Махабат Алымбекова: Бөлмө

  • 11.04.2020
  • 5742

АҢГЕМЕ

Бөлмө күңгөй бетте болчу.  Терезеси жол жээгин гана эмес, бүтүндөй бир аймакты үстүнөн карап, кыбыр эткендин баарын көз элегинен өткөрүп тураар эле. Анан бул бөлмөнүн жарыгы чакчайып түнү бою өчпөйт негедир. Күндүз го анча билинбейт, бирок караңгы киргенден баштап тээ өйдөдө жарыгын чачкан терезе түндүн кайсы оокумунда өчөрүн бул аймактагылардын бири да билип, көрбөгөн. А түгүл жарыктын өзү да чарчап кетчү, өтө көп убакыт бөлмөнү чакчая тиктегенден. Бир гана мобул ээси...  Чарчабайт. Жарык барбы, ал түнү бою, кээде ээси унутуп койгондо күндүз кечке жанып тургандан чарчап атабы...  Элес алып да койбойт. Бөлмө да таң калчу ээсине, кээ бир күндөрү ушунчалык мизилдете жыйналып, чаңдары сүртүлүп, терезелери кенен ачылып, өзүнчө эле сергип калат! Андайда ээси да өзүнчө көңүлдүү жүргөн болот, кыңылдап кайсы бир ырдын обонун созуп. Кыймылы шайдоот, өзү жайдары тартып кетет.

А кээдечи... Кудай бетин салбасын! Бир нече күн каралбай калган бөлмөнүн ичи керексиз буюмдарга толуп чыгат... Охо, эмнелер гана жок...  Китептер так ортодо додо болуп үйүлүп, ал аз келгенсип кийим-кечелер менен саат, атыр сыяктуу майда бараттардын түрлөрү аралашып, анан ага таптакыр коошпогон кофенин, кымбат тамекилердин кутучалары, сапырылган барактар, калемсап...  Түү!.. Жүзү курусун!!! Ичи будуң-чаң түшүп сапырылган бөлмө ээсине ушунчалык нааразы болуп, баягы жаркыраган кейпи өчүп, кунарсыз бир кейипке келип турчу... 

... Ээси болсо бул күндөрү иштен келери менен колундагы сумкасын туш келди жерге таштап салып, ар кай жерде чачылган кийимдерине бир ирет көз чаптырып коёт да, колуна тийгенин алып кийип алат...  Ой тобоо... Бөлмө болсо ичиндеги бир укмуш иретсиздик, чачылуудан кыйналып, онтоп жатпайбы... Сезсе боло ээси! Сезмек турсун карап да койбой, күнү бою керебетин жалгыз ээлеп, соолуп жата берет жансыз немедей.

Бөлмө ушул күндөрдүн тез эле өтүп кетишин каалайт, качандыр ээси баштапкы калыбына келип, бөлмөгө көңүл бурарын да билет. Жарык да ошону тилейт, анткени анын да шору...   Күнү-түнү  чакчая күйөт мындайда, тек гана ээси анын бар экенин унутуп калат окшойт.

... Бир күн келди! Ээси ушунчалык шашкан эмес, ал күнү иштен келери менен шашып кайра чыгып кетти да, бир аздан соң бөлмөгө буркураган тамактын жыты урду. ... Демек ага тамак керек болгон экен дегиче болбой адатынча баягы обонун ичтен кайрый бөлмөгө кайрылып кирди да, терезелерин кең ачып салып, болуп көрбөгөндөй шайдооттук менен бөлмөнү жыйнап кирди. Жыйнаганда да ушунчалык мизилдетти!.. Эгерде бөлмөнүн көзү болгондо жаш айлана түшмөк ыраазычылыгынан. Анан каз-катар тизилген атырлардын улам бирин жыттап көрүп атты, соңунда жаңы эле иреттелип, илинип турган кийимдеринин улам бирин баам сала, жаңы көргөнсүп карап чыгып, кайра ордуна коюп атты. Ал күнү жарык да эрте өчтү. Ушул түнү бөлмөнүн, жарыктын жана ээсинин бир укмуштай ыракаттуу,  бейпил түнү болду.

Эртеси эртең менен  эшикти бекем жаап коюп ээси кетти, артынан жагымдуу буруксуган  жыты гана калды. Бөлмө ичи таптаза, чоң терезеден тийген күн нуру тегиз тарап, баары мемирейт... Ушул жолу жарык гана сагынып атты ээсин, жок, тактап айтканда караңгы түндөрдө жаркырап күйүүнү эңседи.

Анан ээси келген күн болду. Эч нерсеге көңүл буруп, баам салган да жок негедир. Кайдыгер гана баарын өз ордуна жайгаштырды да, эч нерсеге тийбестен жөн гана тыптынч отура берди көпкө дейре. Терезе ушул жолу аябай сүйүндү, ээсине кереги тийип турганына... А шыптагы жарык канча күтсө да бул түнү ээси аны эстеп жандырган жок. Ээсине азыр керебети анан терезеге чукул коюлган креслосу эле керек окшойт... 

Бөлмөгө ичиндеги жашоо токтоп калгансып сезилди ушул күндөрү. Ээси иштен келери менен кудум жарыктан качкан немедей, терезелеринин пардасын караңгылатып, телефонду үзүп коюп, чүмкөнүп жатып алат. Кийинчерек баягы көнүмүш болгон иретсиз, будуң-чаң жашоосуна түшүп кетти. Бөлмөдө дагы да баягы түркүн-түс буюмдар аралашып, үйүлүп жатты көп күн бою. Жарык да чарчады күнү-түнү чакчайгандан, ичи сапырылган бөлмөнүн кунары качты. А сыртта болсо жаз жыттана баштаган... Жаз. Ошондо гана ээси бөлмөнү эстей койгонсуду. Күнү-түнү жаагы тынбаган телефондогу сүйлөшүүлөрүнөн кийин кайдыгер кыймылдап, бөлмөсүн жыйнай баштады. Адатынча терезелери кенен ачылды. Бирок бул жолу ээси бөлмөнү башкачараак иретке келтиргенин сезишти жарык экөө тең, буга чейин бөлмөгө толуп кеткен  кызыктуу, асем буюмдар, кийимдер, кээде окулса, көпчүлүк учурда окулбай додо болуп үйүлүп жатчу китептердин бир тобу бөлмөдөн чыгарылып, кайдадыр жоголду... 

Кийинки күндөрү алар экөө болушту. Анан экөө бөлмө ичиндеги буюмдарды, чоң керебетти, кийим, китептер коюлуучу гардероб, шкафтарды ары-бери жылдырып, ордун которуштуруп атышты. А наркы күнү такыр эле башка иш башталды. Бөлмө ичиндеги бардык буюмдарды жанаша жайгашкан, бирок терезесинен күн эмес эле чексиз талаалар, тээ алыста мунарыктаган тоолор көрүнгөн бөлмөгө ташый башташты. Акыр аягында бөлмөдө бир гана жерде жаткан килем, анан терезе түбүндөгү кресло калды. Ээси бөлмөнү тыкыйта жыйнап, жарыгын өчүрдү да, эшигин сыртынан бекем жаап койду.

... Бөлмө алгач жаны жай ала түштү эле ушунчалык тазаргандан, ичиндеги боштуктан дагы. Керемет!.. Өмүрүндө мынчалык эс алып көргөн эмес эле да...  Күндүз  күн жамынган, түнкүсүн ай жамынган мемиреген тынчтыкта бейпил күндөр өтүп атты. Анткен менен көп узабай эле жарыкты сагынганын туйду, андан соң ээсин сагынды, а түгүл күттү, эшикти ачып кирип келип, терезесин ойлуу тиктеп, креслосунда чылым тартып отурушун самап...  Бул бир оңбогондой кусалуу, күндүз мелтиреген, түнкүсүн жарыгы күйбөгөн күндөр болуп атты, ушул бойдон эми эч качан чачылбасын жана жыйналбасын да түшүндү... 

Ээси болсо бөлмөгө келүүгө чолосу деле жоктой, сыягы тиги бөлмө күңгөй бетте болбосо деле, күңүрт болсо деле  абдан жайлуу болгон окшойт ээсине, анан да ал бөлмөсүнүн буга окшоп иретсиз чачылган күндөрү болбосо керек сыягы...  Бөлмө...  Бул ушундай бөлмө эле!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз