Азамат Омош: Уул – урушчаак, кызың – сөгүнчөөк (№101)

*     *     *

Көп болду көкүрөктү кере-кере,
Көк тиктеп жатып алып тоо койнунда,
Кайыксыз сүзүп кыял көлүн терең,
Жыңайлак жылдыз кечпей койгонума.

Оо, анда тумшугунда балапандын,
Көгү көк, агы ак эле булуттардын.
... деңиз да отунда эле алакандын,
Түбү жок экен көрсө, куруп калгыр...

*     *     *

Башың – аяк, аягың баш иретсиз,
Баалуулуктар быт-чыт болду күрөшсүз.
"Iphone" – кадыр-баркка болуп тараза,
Адамдыктын туу чокусу – бир "Lexus".

*     *     *

Биздин жашоо – баштан жаңылган,
Ачык туруп көздөр таңылган.
Уул – урушчаак, кызың – сөгүнчөөк,
Алар биздин сүрөт чагылган.

*     *     *

Эл кийбеген жакшы кийим,
Эл албаган кымбат буюм –
Менин сага бере алган,
Бар тарбиям ушул, уулум!

Нени күтөм сенден анан,
Курсагың ток, көздөрүң ач.
Көкүлүңдөн сылабагам,
Мээрими жок көөдөнүң ач...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз