Кубанычбек Аркабаев: Китеп саткан киши

  • 01.05.2020
  • 5200

АҢГЕМЕ

Оорукана далисинин босогосун аттаары менен анын төрүндөгү жөлөнгүчтүү отургуч бош экенин көрүп, сүйүнүп кетти. Буйдалбастан чоң-чоң кадам шилтеп жетип эле колундагы желим баштыгын коё салып, жонундагы рюкзагын ыкчам кыймыл менен ала калып, бүткүл тулкусу менен олдоксон бурула берип, отургучка бой таштап, дары жыттуу абадан өөх деп жеңил дем алгыча оордук менен сууктан улам көк муштум болуп сезилбей калган колдорун шуудурата ушалап, чалкалай берип уюган далысын жазып, демин басып, жагымдуу жылуулуктун жан жыргаткан ыракатын сезди. Жолу шыдыр болуп эрте келгенинен пайдаланып, эч нерсени ойлобостон азга болсо да эс алгысы келди.

Ушул учурда тепкичтен кимдир бирөөнүн тыкылдай басып түшүп келаткан дабышы угулуп, бир саамдан соң ушул үч кабат имаратты жууп иштеген ак халатчан жаш келин көрүндү.  Ал кире беришти тиктей берип таза жуулган полдогу Рыскулдун изин көрөрү менен кабагы чытыла түштү да, зирпилдеп коё берди:

- Азыр эле жууп кетпедим беле! “Бахиласыз киргенге болбойт!” деген жазууну көргөн жоксузбу?

- Эже… кечирип коюңуз... Бахилам бар, кийеин деп аткам, - деди Рыскул шашылыш түрдө түзөлүп отура калып, колун көкүрөгүнө ала берип, өзүнөн кыйла кичүү немени эже деп алганын да байкабай.

- Киргенден кийин кийгениңиздин эмне кереги бар! - деген келин Рыскулду жаман көзү менен чолуй карап алып, чыга жөнөдү.

Жигиттин жанагы ырахаттангысы келген каалоосу бир заматта чар учкандай жок болду. Жашы кичүү келинге көшөкөрлөнгөнү үчүн өзүн-өзү сөгүп, бул айласыз жумушун жек көрүп кетти. Бирок мындай кагууларга көнгөн, аларды көтөрө билген жаны басына түшкөн жан дүйнөсүн бир заматта иретке келтирип, катасын оңдоого аракеттенди: дароо арткы чөнтөгүнөн бахила алып чыгып, шуудурата силкип-силкип алып карап, мурда да бир далайга чейин кийилгендиктен таманы жукарып айрылганы калганын байкап, кийсемби кийбесемби деп ыргылжыңдана түштү да, анан дале болсо “соодамды баштабай жатып чыгым болбоюнчу, эски экенин билип коюптурбу”,- деген ырымчыл ой менен айрып албаш үчүн кол учу менен астейдил кармап, батинкесинин үстүнө этиеттей кийди.  Төш чөнтөгүнөн бир кийилген бет кап алып чыгып, боосун кулагына илип, оозу-мурдун жаппастан ээк алдына тартты...

Ооруканалар оңдолуп-түзөлүп, ичине камера коюлгандан бери кирип соода кылганга тыюу салына баштаганы иши начарлаган Рыскул атасынын “Биздин тукумдан соодагер чыкпайт”, - деген сөзүн көп эстечү болду. Мурда деле мындан жаман банкротко учураган күндөрү болгон, бирок анда бул сөздө кандайдыр сыр катылгандай сезилген эмес.

*     *     *

Рыскул соодага эрте аралашты. Буга балалыгынын Союз кулаган учурга туш келиши себеп болду.

Бешинчи класста окуп жүргөнүндө кошунасы Жекшен үйүнүн алдына чоң дүкөн курду, ичин дүйүм товарга толтуруп, тойго тете салтанаттуулук менен ачты. Анда элге керектүүнүн баары сатылгандыктан айлана-тегеректегилер алыс барбай жыргап эле калышты. Бирок бир күнү аракка алагүү болуп келген атасы Райымберди: “Экинчи Желтамандыкынан соода кылбагыла! Аякка киргениңерди көрсөм шыйрагыңарды сындырам!” - деп апасы баш болгон үй-бүлөөсүнө опурулуп, эки карыш жердеги маңдайлаш кошунанын дүкөнүнө кирүүгө тыюу салбаспы.

Көрсө атасы эки бөтөлкөлөшү менен  Жекшендин дүкөнүнө кирсе ал өзү соода кылып аткан болот.

- Келе Желтаманым бир бөтөш бере сал, - деп Райымберди ага эл койгон лакап аты менен кайрылып, акчасын алдына коёт. Буга чейин канча сөгүп басынтса да өзүнөн жашы да, бой-турпаты да алибеттүү Райымбердиге эч качан кыңк этип каяша айтпаган Жекшен териге түшүп үнүн көтөрөт:

- Арак келбейт мунуңа! Дагы элүү сом бер!

- Эмне! Эй кечээ эле албадык беле жүз сомго, сенин арагың бир заматта эле элүү сомго кымбаттап кетеби! – деп Райымберди көзүнүн чаарын, үнүнүн заарын чыгара опурулуп, тосмонун ары жагындагы Жекшенге сүзүп жиберчүдөй умтулат.

- Жүз элүү эмес эки жүздөн сатсам да өзүм билем! Албасаң бар нары! – деп Жекшен да катуу кетет. Бала кезинен бери алдында бөйпөлөктөп жүргөн немеден муну күтпөгөн Райымберди ачуусуна туттуга түшүп айкырыкты салат:

- Эй эмне дейсиң!.. Арам гана кызыл кулак!.. Сен ким элең эй!  Желтаман эмес машаяк болуп кетсе да азыр эле түбүңө жетем! – деп жутунуп, ортону бөлгөн чоң столдон ашып түшчүдөй обдулганда сак турган Жекшен артка кетенчиктеп, барскан муштумдуу балбан колдорго илинбей калат. Ошондо да эки жагынан эки жолдошу кармагыча Райымберди колуна илине калган дүкөндүн киреше-чыгашасы жазылчу калың дептери менен эсептегич машинканы кабаттай кармап Жекшенди бет талаштыра уруп калат. Кыйкырык-чуу, тарс-турс үндөн улам үйдөн Жекшендин аялы менен балдары чуркап чыгып чырылдашат, сырттан дагы эки киши кирип келип ортого түшөт.   

- Арам желтаман, түбүңө жетпесем элеби! Алдыман чыгарсың бир күнү! Мобул колум менен кокоңду жулбасамбы!.. - дейт Райымберди ышкырылта сөгүнө ызырынып.

- Кимдикин ким жуларын көрөбүз! Билсең сенин заманың бүттү Төө! Эми биз чамгарактайбыз. Кокомду жулмак тургай алдыма жалдырап келбесең мага кел! – деп Жекшен да Райымбердинин (алибетүүлүгүнө жараша төөчө эки жагын карана берчү адаты бар эле) элде сейрек айтылчу лакап атын айтып андан кем калбай чаңкылдайт.

- Сага күнүм түшкүчө өлгөнүм артык! Ушул арам дүкөнүңө киргиче ачка жүргөнүм жакшы. Сендей кызыл кулактар жооп берчү күн да келет! - деп Райымберди канчалык катуу кетсе да Жекшендейлердин ооматы чындап эле келип тургандыктан сөзүнөн Союз тирилер деген кур үмүт менен билинбеген жалтайлоо байкалат. Муну сезе калган Жекшен табалоо аралаш үнүн көтөрөт:

- Эй Төө силердин заманыңар өттү! Эми биздин дооран сүрчү кез келди. Бул дагы эч нерсе эмес, бир күнү алдыма келесиң жалдырай карыз сурап, өзүң келбесең да аялың, балдарың келет. Ошондо көрөбүз!

- Коё бергилечи! Ушундан келгенди көрөйүн! Төөнү көргөзөм азыр! - деп жулунган Райымбердини жанындагылар эптеп эшикке алып чыгып кетишет.

Бул учурда атасы Райымбердинин абалы Жекшен табалагандай эле бар болчу. Союз кулап, колхоз майда дыйкан чарбаларга тараганда ал өмүр бою тракторист болуп иштеген килейген гараждагы дүңгүрөгөн техниканын таланчусу таланып, калганы элге бөлүнүп кетип, өзү айткандай “үлүшкө тийген жалгыз сокону кучактаган бойдон кала берген”. Мындан улам жумушсуз калган, турмушун жөндөп кете албай басына түшкөн ал ичкилик менен дос боло баштаган. Ал эми Союз учурунда тийип-качып ар кай жерде иштеген, желип-жортуп пайда издеген, мындан улам “желтаман” аталган, эми бирди экиге кагыштырып соода кылып байыган Жекшен сыяктуулардын күнү тууп жаткан.

Эки карындашы кичинекей, агасы онунчу классты окуп жаткан чоң бала болгондуктан дүкөндөн майда-чүйдө алып келиш үчүн Рыскулду көп жумшашчу. Атасы менен Жекшендин урушуна көп маани бербеген ал жакын жерде дүкөн турса чай кайнамчалык жердеги чоң көчөгө бармакпы.

Бир күнү Жекшендин дүкөнүнө кирсе өзү соода кылып аткан экен, алчусун алып чыгып баратса токтотуп:

- Эй товар берейин, мектепке ала барып сатпайсыңбы? – деди сынай карап.

- Эмне товар? – дароо эле кызыга түштү Рыскул.

- Кадимкидей эле товар, таттуу-паттуу, сагыз, майда-чүйдө. Мен сага дүң баасынан бир аз өйдөрөөк берем, сен сатып акча кылып ал. Бир жумада бир эсептешип турсаң болду. Бирок ата-энеңе айтпа, алар укчу болсо саттырбай коюшат.

- Макул, - деп Рыскул шар жооп берип, ошол эле күнү Жекшен бекер товар бергенсип, мулуңдай сүйүнүп бир чоң баштык толо таттуу алып келип, эч кимге көргөзбөй атасынын кийинчерээк эч ким кирбей калган темир-терсектери турган кампасына катып, четинен алып чыгып, китеп кабынын бир көзүнө салып, мектепке алып барып сата баштаган. Азыр ойлоп көрсө ошондо таттууга азгырылып жебей-ичпей, акчасын коротпой, карызга сураган классташтарына да бербей жакшы соода кылыптыр. Бир жумадан кийин сатып бүтүп Жекшен менен эсептешкени кирсе ал:

- Чын эле эч нерсесин калтырбай бүт саттыңбы ээ, акчасын да алып келдиңби? – деп таң калган.

- Ооба. Дагы товар берсеңиз мындан да жакшы сатып берем. Килдеп алган момпосуйду бирден сатсаң эки эсе пайдалуу болот экен. Балдар арзандай көрүп ала беришет турбайбы, -деп ичинде кири жок жаны бул соодадан алган сабагы менен да бөлүшө кеткен.

- Оо, сен балээсиң го, замананын баласысың да, сендей кезибизде биз эч нерсени билчү эмеспиз, - деп таң кала баш чайкаган Жекшен бул жолу анча көңүлдөнбөгөн маанайда баягыдай эле көлөмдөгү товар берген. Бирок узун кулактардан уулунун мектепке алып барып таттуу сатып жатканын апасы угуп калган экен, кечинде кысмакка алып такыганында болгонун болгондой айтып берүүгө аргасыз болгон.

- Коку-уй! Муну атаң билбесин. Жекшенден товар алмак тургай дүкөнүнө кирбегиле дебеди беле. Экөө урушуп кеткенде Жекшен жалдырап алдыма келесиңер дептир болчу. Сени карыз кылып туруп атаңды коколоюн деген го. Бала неме таттуулардын баарын жеп салып же классташтарына талатып жиберип карыз болот деди да. Ушунчаңда товарын берип сал, - деп апасы күйүп-бышса да Рыскул моюн толгоп, бул таттууларды сатып Жекшен менен эсептешкенден кийин гана андан кол үзөрүн айтып көшөргөн. Жөндөн-жөн туруп эле жардам бергиси келип калган Жекшендин жаман оюн билгенден кийин Рыскул ал берген товарды ого бетер чоң сактык менен сатып өткөрүп, акчасын кайрып бергенинде ал мындан ары товар бере албасын айтып, жанагындай жаман ою бар экенин өзү эле бышыктаган. Бирок ал Рыскулду сооданын пайдасына таткандырып койгонун, өзүнүн келечектеги атаандашын ийгиликке шыктандырып алганын билбеген. Жекшендин товарын саткандан түшкөн акчага эртеси эле чоң көчөгө барып товар алып келген Рыскул соодасын акырындан улантып кеткен. Бара-бара килдеп алып бирден дааналап саткан таттуусуна, дептер, калем, китеп сыяктуу мектеп куралдарын кошкон. Ишине тыкан, эч кимге жемин жедирбеген тың бала катары өзүн көрсөтүп, соодасын жакшы уланткан Рыскулдан окуучулар турмак мугалимдер да соода кылышчу болгон. Айтор бешинчи-алтынчы класстарда эле ал келечектүү ишкер катары элге таанылып, “коммерсант бала”  аталган. Ошондо апасы  “ушул баламдан бирдеме чыгат” деп үмүттөнгөн, атасы негедир “ биздин тукумдан соодагер чыкчу эмес эле” деп күмөндөнгөн.

Ошентип соода “алиппесин эжелебей шыр окуган” Рыскул онунчу класста окуп жатканында апасынын жардамы менен үйүнүн алдына Жекшендикиндей болбосо да чакан дүкөн ачкан. Бирок бул дүкөндө соода жүрүп кеткен эмес. Бир күнү товардан келсе дүкөнүнөн тарс-турс үн, кыйкырык-чуу угулду. Чуркап кирсе апасы шишелери быркырап, арагы полго жайылып, өзү жерде кулап жаткан арак-шарап коюлчу чоң текчени карап ыйлап туруптур, атасы ага ызырына кол кесеп кыйкырып атыптыр. Көрсө арагын таштап динге кирип, төрт айга дааватка кеткен атасы кайтып келип, жаңы ачылган дүкөнгө кирери менен апасына арак менен тамекини жоготууну буюрат. Апасы бул товарларсыз соода болбосун, анын үстүнө аларга оңбогондой акча салынганын айтып моюн толгогондо жини чукул атасы текчени арак-шарабы менен кошо кулатып жибериптир.

Ошентип Рыскулдун дүкөн ачсам деген көптөн берки кыялы орундалбай жатып ойрон болгон. Андыктан да онду бүтөрү менен башка классташтары окуганы жөнөп жаткан шаарга Жекшенден ашкан коммерсант болом деген максатын орундатыш үчүн аттанган. Келсе оңдой берди болуп, шаардын борборуна жакын аймакта курулуш каражаттарын саткан базар ачылып аткан экен, көпкө ойлонуп отурбай соодага оңтойлуу, товарга өтүмдүү деген кире беришинен орун алып ишин баштаган. Сооданын берекеси тийип, бул ак жолтой базардан жакшы ийгиликтерге жетишти: кампа толо товар чогултуп, жер алып топурактан болсо да беш бөлмөлүү үй тургузду, үйлөнүп эки балалуу болду. Бирок ушинтип бутка туруп баратканында “генплан боюнча туура эмес жерге түшкөн” деп шаар бийлиги бул базарды жаап тынды. Соодагерлер тымтыракай түшүп шаардын туш-тарабына тарашты. Рыскул бир топ базарлаштары менен жаңы ачылып аткан соода жайынан орун алды. Ал соодага ыңгайлуу жерде жайгашса да негедир алгачкы эки жылда эл аз кирди. Үчүнчү-төртүнчү жылдары иш жүрүшүп, бешинчи жылы мына эми эмгегибиздин үзүрүн көрө баштадык дегенде кара басып дагы кырсыкка кабылышты: кыштын узак түндөрүнүн биринде электр зымынан тутанган өрт бүткүл базарды товары менен кошо жалмап кетти. Кырсык болгонун таң ата угуп жетип келген ишкерлер күйчү заттары кара көөгө айланган, темир-терсеги кызыл жалынга чыдабай ийрейген, үстү түшүп, өчүрүлгөн соң каңырсып түтөп жаткан базардын үстүнөн чыгышып, ичип-жебей айлап-жылдап чогулткан товарларын сыйпалап таппай калышты.

Ошентип эчен жылдап чогултканынан бир заматта кол жууган Рыскул колу-буту буулгансып, дендароо абалдан чыга албай бир жума үйдө жатты. Бирок куураган куу турмуш жөн жайга койчу беле, курсак курулдаганда жумуш издеп жөнөдү. Үйрөнгөн өнөрү, окуган окуусу же тутунган кесиби жок болгондон кийин көнгөн соодагерлигин кылгандан башка аргасы жок болчу. Ары урунуп, бери урунуп соодага кайра кириш үчүн жылчык издеп жүрүп, акыры бир жакшы тааныштары аркылуу эки көчөнүн кесилишинде жайгашкан гезит-журнал саткан күркөнү ижарага алды. Муну да мурунку иштеткендери ичиндеги товарларын чыпчыргасын коротпой нак сатып алса гана өткөрүп беребиз деген шарт менен беришти.  Чала бүткөн үйүнүн бир тешигин бүтөш үчүн чогулткан азырак акчасы жетпегенде банктан насыя алууга туура келди. Ошентип үтөлөктөй күркөгө үч бүктөлө отуруп майда-чүйдө менен соода кылып күн өткөрө баштады. Жөн иштебей жан талашты. Үй бетин көрбөй конуп-түнөп иштеди. Бирок бечелден жөтөл кетпейт дегендей жаңыдан ирденип келатканда ишин кайрадан кырсык чырмады.  Бул жолку каскак өрт сыяктуу күтүүсүз келбесе да шаштысын кетирди, айласын таптырбай салды. Көчөлөрдү иреттөө, жыртылган жолду оңдоо жараяны боюнча Рыскулдун гезит-журнал саткан күркөсү сыяктуу көчө боюндагы соода жайлары алынышы керек экен. Мындай ары мыйзамдуу, ары жүйөлүү бийликтин кысымына каяша айтып, каршы чыгуу акылсыздык болмок, андыктан Рыскул кезектеги жол болбоосун токтоо кабыл алып, бир жуманын ичинде топтогон товарын сатып түгөтүш үчүн далбастады. Өтүмдүү товарларынан арзан сатып кутулду, айрымдарын шартын айтып алган жерине кайра өткөрдү. Көбүнчөсү мурункулардан калган, кээде өткөнүндө кемигенин өзү да толуктап коюп жүргөн эки коробка толо китепти гана сата албады, аларды убакыт кыстап келген күнү такси жалдап үйгө жеткирүүгө туура келди.  

Өткөнкү күйүп кеткенине караганда бул жолку жол болбостугу шоона эшмек эмес. Анда кампа толо товарынын карайып күлү эле калган. Азыр Кудайга шүгүр, жумушу жабылса да азын оолак товарын сатып тыйын кылып алды, өтүмсүз товар болсо да эки коробка китеп менен кайтты. Анын үстүнө үтөлөктөй күркөдө майда-чүйдө сатканына алымсынчу эмес, тек гана башка жумуштун жоктугунан моюнунан байлаган иттей болуп иштеп жүргөн. Анан калса күндөп иштеп, түнү кароолчу болуп жанга тынчы жок жумуш эмес беле. Ушинтип ыргылжың болуп жүргөнчө бир эсептен жакшы болду, балким буга караганда түзүгүрөк соодага илешермин деп өзүн сооротуп, иштеп жаткан базарлардан ирденип кеткидей соода орунун издеп таап, колдо бар акча менен иш баштамакчы болду, бирок бул каражат да башкага короп кетти: баласын үйлөнтүп жаткан бажасы тойго чакырып, ыргылжыңданып атып, акыры элден калбайлы деген кур намыска жеңдирип Ошко барып келмей болушту. Туугандардын ынтымагы деген он миң сом ражаны бөлүп, аялынын “тойго кийип баргыдай түзүгүрөк кийимим жок, сен деле үстүңдү жаңыртып алсаң болмок”, – деген каалоосун кандырып, жолкире менен тиги бу чыгымдарды чыгарганда эле капчыгы жукарды.

Ошентип тойго барып тойпоңдоп көңүл ачканга шарт түзгөнү менен андан кийинки жашоону ойлоп кыжаалаттанган Рыскул үйгө отура албай эртеси эле бир баштык китеп көтөрүп көчөгө чыкты. Максаты - дүкөндөрдү, күркөлөрдү кыдырып китеп өткөрүү. Бирок соодасы болбоду. Гезит саткан күркөлөрдүн көпчүлүгү китеп сатышпайт экен. Ал эми китеп саткан дүкөндөр өзүнүкүндөй гезиттин сары кагазына басылган жука китептерди алмак тургай карап да коюшкан жок. Ушундай китептерди саткан бир-эки соода түйүнүн таап барды эле өзү алган баасынан да арзан сурашты. Акчага канчалык зарылып турса да соодагер катары өзүн сыйлаган Рыскул мындай кадамга баргысы келбеди.

