Айнура Бекболотова: Акын дебейм, калемгер дейм өзүмдү (№103)

БАРКЫН БИЛСЕ

Кайсы акылман ак кагазды чыгарган,
Ырга айланган сүйүүлөрдү түшүргөн?
Кандай адам калам сапты жасаган,
Сырын жазган, арзуу муңун үшкүргөн?

Бул экөөнүн баасы кымбат алтындан,
Себеби бар, баркын билсе ар бир жан.
Унутулмак жакшы ырлар эсиңден,
Чыкса дагы залкар ойлор акылдан.

Сүйүнгөндө тамгаларым күлүшүп,
Суйкайыша көз мончоктой биригет.
Кайгырганда ирет бузуп чүрүшүп,
Тамгаларым өйдө-ылдый тизилет.

Жазам дайым уялбастан сырымды,
Ак барагым жан адамга билгизбе.
Жүрөк түптө уялаган сезимди,
Ката көргүн учкан кушка илгизбе.

Жаз күнүндөй – жаш баладай сүйүнөм,
Оргуштаган сырларымды түшүнгүн.
Бирде ойлуу күз күнүндөй күйүгөм,
Калам сабым ак баракка түшүргүн. 

МАХАБАТ ЖАНДЫ

Жаштык кез өткөн,
Ысык дем өчкөн.
Жашоонун нугу
Калыптан көчкөн.

Сүйүүнүн өңү,
Сумсайган убак.
Махабат өзү,
Кумсарган курак.

Капыстан бир күн,
Кабылдык буйруп.
Махабат отун,
Жүрөктөн сууруп.

Сүйүүнүн күчүн
Чыңалтып абдан.
Жүрөктө кайра,
Жалындап жанган.

Сезимде кылдар,
Алоолоп күйгөн.
Аруулук сезим,
Жүрөкө түйгөн.

Махабат жанды,
Жалындап күйгөн.
Өмүрлүү болсун,
Адамым сүйгөн.

ЖАЙЛООНУН КЕРЕМЕТИ

Туулган жерим ыйыксың кызың үчүн,
Ала-Тоо ак мөңгүдөн таажы кийген.
Кере жуттум жайлоонун абасынан,
Магдырайм күн нуруна жылуу тийген.

Шиберлери мамык өңдүү төшөлгөн,
Карагайы асман тиреп керилген.
Суусу тунук, ар бир ташы каухардай,
Кереметиң айтып бүткүс сөз менен.

Бээни саап, кулун байлап желеге,
Сүтүн ичсең дабаа болот кеселге.
Чанач ыштап, көрөңгөгө сүт куюп,
Сабаа бышып, саамал куйсаң кесеге.

Карылары бата берип алкаган,
Илгертеден кымыз ичип чоңойгон.
Кыз-келини сыйы менен бата алган,
Эр жигиттер ат жалында ойногон.

Улуулардан таалим алган ар дайым,
Карыларын урматташып сыйлаган.
Кичүүлөргө үлгү болгон дайыма,
Жаштар өссүн Кыргыз атын чыгарган.

ТАБИЯТТЫН ЧЫН СЫРЫ

Акын дебейм, калемгер дейм өзүмдү,
Акын болуу өтө бийик мен үчүн.
Күнү-түнү тандап, иргеп сөзүмдү,
Алыкулдай ырлар жазсам эл үчүн.

Сөз берметин сууруп чыгып жүрөктөн,
Куюлушуп ыр саптары өрүлсө.
Окурманым жуурулушуп ырыма
Ырларымдан балдай маңыз төгүлсө.

Табигаттан жан дүйнөмдү бөлө албай,
Арбап алган жаратылыш өзүнө.
Кыялымда ай-асманга учсам да,
Кала берем Жер Эненин өзүндө.

Миң бир түркүн кооздукту сөз менен
Окурманга тартууласам ыр белек.
Ырда чечип табигаттын чын сырын,
Алып учсам ыйман, аалам, сыр демек.

БААРЫН СҮЙӨМ

Баарын сүйөм, чексиз болгон ааламды,
Каалгып жүргөн айды дагы, асманды.
Тээ алыста жымыңдаган жылдызды,
Шүүдүрүмдү, таң шооласы атканды. 

Нөшөр болуп токтобогон жаанды,
Көл үстүндө кайып учкан чардакты.
Булакты да жар боорунан сызылган,
Чар тарапта өсүп турган даракты.

Мен сүйөмүн токойдогу коёнду,
Так секирген тоо боорунда кийикти.
Бажырайып суктандырган гүлдү да,
Ак шумкарды багындырган бийикти.

Сүйгүм келет адамзаттын бардыгын,
Күн нурундай мээрим төгүп тандабай.
Жашын деле, жүзгө чыккан карысын,
Өңүнө да, улутуна карабай.

Биз сүйөлү алыс-жакын тууганды,
Качандыр бир көңүл бузган адамды,
Биз сүйөлү ааламды да, жерди да,
Ар бирибиз ойлоп басып кадамды. 

Адамзаттын айырмасы башкадан,
Ар нерсени акыл калчап аткарат.
Пейилдерин бардык элдер оңосо,
Ынтымак да дүйнө жүзүн башкарат.

Кыргызстан-Москва ш.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз