Абдыкерим Муратов: Кисабирлар (№31)

Үчөө Оштун базар этегиндеги Шейит-Дөбө аталган мааледеги жалдап жашаган батирине күндө мааси-галош базарын аралап өтөт. Ошогобу, маасипуруштар буларды карап да койбойт. Базар четинде дүкөн-устаканалар бар. Качан көрсөң куду атамзамандагыдай көмүр жагып, темирлерди отко эритип алып, көөрүк менен алпурушуп, аташкөрөк, балта, теше, чаңгак, базган, абдесте, шушаң, кумган, бешилик, күрөк, кетмен – деги койчу, оштуктардын тирилигин кыбырытап турган буюмдарды жасап атканы жасап аткан.

Бул темир усталардын кимдин ары өткөнү, кимдин бери өткөнү менен дале иши жок. Балдар эле аларды кызыгып карап баратып, алдыларынан үч баласын ээрчитип, төртүнчүсүн чапанын түрүп салып ошого кенгуручасынан отургузуп алган лөлү аялдын алдынан чыкты. Үчөө лөлүнүн жанына атайын барып, колуна бир сом карматты эле, данектей чоң кара кызы колундагы эски темир идиштеги адырашманды үйлөп-үйлөп түтөтүп, балдарды ысырыктап койду.

— Биссимила! Биссимила! Даражаңыз балант болот экен! Эл алган киши болот экенсиз! Пал көрөлү?! Алаканды бериң?! – Дулдуйган лөлү катын балдарга имериле берди.

— Болду! Болду! – деп балдардын бою чоңу Жаныш түтүнгө ууккандай колу менен мурдун калкалай калды.

— Мага дагы! Дагы үйлө! – Байыш лөлү кыздын колундагы ысырыкка жакындап, ырахаттана мурдун дердейтти.

Үчүнчү бала – Чолпонбай. Ал буларга жаңы эле кошулган. Өзүнүн боюна тең узун бырыш баскан коон кармап тургандыктан, анысын бир искеп алып, жерге коё коюп, тырышкан муундарын жазып, колдорун канаттай каршы-терши кылып серпип-серпип жиберди.

Бүгүн булар жолдуу. Мырза-Чөлдөн чоң машина менен узун-узун коондор келип, үчөөлөп эт бышымга жетпей түшүрүп, коон алып келген киши да, коонду сатып алган киши да март экен, пулун жакшы берди, пул эле эмес, дыйканмын деген жыззактык киши башында эле коондорунун арасынан тандап, жыттап-жыттап туруп, өз пешене теримдики деп баладай чоңун Чолпонбайга карматкан. Ошол коонду кармап келатканы да ошондон.

Мааси-галош базардан узун, тар тепкичтер менен жогору көтөрүлүп атканда алдынан түшүп келе жаткан кишилерге кыңкайып жол бошотуп, батирине кирип барганда атайын батирчилерге ылайыктап салынган бир бөлмөлүү сегиз үжүрөлөрдүн айрымдарынын эшиги ачык экен.

— Эй, коонго келгиле!? – Жаныш ортолуктагы эски сөрүдөгү таар шалчанын үстүнө коонду коюп, айланта жайгашкан батирчилерге угуза кыйкырды.

Биринчи жолу даяр эле турганбы, оозунан арактын жыты кетпеген дуңгул кара, шыргыйдай узун байке чыкты. Аты – Өмүр. Коонду карап туруп:

— Ушул элеби? – деди да, нааразы болгондой келген жагына кете берди.

Экинчи чыккан кошуна ичпегени менен бети-башынан май тамган неме, эртеден кечке окшош эле иштери бар: жатат, уктайт, турат, тамак жейт, аялын чыңыртып урат. Аты – Бактыбай. Анан кээде бир нече күнгө жоголуп да кетет. Кээде кумарчыдай түндөп келбей калат да, балдар ишке баратканда көздөрүн кызартып келе жаткан болот.

— Келгиле! Оомийин! Кудай жолуна кудайы! – Бактыбай келип эле ушинтип кой союп аткансып Байыштын колундагы бычагын жулуп алып, коондун эки башынан консерва жапкан калайдай жука тилим тилип, таштанды чакага ыргытты эле чөлдүн ысыгына бышкан коондун жыты андан бетер бурулдап, шилекейди агызды.

Улам ортого келгендер көбөйгөн сайын Бактыбай аларга бирден тилим тилип коонду карматып, жалдырып карап турган балдарга да бир тиликти үчкө бөлүп карматып койду да:

— Силерге ырахмат, ушинтип бизди багып тургула! – деди.

Бирааз-бираазда бул коргондогу сегиз батирдин кишилери ушинтип ортодо тапкандарын жеп калмайы болбосо, көбүнчө эшиктерин бекитип алып ичинде казандарына май дактап аткандырын гана билип калбасаң, анан кандай оокат кылганын, не жеп, не ичип атканын билбейсиң. Бир жакшы шабашка түшкөндө, же туулган күндөрдө гана ортолукка жыйылат. Өмүр мастын концерти менен Бактыбайдын аялын өкүртүп урганы күн сайын, же күн алыс кайталанып турганы – турган.

*     *     *

Жаныш, Байыш, Чолпонбай – үчөө базардын күрүч, сабиз-пияз, коон-дарбыз саткан бөлүгүн саарлап бир кыдырып чыгат. Иш издейт. Оштуктар «Күрүч базар» деп, «Коон-дарбыз базар» деп аташканы менен бул жерде кыйла нерсе сатылат: сабиз, сарымсак, шалгам, түрп, бейалма, картошка, анжир, анар, мисте, бадам, жер жаңгак дегендей. Адырашман менен арча ысырыктын жыты сиңип калган көз мончок, сейдана мончок, кулак сөйкө, атир-упа, күзгү-тарак, бет май окшош майда-чүйдө саткан аттарчилардин базары да бир ыптада. Ушул базардагылардын малын мешоктоп алып келүү, кардарлардын алып кетиши, ары жылдырыш, бери жылдырыш… иши кылып, бул үч балага иш табылып турат.

Оор жүк машина келатканын Жаныш кандай билип алат, Шейит-Дөбөдөн түшүп келатканда эле кабинасына жабышып, биз түшүрөбүз деп ээлеп келет. Бул жолу да ошентти. Машина келип токтогондо эле үчөөнүн тең шаабайы сууду. Өзбекстандан алып келген кирекечтер менен отуруп саткан көсөдөй капкара киши баа бышырып алыптыр. Жеткен сараң киши, балдардын акысын жалдыратып жүрүп зорго берет. Балдар болсо атын айтышпай эле Көсө деп коюшат. Күйүп бүткөн чычаладай өңүнө карап эле эмес, кардарларга өзү айткан баадан бир тыйын да түшпөй туруп алганы үчүн да ошентишет. Айла жок, баалашпай эле коондорду түшүрө башташты.

Үчөө башка жардамчы албай үч сааттай тер төгө мээнет кылды: Чолпонбай машинанын үстүнөн коондорду жерде турган Байышка алып берет, Байыш аны Жанышка берет, Жаныш астына курук чөп салынган жерге башын көктү каратып тизип чыгат. Туура жарым саат болгондон кийин алгоолошуп, колдошуп аткан балдар иш орундарын алмаштырып биринин ордуна бири келет.

Бул жердин өз баасы бар: бир чоң машина коон түшүрсөң – мынча, дарбыз түшүрсөң – мынча, бир портер коон түшүрсөң – мынча, дарбыз түшүрсөң – мынча, бир хова коон түшүрсөң – мынча, дарбыз түшүрсөң – мынча деген, аны жеке өзүң түшүрөсүңбү, башкаларды чакырасыңбы – иш берген киши киришпейт. Бүткөн соң пулун эсептеп берет.

— Силер коондорду сыгып, эзип таштадыңар! Эми муну кантип сатам! Акчаңардын жарымын эле берем! – Көсө эмнеден тигилгени билинбей калган кир жакандөстө өбөктөй жаткан жерден турбай балдарга кайрылды.

— Имне ака, элдикиндей эле этияттап түшүрдүк ко? Имнеге акыбызды толук бербейсиз? – Жаныштын чый-пыйы чыкты.

— Үч саат иштедик ко?! Карабайсызбы, кытайдын солдаттарындай катар тизип чыктык! – Байыш тигил кишини тамашалап жатабы деп адатынча куудулданып койду.

— Акыбызды бериң? Баары эле ушундай берет, бааны бузбаң? – Чолпонбай да терин аарчып белин улам-улам кармалап Көсөгө жалдырай карады.

— Коон сатылып бүткөндө дагы берем. Ошондо келгиле!

— Оо, коонуңуз быйыл сатылып бүтпөйт ко… – Байыш какшык ыргытты.

— Коюң, биз да патент алабыз, изварчиге төлөйбүз, батирге беребиз, тамак ичебиз. – Жаныш ачууланып алды.

— Дагы бир байкелер алып… – Чолпонбай бирдеке деп келатканда Жаныш аны акырын түртүп койду.

— Пул жок. Ассаламы-вассалам. Кеп – тамам!

*     *     *

Көсө алган коон жакшы экен. Жакшы сатылды, буркурап турат да. Алдынан кардарлар үзүлбөдү. Шаардын майда базарларында башка жер-жемиштерине, жашылчаларына кошуп сатып ийчүлөр да, кесип сатчулар да он-он бештен күүжүм алып, арабага жүктөп кетип атты. Булардын баарын Жаныш астыртан карап отурган.

Шам намазга азан айтылары менен Жаныш бирөө угуп койбосун деп, эшек арабанын үстүндө бутун салаңдатып отурган Чолпонбайдын кулагына шыбырады:

— Азыр Көсө намазга киргенде элдин баары мечитке кетет, акырын бар да, төшөгүнүн астын кара, пулу болсо биздин акыбызды алып кел!

— Кой! – Чолпонбай чок баскандай чочуп кетти.

— Эмне биздин акыбыз да.

— Өзүңүз барың!

— Мен Чолпонбай эмесмин да, сен – Чолпонбайсың!

Акыркы азан айтылып жатканда күүгүм аралаш, базарчылар каршы-терши басып, батырып атканда Чолпонбай коон алчу кишидей болуп, колуна пулун кармап Көсө отурган жерге барды. Ары карады, бери карады. Эч кимдин аны менен иши жоктой. Коон алган болуп төшөктү көтөрдү. Кир төшөктүн астында акчалар жатат. Бирди кармады. Экини кармады. Бүгүнкү Көсөнүн ачуу сөздөрү кулагына жаңырды. Уучтап алды да, көйнөгүн шымдап, койнуна палапартыш тыгып ийди…

*     *     *

— Маладессиң, Чолпонбай! Билесиңби, Чолпонбай деген жигит немистин ок жаадырып аткан ДЗОТуна боюн таштап, биздикилерди чабуулга өткөргөн. Сен да ишке жарадың. Батирдин үч айынан кутулдук. – Акчаларды эсептеп бүтүп Жаныш кубанычын жашыра албай жамажайы жыйылбай турду.

— Көсөгө ажеп эле болду! – Байыш да бүгүнкү Чолпонбайдын эрдигин кубаттап койду.

Түнү үчөө тең өзү менен өзү болуп, шыпты карап уктай албай жатты…

*     *     *

Жаныш менен Байыш – эгиздер. Эгиздер болгону менен үч-төрт мүнөт алдын жарык дүйнөнү көрүп калган Жаныш түгөйүнөн чоңдой да, улуудай да көрүнөт, башкаларга баш-көз болуп атканы да ошондон. Байыштын болсо тили эле бар, тапанданганы – тапанданган. Байыш тапан кээде ашыкча тапанданып кетип, заар тилин чачып ийип Жаныштан келтек да жейт. «Сен ушул тагаларыңды тарткан окшойсуң» деп коёт анан Жаныш жоошуп. А тагалары ким экенин, деги алар барбы, жокпу экөө тең билбейт, башкалар дале билбейт болушу керек. Экөө ушул Ак-Бууранын боюнда туулуп, ошол жерден туруп басып кетип, ошондон ушуга базар аралап жүрүшкөндөй. Же атасын билбейт, же апасын билбейт. Ырас, бир балдар үйүндө жашаганын билет. Көбүнчө ачка калчу. Кайырчылык кылып көчөгө чыгышчу. Кийин баары Орусияга иш издеп кетип, бакчада жалгыз калган тарбиячы аял балдарды кучактап ыйлап «өкмөт жок болду, силерди бага албай калдык, эми ар ким өз жаныңарды баккыла» деп коё берген. Ошондон бери көчөдө: акыр-чикир арасында да, чайканада да, курулуп аткан имараттардын ичинде да, вагонеткаларда да, коон-дарбыз саткандардын жанында да жатып алышат, кышында гана батир ала коёт, Ошто кыш дале узак болбойт, анан кайра көчөгө чыгат. Ырас, бир нече жолу милийсалар кармап бир жерлерге алып барып жайгаштырып да жүрдү, көчөгө көнгөн балдар түрмөгө түшкөндөй качып чыгып алат.

Чолпонбайдыкы башка тагдыр. Анда ата да, эне да бар. Бар деп эле эсептелбесе, жоктой. Экөө ээрчишип иштейбиз деп Орусияга кеткен экен. Бул баланы карап тургула, биз акча салып турабыз деп таежесине калтырган. Чоң ата-чоң эне жок. Анда бала үчкө эми толгон. Орусиядан акча келген сайын таежеси конокторду чакырып, өзү конокко барып жыргал турмушта жүрдү. Ошентип бат эле аракка берилип кетти. Сахаларда бугу баккан ата-энесинен акча да келбей, дайын-дареги да билинбей жок болду. Мас таежеси болсо баланы айылдагы мектепке да бербеди, мас болгон сайын «Кет, таштанды!», «Ата-энеңе керек болбогондон кийин мага керек белең!» деп тынымсыз уруша берчү болду. Бир күнү, анда сегизден ооп калган, айылдан Ошко мал жүктөгөндөргө жардамдашып келди да, ошол бойдон кетпей койду. Ар кимдин этегин тартып кайыр сурап жүрүп ушул балдарга – Жаныш менен Байышка жолукту…

*     *     *

Үчөөнүн тең иши ушундай да, бир күндө базарды он айланып чыгат. Майда-чүйдө иш болуп калар бекен деп үмүттүү кыдырат. А иш болуп турат, базар деген – базар да. Эки-үч күн Көсөнүн жанынан өткөндө беттери чымырып, ал жакты карай албай жүрдү. Көсө болсо, баягыдай эле. Балдардан шек алмак беле?

Балдар бүгүн картошка түшүрдү. Бир машина экен. Чыпталарга элүү килодон кылып салган экен Чолпонбай араң кыймылдатып алып берип, Жаныш менен Байыш колдошуп көтөрүп кыйла кыйналышты.

— Ташпы, имне балээ?! – Жүктөрдү жылдырып жатып Чолпонбай мурдун шыр тартып коёт. Бели ийилип, курсагы курулдап алапайын таппай калат. Суусап дааратканага барып чоргодон суу шимирейин десе, кирүү үчүн беш сом төлөө керек. А Чолпонбайдын чөнтөгүндө бир тыйын жок. Кассир – Жаныш. Ал дааратканага пул бербейт. Далдоого барып эле ишиңерди бүтүрүп алгыла дейт.

— Ушул балдарга ыраазы болдум. Биздин мындай балдар «нанды «нана» деп жүрөт. Түнгө калар бекен десем, караң аа, шамга жетпей түшүрүп беришти. – Кара-Койдон картошка алып келген чарбадар дыйкан ала жаздан берки мээнети кайтканга, эми кызынын контрагын төлөгөнгө пулу жеткенге сүйүнүчүн жашыра албай «бар барака» кылып колун силкилдетип атып картошкапурушка кайрылды. – Бул балдарга бир чыпта картишка берейин!

Үчөө бир мешок картошканы тегеректеп турду. Үйгө кантип алып кетет? Башка учур болгондо нообатташып көтөрүп кетишмек. Азыр болсо кирпиктен тартса жыгыла тургандай араң кыймылдашат. Араба кире кылайын дешсе, пулу кымбат, тачкисттер да ушул жүктү жеткирүүгө картошканын өзүнүн пулун сурашат.

Эски пакеттерди тапты да бир мешокту үчкө бөлүп үчөө көтөрүп жөнөдү.

Шейит-Дөбөдөгү батирине чыгып барчу тепкичтер Чолпонбай үчүн кыяматтын шатысынан кыйын болду. Жонундагы жүк буттарын калтыратып, мээсин чыңалтып, беттерин кызартып, колдорун чымыратып ийди. Бели ортодон шарт жулунуп түшүп калмак болду. Көздөрү караңгылап, жонуна Кара-Койдун картошкасы таштай уюп өтүп атты. Алка-жалкы тери төгүлүп атса да, намыс үчүн Жаныш менен Байыштан калбай, тепкичтерден улам жогорулап чыгып баратты.

Ортолуктагы сөрүдө Бактыбай арамза менен Өмүр алкаш отуруптур. Экөө деги эле бир отурчу эмес, сүйлөшчү да эмес. Бактыбай эле балдардын өткөн-кеткенин, ата-тегин сураштырып, ансыз да билбеген, айткысы да келбеген таржымалына кызыга берчү.

— Бул эмне? – деди Бактыбай балдардын көтөрүп келгендерине үңүлө карап.

— Таш! – деди Байыш.

— Картошка! – Жаныш анын какшыгын оңдоп кетти.

— Каяктыкы? – Бактыбай чындап эле көңүл коюп калды.

Байыш мунун иши эмне экен дегендей сүйлөдү:

— Тозоктуку!

— Кара-Койдуку! – Жаныш пакеттин оозун ачып сөрүгө төгүп салды эле, бир да чириги жок, баары бипбирдей, туптунук, жайлоонун таза картошкасы жайнап жатып калды.

— Эй катын! – Бактыбай үйү тарапка кыйкырды. – Кошуна балдар картошка алып келиптир. Пияз туурап, казанга май дакта! Биз аарчып ийели! Кызарта кууруп жибер!

Кайдан-жайдан тапты, Бактыбай килтейген бөтөлкө винону койнунан сууруп чыгып, колу калтырып турган Өмүргө советтик кырлуу стакандын көкүрөгүнө жеткирип куйду эле, ал дагы толтур дегендей ым берди.

— Ме, балээңе ич! – Бактыбай кызыл ичимдикти стакандан ашыра куюп, алкаштын алдына жылдарды эле ал дем албай тартып ийип, тартып ийери менен жердеги шалчага оонап түштү. – Гитлер капут! — деди Бактыбай анан ага мыскылуу карап.

Ортолукка кызарта куурулаган, ичтейди ача турган буулоолонгон картошка келди.

— Оо, Кара-Койдун картошкасы эми бир укмуш да! Жайлоодо, жери кара топурак, абасы салкын, жанагы америкалык колорад коңуздары ал жерге тура албайт. Илгери адамдар картошко кылса, доңуздар челип кетчү, анан адамдар доңуздардын баарын челип бүттү. – Бактыбай  жатып ичер ортодогу табакка кол салбай ар нерселери айта берди, көзү сүзүлүп бараткан балдардын болсо шилекейлери агат.

— Эми албайлыбы, картошкалар кайра Кара-Койго кетип калбасын! – Байыштын чыдамы кетти.

— Коё тургула! – Бактыбай ар жак-бул жакты кайра-кайра абайлап карады, коңурук тарта баштаган Өмүрдү бир тиктеп коюп койнунан чынжыр тагылган мүйүз көтөрүп чыкты.

— Грузинский. Чача иччүбүз, — деп койду ага вино куюп жатып. Анан анысын Жанышка сунду. – Ал Жаныш!

— Жок! Жок! Мен ичпейм.

— Неге ичпейсиң?

— Ичкен эмесмин!

— Канчага чыктың?

— Он бешке!

— Оо, он бешке чыгып вино ичпесең… Өмөрдөн бир шиңгил:

Шарап ич, ойлобо көп алда нени,
Ар дайым жанда болсун сүйгөн пери.
Билип кой алтын болуп кетсең дагы,
Өлгөн соң казып албайт кайра сени! Ал алып кой! Чарчоону басат. Көр дүйнөнү унутасың. Бул деген вино да. Грузиядан алып келгем. Мас кылбайт. Баш оорутпайт. Алты айда үлпаттар болсо ушинтип бир ичип коём. А мына бул алкашка окшоп – Жерде жаткан Өмүр жакка кол жаңсап койду, — бөтөлкөнүн түбүнө түшпөйм.

Ушинтип атып Жанышты ичирип ийди. Ичери менен:

— Ал, ысылыктан ал! – деп жука тууралган картошкадан колу менен чымчып алып оозуна салды.

Экинчисин Байыш курсагы курулдап турганбы, кыстатпай туруп эле алып ийип, аш алгандай картошкадан алаканына толтуруп согуп ийди.

Баарынан тез Чолпонбай алды.

— Ой сен чыныгы Чолпонбай турбайсыңбы? – деп ичи ысый түшкөн Байыш кол чаап ийди.

Чолпонбай чынында муну алып ийчү. Таежесине коноктор келгенде баланын оозуна куюп ийишчү.

Анан Бактыбай өзүнө өзү куюп, шимирип ичти да:

— Ох! – деп тамшанып алып, балдарга кайрылды. – Эми оокатка карагыла! Кана, биссимила!

Төртөө бир паста табакты ортодон оодарып койду. Балдардын көздөрү улам-улам жумулуп, денелери талыкшып, уйку жетелеп баратканын байкаган Бактыбай дагы бирден алдырып ийди. Анан бөтөлкө бош калганга сүйүнүп, уурдана кирип, бир жерден дагы баюулу кебетеленген эки бөтөлкөнү көтөрүп чыкты. Бир убакта Өмүр жаткан жеринен кыйкырып ийди:

— Ар…ак! Ар-ааак!

— Атаңдың башы! Аңги эшектей айкырган кысталак алкаш! – Бактыбай баягы кырлуу стакан менен курсактан кылып коюп, Өмүрдүн оозуна тосо берди эле, ал апсыгып, жырык эрин сыяктуу эки эрдинен куюлтуп шимирип салды.

— Эми биз ичебиз! – деп бир сыйра ичирип, кезек өзүнө келгенде – Кайра эле Өмөрдөн бир шиңгил, которгон Жалил Садык, окуган Бактыбай Момун! – Ушинтип ордунан туруп ырын окуп кирди:

Куй, ичем, ичип алсам жанга дабаа,
Баратат жүрөгүмдө ырбап жара.
Ичкилик карт денеге зыян кылбай,
Качанкы жаштыгымды кайрыйт кайра. – Бах, ыр эмес бекен! Бул ыр вино менен гана – ыр! Виносуз ыр жөн эле бир сайдын ташы да!

Бактыбай аябай эле кызып калды. Дагы ырлардан окуду. Балдар аларды түшүнгөн дале жок. Уйкулуу көздөрүн укалап араң чыдап атат.

— Бүгүн бир сооп ишке жарадыңар! Силерге ырахмат! Чыңгыз Айтматтын «Эрте келген турналарың» окугансыңарбы? – Бактыбай балдарга суроолуу карап туруп калды. Алардын болсо көзү пар ачылып кетти. Үчөө бири-бирине суроолуу тигилди. Бул китепти окумак турсун, тамганы тамгага кошуп эжелеп араң эптешет. – Ошондогу «Ак-Сай десанттары» дегендей силер Оштогу «Ош базарынын десанттарысыңар». Азаматтар!

Балдар турган турган ордунда коңурук тарта баштады. Бактыбай дагы көпкө ыр окуп короодогулардын мазесин ала берди. Бир убакта жоон-жолпу аялы ич көйнөкчөн чыгып, бир тартып, бир түртүп эптеп үйүнө алып кирип кетти. Ал Омор Хаёмдун рубаилерин кыйкырган бойдон ортолуктан узады.

*     *     *

Чолпонбай саарлап Тешик-Ташка чыкты. Бул жерге Аравандан анжир саткандар келет. Анжир деген кудай ургандай назик. Аны илегендерге салып, ар бир катарына барик коюп, үстүнө эки катар өзүнүн бариктери менен жаап, сааркы салкында алып келишет да, эки-үч саатта сатып ийип кетип калбаса ичи курттай чубалып, эзилип, бузулуп кетет.

Такси менен түшүп жаткандардын биринин илегенин шарт кармабасаң, башка бирөөлөр алып көтөрүп жөнөйт. Чолпонбай да бир илгенди көтөрүп, Тешик-Таштан базарга түшчү эски тепкичтер менен эс албай аттап-буттап базар ичине жөнөп калды. Артынан анжир ээси – бир кыз ал анжирлерин уурдап кете тургандай секирип-секирип ээрчип келаткан. Беш мүнөттө анжир саткандардын катарына келип, илегенди жерге коюп, Чолпонбай акысын үмүтетип ээсин карады. Карады да, катып калды. Өзү теңдүү кыз бала экен. Анжирдей эзилип туруптур. Бетинде теңгедей калы бар экен. Узун чачтарын эки өрүм кылып далысына түшүрүп коюптур.

— Канча болот?! – деди кыз Чолпонбайга тике карабай энтигип сүйлөп.

— Көңүлдөн чыкканы! – Базарда ар кызматтын өз баасы бар. Балдар баасын айтат. Тигил иштетип аткан кишилер айтканын эле бере койбойт. «Кой, э, камин айтың» деп туруп жарымын берет. Кыз канча берерин билбей көздөрү алайып туруп калды. Анын көзүнөн бир нурлар чыгып, Чолпонбайдын бүт денесин тешип өттү.

— Үйдө пул жок эле. Анжир берейин, ака! – Кыз муңайым зорго үн чыгарды. Анын доошу да үзүлүп-үзүлүп араң чыкты.

— Анжирди эмне кылам!?

— Жеп коёсуз да! – Кыз акчасы жоккобу, же бала урушат дедиби, чочуп кетти. – Апама дары алып барышым керек эле!..

Чолпонбайдын эң эле жаман көргөнү – ушул анжир. Колуна алганда эле былжырап, ичинен жөөжыландар чыга калгандай кыжыры келе берет. А Жаныш болсо анжир дегенде жанын берет. Анжирчилерден көтөрүп келген акына эч качан пул албайт, анжир алат да, анысын туш келген жерге отура калып тамшанып жеп салат. Ошону эстеп Жанышты караштырды. Кыздын анжиринен алып берейин деди. Жаныш көрүнбөйт.

— Анан келем! – Чолпонбай кыздын жанынан кете берди.

Кете бергени менен бир нерсесин жоготуп алгандай кечке эле анжир базарга ыктай берди. Же кызга жакын келбейт. Же келбей койбойт. Алыстан гана кызды карап коёт да, кете берет.

*     *     *

— Оо, десанттар, келдиңерби? – Күн отурар кезде базардан кайткан балдарды Бактыбай күтүп туруптур. – Жүргүлө бир жерге барабыз!?

Алар кыйла басты. Балдар чарчаганына карабай Ак-Буура бойлоп отуруп, Мажүрүм-Тал көчөсүнөн бир үйдүн эски жыгач дарбазасынын алдына келди. Камерадан карап турганбы, баккан букадай өгүз моюн бир жигит эшикти ачып ичкериге киргизди.

— Отургула, десанттар! – Бактыбай куду өзүнүн үйүнө алып келгенсип, балдарды төрдөгү жакандос төшөктөргө отургузуп, үйдүн дубалдарды зак болгондуктан артыларына саймаланган балыштарды койду.

Балдар Бактыбай кошунасынын бул келишине таң калды. Керээлден кечке үйүнөн чыкпай жатат деген ал көрсө бул жакта да иштейт экен.

— Ассалому алейкум! – Эшиктен тайгандай шыпылдаган бир жигит кирип, босогодо туруп калды.

— Кел, Матиз, кел! Дамдүүсүңбү?

— Шүгүр, шеп, алып атабыз.

— Аа, жакшы. Кудайдын берген ырыскысы. Насип кылсын! Бул десанттарды сага алып келдим. Базардын балдары. Базарга бышып калды. Өнөрүңдү үйрөтөсүң. Бир жумадай кечке жуук эки сааттан кол алдыңда болот. Таза иштегенди үйрөнсүн. Анан ууга саласың! Ишенимдүү балдар!

— Хоп, шеп. Три мушкатёры экен да! – Суурдун эркегиндей тик туруп тигил корс күлүп койду. Анын күлкүсү ушунчалык копол экен. Бактыбай жактырбагандай бир карап койгондо ошол күлкүсүн жутуп ийгендей жок кылды.

Аңгыча өрдөктүн мойнундай койкойгон жез кумганы менен жалпайган чылапчынын көтөрүнүп, аппак чачыгын мүрүсүнө илип бир бала салам айтып баш бакты.

— Ассалому алейкум! – Ал баланы карап үчөө тең элейип калды. Качан көрсөң базарда же кылар иши же кыймылдаткан арабасы жок жүргөн бир даңгаза. Күндө бу баланы беш-алты жолудан көрүшөт.

Бейалма кошо басылган гөштүү палоо булоолонуп келгенде Бактыбай:

— Кана, балдар, биссимилла, эми табакташ болдук! – деди сырдуу.

— Мурда эле табакташ элек го… – Байыш сырдуу жылмайды.

— Эми башкача табакташпыз! – Бактыбай уланып кетчү кептин учугун балта менен чапкандай шарт үздү.

*     *     *

Балдар ошондон кийин туура бир жума жумушунан саал эртерээк чыгып, Бактыбай үйрөткөндөй койлордой ээрчишпей, ач түлкүдөй шимшилешип, үчөө үч жол менен үч кыл убакта ушул Мажүрүм-Тал көчөсүндөгү урайын деп турган эски үйгө келишет. Ал жерде буларды Матиз тосуп алат. Анын өз аты ким экенин ким билсин жүрүшүн Асакеден чыккан машиналарга окшотуп Матиз деп коюшуптур. Анжиандан кисабирчилик өнөрүн үйрөнүп келген экен, ошону балдарга үйрөтөт.

Матиздин сабактары ушунчалык кызыктуу болду. Пулдуу адамды кантип билүү керек, кандай адамдар акчасын кайсыл жерине салышат, базарда, маршруткаларда, дааратканаларда, тыгылыштарда, көпүрөлөрдө, концерттерде, тойлордо, чайканаларда чөнтөккө же намыянга кантип кол салуу керек, өздөрү бири-бирине кандай белги берүү керек, лезвияны кантип иштетүү керек, уурдалган акчаны кантип катуу керек, кармалып калса эмне кылуу керек, дагы башкаларды бүт үйрөтүп чыкты. Ошолордун баарын бири-бирине жасатып, туура эмес жерлерин көрсөтүп берди.

Буларды кечинде гана үйрөнүшөт. Окууга баргандай барышат. Күндүз болсо баягы эле жумуштары. Бир гана батирлерине келгенде Бактыбайдын буларды такыр карабай калганы, мамилеси өзгөрүп кеткени кызык болду.

Жетинчи күнү Байыш айткандай «диплом коргоодо» Бактыбай келди. Балдардын өнөрлөрүн көрүп отурду:

— Мына эми профессионал кисабир болдуңар! – деди ал кубана. – Чыныгы десантсыңар! Десанттарды согушта эң керектүү жерге самолёт менен ташташат. Силерди да ошондой кылабыз!

Анан ал балдарга бирден чөнтөк телефонун белек кылды да, мындай деди:

— Мында эки гана номер бар. Башка эч бир номер жазбагыла! Бирөөгө кармалып калсаңар, биринчи номерге маяк ыргытып койгула. Эгер акчалуу адамды байкап калсаңар, экинчи номерге маяк таштагыла.  Анан кимди тоносоңор сүрөтүн тарта келгиле! Эртеңден баштап керек жерге керегиңерди чакырып турабыз, башка убакта ишиңерди кыла бересиңер! – Анан Матиска карап айтты: – Буларды  эртеңден майда-чүйдө иштерге сала бер! Буларга бей-бечараларга, эптеп оокатын өткөрүп жаткандарга кол салбагыла деп үйрөттүңбү?!

Матиз ооба дегендей баш ийкеди.

*     *     *

Үчөө үч жерде Матиздин ым беришин күтүп аярламада турду. Жапалактын маршруткасына жүргүнчүлөр тыгыла баштаганда Матизди карап турган Байыш беркилерге акырын «чабуулга» деди. Үчөө үч жерде туруп, чөнтөктөрдү карап, бири-биринен өткөрүп арттагы Матизке жеткирди. Бир жерге келгенде Матиз түшүп калган, кийинки аярламада калтырап-титиреп Чолпонбай түштү. Анан кийин берки экөө жөө калды.

— Биринчи күн жаман эмес. – Матиз баягы буларга өнөр үйрөткөн үйгө келип, тапкандарды ортого таштап, эсептеп чыгып айтты. – Мергендер биринчи аткан жаныбарын ошол жерде эле союп, канын мылтыгына тийгизип-тийгизип коёт экен. Мен эми тапканыңар менен табышкер колуңарды ырымдап койсом болот.

Анан ал акчаларды балдардын колуна тийгизе баштаганда Байыш колун тартып алды да:

— Матиз ака, менин колум иштеген жок, оозум менен тиштеп алдым, пулуңузду оозума сүртүңүз, — деди куудулдана.

Баары күлүп калды. Баягы бала колго суу куюп, баягыдай аш жешти да эшик кайтаргыч өгүз моюн жигит такси чакырып, буларды батирлерине жетчү акчасын төлөп узатып койду.

*     *     *

Мындай «ууга» балдар эки жумадан кийин кайра чыкты. Бул жолу Кара-Суунун кичиавтобустарына отуруп, үргүлөп бараткандарды тоноп кетти.

*     *     *

Үчүнчү… Төртүнчү… Онунчу… Матиздин үйүнө акча үйүлө берди. Балдарга  да кийим-кечек алып берип, үйлөрүнө компьютер, телевизор коюшту. Эми алар күндүзү базардагы – эски иштеринде жан кыйнап иштебейт. Буйрук күтүп гана эптеп кыймылдаган болот.

Чолпонбай болсо анжир саткан аппак кызды издейт. Анжир базардан бир күндө алты жолу ары-бери өтөт. Же анысы көрүнбөйт…

Бир жолу Фуркатка барчу маршруткада иштеп атышкан. Жол чыракта токтогондо эле күтүлбөгөндөй Матиз шарт түшүп кетти. Мындайда берки үчөө да түшүш керек. Алар түшө электе эле бир жоон жолпу аял кыйкырып калды:

— Алды! Кисабир алды! Кошелекту алды!

Жоон-жолпу келин эч кимди түшүрбөй эшикти тосту. Шофер анын буйругу менен машинаны милицияга айдады. Балдар телефон сүйлөшүмүш болуп «SOS» басты.

Милиция бөлүмүндөгүлөр үчөөнүн бүт буюмун үстөл үстүнө койдурду. Уурдаткан аял карап турду. Анын кошелогу чыккан жок. Чыкмак турсун балдардын чөнтөгүндө майда тыйындар гана бар экен. Үчөө бири-бирин да тааныбай турган, өмүрүндө көрүшпөгөн балдар тура. Айып кайра аялдын өзүнө коюлду: «үйүңдө унутуп калгандырсың» дешти, «түшүрүп койгондурсуң» дешти, «деги эле кошелегуң бар беле» деп чыгышты. Эткээл неменин кан басымы көтөрүлүп кеттиби, жерге кулап түштү.

Балдарды чыгарып ийишти. Чыгышса, сыртта ары-бери басып Бактыбай байкелери жүрүптүр. Бири-бирин тааныбаган болуп төртөө төрт жака кете берди…

*     *     *

— Эртең базарга чыкпайсыңар! – Кабагын чытып отурган Бактыбай балдар келери менен буйра сүйлөдү. – Бая жаткан жеринен Өмүр байкуш өлүп кетиптир. Өмүр болбой жерге киргир – бүт өмүрүн аракка кошуп ичип салды. Эмне туулду да, эмнени көрдү?! Ырас, анын өлүмүндө менин да үлүшүм бар. Аны аяйт элем, Бакты аке ичпей жатсам эле шейиттер менен аралашып кетем, же өңүм, же түшүм экенин билбей калам дечү. Ушул Шейит-Дөбөгө кандай көчүп келдим – ушундай бир балээге калдым, ичип жатсам алар жок болот дегенинен дайыма арак алып берчүмүн, пул да берип койчу элем!

*     *     *

Кийинки күнү Өмүрдүн өлүм зыйнатында балдар чоң кишилердин катарында жүрдү. Даарат алып, жаназага турушту. Көздөрүнө жаш алып маркум кошунасынын табытын көтөрүштү. Мүрзөгө барып бир уучтан топурагын салышты. Үчөөнү тең кечээги Бактыбайдын айткан «Эмне туулду да, эмнени көрдү», «Анын өлүмүндө менин да үлүшүм бар» деген сөздөрү бушайманга сала берди.

*     *     *

Үчөө ээрчишип базар аралап келе жатып ар-ар жерге кооз, жалтырак кагаздарга чапталган концерттин афишасына кызыгып карай берди. Бир нече күндөн бери радиоузел да өзбек эстрада жылдызынын концертине чакырып жаткан.

— Концертке барбайлыбы? – Бир убак капысынан эле Чолпонбай берки экөөнө жалдырай карады.

Байыш күлүп ийди да, күлкү аралаш:

— Адатыбыз кармап кетпейби? Маданияттуу эс алууга келгендерге «маданиятыбызды» көрсөтүп ийбейбизби? – деди.

— Эмне Матиздин тартибин унуттуңарбы? Бизге эл көп барган жерге барууга такыр болбойт! – Жаныш сөздү чорт кести.

— Базардан башка. – Байыш дайымкыдай какшык аралаш бир сүйлөп алды.

Үйгө келишсе, Бактыбай чыдамсыздык менен күтүп туруптур.

— Концертке барабыз!? Жакшы кийинип чыккыла?! – деди ал шаштырып.

Сүйүнгөн балдар бири-биринин жасана кийингендерине таң кала да, кубана да карашып атты.

— Автограф алам. – Байыш кудуңдап күн сайын баштап, бирок бир беттен ашырып окуй элек бир китебин алып чыкты эле, Бактыбай урушуп койду:

— Ташта алдагыңды!

Концерт миң адам сыя турган ресторонда экен. Матиз ошол жерде кепкасын баса кийип жүрүптүр, балдарга эмне кылышты, ким кайда турушту бүт үйрөтүп чыкты.

Бактыбай тааныштары менен кучакташып көрүшүп бакылдашкан бойдон ресторанга кирип кетти.

Катар-катар кара машиналар келип, куду эшиктен кирип кете тургандай сүзө токтоду. Эстрада жылдызы көрүнгөн да жок, жансакчыларынын коштоосунда ичкериге умтулду. Кайтаруучулардын бири өз кишибиз болот деп айткан эле Матиз. Чын эле араларында баягы Матиз менен өнөр үйрөнчү Мажүрүм-Талдагы батирди кайтарган өгүз моюн жигит жүрөт.

Той кызыды. Эки-экиден кучакташкан мастар чыга баштап, тамекилерин күзгүздү. Ичтен чыккан ыр, бий ресторандын тышын да шаңга бөлөп атты. Ошол убакта ичтен бир мушташ чыгышы керек эле да, сырттагы ырчынын балдары, шоферу кошо ичкериге кирип кетиши керек болчу. Ошондой болду. Машинанын жанында өгүз моюн турган. Дал ушул учурда Чолпонбайга белги берилди. Чолпонбай анын ым бергени боюнча машинанын ачык калган арткы орундугуна отурду да, ырчынын колтукка кыстарма сумкасын коюнга салып, көчөдө даяр турган таксиге отурду, таксист анын кайда барарын сурап да койбой Мажүрүм-Тал көчөсүнө кирип жоголду.

*     *     *

Өзбек ырчысынын сумкасын уурдаган бала камерага илинип калыптыр. Бирок жер карап туруп алганга анча даана түшпөптүр. Анын сүрөтү көчөлөргө илинип, телевизордон берилип жатты. Шектүүлөрдү алып барып сурак кылып атышты.

Чолпонбайды болсо алыскы бир айылга дааватчыларга кошуп жиберип ийди.

Кыргыз милициясынын беделине шек кетет, эки өлкөнүн ынтымагы бузулат, атактуу ырчы акаарат келтирет деп өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери ууруну издеп күндөп-түндөп убара тартты. А түгүл милициялар ырчы болжолдуу айткан он миң долларды, жүз миң сумду чогултуп да алып барып беришкен экен, эстрада жылдызы «койчулачы, бир тойдон таап коём да» деп албай коюптур деген имиш тарады.

*     *     *

Чолпонбай куран үйрөнүп, намазга жыгылып, жаратканга жалынып айылдарды түрө кыдырып жүрдү. Бир жолу дааватчылар анын айылына жакындады. Чаң жолдогу топурактарды бутка илип алма кытай шлёпкалары менен малтай басып баратып, бир дөңдөн чыгары менен айылы көрүндү. Кызыктай болуп кетти. Туулган жер деген адам ал жерден жакшылык көрбөсө да кызыктай сезим берет экен. Балдар менен ойногон адырлар, бадага чыгып мал кайтарган бөксөлөр, куурай, тезек терген жайыктар, топон уурдап келген аңыздар… Анабул тоок ферманын сарайы бир башкача көрүнөт. Ал жерге тукумга барчу да, жайнап жаткан тукумдарды кароолго көрсөтпөй койнуна салып, таежесине алып келчү. Таежеси мактап экөө тукум кууруп жечү. Ошол жерлердин баары көзүнө жылуу учурады. Денесин бир дүүлүгү аралап, бутун шилтеген менен баспай аткандай болду.

Аңгыча мүрзөлөрдү аралап өткөн жалгыз аяк жолго келишти. Бир мүрзөнүнүн үстүнө сайылган жазууларды көрүп, аларды эжелеп окуп, Чолпонбай эстен тана түштү. Ал таежесинин кабыры экен. Канткен менен ушул аял аны багып калбадыбы. Ата-энеси жоктугун билдирбей айылда кармап турбадыбы? Ичкич болсо да, урушчаак болсо да, ушул баланы бакты. Чолпонбайдын көзүнө жаш толо түштү. Көкүрөгү кысылды. Мүрзөнүн жанына чөгөлөп отуруп, куран окуй баштады.

— Бас эй, күнөөгө батпа! Мүрзөгө сыйынба! – Булардын башчысы, баары «таксыр» деп сыйлаган, башына ажы топу, үстүнө узун ак жегде, ак шалбар кийген, сакалы бетин жаап калган орто жаш киши катын доошу менен үн чыгарды.

Аны бир убакта кайсыл бир мекемеде башкы эсепчи болуп жүрүп камалып кеткен, отуруп чыгып молдо болуп калган дешчү.

Чолпонбай куранын уланта берди. Ага кайрыла берип даабатчылардын дагы бири:

— Жүр, Абдурахман! Кеттик! – деп кыйкырды.

Айтмакчы, булар Чолпонбайдын атын Абдурахман кылып алган. Өздөрү да Кубаныч, Бакытбек, Совхозбек, Марклен деген аттарын өзгөртүп, мындай ысымдар менен оо дүйнөгө барса, тозокко түшөбүз деп туулгандагы тууралуу күбөлүктөрүн ыргытып таштап, бири-бирин Абдуаким, Абдулкадыр, Абдумиталип, Нурмухаммед деп чакырышат. Куду Оштогу кисабирлер Маматразак – Матиз болуп, Жаныш – Жони, Байыш – Борис, Чолпонбайды болсо түсүнө карап Чечен деп коюшкандай буларга да башкача ысым ыроолонгон. Башка аттарын эл билбеши керек. «Ууга» чыкканда Матиз, Жони, Борис, Чечен гана болуп калат да, бири-биринин атын атоого болбойт, кокус айтыш керек болуп калса, ушинтип айтышат.

Чолпонбай үчүн азыр даабатчылар менен кесибирлер окшошуп эле кетти. Даабатчылар Алладан билип-билбей кылган күнөөлөрү үчүн кечирим сурашса, кисабирлер билип туруп эле кылган уурулуктары үчүн таң атканча кудайга жалынып чыгат.

Чолпонбай мүрзөнү тизелеп турганда өз кылганы үчүн таежесинен кечирим сурап атканда бир аялдын каргышы эсине келе калды. Ошол аялды эмнегедир «таяжеме окшош» экен деп койгон. Эмнесин окшоштурганын өзү да ошол кезде билген эмес.

Ошондо базар ичинде бир аялдын жүгүн салып алып араба түртүп бараткан. Кычырай кийинген аял бирде бул жерден, бирде тигил жерден соода калып, акчасын төлөп, сатып алгандарын улам түйүп арабага таштайт. Жанында жүргөн кызы болсо телефондон бошобойт, бирде түркчө, бирде орусча, бирде англисче сүйлөп, аэропорттун диспетчериндей жаны тынбайт. Арабанын жүгү улам оорлой берди. Көл жээгинде чабактарды аңдыгандай алардын ары жак-бул жагынан улам-улам ойкуп-кайкып Жони менен Борис өтүп атты.

Бир убакта аялга кызы телефонун карматып:

— Папам! – деди.

— Келе! – Аял кызынын телефонун колуна алып, телефон чалган менен кыргызча, орусча аралаштырып уруша баштады, анан сөгүнүүгө өттү. Ошол убакта кол сумкасын арабанын үстүнө койду. Ары карап кыйкырып атканда Чолпонбай корокодил тери сумкасын шап алды да, жанына келип калган Байышка карматты.

— Айда! – Телефондогу сүйлөшкөн кишисине ачууланган аял Чолпонбай арабачыга бүт ачуусу менен кыйкыра буйрук берди.

Алар базардан чыгып калган. Бир убакта аял кыйкырып жиберди:

— Сумка! – Ал ушунчалык катуу бакырды кызынын колунан телефону түшүп кетти.

Арабадагы буюмдарынын арасын кызы экөө тытып карады.

— Кана, сумкам, кана?! – Арабанын түрткүчүн бекем кармап турган Чолпонбайды атып ийе тургандай тиктеди.

Калтырак басып турган Чолпонбай ийин куушурду.

Ошондо аял ууруну каргады:

— Колуң сынсын! Бутуң үзүлүп түшсүн! Атаңдын өлгөнүн көрбөй кал! Апаңа топурак салбай кал! Балаңдан топо буйрубай калсын!

Чолпонбай кызарып-татарып тура берген.

Азыр таежесинин кабырынын жанында туруп ошол аялдын каргышын эстеди. Балким ошол каргыш тийгендир? Ошол аялдын сөөктөн өтүп чучукка жеткен каргышы ушул күндөргө калтыргандыр?..

…Ордунан бир топто турду. Даабатчылар тээ ылдый  жакта айылга жетип барыптыр. Ал жакка – өз айылына буту тартпады. Тескери кетти.

*     *     *

Чолпонбай эми кайда барат, кантип жан сактайт? Баягы эле Ош, андагы Ак-Буура боюндагы атамзамандан берки базар өзүнө тарта берди. Эми кисабирлик кылып, ар кимдин чөнтөгүнө, сумкасына кол салбайт. Жүк түшүрүп, араба тартып ак иш менен жанын бага берет. Анан анжир саткан аппак кызга жардамдашат.

Мечиттен жай тапты. Ал жерден дин жолуна түшкөндөр, даабатчылар, тилебат сурап келгендер, кайырчылар үзүлбөйт. Бирөө кирсе, бирөө чыгат. Соопчулукка деп тамак-аш, кийим-кече алып келгендердин да аягы тыйылбайт.

Ошол жерден өзбек эстрада жылдызын тоноп кеткендер тууралуу эч бир сөз укпады. Баары жым жым бүткөндөй.

Чынында Бактыбайдын балдары Чолпонбайды издеп жүрүшкөн. Баягында даабатчылар менен айылына барган болсо, айылдагы дайындалган балдар анын дарегин айтып беришмек да, Оштон жигиттер келип кайра шаарга алып кетишмек. Ырчы кошелогун уурдатканы тууралуу милицияга арыз да жазган эмес, демек, иш козголбогон, а милиция болсо өздөрүн даңазалоо үчүн гана ууруну тапмак болгон. Ошон үчүн Бактыбай баласындай жакшы көргөн Чолпонбайды сураштырып аткан.

Бутуна шлепка салып алган, башына чалма чалган, узун чапанчан Чолпонбай мечитте жүрүп тапкан акчасына маасы-галош сатып алууга базардын этегине түштү. Бир кезде балдар болуп ушул жерден өтүүчү, ушул жерден Шейит-Дөбөдөгү батирине тепкичтер менен чыгып кетчү.

Маасыларды улам бир-бирден кийип көрүп аткан. Бир убакта тыныш үн чыкты:

— Молдоке, ассалому алейкум! – деди Байыш.

Чолпонбай дел болуп катып калды. Бет маңдайында Жаныш менен Байыш туруптур. Алар баятан бери аны аңдып келген. Келгендер беттерин беттерине тийгизип кучактап учурашканы атты эле, Чолпонбайдын денеси жыйрылып, жийиркенип, алардан өзүн тартып алды.

— Оппей, таксыр, үзүр, үзүр! – деди Чолпонбайдын бул алыстай түшкөнүн жактыра бербеген Байыш.

— Чечен, эмне болуп калгансың? Пакистандан келдиңби? – Жаныш да таң кала карады.

Чолпонбай маасы да албай кете берди. Беркилер артынан таң кала бир топко турду да, кол шилтеп ары басты.

*     *     *

Үчөө – Матиз, Жони, Борис базардын аярламасында ууга шайма-шай турду. Күн Шейит-Дөбөнүн түбөсүнөн ылдый кулап кетти. Базардан чыккандар энтеңдеп бири таксиге отурса, бири токтоочу жайда кечке турган машиналарын от алдырат, көбү ушул учурда «скотовоз» деп аталып кеткен бустарга тыгылышып түшөт. Тигилердин болсо түшүм жыйып ала турган учуру да ушул. Кийинки кезде ар-ар жерге, а түгүл кичиавтобустардын ичине да камералар коюлуп, жайыт тарып барат, ошолордо таанылбаш үчүн чачтарын ар кыл жасалгалап, улам кийим алмаштырып, баш кийимди баса кийип калган. Анан да бирөөлөр телефонуна тартып атканын байкап калса, шарт бурулуп кетмей.

Бир убакта Матиз ым берди. Даяр турган экөө Матиздин артынан жөөлөшүп атып бир буска чыкты. Немистердин «Спринтери» экен, резинадай созулуп, киргендин баары бата берди. А түгүл үчөөнө кайсыл багыт менен жүрөт, кайсыл каттам – баары бир, эл болсо, тыгылыш болсо болду.

Жүргүнчүлөр ызылдап келет:

— Нары тур!

— Путуңу тар!

— Имна балээ, арактын баарын сен эле ичип алгансыңбы!?

— Ий дугана, йакшисизми!

— Ой, эй, мынабу киши мени басып алды!

— Тага, мунаңызды нары алың, мен жакта жүрөт!

Мындай кобур-собурлар үчөөнө майдай жагат. Жолдо дагы бар аяламага токтоду. Ичиндеги эл кыйкырып ийди:

— Имне үстүнө саласыңбы?

— Пул десе өлүп каласыңар!

— Ролго кондуруп кой!

— Терезеден чыгып кеттик го!

Болбой эле дагы бир-экөө батып алды.

Эми ишти башташ керек. «Чөнтөк операциясы», «Сумка операциясы», «Сотка операциясы», «Баштык операциясы». Кыскасы мындайда тандамай жок. Универсалдуу кызмат көрсөтүү. Матизди тааныган айдоочулар көз кысып, музыканы катуулатып, элди шыкап салып берет. Ошентип кетип атышкан.

Бир убакта алдыраактан бир аял кыйкырып ийди:

— Вой, дат, кисабир! Кисабир анабул катындын сумкасынын ичинен кошелогун чыгарып кетти!

Ушинтип айтары менен эл опур-топур болуп, шопур газдан бутту алды.

— Бетим! Бетимди тилди! – Жанагы аял андан бетер кыйкырып туруп, анан бир азга токтоп: — Маматыразак ака! Акам! Айланайын, ака, мени эмне кылдыңыз? – Ушинтип кан болгон беттерине карабай колдору менен бирөөнү издеп атты.

Жаныш менен Байыш эч нерсе болбогондой, эч кимди тааныбагандай кете берди. Бирок алар билди. Бирөөнүн бир нерсесин уурдап атканда айтып койгон кишинин бетин лезвия менен тилип ташташчу. Муну көбүнчө Матиз жасачу.

Жанагы аял бетинин канын улам дасормолу менен аарчып да, ыйлап да, сүйлөп да атат.

— Тааныдым! Маматыразак акам да! Колунан тааныдым! Оң жак чыпалагы жок эле да! Мен аны канча жылдан бери издеп жүргөм. Кечир, ака, кечир! Мен да сени кечиремин!

*     *     *

Кыргыйдай сак турган Матиз айдоочу бусту секиндетери менен коёндой секирип түшүп, тосмолордон ашып өтүп, мүрзөлөрдү аралап кетип, бир жерге жеткенде таш кучактап шолоктоп жатып калды. Ооба, ал бетин тилген аял өз карындашы Гүлайым экенин билип калды. Лезвия бетин сызып өткөндө өзү да колун бошото албай калды, аял анын колун өзүнө тартып алды да, сыйпалап жиберди. Ошондо мулук чыпалагы колго урунганда «Маматыразак ака» деп кыйкырып ийди. Жерге түшүп баратып карындашынын доошун да, жалынып кыйкырганын да чала-була укту. Лекин токтоого, артына кайтууга болбойт эле. Өз колу менен карындашынан бетин тилип алды. Тааныбай ошентти. Тааныганда андай кылбайт эле. Гүлайым болсо аны өч алды деп ойлоду. Анын да себеби бар эле.

Анда экөө кеч киргенде жаады менен адырдын чөбүн майда кыркып, ага буудай аңызда самандын астында калганда терип алган топондорду аралаштырып, үстүнө үчүнчү сорт ун же кебек кошуп, кайнак суу сээп тээрит кылып беришчү. Атасы менен апасы кышкы суукта бир үйдү баккан жалгыз уйду көтөрөм кылбай эптеп кармап турса, жазда торпок тууп берет, ак берет дешчү. Балдары ошого ишенчү.

Дайыма Гүлайым жаадыга чөп саздап кармап берип, Маматыразак жаадынын сабын басып, анын кыркылганын илегенге таштайт.

Бир жолу Гүлайым жаады басканга кызыгып туруп алды.

— Басасыңбы? – Агасы жаадынын чөп кыркканына кызыгып турган карындышына суроолуу карады.

— Басайынчы!

— Ме!

Маматыразак чөп кармап берип, Гүлайым жыргап басып аткан. Бир убакта эле эмне болуп кетти, бир чыпалак чөптөрдүн арасында секирип-секирип жүрөт. Маматыразак купкуу болуп эле колун кармап отуруп калды. Гүлайым ыйлап үйгө чуркады. Атасы келип жаадыны алыс ыргытты.

Ошондон кийин Маматыразак чыр чыгарды. Мен эми мектепке барбайм, кыздар-балдар шылдың кылышат, топ да ойной албай калам деп бир жума үйдө жатты да, медресеге окууга киремин деп, жалгыз уйду колхозго этке өткөртүп, үйгө бир тыйын таштабай, пулун чөнтөккө салып, бирге жатып, бир турган карындашына кош деп да айтпай, кете берди. Ошол бойдон андан кабар болбоду. Кокондо экен дешти, Анжианда экен дешти. Дарегин билдирбеди. Мерес экен, атасына да, апасына да топурак салбады. Жалгыз карындашы аны издеди, көп издеди, жолугуп кечирим сураймын деп Маргаландагы, Кокондогу, Анжиандагы, Намангандагы медреселерди бүт кыдырып чыкты. Кыз башы менен дервиш болуп кетти… Таппады… Кантип, кайсыл жерде жолугарын элестете берчү… Эми болсо минтип…

*     *     *

Маматыразак көпкө жатты. Көзүнүн жашы түгөндү. Ал өмүрү мындай ыйлаган эмес. Деги эле эс тартканы көзүнө жаш алган эмес. Ошол жаштын баары ушул Сулайман-Такка төгүлдү. Бүт өмүрүн көз алдынан өткөрдү. Мулук чыпалагынан уялып, же окубаса, же кызга сүйлөбөсө, же үй-бүлө күтпөсө, же бир айылына барбаса. Акыры минтип бир жатындан чыккан, осурагы сиңишкен карындашынын бетин тилип таштаса… Тунарган көзүнө Оштун жарыктары бир кооз көрүндү. Ушул жарыктардын биринде карындашы жашайт экен. Эми аны табат. Табат да, кечирим сурайт. Кисабирлиги менен болсо коштошот, биротоло коштошот. Сулайман-Такта туруп чөнтөгүнө колун салды, карындашынын каны жуккан лезвияны алды, анан өзүнүн уурулук кылган эки колунан тең бармактарын тилип-тилип таштады да, ачуу кандын ачуулугун да сезбей лезвияны алыс ыргытты…

*     *     *

Жума күнү мечиттин өзүнчө шаңы бар. Эртелеп эле ар кайсыл жактан адамдар келе баштайт. Нике окутат элек дегендердин, дем салдырат элек дегендердин аягы үзүлбөйт, кайырчысы андан көп, жайнамаз, теспи саткандар мындан көп.

Чолпонбай абдестелерге суу чабыштырып, дааратка ылайыктап жүргөн. Бир убакта эле көзүнө бир караан жарк деп чагылышты. Ооба, ошол анжир саткан аравандык аппак кыз! Далдоого кача берип, кайра жардамым керек болуп калбасын деп жанына барды.

— Келип калыпсыз, жол болсун! – деди кызга карап.

Кыз аны тааныдыбы, тааныбадыбы, уялыңкы гана:

— Жок жоготкондор ушул жерге келип лөлүлөргө пал ачтырат дегенинен эле… – деген болду.

— Пал ачтыруу динде жок. Макүрү. Аларга барбаң. – Чолпонбай ушинтип кызды алгачкы көргөндөгү баягы тартынчаактыгы жок, шак-шак сүйлөдү.

Анан кыз менен сүйлөшүп атып, анын анжир сатып жүрүп жыйнаган кырк миң сомун уурдатканын укту. Апасына операция жасатам деп облооруканага келе жаткан экен, дарыгер менен сүйлөшүп, апасын жаткырып, бүгүн болсо бүгүн, эртең болсо эртең кырк миң келсе эле операция жасайбыз деп турганда, Кыр-Арыкта маршруткадан түшсө эле сумкасындагы бет аарчыга байланаган акчасы жок болуп чыгыптыр. Чуркап эле милиция бөлүмүнө барат. Алар кызды эки саат эзет, кайдан келгенин, не иш кыларын, акчаны кантип тапканын, анжири канча түп экенин, пулду кимге берерин, апасынын дарт белгиси эмне экенин, өзүнүн сүйлөшкөн жигити барбы-жокпу экенин бүт суракка алат. Суракка алат да, ыйлап аткан кызга «эми бул табылбайт, таба албайбыз, профессионалдар жасаптыр, апаңдын иши кыйын болот» деп эшикке чыгарып салат. Апасы жаткан палатага келип дудук болуп, дарыгерге барып болгонун болгондой айтып берет, жардам кылыңыз, акыры айткан акчаңызды таап беремин дейт. «Жок, — дейт ак халатчан врач оройлоно, — пулду күтөбүз, пулду!».

Ошондон кийин ушул мечитке жол алат. Кыздын көзү кызарып ыйлаганы билинип турат. Чолпонбай кызга чөнтөгүндө болгон акчасын берет да, бүгүн айылга кете бер, эртең ушул убакта кел, мен сүрүштүрүп коём деп жылуу сөз айтып узатат.

*     *     *

Жума намазын окуп чыгып эле Чолпонбай Шейит-Дөбөгө жөнөдү. Баягы батирлерине шашып барды. Барса, узун батирлердин ордуна жаңы дүкөн салынып калыптыр. Эми эмне кылат? Мажүрүм-Талдагы үжүрөгө жол алды. Камерадан карап, эшикти баягы колго суу куюп жүрчү базарчы бала ачты.

— Оо, чечен байке, кайдан адашып?

— Бактыбай атаны издеп келдим. Шейит-Дөбөдөгү үйүнө барсам ал жер бузулуп кетиптир.

— Азыр… Азыр…

Жигит ичкери кирип, уруксат алып чыкты да, Чолпонбайдын коюн-кончун бүт текшерип, кире бер дегендей ишараат кылды.

Бактыбай туруп кучакташып учурашты. Бизге ишке келген экен деп кудуңдап да турду, бирок таксырларча кийингенинен кооптонуп да атты. Чолпонбай болсо атасынан жардам сураган баладай анжир саткан аппак кызды биринчи көргөнүнөн тартып бүт айтып берип, жоготконун таап берүүгө жардамдашуусун сурады. Бактыбай көпкө ойлонду.

— Ошол кызды жакшы көрөсүңбү? – деди таң калгандай.

— Жакшы көрөм.

— Апасы операция болушу керек бекен?

— Ооба.

— Дарты эмне экен?

— Билбейм.

— Акчасы канча экен?

— Кырк миң.

— Кайда салган экен?

— Сумкасына бет аарчысына ороп.

Ошентип Бактыбай баарын сурап чыкты, милицияга барса эмне дегенин, операция кылчу врачы эмне дегенин бүт айтып берди. Анан ары жакта турган он чакты чөнтөк телефондун бирин алып, бир каробкада жаткан жаңы симкалардын бирин салып, бир-эки жерге телефон чалып ийди.

— Эми мындай, балам, табылат, табылбаган нерсе болбойт. — Сөзүн узактан баштады. – Мен да көп нерсе жоготком. Колхоздо механик элем, союз бузулганда колхоздун бир көк кашка «ЗиЛ» машинасын баса жыгылдым, ушуну мага менчикке чыгарып бергиле дедим. Беришти. Аны-муну кылып оокатым өтүп атты. Бара-бара айылда жашоо кыйын болгондо күлүгүмдүн кабинасына аялымды эки баласы менен салып алып, шаарга келдим. Майда-чүйдө иштерди кылып жүрдүм. Анан күйүүчү май кымбаттап машинанын жегени көбөйүп, аткарган жумушу азая берди. Кой дедим да, бир эшиктүү эл «Тарзан» деп койчу автобуска алмашып ийдим. Ал ишке жарады. Күндө жатарда аялым экөөбүз тыйын санайбыз. Төрт жылда төрт бус алдым да, айылдан төрт досумду чакырып иштетип койдум. Бир номердеги багыт да ачтык. Кичи автобустарды дагы көбөйттүк. Он бешке жетти. Эми мен акча санап эле отуруп калдым. Дал ушул учурда атаандаштар пайда болду, бажы башчысы, салык башчысы биздин фирманы улам-улам кысып отуруп, акча түшпөй калды. Эмне кылуу керек деп, бустардын баарын сатып, муздаткычуу жүк машиналарынан төрттү сатып алып, Фергананын жер-жемишин Сибирге ташыдык. Иш жакшы жүрдү. Машиналарым он бешке жетти. Бир жолу айылдан алып келген досторумдун экөө бирдей эки машина менен Петропавловскиде баңги зат менен колго түштү. Алар кимдики экенин, же бирөө атайылып салганын ушул күнгө чейин билбеймин, бириники сарымсактын, бириники карамдын ичинен чыгыптыр. Машиналарды конфискациялашты, өздөрүнө иш козгогондо дагы бир машинаны берип араң кутулдук. Улам артка кете баштадык: бир машинаны Казакстандын талаасында рэкеттер өрттөп ийишти, биринин дайын-дареги айдоочулары менен табылбай калды. Салыктан карызсың деп бир машинаны салык башчысы, бажыга карызсың деп бир машинанын бажы башчы алып койду. Коркуткандар, үркүткөндөр көбөйүп, акча калбай калганда грузин досторум келип, аял, бала-чакамды алып Грузияга чыгып кеттим. Анан мен ушинтип эле кала береминби, өч алышым керек дедим да, үй-бүлөмдү таштап Ошко кайтып келдим. Базарда жүргөн бир аялды алдым да, аны менен баягы силер көргөн батирде жашай баштадым. Өч алышым чоңдорду тоноо эле. Бирок кантип? Ошондо Матизке жолуктум. Экөөбүз ойлонуп-ойлонуп отуруп байлардын чөнтөктөрүнө кол салабыз дедик. Команда түзөбүз дедик. Түздүк. Төрт бригада болду. Бири силер элеңер. Бир топту ажылык сапар башталганда Мекеге жеберчүбүз. Бир топ болсо куралданган балдар эле, жалаң байлардын үйлөрүнө уурулукка кирчү. Бизди милициянын чоңдору калкалап турат, алардын да үлүшүн берип турабыз. Бирок мен ойлогон ой ишке ашпай калды. Уурулук, чөнтөкчүлүк жалаң эле байларды карап отурбайт экен, жанагы сен жакшы көргөн кыздай бир бечараларды да шорлонтот экенбиз.

Алдыга тамак тартылды. Аны-муну сүйлөшүп аш жешди. Эшик ачкыч бала дасормолго оролгон акчаны алып келип, Бактыбайга берди.

— Мына жогуңар да табылды. Азайып кеткени толукталды. – Бактыбай алдында турган жигиттин сүйүнүп кеткенин байкап турду. – Эми ошол кызга сөйкө салалы. Мен ата болуп берем. Ишкаванга төрт кабат үй салып бүтүп калдым. Кааласаңар ошол жерде жашагыла. Мен болсо Грузияга – балдарыма кеткени жүрөм. Жони менен Бористи болсо ажылар менен Мекеге жиберим, ал жактан же ашынган уурулугун өркүндөтүп, байып келишет, же кудай алдында күнөөлөрүн жууп, ажы болуп келишет. Сен болсо өз тириглигиңди өзүң кылдырата бер!

— Бул жакшылыгыңызга ырахмат, Алла ыраазы болсун! Биз болсок сиздин үйүңүзгө жашабайбыз! – Ушул сөзүн бекем айтты да Чолпонбай акчаны алып сыртка чыкты.

Ак-Буура түндүн тынчтыгын бузуп шылдырап агып атыптыр, дарыяны бойлой бир аз жүрдү да, Араванды көздөй – анжир саткан аппак кызды көздөй жол тартты…

2019-жыл, декабрь

Комментарийлер (1)

  • - Талант Абдимитал уулу

    Ушул чыгармаңыз сынакка жарыяланганда, Абдыкерим агайды же Абдиламит агайды окугандай болдум деп комментарий жазган элем. Көрсө адашпай тапкан экенмин. Мыкты аңгеме!!!

Комментарий калтырыңыз