачылгандай арааны,
жансыздарга толтурууда тоону, түздү, талааны...
О, Улуу Көк!.. Коюнуң ач бир демге?!..
Ак кар эмес, нан күкүмүн бир аз гана жегенге,
жетимдерге себеле?!..

– 2 –

Оту күйбөй онтоп турган турмуштун...
О, канчалык оролуштум, тырмыштым...
Жашоого мен... жаракаты ашынып,
алы кетип, азып турган чымчыкмын.
Аппак, аруу балалыкка ал күндөр,
ачуу күйүт эстелигин тургуздуң.
Жаралуу эле... жандап өтүп периште,
пенде эмес, Теңир өзү кейиште...
Жетимдерин батыра албай жер жүзү,
Жер огунан тайып кетчү таризде...
Күн бөлүнүп, көрүнүшү кара-ак,
алтын нуру сынык-сынык кансырап.
Кыл көпүрөсү үзүлүп тозоктун
балалыктын ийинине асылат...
Куштай конуп, зылдай оор орношу,
тээ каякта калып куйрук-торчосу,
сүйрөлүүдө... бир көрүнүп... калбаган...
Өмүр бою көлөкөдөй арбаган,
Тагдырымдын табышмактуу олжосу...
Кызыл чогун кечип анда өмүрдүн
миң кайышып, миң айрылып сөгүлдүм.
Бир боорумдан, алыс-жакын сөөгүмдүн
бири калбай “томолой...” деп бөлүндүм.
Бу жарыкта... катуу бороон сулаткан
бир чынардын башындагы уядан
кулап түшкөн темир канат көрүндүм...
Аябастан Жазмыш колу сылаган,
бир муз болуп, бир мурч болуп сынаган,
аяз баскан жүзү ошол күндөрдүн,
баш баккансыйт урап түшкөн уяман...
Ошондогу... дале-дале... кыйналта,
өчкөн оттун табы келет бир башка...

– 3

От... От... От...
Кандай сыйкырдуу сөзсүң, берчүдөй Кут!..
Дүйнө сенсиз кандай суук!..
Кандай жут!..
Бакыт бергин бизге бир аз... –
жылуулук бер?!..
Алмустактын адамындай алгачкы,
бабалардай байыркы
табынабыз сага биз,
баары бир,
сенсиз аалам караңгы.
Жердеги – Күн!..
Жылыт бир аз адамды –
аяздагы – туш тарабы...

– 4 –

Турмуштун ар көз ирмеми – табышмак!
Ачарчылык – оор илдет жабышкак.
Көчө бойлоп жүрөт биздин балалык,
табылчудай түтүн чыккан жерден – Бак!
О, аталар!
Ок аралап жүрүп алыс жерде кең,
эрдик кылып, дарга асылып, окко учуп,
тозок отун сен билсең,
биз да билдик,
оксуз эле, мекенден
карыш чыкпай, калган жайдак силерсиз,
күйүт үзүп... –
кетти энелер муңдуу, суз;
күйүп бүткөн кара тизмек күтүүдөн... –
биз жибинен үзүлгөн бир седеппиз!..
Ажал алып кетсе эч бир себепсиз,
эртең өччү, эч бир жиксиз, керексиз...
Калганыбыз – өмүр бизди кабылдай,
тизди кайра тизмегине жаңылай,
жараттардын карты түшүп эскирчү,
жакшы күндү берсең боло, о Кудай!..

– 5 –

Жапыз үйдө
бүл-бүл жанган кара чырак сыңары,
үлдүрөөдө өмүрдүн бир бутагы,
балгын комуз кара тамга илинген,
мунжу колдо колдуроодо, сыягы...
Чертиле албай,
өксүгөнүн угалы!.. –
Тегеректеп тегиз кара жетимдер,
үмүт берген “аталыгын” туябы,
адамдык зор мээриминен чыккан бир,
пенденин бул –
сынган шагы турмуштан
күйүксө да, күрөшүп бек тырмышкан,
жетимдерди жерден терип,
бул кыштан,
кантип аман асырайм деп,
жылыткан, ар кадамы –
алп жашоону туйгузган...
Билинбеген, эң жөнөкөй адамдын –
адамдыгы –
жетимдердин ар биринин
өмүрүнө бакыт болду тушуккан!..