Ошондо китепти дүңүнөн арзан саткандан көрө бирден болсо да кымбат саткан пайдалуу экени башына келип, ызаланган жаны колго эки-үч китепти алып, эмне болсоң ошол бол деп көчө кыдырып жөнөдү. Эртең менен баштык толо китепти колго алып баса түшкөндө эле бул товардын зылдай оордугун сезген. Эми болсо бул оорчулукка караганда адамдардын китепке болгон кайдыгерлиги, дүйнөлүк шедеврди сунса да карап койбочудай кебетелери, өзүнө соода кылбай эле кайыр сурап жүргөндөй мамиле кылганы баарынан да жаман жанына батты. Көктүгү кежирлигине айкалышкан, ызасы аргасыздыгын сүрөгөн ал ошондо бет алдын карай өжөрлөнүп кете берген. Ошентип жүрүп отуруп Ош базарына кандай жеткенин билбей калган. Бул опур-топурлуу, ызы-чуулуу, үч жактан үч радио жарнамасын үн күчөткүч менен какшап жаткан, адам быкпырдай жайнаган, турмуш бороктоп кайнаган жайдан ого бетер китебине көңүл бургандар болгон эмес. Эл канчалык көп болсо кардар ошончолук арбын болот деп бекер үмүттөнүптүр. Анын үстүнө кечки тыгылышка туш келген экен; топураган көпчүлүк китебине көңүл бурбастан аяк-биягынан суудай агылып өтө берген. Арзан тамак-аш менен оңой көр оокат издеп ала чакмактаган көздөр акыл менен сезим ширетилген “билим булагын” көрөр эмес, карама-каршы агылган караламан “илим чырагын” как маңдайына жандырсаң да капарына албагыдай. Бул кыжы-кыймада жалгыз өзү китеп сатып жүрсө да алмак тургай эч ким кызыкпады. Нарылап барганда беш-алты киши катар туруп алып товар сатып атышыптыр: бири эки ийнине эки сүлгү илип, дагы бирин сунуп турат, башкасы байпактарды кабаттай кармап булгалап, «Төрт жуп - жүз сом!”-деп бир обонго салып озондоодо, дагы бири бир боо шыпыргыны эки бутунун ортосуна коюп, бирөөсүн сунуп, “Шыпыргы, шыпыргы”, - деп кобурангандай сүйлөп өткөн-кеткендерге үмүттүү көз жүгүртүүдө, булардын арасындагы жалгыз аял киши жумуртка толо чаканы алдына коюп “Үй жумурткасы!” деп кирилдей үн салууда. Бул өзүнө окшоп кыдырып товар саткандарды көргөндө Рыскул буйдала калды. Алардын да көпчүлүккө окшобогон өзүнө көңүлү бурулду. Шыпыргы саткан көз айнекчен узун бойлуу киши шыпыргысын колтугуна кыса калып, шадылуу колун сунганда Рыскул китептерин кармата салды.

- Эмне китеп сатып жүрөсүңбү? – деди көрбөй тургансып Рыскулга тигиле карап, ал башын ийкегенде улам бир китептин мукабасын кунт коё окуп Рыскулга кайрып бере баштады. - Айгүл Шаршен “Аялдын бактысы”, Кожо Назаров “Такты мураскору”, Жапар Тоголоков “Жетим балдар”, Сүйүн Артыков “Энелердин эмгеги”.

- Эмне Баке, тааныш тамгаларды издеп атасыңбы? – деп сүлгү саткан жапалдаш бойлуу жигит тийишкен тейде какшык ыргытты.

- Хе! Тааныш тамга эмес тааныш жазуучу издеп атам! Билсең мен деген жаш кезимде “Кыргызстан” басмаканасында иштеп, ал жерден чыккан китептердин баарын калтырбай окучумун. Сен сыяктуу Гүлсарыны кыз экен деп жүргөндөрдөн эмесмин. Көздүн көрүүсү гана начарлап кетти да болбосо...

- Андай чилистен болсоң ушинтип базарда турбайт элең да. Шыпыргы сатып жүрүп шыпырылтканды жакшы үйрөндүң Баке. Ушунча карадың эми бир китеп сатып ал. Түндөп окусаң эртең бизге түшүнүгүңдү айтып берерсиң... Сүлгү, сүлгү! Келиңиз жумшак сүлгү!..

- Сен деле сүлгү сатып жүрүп жаштайыңан сүрүлүп бүттүң го. Мен жаккан китебимди эч нерсеге карабай сатып алам. Өмүрүңдө бир китеп окуган эмессиң, ошон үчүн адебиң жок, атаңдай болгон кишиге кырчаңгы болгон немече тийише бересиң, - деп кардарына алаксыган кошунасына каяша ыргыткыча Рыскулга кайрылды.- Асанбек Стамовдун китептери барбы?

- Билбейм, жок болуш керек, - деген Рыскул шыпыргычы кайрып берген китептерди колтугуна кысып, желим баштыгындагы китептерди сууруп чыга баштады.

- Оо жигит, сен эмне товарларыңды жакшы билбейсиңби? Эмне сатып атканыңды билбесең жакшы соодагер боло албайсың. Сатаардан мурда товарыңа бир сыйра көз жүгүртүп коюшуң керек, - деп таң кала түшкөн бул орто жаштан өтүп калган киши талап коё сүйлөдү.

- Байке китеп сатып бүгүн эле чыккам. Мурда күркөдө соода кылчумун. Ал жабылганда калып калган китептерди чогултуп, байкап көрөйүн деп көчө кыдырып келе берген болчумун. Китеп өткүдөй эмес. Башка жумуш караштырам го, - деп  Рыскул актана сүйлөп, чечиле жооп берди .

- Ооба. Азыр китеп окулчу заманбы. Жаш жигит экенсиң кул базарга барсаң да жан багып кетесиң. Бирок китеп сатыш деле оңой эмес. Анткени ал аябай оор болот. Кардары да аз. Анткен менен акчасы аябай жугумдуу. Ачка калтырбайт. Мен да китеп сатып көргөм. Жаш кезимде “Кыргызстан” басмасында иштечүмүн дебедимби. Ошону Акаевдин менчиктештиргичтери атайылап банкрот кылышканда эмгек акыбызга китеп берип коюшкан. Оңбогондой көп китеп болчу, аны сатам болуп барбаган жерим калган эмес. Ошондон бери эле базар кыдырып товар сатып жүрөм. Бул базар дегениңдин тузу оор болот экен. Бир кирсең чыгарбайт турбайбы. Эми минтип шыпыргы сатып атам... Кыскасы мындай, - деп чечиле сүйлөгөн ал Рыскулдун атын сурап сөзүн улантты.- Менин атым Баялы. Рыскул, мага Асанбек Стамов менен Зуура Сооронбаеванын китептери керек. Аларды жаш кезде аябай жактырып окудум эле. Алар мындай жука эмес калың китептер. Эми дагы бир жолу көз жетпесе да көз айнек менен окуюн дегем. Эгер алып келсең кымбатына карабай алмакмын. Калган жазуучулардыкы болсо бар.

- Байке андай калың китептер дүң түрүндө кайда сатыларын мен чынында билбейм. Болбосо алып келип бермекмин. Анткени жумуш табылгыча калган-каткан китептеримди сатып иштеп турайын дегем.

- Мен деле жакшы билбейм. Кыргыз жазуучуларынын китептери Эркиндик көчөсүндөгү “Нуска” дүкөнүндө сатылат. Анан Дордой базарында да кыргыз китептерин дүң саткан дүкөн бар деп уккам. Ошол жактардан карап көр.

- Макул, байке, - деп бул кишиге керектүү китептерди блокнотуна жазып алып жолуна түшкөн Рыскул эртеси Баялы акенин буйрутмасын орундатыш үчүн Дордой базарындагы китеп дүкөнүн издеп жөнөдү.  Ар кимден сураштырып жүрүп эптеп тапты. Мектеп китептери сатылган катардын эң этегинде экен. Издеген товарлары да табылды, дүң сатылчу дүкөн болгондуктан китептердин баасы арзан экен, кайра сатарын айтса сатуучу үстүнө үстүн кошуп сатыш керектигин айтты, эсептеп көрсө жакшы эле пайда түшкүдөй, он чакты калың китепти алып сүйүнгөн бойдон жолуна түштү. Күн эрте болгондуктан катарларды кыдырып китеп сатып көрмөй болду. Китептерин ала келген, кечээкидей эле төрт-бешөөнү колго алып, желим баштыгын көтөрүп, соода катарларын аралап жөнөдү. Контейнерлерге баш багып, китептерин көргөзө башташы керек болсо да бир катардан жөн эле өттү. Анткени азыр товарын сунуштачу болсо кимдир бирөө бирдеме деп катуу кагып жиберчүдөн бетер тартынды. Кечээ күчтүү ызадан улам эч кимден тартынбаган экен. Азыр болсо “Эмне деген товар сатып жүрөсүң, тапкан экенсиң китеп сатчу жерди!”- деп бирөөлөр шылдыңдачудай сезим көкүрөгүн уялап туруп алды.  Бара түшкөндө өзүн-өзү сергек ойлонууга чакырып, бул жакка эмне себептен келгенин эстеди. Азыр тартынганын жеңип чабуулга өтүшү керектигин же чегинип үйгө кайтып, эртең кул базарга чыгышы зарылдыгын түшүндү. Эмне болсо да байкап көрмөй болду. Бүгүн эч нерсе чыкпаса эртең болбос ишке чарпылбай эле коюуну чечти.  Ички ойлорунан алаксып айланасына көңүл бурду. Чоң турмуштун чордону болгон базар чор кайнап жатат: сатарман товарын жайып топураган эл агымынан кардар кармап калууга жан талашса, аларман арзан жана сапаттуу буюм үчүн жан далбаста. Ушинтип мындагылардын баары  өз кызыкчылыктары үчүн көк бөрүгө түшкөндөй тартышып жатса өзү жалгыз аны сырттан карап, аптапта  муздак сууга бой таштабай жатып ичиркенген немече тартынып туруптур. Ошондо гана оңой оокат жоктугун эстеп, көрүнө элек тоскоолдукка көздү жумбаса максатына жетпесин аңдап, чечкиндүүлүк менен кадам шилтеп, биринчи эле жолуккан эшикти ачып кирип барып, бийик үндө “Китеп, китеп! Китеп алыңыздар!- деп жиберди. Дүкөндө кардар жок экен, төрдөгү үстөлдө телефон карап отурган аял көзүнө урунду. Үнү чыкканда чочугандай баш көтөрүп, көзүнөн чаарын чыгара карап, ички ачуусунан улам туттуга түшкөнсүп кол шилтегенде Рыскулга чуу эттире жаакка чапкандай сезилип, жалт эте артка кетти. Ушул учурда ал өзүн бир байкуш сезип, заманасы куурулду. Дароо эле бул ташпишке кабылткан көй турмуштан өч алгысы келди. Кыйгыл ыза көңүлүн эзери менен көктүгү кармады. Эми аны эч ким токтото алмак эмес. Кийинки эшикке тартынбай эле кирип барды. Эки-үч аял күзгү алдында кийим тандап атышыптыр. Көтөрүңкү үнү чыкканда жалт бурулган алардын бири: “Китеп окумак тургай бизди окуур киши жок”, - деди эле бул сөз жанагыдан заар чыкса да Рыскулга негедир катуу тийбеди. Андыктан көңүлүнө келе калган какшыкты каяша катары айтканга да жарады: “Кызыктуу эле китеп экенсиздер”, - муну алар тамашадай кабыл алышты окшойт, шарт бурула бергенинде күлкү угулду.  Бул сөздү бир аз мурда укса кагуу катары кабыл алмак, азыр кайдыгер боло түшүп, кийинки соода түйүнүнө умтулду. Рыскул эми тартынганын жеңип, уялууну унутуп кош көңүл боло түштү.  Бул жумуш ушундан баштап кадыресе ишке айланып, “Китеп, китеп! Жакшы китептер келди окуңуздар!” – деген коңур үнүн токтоо чыгарып, дүкөндөн дүкөнгө өтүп, зор базарга тереңдеп баратты. Анын бир катарынын аягына чыккыча өзүнүн сунушуна карата жасалган мамилеге, кардарынын кабак-кашына жараша аракет кылууну үйрөнгөндөй болду.  Бир-эки дүкөндөн товарына кызыгышты, бирок алар сураган китепти таап бере албады. Анткен менен аларды чөнтөк дептерине жазып алды. Дагы бир дүкөндүн кожойкеси тойго барат элем деп обондуу ырлар менен тосттор, баталар жыйнагын сатып алып соодасын ачты. Кийинки катардан да он чакты китеп сатып көңүлү жайгарылды.  Капчыгы томпоё түштү. Ош базардагы Баялы акенин буюртмасын алып барып берсе бүгүнкү пайдасы миң сомго жакындачудай. Күркөдө зарыгып отурганда деле капчыгына ушул акчанын айланасында киреше киргизчү. Баардык жумуштардагыдай эле бул иште аракеттенсе берекет болору, мында деле эмгектенсе акыбети кайтары байкалганда майлуу куйруктун жытын алган түлкүдөй китептер дүң сатылчу дүкөндү карай жөнөдү. Кечээ эле китептерди өтпөгөн товар катары чанып, сатып жогото албай жатканын унутуп, алардын ордун толуктамакчы болду.

Кийинки күнү да эртелеп Дордойго келип, эми бул Орто-Азия боюнча эң чоң базарды бир четинен кыдырып, өз кардарларын тартынбай да, талыкпай да издеп жөнөдү. Түшкө чейин жолу жакшы болбой, эки санжыра китеп сатып соодасын араң ачты эле, бул ата-тегин билгиси келген жигиттин колу жеңил белем, түш оой чоң “балык” кармады.

- Китеп, китеп! Жакшы китептер келди! Китеп алыңыз!- деп көңүлүнө орноп, оозуна көнүмүш сөз катары жаттала түшкөн жарыясын айтып бир дүкөнгө кирип барса орто жаштагы кожойке ордунан тура калып, баш ийкеп, жылуу жылмая кабыл алып:

- Китеп дейсизби? Оказывается в нашем базаре тоже книги продают! Покажите. Эмне китеп сатып жүрөсүз?- деди. Рыскул “Бул орусча сүйлөгөн неме менин кыргызча китептеримди кайдан алсын”, – деген ойдо колундагы китептерин алдына жая салды эле, аял жийиркенгенсип кооздоп боёлгон өскүлөң тырмагынын учу менен алардын биринин бетин ачымыш этип, мурдун чүйрүгөнсүп, болжогонундай эле албачудай түрдөндү: - Мне такие брошюрки не нужны. Мага нормальный китептер керек. Например Айтматовские. Потому что жакында менин Россиядагы подружкам келет. Ал үйүмдө китеп толо шкафым болбосо башкача ойлойт. Анткени ал учённый аял. Былтыр жайда аныкына конокко барганымда үйү толо китептерин көргөзүп мактанган. Менин да мактангыдай болбосо да үйүмдө китеп толо шкафым болушу керек. В этом ты поможеш мне?

- Конечно, конечно жардам берем,- деп Рыскул өзү да орусча аралаштыра сүйлөп мындай чоң “балыкты” колдон чыгарбоонун жан далбасына түшүп, көңүлүндөгүдөй китептерди үйүнө жеткирип берерин убадалап кардарын ынандырган.

– Китеп саткан адам алдабайт деп ойлойм. Мага жыйырма миң сомго китеп алып барып бер. Только цену сильно не заряжай, - деп ал эки миң сомду кепилдик катары берип, Рыскулдун дарегин, телефон нумурун жазып алды. Бир эле көргөн кишиге ишенип ушунча акчаны кармата салганына, дагы жыйырма миңге китеп аларына айран калып, бирок бул тыш кийим сатылган дүкөндөгү бир эле товардын баасы мындай суммадан алда канча жогору турарын эстеп ишенгиче китепти дүң саткан дүкөндү карай жүгүргөн. Мындай чоң “балык” кармаганына андагылар да таң калып, өзүлөрүнө да жакшы пайда калгандыктан бул буюртманы кардарга өз унаасы менен жеткирип беришкен.

Китеп соодасына Рыскул ушинтип көй турмуштун мажбурлоосу менен кирип кеткен. Башында эле китеп сатып жарыбасын түшүнсө да болбой эле тырмыша берген. Бекер кылыптыр кийин көнүп кеткендиктен бул жумуш канча жагымсыз болсо да таштай албай калган. Анын үстүнө баягы шкафын Орусиядан келчү курбусу үчүн китепке толтургусу келген аялдай кардарлар кээде жолуга калып үмүт жаратчу, аракетине жараша берекети болуп да тапканы жашоосуна жетип тургандыктан башка соодага кирип, ишин нөлдөн баштагысы келген жок. Анын үстүнө акча жаңы эле топтолуп келатканда кыргыздын той-торопосу көп эмеспи - оңой эле короп кетип жатты. Айтор кыдырып китеп сатмай жумушун таштай алган жок. Анын үстүнө ар бир үйдө сөзсүз китеп толо шкаф болсо, майрамдар менен туулган күндөрдө, айрыкча тойлордо китеп түрүндө белек берүү салтка айланса, ар бир дүкөндө китеп сатылса деген ой-тилектери менен кызыл кыялдарга азгырылып көп аракет кылды. Бирок бул үчүн көп акча жана чоң команда керек экенине көзү жетип деми сууду.

Башында Дордой базарында көп жүрдү. Андан соң жакшы китептерди көтөрүп мамлекеттик мекемелерди кыдырып көрдү. Мындай жерлерде көбүнчө айлык күткөн кызматкерлер отургандыктан соода оожалбады. Анан шаардагы эң көп сандагы тигүү ишканаларын көп кыдырды. Тигүүчүлүк кесипти аркалагандардын эртеден кечке колу бошобогону менен, китеп караганга чолоолору жок болсо да айлык алган күнгө туш келип калсаң балдарына окуп бериш үчүн жомок китептерди, тойго барганда ыр кесе берилип калса ыр таппай калат экенсиң деп обондуу ырлар жыйнагын, сөз берилсе тантырап калат экенбиз деп каалоо-тилектер, тосттор топтолгон китептерди, дем алыш күндөрү окуйт элек деп курч окуялуу баяндарды көп алышат. Кыскасы жан багыштын далбасасында Рыскулдун барбаган жери, кирбеген эшиги калбады.

Ушинтип ары-бери урунуп жүргөнүндө “ооруканаларда китеп жакшы өтөт” деп укканы менен “оорулуулар өз айлаларын таба албай атса китеп карайбы?” – деген суроолуу ойдон улам мындай кадамга баргысы келген эмес. Бирок турмуш кыстаган күндөрдүн биринде ооруканаларга да баш багууга туура келди. Баягы китеп соодасын алгач баштаганындай болуп тартына палаталарды аралаганында соодасы жүрүп кетпеспи.

*     *     *

Андан бери билинбей эле беш жылдай убакыт өтүп кетиптир. Ушул учурда шаардагы ооруканаларды бүт “коён жатагына” чейин билип бүттү. Негизи алардын ички тартиби катуу көпчүлүгү өзүндөй “кыдыргыч” соодагерлерди киргизишпейт. Бирок башка сырттан киргендерди көп тыйбаган ооруканаларды кыдырганда деле бир жумадай убакыт коройт. Ушинтип түшкү тыныгуу бүткөндөн кийин келет да (бул учурда врачтар күнүмдүк дарылоосун бүтүп кетип, мед айымдар гана калган болот) кечки сегиз-тогузга чейин соодасын кылат. Мындагы сооданы болтурчу негизги себеп: кардарлардын тез-тезден алмашып турушу, көр оокат жана башкалардан алыстаган алардын китеп окууга мүмкүнчүлүк алышы, убакытты өлтүрүп оорусунан алаксыгысы келгени. Бир жума мурун келип кеткен бөлүмгө кайра кирсең оорулуулар дээрлик бүт алмашып калган болот. Алардын арасынан китеп менен достошкондор чыкпай койбойт. Андайлар оорудан онтоп жатса да китепти кыйышпайт. Анын үстүнө ооруган адамдын текебердиги басайып муңайым тарта түшөт. Байкабай тынчын алсаң эле “Эй сага бул жер базарбы!” деп айрымдары какпаса көбү жактырбаганын билдирбейт. Ооба, “Китеп, китеп! Жаңы, жакшы китептер келди! Алыңыздар!- деп товарды сунуштап кирип барчу ар бир палатанын эшигинин артында ар түрдүү адамдар болгондон кийин ар кыл жагдайларга учурап, түрдүү мамилеге кабылмай. Бири таң кала карайт, бири акыраят, бири кайдыгер гана баш чайкайт, бири түшүнө бербей ийин күйшөйт, дагы бири жактырбаңкы кол шилтейт, башкасы жылуу жылмайып баш ийкейт. Ушуга жараша кийинки аракет уланат: кирип барып китептерин жая салып соода кылат же башка чапкандай артка кетип кийинки палатага умтулат. Билгенге бул оңой жумуш эмес. Жан дүйнөгө жагымсыз иш экенин эсептебегенде да булчуңга күч келтирчү оорчулугу бар. Кечинде кетмен чапкандай чарчап келет. Негизинен мындай сооданы көп түшүнө беришпесе да элдин көзү түз, жыргабаганыңан ушинтип жүргөнүңдү айттырбай билишет. Түрдүү китептерди алдына жайсаң көңүлү чаппаса да көзү азгырылып сатып алышат. Кыскасы ооруканалардан жаман адамдарды жолуктурган жок. Жанагындай жаман сөз айтып каккандарды түшүнөт. Өзү араң жатса келип алып тынчын алып атсаң жакшыбы. Сеники акча табыш аракети, аныкы жанын алып калыш далбасасы. Бирок баары бир эле жаман көргөндөрдөн жактыргандар көбүрөөк. Жумуш жогун шылтоолоп жатып албай жан талаша иштеп жүргөнүнө ыраазы болгондор көп жолукту, ал тургай элди агартып соопчулук кылып жатканын айтып мактагандар болгон. Алгысы келгенин арзан берсең алкагандарычы, көптөн бери китеп окубай “тамгаларды унутуп каларда” окуу рахатын эске түшүргөнүнө ыраазы болгондорчу. Чыгарманы телефондон окуса чарчатарын, ал эми китептен окуса эс алдырарын айтып себебин билбей таң калгандарчы. Айтор Рыскулдун өз кардарларына дооматы жок. Китеп окугандар жакшы адамдар экенине ишенет. Бир гана алардын аздыгы жан кейитет. Анткени ар бир эле адам окурман боло албайт экен. Окубагандар бекер берсең да окубайт, окууга кызыгы арткандар акыркы акчасына болсо да китеп сатып алат. Окуш үчүн да шык керек, деңгээл зарыл экен, окурмандардын табити да ар башка тура.

Сооданы артка тартып жаткан негизги себептердин бири – товардын тартыштыгы. Башкача айтканда окурмандын купулуна толчу китептердин жетишсиздиги. Рыскулдун кардарлары көбүнчө өзү сыяктуу адабиятты көп түшүнө бербеген карапайым адамдар болгондуктан өздөрүнүн жашоосуна окшош жазылган турмуштук баяндарды же бүйүрдү кызыткан курч окуялуу детективдерди көп алышат. Бирок мындай чыгармаларды жазган жазуучулар абдан аз экен. Ушул беш жыл бою беш-алты гана автордун китептерин сатып келет. Алардын да эки-үчөө гана жигердүү иштебесе, калганы өз ишине тийди-качты мамиледе. Ушул таңкыстыктын айынан соодасы жакшы жүрбөгөн ал дайыма жаңы китептерди күтүп, жакшы чыгармаларды издөөнүн далбасасына түштү. Мындайда шаардагы кыргыз тилиндеги китептерди саткан жалгыз дүкөн “Нускага” баргандан башка арга таппайт. Анда китептер жыйылып турганы менен Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылары”, Чолпонбек Абыкеевдин “Бриллиант жыланы” сыяктуу кардардын суроо-талабына жооп бергидейлери, ысымы эле реклама сыяктуулары аз,  анын үстүнө бул купулга толгудай китептердин салмагы оор, баасы  карапайым окурмандын чөнтөгүнө чак эмес. Айгүл Шаршен менен Жаныбек Жанызак сыяктанып бир жазуучу менен иштешсе иштешсе китеп өтүмдүү да, арзан да болмок, бирок бир да жазуучуну тааныбаса кимге барат. Бир гана Кожо Назаров деген жазуучуну тааныйт. Бирок андан жардам күтүүгө болбойт. Анткени ал кыдырып китеп сатуу соодасындагы атаандашы. Өзү жазып, өз каражатына басып чыгарган китептерин эл кыдырып сатып, жөн сатпай автор экенин айтып, жакшы каалоолуу кол тамгасын коюп кымбат жана жакшы да өткөргөн ал башында капыл-тапылдан пайда болуп кардар талашкан Рыскулга көзүнүн төбөсү менен карап жүрдү. Кийинчерээк “бааны түшүрүп жатасың” деп каарып калчу болду. Жашы улуу киши менен акыйлашкысы келбеген Рыскул “Байке эми сиздики колтамгасы менен да”, - деп жооткотту. Бирок Кожо буга да ынабаганында Рыскул арзан сатпоо убадасын берди, бирок сөзүнө тура албады. Анткени ак көңүл жаны Кожочулап кымбат айта албайт же кардарлары суранып баштаганда эле бааны түшүрүп жиберет. Андыктан кийинки жолукканында Кожо коркута сүйлөп демитти эле Рыскул да өзүнө жараша “канчадан сатышты өзүм билем да эй!” деп катуу кагып оозун жап кылды. Өзүнөн жаш да, олбурлуу да Рыскулдан сестенди окшойт экинчи доомат койгонго батына албады. Бирок Кожо да жөн калбай жазуучулар менен иштешсем деген тилегине тоскоол болду.

Бир күнү республикалык оорукананын короосундагы отургучта эки киши сүйлөшүп отурганын көрүп кайрыла калды. Жакшылап учурашып, сылык-сыпаа сүйлөп кайрылган себебин айтып, колундагы даярдай кармаган китептерин көңүлдөнө алик алган четтегисине бере салды. Ал кере карыш калыңдыктагы топ китепти тизесине коюп бирден көрүп, кызыга карап калган экинчисине бере баштады. Аларды баам сала караган Рыскул дароо эле кайдыгер тарта түшкөн кебетелеринен улам ала турган көңүлдөрү жок экенин билип, товарын алып кетмекчи болгонунда экинчи киши суроо узатты:

- Ушул элеби китептериң?

- Жок дагы бар. Көргүңүз келсе көрүңүз, - деп Рыскул жеңил баштыгын өйдө көтөрүп койду.

- Жок, мындай китептер эмес. Чоң жазуучулардыкы жокпу?

- Бар алар, биякта, - деп Рыскул ийинин күйшөй рюкзагын көргөздү.

- Кимдердики бар?

- Айтматовдун “Кыяматы”, Зуура Сооронбаеванын, Стамовдун китептери бар,  Макенбаевдин “Пресс хатасы” бар, анан дагы “Сынган кылыч”, “Көчмөндөр кагылышы”, “Агындылар”, “Бриллиант жылан” бар, - деп жонунан рюкзагын түшүрүп жүргүсү келбеген Рыскул товарын санап өттү.

- Дагы?

- Болгону ушу. Башка жазуучулардыкы жок.

- Буларды эл окуп бүтпөдүбү. Жаңы китептерди сатпайсыңбы?

- Аксакал башка китептер жок болуп атат, болсо сатат элек да, - деп Рыскул бул киши албаса да башты ооруткандардын бири экенин билип, китептерин алып кетмекчи болду.

- Кандайча жок? Эркиндик көчөсүндөгү “Нуска” дүкөнүнө барсаң жыйылып турбайбы.

- Баргам. Ал жерде эл сураган китептер жок. Баалары кымбат, көбү ыр жыйнактар, калың-калың илимий китептер. Аларды эл окубайт.

- Бир эле поэзия эмес, ал дүкөндө проза китептер дагы бар. Аларды эмнеге саткың келбейт? – такыды бул жаш курагы орто, суйдаң чачы боётуп алгандай кара, өңү кубарыңкы киши Рыскулга кадала карап.

- Айттым го алар кымба деп,  авторлору да Зуура Сооронбаева, Стамов сыяктуу таанымал эмес. Анан билбеген кымбат товарды эл албайт да.

- Жигит кел отурсаң сүйлөшөлү. Мен сени көпкө деле кармабайм. Бирок айтып түшүндүрүп койоюн деп атам, - деп улуу киши өтүнүп аткандан кийин басып кете албаган Рыскул жанына отурганда жанагыдан да олуттуу тарта түшүп сөзүн улады: - Мен Күдөр Күмүшбеков деген акын агаң болом. Жазуучулар Союзунун мүчөсүмүн. Сен жигит китеп сатып жакшы иш менен алектенет экенсиң. Бирок жалаң эле пайда жагын ойлобой окурмандын табитин өстүргөнгө аракет кыл. Ошон үчүн мобундай жеңил-желпи китептерди азайтып кесипкөй жазуучулардыкын көбөйт.

- Ушул китептер жакшы өтсө кантип сатпай коём. Бирок менин деле оюм бар башка жазуучулар менен иштешейин деген, - деп бул кишинин жазуучу экенин билгенде Рыскул сүйлөшүүгө көңүлдөнө түштү.

- Жигит, анткениң жакшы. Мен сага пайдасы тие турчу бир-эки кеңешимди айтып коёюн деп атам. Билет болушуң керек, бизде жазуучулар Союзунун беш жүздөй мүчөсү бар. Алардын китептери байма-бай эле чыгып атат. Арасында элдин купулуна толгондору да көп. Мобул жеңил-желпи немелерге караганда ошолорду алып сатсаң жакшы пайда тапмаксың, маданиятка да салым кошот элең...

- Ошондо бул китептерди эмненин негизинде жеңил-желпи деп атасыз? - деген үн чыкканда Рыскул кайрыла берип, атаандашы Кожо Назаровду көрдү. Ал жанына келип, бери эңиле китептерди карап туруптур. -  Жукалыгы үчүнбү же ички мазмунуна карап айтып атасызбы?

- Эк... Экөөнө тең карап айтып атам... Жигит жок дегенде салам айтып келсең боло, - деди Күдөр капыстан пайда болуп күтүүсүз суроо берген немеге мукактана түшүп жооп бергиче доомат коё. – Сен эмне капталдан чыга калып биздин сөзгө кийлигишип жатасың?

- Сиз деле биздин китептерди окубай туруп сындап атасыз го. Же окудуңуз беле? Мобул жерде менин эки китебим бар экен кайсынысын окудуңуз эле? – Кожо ого бетер демитти.

- Аттары эле айтып турбайбы жеңил экенин: “Дубаланган кыз”, “Эненин мээрими”, “Уурдалган казына”, “Токолдун сүйүүсү”, “Кайнененин каргышы”, - деп Күдөр китептерди улам бирден алып окуй кетти да өзү менен өзү сүйлөшүп жаткансып күңгүрөндү. - Ушундай китептер элдин табитин бузуп жатат. Кайран Союз убагында худ совет деген бар эле...

- Баягы окубасам да оюмду айтып коёюн дегендей болуп атасыз да, Союздун тарбиясын көрүп, гонорарын жеп калган жаныңыз. Ошон үчүн китебиңер өтпөй калганда элдин табитин бузду деп аны бизден көрүп атасыңар.

- Жалаң эле шедевр жазып жатабыз дечи анда? – какшык ыргытты Күдөр.

- Шедевр болбосо да элдин муктаждыгын кандырып атабыз. Мисалы, мен отуз эки китептин ар бирин эки-үч миң нускада чыгарып, жалпы санын жүз миңден ашырдым. Айгүл Шаршенди айтпай эле коёюн анын жүздөн ашык китеби миллион нуска болду окшойт. Ал эми силердин бир жалбыракты эки бет толо сүрөттөгөн китептериңер жүз нуска менен чыкса да “Нускада” өтпөй турат, - деп Кожо мөөрөйү үстөм болгондой үнүн көтөрө сүйлөдү.

- Ушу силердейлердин заманы келбедиби эми. Бирок колго алгыс китептериңерге эл баа бербесе да мезгил сындаар, - деп кыйналгандай энтиге сүйлөгөн Күдөр кабагын чытып эңкейе берди, ушул ирмемде Рыскул анын  дем алышы кыйындай баштаганын байкай калды.  

- Эй жигит эмне демитип атасың! – деп баятадан бери унчукпай отурган Күдөрдүн жанындагы киши да муну байкап кекете сүйлөп ортого түштү. – Бул деген жаңы эле инфарктан оңолгон киши. Көп келжиребей жолуңа түшчү!

Муну укканда Кожо лам деп ооз ачпастан кандай пайда болсо ошондой алыстады. Артынан Рыскул да куйрук түйдү. “Кап Кожо каскактай болуп келип калбаганда Күдөрдүн кеңешин укпайт белем. Ал балким жазуучулар менен иштешиштин жолун айтып бермектир. Жок эле дегенде өзү айткан беш жүз жазуучунун бир-экөөсү менен тааныштырмактыр”, - деп ичинен өкүнгөн ал Кожонун артынан барды.

- Жок эй мен туурасын эле айттым, - деп Рыскул артынан жеткенде Кожо актангандай сүйлөдү. - Бир ай мурун бир жазуучу таанышым китебимди сатып бер деп келиптир. Карасам аталышы деле, мукабасы да анча эмес, кыскасы өтө тургандай көрүнбөйт. Анан калса кымбаттыгын, калыңдыгын айт. Кой бешөөнү сата албайм экини бер байкап көрөйүн деп көңүлүн кыйбай алып алып сата алсамчы же. Ары-бери ташып жүрүп кирдеп калыптыр, өткөрө албай койдум деп кайрып берсем мен атайылап сатпай коюп кирдеткенсип нааразы болот.

- Жазуучулар союзунун беш жүз мүчөсү бар дегени чынбы? – деп сурады Рыскул таң калганын жашыра албай.

- Ооба. Ким көрүнгөндү эле ала беришсе беш жүз болот да. Азыр эмне китеп чыгарыш иттен оңой. Эки китепти чүргөй салып, жүз-жүз нускада чыгар да, эки жазуучудан сунуштама алып, Жазуучулар союзуна жетип барып сүйлөшүп өтө бер. Анан болду Жазуучулар союзунун мүчөсү деген значокту тагынып койкоктоп баркыңды көтөрүп, мактан. А биз биякта болгону беш-алты жазуучу элдин китепке болгон талабын орундата албай чуркап жүрөбүз. Жүздөн ашык китеп жазган Айгүл Шаршен Жазуучулар союзуна мүчө болгон эмес. Бирок китептерин эл дале болсо окуп жатат. Жазуучусу көп, окурманы аз дүйнөдө кыргыздай эл жок го, - деп күйүп-быша сүйлөгөн Кожо ызалуу каткырды. Анын сөзүндө жүйө бардай сезилгендиктен Рыскул баш ийкеп жиберди. Ошондон кийин жазуучулар менен иштешсем деген азгырыктуу кыялы кызыктырбай калды.

*     *     *

Бүгүн Рыскул жаман дартка чалдыккандар дарылануучу онкологиялык оорукананы кыдырганы келди.

Бахиланы шырпылдата аяр кадам таштай акырын баскан Рыскул биринчи бөлүмдүн босогосун аттап кирери менен ичкери көз жиберип медайымды издеди. Андан уруксат алмайын палаталарды аралап соодасын кыла албайт болчу. Бирок арытадан басып келген ал жакшы тааныш эмес келин экен кабак чытый “Болбойт!” деп так кесе жооп бергенде Рыскул шарт бурула жолуна түштү.

Кийинки бөлүмдө өзү менен мамилеси жакшы медайым эже нөөмөтүн өтөп жаткан экен “Врачтар жокто тезирек кыдырып чыга кал”, - деп киргизип жиберди. Ушинтип шар киргенине жараша соодасы да жакшы болду.

- Китеп, китеп! Жаңы, жакшы китептер келди! – деп жат болгон сөзүн айтып биринчи палатага киргенинде капельницада жаткан орто жаштардагы аял ордунан бир аз обдула түшүп жылуу ырайда карады эле араң турган Рыскул жалпалактап жиберди:

- Эже жакшы китептер бар. Сиз кандай темадагы китептерге кызыгасыз?

- Эмне китептер? Көрсөтсөңүз. Бирок мен ордумдан тура албайм.

- Эч нерсе эмес, жата бериңиз, мен мындай эле көрсөтө берем, - деп Рыскул китептерди бирден алып көрсөтө баштады. Аял ар бир китепке кунт коё карап, окудум беле дегендей ойлоно түшүп, ала турганын баш ийкей ишарат кылуу менен он китеп тандап, жаздыгынын алдынан капчыгын алып чыгып, Рыскул айткан акчаны санап берип, зеригип жатканында ырас келгенин кобурап, рахматын да кабаттап айтты. Дагы бир палатадан төрт аял алмашып окуйбуз деп ар бири экиден китеп алып соодасын оожалтса, бир киши миң сомдук “Сынган кылычты” тогуз жүз сомго түшүрүп алып капчыгын кампайтты. Бул сооданын ийгиликтүү башталышы болчу, демдене түшкөн жаны үчүнчү кабатты карай көңүлдөнө кадам таштады. Кирсе нөөмөткер мед айым ордунда жок экен. Бир аз күтө туруп чыкпаганда нарытадан издеди. Таппаганда уруша койбос, антсе “сизди издеп жүргөм” - деп шылтоолойм да деп палаталарды кыдырып жөнөдү. Сыркоолор аз болгондуктан палаталардын тең-жарымы бош экен, келген себебин айтса алар баштарын кайдыгер ийкеп тим болушту. Аяккыларына кирбей кетмекчи болгонунда бир палатадан аялдын үнү угулду. Балким ушундан жолум болор деп кирсе палатада эч ким жок экен, телефон менен сүйлөшкөн аялдын үнү жан жактагы ажатканадан угулду. Чыккыча күтүп жүргүсү келбей кандай кирсе ошондой тез чыгып, бат-бат баса эшикти карай бет алды. Мед айым дале көрүнбөдү. Бахиласын шырпылдата тепкичтен тездей түшүп, таманы айрылып калган аны таштанды челекке салды да кийинки оорукананы көздөй жөнөдү.

Ал күнү ушул эле короодогу дагы үч оорукананы кыдырып, жетишерлик соода кылып, кечки саат сегиздерде акыркысынан чыгып келатса эки милийса алдынан тосту. Жүрөгү бир жамандыкты сезгендей шуу этип, денеси муздай түшүп селейе туруп калды.

- Жанагы кыдырып китеп сатып жүргөн киши сенсиңби? – деп орой унчукту экөөнүн бири.

- Ооба. А эмне болду? – деп сураганга араң жарады Рыскул.

- Сен бүгүн онкологияга кирдиң беле? – күтүүсүз суроо берди мент.

- Киргем. А эмне болду? – жанагы суроосун кайталады Рыскул.

- Эй акмак! Өлүп баратсаң да ушул араң жаткан жаман оорулуулардын акчасын уурдабай эле койбойсуңбу!- деп бир милийса жакадан алганда, экинчиси ичтен ары уруп калды. Күтүүсүз соккудан өзөрө түшүп бүкчүйгөн анын колунан желим баштыгын жулуп алып, бир заматта кишен сала калып, “бас!” деп түрткөндө алдыга түшүп кандай жөнөп бергенин билбей калды. Рыскул сыртка чыгып жол боюндагы машинага жеткиче оюн жыйнаганга үлгүрүп, актанганга да жарады:

- Жигиттер силер мени жаңылыш кармадыңар. Мен эч кандай акча уурдаган эмесмин. Жаңылышып атасыңар!

- Биздин далилдерибиз бар. Акча уурдаганыңды бетиңе коюп беребиз. Бизден эми кутула албайсың.

- Уурдабасам кантип коёсуңар! Ак жеримен кармаганыңар үчүн өзүңөр жооп берип калып жүрбөгүлө, - деп эми араң өзүнө келип, актыгына ишенгендиктен кайра милийсаларды кекетти. – Он беш миң уурдаган киши ушул жерде жүрмөк беле?

- Далилдерибиз бар деп атпайбызбы! Азыр бөлүмгө баралычы анан көрөбүз, - милийсалардын өзү менен акыйлашкысы келбегенин байкап унчукпай калды. Чар учкандай ойлорун жыйнагыча үчүнчү кабаттын акыркы палатасына аялдын үнүн угуп киргенин, бирок ал ажатканага кирип кеткендиктен жолуга албай кеткенин эстеп ошонун жалаасы экенин болжоду. Жолдо ката ички ызасын басып, аң-сезимдүү ой жүгүртүп, курулай жалаага кабылганын, эми актыгын далилдеш кыйынга турарын, иш жакшы бүтсө милийса менен сотто бир далайга сүйрөлөрүн, жамандыгына алса темир тор артына түшүп калышы мүмкүн экенин боолголоду.

Бөлүмгө келгенде чөнтөгүндөгүлөрдүн баарын алып чыгып тизмелешти, баштыктарын аңтарып жоголгон акчаны издешкен соң жабырлануучунун арызы менен тааныштырышты. Көрсө бүгүн ал жакка кирип соода кылып кеткенинен кийин үчүнчү кабаттын 17-палатасында жаткан дарылануучу аялдын он беш миң акчасы жоголуп милийса чакыртыптыр. Алар барып изилдөө иштерин жүргүзүп, камерадан карашканда акча жоголгон палатага кирип чыккан өзүн көрүшүптүр. Акча жоголгон учурдун аралыгында өзүнөн башка ал жакка кирип чыккан эч ким болбогондуктан негизги шектүү катары каралып жатыптыр. Күйүп-бышып актанганы менен үйгө чалып айтып коёюн деп суранганына карабай эртең териштиребиз деп камап коюшту.

Өмүрүндө милийсага түшүп көргөн эмес. Темир тордуу тар капастын каалгасы шарак этип жабылганда жан дүйнөсү үрккөн тайдай удургуй түшүп, шектүүлөрдү кармаган “обезяник” деп аталган жай ушул экенин түшүнүп, саамга селейип туруп калды да, аягын артты карай солбуй таштап, кетенчиктей берип балтыры нарага такалганда, кылчая бир карап алып күп эте бой таштай отуруп калды. Отургучтун муздактыгы дароо денесине өтүп, ички суук ойлору менен айкалыша түштү. Темир тордон аркы далисте жанган жарыктын шооласын эш тутуп, дымыраган тынчтык жакшы шарт түзгөндүктөн ыза коштогон сарсанаасы менен алпуруша баштады.

Өмүр бою бирөөнүн бир тыйынына зыян тийгизбей келип, бир заматта жаман ооруга чалдыккандардын дарыга деген акчасын уурдаган жүзү кара болуп калабы? Эми элдин бетин кантип карайт? Кантип актыгын далилдейт? Же ак жеринен кесилип кетеби? Жасабаган кылмышты мойнуна илип коюшса үй-бүлөөсү кандай күндү көрөт?

Көңүлүнө жабалактап келген ушундай сарсанаалуу суроолоруна жооп таба албай башы маң болуп, Кудайга эмнесинен жазганын түшүнө албай ызага муунуп, ыйын жутуп, бул шермендечиликтен куткарар арга таппай отурду.

Бир аздан кийин кыйкырына сүйлөнүп, тартип сакчыларына каршылык кылган кишини үстүнө түртүп кийиришти. Камера арактын ашаткы жытына толо түшкөнсүдү.

- Ко... коё бергиле акмактар! Кармаганга укугуңар жок! Мени билесиңерби... Министириңер ку... кудам болот. Өкүнүп каласыңар! Сыйыңар менен чыгаргыла!..-деп темир торду жулккулай кыйкырып, сөгүнүп-сагынып, акыры чарчаганында экинчи нарага отура кетти да ошондо гана Рыскулга көңүл буруп оолжуй сүйлөдү: - Брр...братан булар көрөсүң жа-аман болуп калышат... Өкүнүшөт!.. Көрсөтөм буларга!.. Ка... карап тур!..

Бир аздан кийин камерага мастын коңуругу толуп чыгып, Рыскулдун кыжырын ого бетер келтирди. Эми бул жерде ойлонгонго да шарт жок калгансыды. Кулагын жапкыча башын мыкчыды. Болбоду, корулдаган добуш эми жан дүйнөсүндө жаңырып жаткансыды. Түнү бою минтип отурса жинди болуп кетчүдөй туюлду. Аргасы кеткенде бейкапар жаткан ага суктанып, мен да уктап кетсем ээ деп тилеп, нарага сунала жата кетти. Бирок анын муздагы далысына өтүп чыйрыгып чыкты. Тура калып ары-бери баса баштады.  Төрт кадамдык камера ичинде эки-үч аттап кайра бурулуп, өчөшкөнсүп баса берди, баса берди. Акыры алды артын айырмаланбай башы айланганда нарага күрс эте боюн таштады. Эми туш болгон абалына кадыресе көнө түшүп, чарчаганын, бою талыкшып, көзү ачышып, уйкусу келе баштаганын сезди. Сунала жатып ойлонбоско аракет кыла көзүн жумуп, канча жагымсыз болсо да коңурукту санай баштады...

Тарс-турс үнгө аралаш кыйкырыктан чочуп ойгонуп кетти. Ордунан обдулгуча кайда жатканын эстегенде денеси дүр эте үрктү. Мастын соолукканы менен өзүнүн уйкусу канганына караганда таң атып калса керек. Наранын катуусу өткөнгө денеси талыкшый ооруп калыптыр.

- ...Ачып койгулачы эй! Өлүп баратам... Адам болсоңор ачкыла... Убалыма каласыңар!..- деп темир торду жулккулаган камералашы өчөйө түшүп,- Өө!..- деген бойдон жер сүзчүдөй болуп окшуп кирди. Ашказанын аңтарчудай окшуса да эч нерсе чыкпады окшойт эки наранын ортосуна чалкадан кете суналып, ары-бери чабалактап, акыры көмкөрөсүнөн түшө өхүлөй бир топко чейин онтоп жатып, бышылдап уктап кетти.

Табарсыгы кыстап сыртка чыккысы келди, бирок кошунасынын жанагындай кыйкырыгына келип койбогон дежурный суранычын аткарбасын билип ордунан козголбоду. Күткөндөн башка арга жогуна көзү жетип, ташбакадай кыбыраган убакытты узаткыча, канча жагымсыз болсо да сарсанаалуу ойлоруна терең сүңгүдү.

Канча өткөнүн билбейт бир маалда эшик шарактап ачылганынан улам баш көтөрө калганында буйрук угулду:

- Чыгыңыз!

Бүшүркөй карап, кечээ өзүн кармаган милийсалардын бирин таанып сыртты карай бет алды. Нөөмөткердин бөлмөсүндөгү үстөлдө буюмдары, китеп толо рюкзагы менен желим баштыгы туруптур. Алардын алып кеткидей болуп даяр турушу жакшылыктын жышаанындай сезилди.

- Сиз бошсуз, кете берсеңиз болот, - деди кечээ кармаганында орой сүйлөп омуроологон милийса эми үнүн жумшарта жакшы кабар айткыча сылыктана.

- Кандайча? – деди сүйүнгөндөн мурда таң калган Рыскул.

- Кечээки үстүңүздөн арыз жазган аял келип, арызын алып кечирим сурап кетти, жаңылыш жазыпмын деп. Тосмо арыз да жазды, мына ал, окуңуз, - милийса үстөлдөгү бир барак кагазды бери түрттү.

- Жинди катын го! Жөн эле жаза береби арызды. Мен анын айынан түндө ойлонуп атып жинди болуп кете жаздадым, - чындап ачуусу келген Рыскулдун арызды окугусу келген жок.

- Оңой кутулганыңызга сүйүнүңүз. Арызын албай койсо бир түн эмес беш жылды моюнга илмексиз. Жок эле дегенде он беш миңин төлөп берип кутулмаксыз. Ошон үчүн таң атпай келип арызын алып кеткени үчүн ага рахмат айтсаңыз да болот.

- Эмне ал акчасын уурдатпаптырбы?

- Ооба. Башка жерге катканын унутуп калып, сумкасын аңтарып издеп, чуу сала бериптир. Баарыбыздан кечирим сурады, өзгөчө сизден, - деп мыскылдуу жылмайды.

- Айнып калган неме го! Адамдын тагдыры ага эмне оюнчукпу! Ошол катындын көзүн бир карасам жакшы болмок, - күйүп-быша сүйлөдү Рыскул.

- Эмнеси болсо да оңой кутулдуңуз. Оокаттарыңызды алып кете берсеңиз болот. Акчаңызды санап алыңыз, - деп кесе айткан милийса сөз бүттү дегендей тосмо арызды алып ары басты...

Түндө үйгө келбегени үчүн кабак бүркөмөк тургай жарык маанай менен унчукпай тосуп алган аялы, башынан суу айланта ыргытып, чыныны дубал түбүнө көмкөрүп, жонундагы рюкзагын алганына жардамдашып, үстүңкү кийимин чечип илгичке илип, жуунганына жылуу суу даярдап жиберип, каяктан чыгып келгенин билгендей мамиле кылды.

- Рыскул, мобуну көрсөң, - деп баятадан бери сырдуу сезилген ал чайга отурганында телефонун сунду. Дагы бир балээнин башы чыгып келатканын сезип жүрөгү шуу дей түшкөн Рыскул телефонго көз жүгүртүп, андагы видеого кунт коё карады. Оорукананын узун далисинде жонуна рюкзак артынып, колуна желим баштык көтөрүп аркы-терки басып жүргөн өзүн тааныганында колунан телефон ыргып кете жаздап сөгүнүп жиберди. Буга удаа “Жаман ооруга чалдыккан жарандын дарыга деп чогулткан акчасын уурдап кетишти. Кылмышкер оорукананын далисине орнотулган камерага түшүп калган”, - деген үн жаңырыктады. Кечээки окуяны жөн койбой интернетке чыгарып жиберишиптир шумпайлар! Көргүсү келбей телефонду дасторкон үстүнө таштап жиберип, башын мыкчый калды. Баарынан да бул окуянын элге жайылышынан корккон эле. Эми карабайсыңбы бүт дүйнө өзүн байкуштарды тоногон бетпак катары каргап жатыптыр. Элдин бетин эми кантип карайт?

Эмне кылышты ойлонуп, эсин жыйып алгыча телефондон аялдын аянычтуу сүйлөгөн угулду: “Айланайындар, мен жаман оорудан жабыркап онкологиялык ооруканада жатам. Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби: азыр эле дарыга деген он беш миң сом акчамды уурдатып жибердим. Акчам керебетте илинип турган сумкамда болчу. Менден башка палатада киши жок эле. Туалетке киргенимде палатага бирөө киргендей болду, шашып чыкканымча болбой кайра кетип калды, дароо шекшип акчамды карасам жок, алып кетиптир. Оорукананын камерасынан карасак акчам жоголгон учурда палатага бир киши кириптир. Анын видеосун чыгардык. Милийсага арыз жаздым. Аларга кылмышкерди тапканга жардам берип койгула”.

- Акмак аял го, эртең менен эле жаңылыш арыз жазыптырмын деп кечирим сурап арызын алып кетпеди беле! Эми эмне деп атат?

- Бул видео түндө чыккан.

- Түндө эле чыгып кайда экенимди билдиңер беле?

- Ооба. Ошондон бери талкуу жүрүп атат.

- Эмне деген?

- Окуп чыксаң өзүң эле.

Рыскул өзүнө жалаа жабууга себеп болгон видеого карата жүрүп жаткан талкууну окуй баштады:

“Эмне деген жүзүкаралык! Айбан да кылбай турган жаман жорук бул! Адамдык сапат мында нөл болсо керек. Тезинен кармап жазасын бериш керек!”

“Ооба. Жапжаш, дени-карды соо туруп оорулуунукун уурдаганы эмнеси? Коомдун мындай сасыткысынын орду түрмөдө”.

“Элдин бузулганы мындайларга жеңил жаза берилгендигинен улам. Мындайларды кызыл камчыга алып турбаса эзели оңолбойт. Бизге экинчи Сталин керек!”

“Ооба. Башкаларга сабак болуш үчүн атып салыш керек!”

“Аткан аздык кылат. Уурдаганын үч эселеп кустуруп туруп, тирсегинен илиш керек! Адам укугу, Кудай берген өмүрдү Кудай гана алыш керек деп жүрүп ушуга жеттик!”

“Коё турсаңар бул киши ууруга окшобой атат. Алактап корккон түрү жок. Бир колунда чоң пакети, экинчисинде китептер жүрөт, жонунда рюкзагы бар экен. Ууруга ушинтип көтөрүнүп алып барабы? Көп ишенбей турам”.

“Ооба. Палатага тез эле кирип чыга калды. Уурдаган болсо бир аз кармалмак, ээгиндеги бет кабын бетине тартат эле да. Акчаны издеп, таап, алыш үчүн деле бери жагы дегенде жарым мүнөттүк убакыт кетмек. Бул киши баш багып эле чыга калды. Анын үстүнө колу да бош эмес экен. Сергек ойлонбойлубу, бул жөн гана жалаа болуп жүрбөсүн?”

“Ойлонгудай эмне бар бул жерде! Көрүнүп эле турбайбы. Кирди, көрдү, алды, кетти. Буга жыйырма секунддук да убакыт коробойт. Шашыла басып чыгып кеткенинен деле байкабайсыңарбы?”

“Китеп саткан киши уурулукка барбайт болушу керек. Анткени ал бир эсептен агартуучу да. Эгер жеңил-желпи оокат издеген бирөө болсо минтип оор баштыктарды көтөрүп оорукана кыдырмак эмес. Жумуштун жоктугуна шылтоолоп күндүзү үйүндө жатмак, түнкүсүн уурулук кылмак”.

“Китеп саткан киши эмне периште бекен азгырылбагыдай. Палатага кирди, эч ким жок экенин билди, акчаны көрүп азгырылып алды да кетти”.

“Ошону айтсаң. Ойлонбой туруп оорулуунун акчасын уурдаган неменин орду түрмөдө. Канчалык жан тартсаңар да бул кесеп жазасын алат. Пендеден болбосо да Кудайдан”.

“Көзүбүз менен көрүп, колубуз менен кармабагандан кийин кандайдыр бүтүм чыгарбай туралы. Видеого түшүп калган турбайбы, тартип сакчылары бир заматта териштирип ордун таап берет”.

“Милийсага ишенген сиз да бир баёо неме болсоңуз керек...”

Ушундай узун сабак талкуу түндөтөн бери интернет айдыңында күжүлдөп жүрүп жатыптыр, ачууга алдырган булардын көпчүлүгү өзүн кылмышкер санап ордун түрмөдөн көрсө, сергек ой калчаган айрымдар буга ишенбей, мунун артында кандайдыр жалаа жабуу же түшүнбөстүк бардай күмөндөнүптүр.

- Эми эмне кылабыз? – деди аялы окуп бүтүп баш көтөргөнүндө.

- Эмне болсо ошо болсун. Пенделердин эмес Кудайдын алдында ак болсом болду. Башкалар эмне десе ошо дей берсин. Көр деле буларды, атып салыш керек, түрмөдө чиритиш керек дешип... - деп кыжыры келген Рыскул кол шилтеди.

- Биз да жазбайлыбы ушундай-ушундай болду деп, тиги аял менен милийсаны күнөөлөп. Жок дегенде эл билсин.

- Билбесе койсун, актанып жүрөмбү...

Туура эле кылган экен, түштөн кийин ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул иш боюнча маалымат таратып, анда жабырлануучунун жаңылыш арыз жазуусу менен кармалган шектүүнүн күнөөсүздүгү аныкталып коё берилгени айтылды.

Ушул окуядан соң ооруканаларды кыдырып китеп сатуу соодасын токтотууну чечкен Рыскул мындан аркы жан багуу, ырыскы табуу ташпишин эмне менен шугулданып, кай иште улантышты билбей үйдө жатты эле телефону шыңгырап калды. Тааныш эмес номурдан чалган айымдын бейтааныш үнү абдан назик жана сылык чыкты:

- Саламатсызбы Рыскул агай... Мен Маданият телеканалынын продюсери болом... Сизге чалып жаткан себебим: жуманын аягында биздин каналда китеп соодасы боюнча талкуу болмок, сиз ушул тармакта тажрыйбасы бар соодагер катары катышып бербейсизби...

Өмүрүндө сыналгыга чыгып, мындай талкууга катышам деп ойлоп да койбогон Рыскул башында моюн толгоду эле продюсер өзүндөй адистер сейрек экенин, андыктан пикири коомчулук үчүн баалуулугун, өзү үчүн болбосо да эл үчүн келип маек куруп кетүүсүн өтүнө да, талап кылгансый да айтып, бал тилге салганда Рыскул кандай макулдук берип жибергенин билбей калды. Аялы менен кеңешип, эмнени айтышты ойлонуп, аларды кагазга да жазып белендеп, өзүн да моралдык жактан даярдап, алганына көп жыл болсо да айда-жылда бир кийилгендиктен сынынан анча кете элек кара-костюм шымын ак көйнөк менен үстүгө салып, убакыт келген күнү телевидениеге келди. “Китеп соодасынын күңгөй-тескейи” деп аталган ток шоуга өзү менен бирге кыргыз тилиндеги китептерди сатуу менен шугулданган “Кыргыз китеби” деген мамлекеттик ишкана жетекчиси жана борборго жаңы ачылган эки китеп дүкөнүнүн өкүлдөрү чакырылыптыр, залда көрүүчүлөрү да отурду.

Ток шоу башталганда көңүл-оюн сүр, дене-боюн калтырак баскан Рыскул бара-бара өзүн кармап, жагдайга көнгөн сайын айтар сөзүн көңүлүнө топтоп, башкаларды тыңшап отурду. Алар алып баруучунун убакыт тардыгын, андыктан кыска сүйлөө керек экенин эскерткенине, ал тургай суранганына карабай аткарылган иштер, алдыга койгон пландар, көйгөйлөр жана ийгиликтер тууралуу жай жана узак сүйлөп атышты. Булардын мындай талкууларда көп сүйлөп дасыккандыгы, сөз келгенде оюндагыны калтырбай айтып калгысы келип жатканы көрүнүп эле турду. Ошентип акыры Рыскулга да сөз тийгенде баятадан камера алдында отуруп көнө түшсө да денесин кайрадан сүр баскандыктан мукактана түшүп, башкалардай болуп эл менен учурашып, мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн алып баруучуга ыраазылык да билдирбестен дирилдеген көтөрүңкү үндө сөз баштап, шыр эле айтайын деген ойлоруна өттү:

- Ме... мен беш жыл бою китеп соодасында иштеп келдим. Эч кандай дүкөнүм жок. Ар түрдүү китептерди көтөрүп, жөө басып эл кыдырып сатам. Жумуш оор, бир чыкканда 25-30 килограммга чейинки салмактагы китептерди көтөрүп жүрүүгө туура келет. Антпесең соода болбойт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ушул соодадан алган сабактарым менен ой бөлүшө кетсем. Мен кыргыз китептеринин окурмандары аз деп айта албайм. Алар жетиштүү эле. Биз сатуучулар гана кардарларыбыздын талабын орундата албай атабыз. Окурманды телефон, интернет, сыналгы сыяктуу оңой колдонулчу каражаттар азгырып кетип жаткан азыркы тапта биз китеп сатуучулар ыкчам жана ийкемдүү болушубуз керек. Кардарларыбыздын келишин күтүп отура бербей аларга өзүбүз барышыбыз керек. Алар талап кылган китептерди сунуштап, чөнтөгүнө чак келгидей баада сатышыбыз керек. Бул үчүн жазуучу-басмакана-сатуучу деген схема түзүп биргелешип иштеген оң. Түшүнүктүүрөк айтканда жазуучу окурмандын табитиндеги китептерди жазышы, басмакана аны окурмандын чөнтөгүнө күч келбегидей чыгарып, сатуучу окурманга түз жеткирүүсү керек. Андыктан ар бир дүкөндө китеп сатылуусу кажет. Бизде андай болгон жок. Жазуучулар карапайым окурмандын каалоосу менен эсептешпестен иштеп, аз нускада болсо да китептерин жакшы жана сапаттуу чыгаргандыктан алар кымбат болуп калып атат.  Анан сатуучулар өз баабызды койгондо китеп мындан да кымбаттап кетип атат. Ушундан улам китеп өтпөй, аны саткандар да аз болууда... – деп Рыскул толкундана сүйлөп келип токтоло калганда анын сөзү жасалмасыз чын жүрөктөн чыкканын сезген көрүүчүлөр шатырата кол чаап жиберишти. Анан дароо эле алардын арасынан бирөө суроо узатты:

- Беш жылдан бери китеп сатып келатам дедиңиз. Ушул убакыттын ичинде кайсы жазуучунун китеби көп сатылды?

- Айгүл Шаршендин китептерин көп саттым.

Бул жооп мындагылар үчүн күтүүсүз болду окшойт ,алып баруучу ушуга жараша суроо берди:

- Кандайча? Эмне себептен анын китеби көп сатылды?

- Бул жазуучунун китептери жөнүндө тигиндей мындай деп айта албайм, бирок алардын жакшы сатылганы бул факт. Менин оюмча, жогоруда айтканымдай ал басмакана жана сатуучу менен жакшы иштешти. Ток этер жерин айтсам Айгүл Шаршенди жазуучу кылган, анын жүздөн ашык китебин көп нускада элге жеткирген Жаныбек Жанызак. Жазуучу, басуучу жана сатуучу дал ушул эки адамдай эриш-аркак иштесе кайсы жазуучу болбосун өз окурманын таап ийгиликке жетет деп ойлойм...

- Жашыруун болбосо билсек болобу? Бир жылда канча суммага соода кылдыңыз? – деп аңгыча көрүүчүлөрдүн арасынан бир жигит күтүүсүз суроо узатты.

- Эсептеп көрсөм орто эсеп менен күнүнө үч миң сомдон соода кылыптырмын.  Анын миң сому менин таза кирешем болуп саналат.

- Абдан жакшы. Сиз өзүңүз жалгыз эле бир чоң дүкөн сатчу китептерди сатыптырсыз. Ыраазычылык билдиребиз, - деген алып баруучу сөз тизгинин башкаларга берип, алар сүйлөгүчө берүү да аягына чыкты. Рыскул ток шоунун тез аяктаганына таң калгыча кетмекчи болуп эшикке бет алды эле алиги китеп сатуу боюнча мамлекеттик ишкананын жетекчиси токтотту.

- Эй жигит чындап эле күнүнө үч миң сомго соода кылчу белең? – деп суроо узатты ал Рыскулдун жүзүнө тике карап.

- Мен соодагер катары күнүмдүк жасаган соодамды дептерге жазып ай аягында канча тапканымды эсептеп турам. Ишенбесеңиз ошол дептеримди деле көрсөтөйүн.

- Ишенем. Жигит биз ишканабызга аймактарды кыдырып китеп саткан кызматкер алалы дегенбиз. Иш тажрыйбаң көп экен бизге иштебейсиңби? Бирок биз көп айлык убада кыла албайбыз.

- Мейли иштесе иштеп берейин. Буюрса китеп сатып өткөрүү боюнча идеяларымды сиздердин жардамыңыздар менен ишке ашырат экенмин, - деди Рыскул бул сунуш каалоосуна төп келгендиктен ойлонуп турбастан.

- Андай болсо эртеңден калтырбай мобул почта боюнча резюмеңди жиберип кой. Буюрса наркы жумадан баштап жумушка чыгып каласың, - деп ал визиткасын карматты.

Мамлекеттик ишкананын аймактарды кыдырган сатуучусу болот деген эмне! Мындан улам Рыскул бир жума бою ичинен жакшы сезимде, сыртынан мыкты маанайда жүрдү. Келечекке үмүтү артып, кыялы алып учту, жаңы ишинде жанталаша иштеп жакшы ийгиликтерди жаратууга белсенди. Бирок бир жума турмак он күн өтүп жумуш берүүчүдөн кабар угулбаганда бул ирет да жолу болбой калганынан шекшип ага өзү чалды.

- Жигит сенин талапкерлигиңди жактырганбыз, бирок резюмең менен тааныша келгенде дипломуң жок болгондуктан өтпөй калдың. Мамлекеттик ишканада иштеш үчүн сөзсүз жогорку билим керек,- деген үн телефондон жаңырганда Рыскул эмне дээрин билбей саамга тунжурай түштү да, анан жаны кашая бакылдады:

- Китеп сатыш үчүн дипломдун эмне кереги бар? Буга деген тажрыйба, аракет, шык керек да! Андан көрө өз кишилерибизди алдык дебейсизби! – деп оозунан мындан да жаман сөз чыгып кетеринен корккондой телефонду өчүрө салды.

Эки күн бою эмне кыларын билбей ой-санаага чөмүп отурду. Үй жумуштарына да көңүлү чаппады. Жан дүйнөсү катуу жапа чеккенин билген аялы көзүн карап астейдил мамиледе болду. Үчүнчү күнү таң атпай туруп, китептерди алып рюкзагын бошотуп, ордуна жумушчу кийимдерин салып чыгып баратканында ойгонуп кеткен аялы каякка барарын сурады.

- Кул базарга! –бурк этти Рыскул.

Апрель айы. Бишкек шаары

Комментарий калтырыңыз