– 6 –

Өттү ал кышы өмүрдүн –
жүрдү үйөр,
көктөм келди артынан көктө күйөр,
байчечекей гүлүндөй балалыгым
кар астынан таажы ачты
окшоп түгөл
дүнүйөсү... –
күн жарк деп нурун чачса
узап-узап баратты суук күдөр...

Салам сага жаштык кез,
ачтым коюн
бүт дүйнөгө, алам деп билим зорун:
баары болом мен анда,
бардык кесип,
бардык кесип мен үчүн – болот оюн!..
Оттуу жаштык – ободо шам чырактай,
көкөлөдү көрүнбөс канат байлай,
опсуз түркүн кыялым ордун тапты,
өмүрдө мен бараткан эңсөөм канбай...

Көөрүгүн кызый чаап өнөрүмдүн,
узандым бир башкача сыйкырланып,
аяздан соң кол сунган жаштыгымдын
эң кымбат учурлары алга тартып,
жазылды  Жылнаамадай...
куш өмүр көчөсүндө кең асмандай,
жашоонун жолу соккон долулана,
эркин жана эрте жаздай... –
кош аяздуу балалык, кошкун анда!..

– 7 –

Түркүн мөмө өскөн бактай сыйкырдуу,
турмуш бири-бирибизге сый кылды,
бизди неге?!..
Түркүн элдин түркүн “томолойлору”,
кайгыбыз бир, бир тагдырга жолдогу
туш келиппиз...
Өмүр бизди колдоду...
Чоң турмушка аттандык биз,
болгону... –
кошкун бизден аяз жүздүү балалык,
мүлжүнгөн сөөк сымал калган ыргып,
туманда, алыс-алыс...
Бир боорумдай кеткен менден бөлүнүп... –
ак шишик баскан денеси
улам көрүнүп...

– 8 –

Күндөр күнгө өрүлүп
кыз чачындай... –
эң алгачкы сүйүүм болуп,
достук болуп,
көз алдымдан төгүлүп...
Кетти узап балалык.
Кош, кайберен жылдар жаралуу!..
Кайып учуп кеттиң бизден каралуу.
Учпасын ок!..
Ыйлабасын эч бир бала,
жалгыз калып бу жарыкта!..
Көңүл бургун адамзат бала ыйына!
Эч качан согуш ачпа, согуш ачпа!..
Ок атпа!..
Бакыт жолу жок анда!..

АЯЗДАГЫ БАЛАЛЫК – II

(90-жылдардан берки өткөөл мезгилдеги таштанды балалык).

--- 1 ---

Ак тайлак болуп ойнойт,
Адашкан аппак куюн!..
Кар жаткан калаа ага
Кароосуз калган буюм!..
Аралайт адамдарды
Айласыз көлөкөдөй.
Ар качан издейт жанды
Эң сырдуу, эң бир өгөй...

--- 2 ---

Карындан кайгы тартып,
Курсактан куугунтук жеп,
Жарыкка келген бала
Болмокпу мынча зирек?!..
Жан болду өзгөчө бир
Тагдыры карды ширеп...

--- 3 ---

Баланын дүйнөсү ал,
Алпейим, айла курган.
Буюмча керек болбой,
Чимирет турмуш улам.
Кир көчө, жолдору ынак,
Шаардын базарлары,
Күн сүрдү кайыр сурап,
Кар баскан тагдырына
Каратып адамдарды...
Ак кардай тагдырында
Ата-эне орду барбы?!..
Бар болсо кайда, кана?!..
Ак тайлак – бото көрсө,
Кайрылар күнү кайсы?!..

--- 4 ---

Көрүнбөс ата-энени,
Кареги тала издеди,
Бар беле менде деги
Чоң ата, чоң эне өзү?.. –
Дегенсийт бала көзү,
Куюнда ич дүйнөсү.
Үйүм жок неге элдей?
Жүрөмүн неге эндей?
Деп айтып ар бир күнү
Тургансыйт суроо – көзү
Кадалып адамдарга,
Кар баскан тагдырында –
Айланган ак куюнга...
Айланып ак куюнга!..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз