Орозбай Мырзабдилаев : Шакен (№ 104)

АҢГЕМЕ

Все претензии к Богу!

1. КЕЛИШИМ

- Иним, сага ачыгын айтайын. Апаңдын абалы оор. Биз дагы колдон келишинче аракет кылабыз дечи, бирок сен дагы... э... неме... этияттан да эми... камылгаңды көрүп даяр тура бер... - деди көздөрүн ала качып, апасын дарылап жаткан врач Алымга.

Чындыгында Алым ичинен ушундай сөздөрдүн бир күнү болбосо бир күнү айтылышын билип эле жүргөн, ал турсун ушул сөздөрдү айтып жибербесин деп врач менен колдон келишинче жолугушпоого аракет кылчу. Бирок азыр врачтын айтканы Алымга күтүүсүз болду. Башы лукулдап ооруп чыкты. Коридордо узап бараткан врачтын артынан тиктеп нес болуп туруп калды. Алымга коридордо узап бараткан ак халатчан врач эмес, "апам айыгат"  деген үмүтү узап бараткандай сезилип кетти.

- Жок.. жок... мындай болушу мүмкүн эмес... кантип эле...?  менин апам... - деп күбүрөнүп атканын өзү сезбеди. Ойлору удургуп,  аалам жара кыйкырып, каяккадыр качкысы келди.  Бир туруп ага аалам тар болуп, батпай чыкса, бир туруп ал бул чексиз, муздак, ыплас ааламда өзүн кумурскадан да кичинекей, эч кимге керексиз бир бечара сезди. Эч ким, эч нерсе жок жерде болуп калууну каалап турду. Жүгүрүп оорукананын ажататканасына кирди да, эшигин кулпуласа эле, бардык көйгөйдү кулпулап салчудай шаша-буша ичинен  кулпулады. Түтүкчөнүн  чоргосун бурап суу агызып,  көйнөгүнүн түймөлөрүн  үзүлгөнүнө карабай, аба жетпей аткандай көкүрөгүн ачып бети-башын муздак сууга жууй баштады. Көктү карап эки  колун асманга суна:

- Оо! кудайым!!! Кайсыл күнөөм үчүн, айыбым не?! Беш убак намазды калтырбай окуганымбы?! Отуз күн орозону үзбөй кармаганымбы?! Түн уйкумдан безип, түндөсү зикир чалганымбы?  Таң уйкумдан кечип сага жалынып жалбарганымбы? Болгону апама өмүр сурадым. Пул сурабадым, байлык сурабадым, бийлик сурабадым, болгону апама өмүр сурадым.  Ушул сенден көрө шайтанга жалынсам не, шайтанга кул болсом не?! О шайтан, кудай менден жүзүн үйрүдү, сен жардам берчи мага. Акысына кааласаң жанымды ал, кара башымды ал, - деп улуп-уңшуп ыйлап жиберди. Башы ушунчалык катуу ооруганынан көздөрү караңгылаша түштү. Кимдир-бирөө эшикти биринчи акырын такылдатты да,  анан тарсылдатып тепкилей баштады.  Алым аттап-буттап барып эшикти шарт  ачты. Адатынча ажылдашка камданып эшиктин алдында турган пол жуугуч аял, Алымдын түрүн көрүп селее түштү. Алым жакын барып, бетине бетин жакындата бүт баарына ушул аял күнөөлүүдөй канталаган көздөрүнөн заар чача караганда, пол жуугуч аял, алдында адам эмес шайтан тургандай коркуп, бүрүшө  түшкөнүн өзү да байкабады. Ажаткананын төр жагындагы караанды Алым дагы, пол жуугуч аял дагы байкаган жок...

Алым үйүнө шамда келди. Үйүнө кирип эле чыракты да жандырбай, төшөгүн да салбай төрдө туурасынан салынган жакөндөскө кулады. Намазга жыгылганына жети жыл болсо ал бүгүн биринчи жолу намазын окубай койду... Ойгонсо түн бир окум болуптур. Кечке салпаңдап жөө жүргөнгө, кыжаалатчылыктарга чарчаган Алым тырп этпей уктаптыр.  Көмкөрөсүнөн кандай жатса ошол боюнча ойгонду.  Эс ала түшүптүр. Эсине уйу менен музоосу түштү. Туруп малканага барса уйу  чанагынан чыкчудай болгон көздөрүн алайтып, күшүлдөп-пышылдап, ыргактуу кепшеп  жатыптыр, жанында өзүнчө эле каадалуу кепшеп музоосу жатат. Күзгү жыйым-терим бүткөндүгүнө байланыштуу азыр эгин талаалары бош, ошондуктан элдин баары малын кайтарбай, аркандабай бош коё беришкен. Апасы ооруканага жаткандан кийин, уй сааганга  адам жок, Алым музоосун энесине кошуп салган. Тоюптур жаныбарлар деп ойлоп, өздөрү келип малканага кирип жатып алгандарына сүйүнүп, каадалуу кепшеп жаткан музоосуна карап жылмайды. Көптөн бери жылмая электигиненби,  бет булчуңдарына жылмаюу жат боло түшүптүр,  жылмаюусу  кызыктай чыкты.

Малканасынын капталынан чабыра өтөт, чабыранын берки бетинде Алымдардын теректери, наркы бетинде Камилалардын теректери, чек ара кайтарган солдаттардай каз катар тизилишип, бир бирине кыр көрсөткөндөй керилишет. Түн айсыз болгондуктан жылдыздар адаттан тыш жарык. Алым асманга карап ааламдын чексиздигин, жылдыздардын сансыздыгын мурда билсе да азыр гана маани берип, туюп апкаарып, түнкү асман ушунчалык сулуу экенине суктанып турду. Негедир ыр жазгысы келди. Эсине Камила түштү. Камила – кошунасынын кызы.

Камилалардын короосу көрүнбөгөнү  менен, айванындагы электр чырагы күйүп турганын байкоого болот. Демек укташа элек. Алымдын эмнеге булар  түн жарымдан оосо да укташа элек деген кызык оюн, Камила жөнүндөгү ою басып кетти.  Алым Камиланы бала кезинен жакшы көрөт. Ортолорунда ашыктык жөнүдө эч кандай сөз болбосо дагы, Камиланын өзүнө  жасаган мамилесинен, жоодурай тиктешинен, жылмаюусунан, койчу деги эле турган турпатынан, ал аны жакшы көрүшүн билерин, ал турсун Камила да өзүн жакшы көрөрүн, өзү түшүнбөгөн кандайдыр бир туюм менен туят. Быйыл пахтанын түшүмү жакшы болсо, Камилага үйлөнөм деп өзүнчө кыялданып жүргөн. Түшүм жакшы болгон менен пахтанын баасы түшүп кетти. Бир жагынан апасы ооруп ооруканага жатып калды. Айтмакчы, Алымдын атасы эки жыл мурда кырсыктан өтүп кеткен. Ошондон бери үйдөн кут, береке качты. Күйүттөн апасы ооруп калды. Иши оңолбой, бири эки болбой туруп алды. Ушуларды ойлогондо башы ооруп чыкканына карабаган Алым, бир бөлмөсүнөн дагы жарык чыкпай томсоргон үйүнө киргиси келбеди...

Эртең менен турса ооруган башы басылбаптыр. Ойлонуп-ойлонуп арзан болсо да пахтаны сатууну чечти. Кыдырып пахта алчулар өтүп калабы деп көчөгө чыкты. Аркан бою көтөрүлүп калган күн, оорулуу адамдай нурсуз, тапсыз. Аялдамада Камила туруптур. Жанына барып:

- Кандайсың? - деди Алым, атасынын эски фуфайкасын кийип чыга калганына ыңгайсыздана.

- Жакшы, өзүңүз? - деди Камила жылмая, анан Алымдын кейпин көрүп, - Эмне, бир жериңиз ооруп турабы, ыраңыңыз алдакандай, - деди санааркай. Алым айтаар сөзү ушунчалык көп болгону менен, эмне дешти билбей турду.  Анан күтүүсүздөн Камила:

- Мага түндө сөйкө салып кетишти, - деди. Алымдын башы азыр жарылып кетчүдөй лукулдап чыкты, ушунчалык башы катуу ооруганынан, "Кандайча?!" - деп же айтканын, же жөн эле ойлоп койгонун да айрымалай албай калды, каректерине жаш толгон Камиланын:

- Азыр мага күйөө болчу сөрөй машина менен келип,  мени шаарга алып барып ойнотуп келет, - деген кекээрдүү сөзүн укпай деле калды. Ушул учурда капкара айнектеринен ичи көрүнбөгөн иномарка машина "шуу"  деп токтоп, Камиланы салып, музыкасын дүңкүлдөткөн боюнча зуу коюп кете берди. Алым жарылчудай болгон  башын мыжыгып, онтоо аралаш:

- Шшшайтан...- деп үнүн чыгарып айтып жибергенин өзү сезбей калды.

- Ээ,  дос мен сени түшүнөм, менин башыман да өткөн мындай иштер, - деген үнгө жалт караса, артында өзү курактуу, арык, көздөрү жымшыйган бала туруптур. Чыпыйта кийген кийими аны ансайын арык көрсөтүп, буттары тим эле чыбыктай. Алым бир алдын ашта сөгүп салайын деп барып, кайра  мында эмне айып деп,  кеч күздүн аба ырайына ылайыксыз жука кийимин көрүп аяп кетти.

- Кечээ апамды дарылап жаткан врач, апамдын айыкпасын айтты. Мен бир күнү ушул сөз айтылышын билип, күтүп жүрсөм да мага күтүүсүз болду, бүгүн сүйгөн кызым эрге тийип атам деди, бул сөздү деле күтүп, билип жүргөм, бирок бул да мага күтүүсүз болду... - деп ага арыздана баштаганын өзү да байкабай калды... -  Эх, пахта эле арзандап кетпегенде мындай болбойт эле, - сөз нугун буруп үшкүрүндү.

- Пахта сатайын дедиң беле? - деди арык бала.

- Ооба, ошого кыдырып пахта алган машина өтүп калабы деп турам.

- Э,  дос, аларга сатып эмне кыласың. Алар заводдогудан, жок дегенде бир жарым сомго арзан алат. Сен бир тонна сатсаң, бир жарым миң сомго күйөсүң. Андан көрө машина жалдап заводго өзүң алып барып сат, шопурга ашып кетсе беш жүз бересиң, бир  миң эмне жолдо жатыппы, - анан күтүүсүздөн эле, - Шакен, - деп Алымга таанышуу үчүн колун сунду.

- Өлүмдөн башкасынын айласын тапса болот, досум, - деп сөзүн улады ал, - азыр жыйын-терим бүттү, машинасы барлар ишсиз үйдө отурат, кимисине айтсаң деле сүйүнүп жеткирип берет пахтаңды. 100-200 кило сатам дегендер болбогон пахта деп убара болуп заводго барып отурмак беле, туугандарыңдан, коңшу-колоңдордон сураштырып, алардын пахтасын дагы алып ал, жок дегенде жолкиреңе жардам болот, ким билет: ишиң жүрүшүп кетсе бир-эки айлантып иесиң, - деп жылмайды Алымдын жаңы досу. Ошол учурда  атын жулкунтуп Керим:

- Ассалом алейкум, досум, а бу өзүнчө күбүрөнүп, туруп калыпсың? - деп келип учурашып калды - Ээ, дос, ооруп турасыңбы, ыраңың купкуу? - деп боору ооруй карады Алымга.

- Жок эй, оорубай эле, пахта алгандар өтсө пахта сатсамбы деп  чыктым эле, - деп Керимдин артында эле турган адамды көрмөксөнгө салып учурашпай койгонуна оңтойсузданып, - учурашпайсыңбы? - деп арт жагына башын жаңсады.

- Учураштым го. Бүгүн чоң улак. Жүр, улакка алып барайын, учкаш, - деди Керим Алымга көңүл үчүн эле, себеби Алым улакка барбашын билет.

- Жо-ок эй, рахмат досум.

- Кой досум анда, элден калып кетпейин. Мейли, - деп атын чапкан боюнча кетти Керим.

Шакен булар сүйлөшүп бүтүп, Керим атын чаап кеткиче жылмайып, үнсүз карап тура берди. Анан Керимдин учурашпай койгонуна таарынып калганбы:

- Кой, мен кеттим. Тигине машина келатат, токтотуп сүйлөшүп көр, - деп коштошпой жолуна түштү.

Кол көтөрүп токтотсо Марип экен.

- Салам алекум, - деди эшигин ачып машинадан түшпөй тепкичине тура калып.

- Алеким салам. Марип заводго пахта алып барайын дедим эле, - деди Алым кол алышып учурашып атып.

- Болду да, ака. Качан? Азырбы? Болду, ака. Азыр үйдөгүлөргө барып айтып коёюн, кабаатыр болушпасын. Он минутада ушул жерде болом.

Алымдын иши шыр кетти. Пахта сатышын уккан атасынын алысырак турганы жардамга эки баласын берди, жолдон аларга алардын эки досу кошулушту. Бешөө жарым саатка жеткирбей Алымдын пахтасын машинага жүктөп болуп койушту. Биз бир аз күтө туралы пахтаны сатпай, кымбаттап калар, ага чейин чай-чамекке иштетип турганга дешип, атасынын тууганы менен дагы  бир кошунасы  азыраактан пахта кошушту сата келишин өтүнүшүп.  Бир азга  көтөрүлө түшкөн Алымдын көңүлү пахта заводго барганда кезектин көптүгүнө бир түшсө, пахтанын килосу  дагы эки сомго арзандаганын укканда эки түштү. Бүгүн кезек аларга  жетпейт экенине  көзү жеткен шопур Алымга:

- Алым аке  экөөбүз бир кабинада кыйналабыз, караңгы түшүп баратат, сиз үйгө кете бериң, эртең менен эрте келесиз, - деди.

Башы ооруп чыккан Алым чоң трассага чыгып машина тосуп, айылга бурулчу айрылыш жолго жетип алсам, нары жагына эптеп кетип калам деп трассага кетип атып, эртең мененки жаңы досу Шакенди учуратып калды. Эмне болгонун Алымдан угуп:

- Э, досум, эч кабатыр болбо, баары жакшы болот.  Сен азыр ылдый трассага түшүп машина тоссоң, караңгы түшүп кетип атат, токтойбу токтобойбу, андан көрө сайды бойлоп жогору бас. Азыр сайда суу жокко эсе, көп болсо тизеге чейин, кечип өтүп туура салсаң, айылга кетчү жолдон чыгасың - деп кеңеш берди.  Чын эле карасаң ушул өзүнүн оюна келбегенин. Жогорурак барып сайдан таштан ташка секирип эле өтүп кетти. Сай кеңири болгон менен суу бир эле чекеси менен агат. Кагыраган таштак сайдын кээ бир жерлеринде, илгери союз күчүндө маалында бир жыл мындан, бир жыл тигинден аккан  сууну бир нукка салуу үчүн эгилген дарактардан калган, топ-топ болуп ар-ар жерде  өскөн дарактар бар. Жайында эл сууга түшкөнчө ошол дарактардын көлөкөсүндө, алып келген тамактарын жеп же шашлык жасашып, эс алышканы машиналары менен келишет. Азыр го эч ким жок, бирок чоң жолдон ошол дарактарга келген машиналар салган  жолоктор болуш керек деп ойлоп Алым ошол жакка салды.

Караңгы тез түшкөн менен ай жарыгынан айлана кыйла жарык. Тыптынч. Күз экенине карабай бүгүн түн адаттан тыш жылуу. Азыр дарактарга келчү жолокторго жетип  алсам басканга кыйла жеңил болуп калат деп, дарактарга жакындап калганына сүйүнүп алды Алым. Дарактардын көлөкөсү көзгө сайса көрүнгүс караңгы экен. Караңгыга көзүм көнсүн деп токтой калган Алым жакын жерден кандайдыр  үн угуп, алды жагын жалт карап,  айдын нуруна чагылышып жылтылдаган жеңил машинанын капотуна эки колун коюп эңкейип турган, энеден туума жылаңач  аялдын артына жармашкан эркекти көрүп нес болгондой катып калды. Сүттөй аппак денесине түшкөн  ай жарыгы аялдын денесин кандайдыр сыйкырдуу нурдантып, кыркылган капкара чачтары, эркек кыймылдаган сайын термелген жумуру мамактары, кыпча бели, белинин ичкелигинен уламбы – чоң көрүнгөн көчүктөрү сулуулугуна сулуулук кошуп, келиндин элеси Алымга асмандан түшкөн периштени элестетсе, чендейген курсагы, башка эле адамдын буттарын алып келип кадап койгондой ичке буттары, кейпи суук ыраңы, капкара колдору менен кыпча белинен капшыра кармап келиндин артына жармашкан эркектин элеси Алымга жер астынан чыга калган шайтанды элестетти.

Алым баарын күндүзгүдөн да даана көрүп турду, дене кумарына балкыган келиндин мамагынын чоңоё түшкөн үрпүнөн тартып, рахаттан чала жумулган көздөрүн,  ал турсун узун кирпиктерине чейин. Ал аларды  бир кылымдай карап тургандай сезилип кетти. Эркектин ахылдап-охулдап, күшүлдөп-пышылдап, кээде чочкочосунан хурулдап кеткени Алымдын кыжырын  келтирсе, келиндин назик онтогону делебесин козгоп, арбап, а эркек кыймылдаган сайын "дагы-дагы-дагы... катуурак... тереңирек... дагы-дагы..." дегени Алым өзү түшүнбөгөн кандайдыр алеемди, кызганууну  пайда кылып, келиндин ар бир дагы-дагы дегени жүрөгүнө бычак болуп сайылып жинин келтирди. Башына миллиондогон ойлор келип, азыркы ушул көрүнүш, ак менен каранын, жарык менен караңгынын, аруулук менен балиттиктин, шайтан менен периштенин жуурулушкан  бир бүтүндүгү экенин, деги эле ушул дүнүйө, аалам, жашоо, тирүүлүк ушул карама-каршылыктардын бүтүндүгү экенин түшүнүп турду. Бул көрүнүш  кыжырын, жинин келтирип, ошол эле учурда арбап да турду. Биринчи көргөндө Алым отура калган экен, ордунан турду да, мен эмнеге уялат элем, өздөрү уялсын деп алардын жанынан эч нерсе болбогондой өтүп кетти. Алар экөө тең машинанын далдасына бой урушту.   Элүү метрдей узай бергенде:

- Дос! Эй дос, бир минутка, бир эле ооз сөзгө, шайтан алгырдыкы, токтоп койчу  - деп  энтеңдеп, гүшүлдөп-бышылдап, үстүнө шашылыш спорттук кийим кие калып жүгүрүп келаткан эркекти көрдү. Токтоп калган Алымга жете келип: - Ассалом алейкум, - деп колун сунуп келатып кайра тарта калды да, Алымды кетип калбасын дедиби, - ит болдук иним...  шерменде болдук сага...  эл укпасын... элге шерменде кыла көрбө... эмне десең аткаралы... канча десең берели... оозуңдан чыгара көрбө, - деп демиккенине карабай, токтобой  сүйлөп атты.

- Эй аке, эч нерсеңиздин кереги жок мага, мен эч кимге айтпайм.

- Кой андай дебе, иним, сен да эркек, мен да эркек, өзүң түшүнөсүң, ушул иш ушул жерде калсын. Менин аялым бар, анын күйөөсү бар, - деп башын машинасы жакка жаңсап, дагы токтобой сүйлөй баштады, - мен го мейли, эл укса тиги аял кишиге кыйын болот.

- Айттым го, мен эч кимге айтпайм.

- Жүр анда, тигиге айтып койчу ошентип, өзүн өзү бир нерсе кылып албасын.

Алымда кайра машинага барыштан башка арга калбады. Машинага жетишери менен тиги семиз эркек, машинасынын эшигин ачып, ичинен кагазга оролгон бир нерселерди алып чыгып капотко коё калды. Эшиги ачылганда ичи жарык боло түшкөн машинада отурган келин менен Алымдын көздөрү чагылыша түштү. Анын сулуулугу Алымдын ааламын аңтер-теңтер кылып салды. Семиз эки стакан, бир ише ачылган коньяк алып чыкты да коньяк куюп атып:

- Нандарды өзүң сындырып, чучукту өзүң кес иним, айтпайм дегениң чын болсо алып жиберели, - деп баягыдан токтоо сүйлөдү.  Келиндин сулуулугуна таасирленген Алым, үндөбөй коньякты тартып жиберди.  Семиз эркек стакандарга дагы куйуп, бирин алып  сөз баштады:

- Мындай да иним, бардык нерсенин баасы болот, менин баам бар, сенин бааң бар, сенин орусча айтканда "молчанияңдын"  баасы бар. Канча? Тартынбай айт.  Менин башымдан көп нерсе өттү, сен азыр эч нерсе керек эмес дегениң менен эртеге, беймаралчылыкта, каап деп калба. Ойлон. Кааласаң эртеге жолугуп чай ичкенче отуруп сүйлөшөлү. Сенин "молчанияңды" сатып алып койсок, биздин көңүл да тынч болот. Түшүнөсүң да.

- Макул, - деди көптөн бери ичпей жүргөнгөбү, же ачкалыгынабы, биринчи стаканга эле башы айлана түшкөн Алым.

- А бул башка кеп, бул жагы эркекче болду, иним. Тарт. Түндөсү бул жакта эмне кылып жүрөт элең? - деп сырдуу жылмайды семиз эркек.  Алым коньякты ичип жиберди да, чучуктан сугунуп атып:

- Пахта тапшырганы келгем, - деди. Ичи ачышып чыккан Алым  чучук, нандан жеп атып, - пахта дагы эки сомго арзандап кетиптир, - деп улап койду.  Пахта дегенде жандана түшкөн семиз эркек:

- Тапшырдыңбы анан? - деп кызыга сурады.

Оозун нан, чучукка толтуруп алган Алым жок дегендей башын чайкады да, шашыла оозундагыларды жутуп:

- Кезек жетпей калды, - деди.

- Анда мындай кылалы. Атым – Оомат.  Менин былтыркы баа менен быйылкы түшүмгө түзүлгөн келишимим бар. Сен пахтаңды менин фирмамдын атына  тапшыр, мен накладнойдогу тоннага, былтыркы баа менен нак төлөйм. Эмне дейсиң? Келиштикпи? - деп колун сунду.

Экөө кол алышып келишимди бекемдешишти. Өзүн Оомат деп тааныштырган семиз эркек Алымды машинасы менен үйүнө таштап койду.

Үйүнө жеткиче арткы отургучта отурган келин бир да үн чыгарган жок.

Эртеси Алым эртең менен пахта заводго барса түндөгү киши,  Алымды издеп жүрүптүр.

- Ассалому алейкум, үкөм. Кечээ же сенин атыңды да сурап калбапмын. Кана машинаң?  Айда де шопуруңа, - деп, бирок Алымды күтпөй өзү жүгүрүп барып, шопурдун жанына отура калып айдатып, кезектегилердин нааразылыгына карабай, кезексиз эле заводдун дарбазасынан кирип кетти. Артынан барган Алымды ошол жерде таразада отургандарга бүгүндөн баштап менин атыман пахта тапшырат деп тааныштырып, Алымдын колуна бош, бир нече накладной карматты. Пахтаны кандай тапшырышты үйрөттү. Жарым саатка жетпей Алымга пахтасынын пулун нак санап берди. Сүйүнүчтөнбү, Алымдын башы лакылдап ооруп чыкты. Пахта заводдон чыгып келатып, Шакен досуна учурап калды. Досу аны менен чогуу баса:

- Эми мындай кыл досум, эч кимге айтпа, пахтаңды канчадан сатканыңды. Кошунаң менен тууганыңа деле бүгүнкү баа менен бер. Элге пахтанын баасы дагы түшөт экен деп имиш тарат. А, өзүң элден сатып алып, күнүнө эки-үч жолудан ташып тапшыр, иштеп кал, мындай мүмкүнчүлүк бир жолу берилет, - деп кеңеш берди. Каршы бир нерсе дейин деди эле, Алымды сүйлөтө койбой: - Тууганың дагы, кошунаң дагы ушул болор-болбос акчадан байып да кетпейт, жардыланып да калбайт. Аларда бардыгы бар, мал десең мал, пул десең пул. Сен өзүңдү ойло... - деп Алымды сынай тиктеди да, - андан көрө сен азыр шопур менен чайканага барып чай ичкиле. Шопур дагы өзөргөндүр кечээтен бери. Барып эле бир-эки кило аш заказ берип кой, силер шашлык-машлык жегиче бышып калат. Апаң жаткан ооруканада иштегендерге алып барып бер. Азыр бир нерсе бербесең эч ким эч нерсе кылбайт...- деп улады... Алым ойлонуп калды.

- Туура досум... сөздөрүңдө калет жок... - деп караса Шакен досу калып кетиптир, ой менен болуп атып машинага да жетип калыптыр.

- Өзүңүзчө эле эмнелерди күбүрөнүп атасыз, алдыңызбы акчаңызды? - деп суроолуу жылмайган Марипке, андан да өтө жылмайды да: - Айда чайканага, чай ичели, - деп суроосун жоопсуз калтырып,  буйра айтты...

Бүт баарын досу айткандай жасады. Ооруканда иштегендерге түштөнүп алгыла деп,  эки кило аш алып барып берди, врачка дары-дармекке деп акча берди. Эртеси келсе апасынын шейшептерин жаңылап, жакшы палатага которушуптур. Күчтүү уколдорду сая баштагангабы, апасынын ыраңы кыйла түзүк.  Алым туура жолдо баратканын сезди, өзүнө өзүнүн ишеними артып чечкиндүүлүк пайда болду. Күнү-түнү тынбай элден пахта сатып алып тапшырып, тынбай иштеди.Тааныштары, достору көбөйдү, кыска мөөнөттө эл оозуна алына баштады....

Алгачкы кар жаап, кыш чындап  кыр көрсөтө баштаганда, Алым атайын шаарга барып, кийимин жаңылады баштан аяк. Базарда көпкө жүргөнгөбү, башы чыдатпай ооруп чыкты.   Базардан чыгып келатып Шакен досун учуратып калды.

- О, куллук болсун, кийимиң күзгө, өзүң жүзгө жет, - деп келип учурашты досу.

- Рахмаат. Жүр досум, жууп берейин.

- Жуушун го сөзсүз жууйсуң дечи, бирок азыр эмес, иштер бар эле. Кечинде үйүңө барам, ошол жерден жууп бересиң, - экөө четке чыгып сүйлөшүп туруп калышты. Нары-бери өткөн адамдар Алымга таң кала карашат... Базардан алып эле кийип алган кийимине суктанышты окшойт. Алым жолдон бир шише коньяк, дагы майда-чүйдө нерселерди алды. Үйүнө келип  таксиден түшүп атса, улакчы досу Керим келип калды.

- Ассалому алейкум, дос. Кандайсың? Көрүнбөй кеттиң? Көптөн бери мечитке барбай калдың? - деп суроолорду жаадырып учурашты.

- Валекум ассалом. Жакшы рахмат, досум, иштен кол бошобой эле. Мүмкүнчүлүк барында иштеп калайын деп тытынып жүрөм, - деп актанган болду Алым.

- Ыраңың бир кандай досум, касам ичкен адамдай кумсарып, ден соолугуң жакшы элеби? Азыр Үлпат жеңем базардан келди эле, ошол айтып калды, досуңуз кычырап жасанып алып базардын оозунда турат,  салам айтсам, өзүнчө күбүрөнүп мага көңүл деле бурбады, пул адамды бир паста өзгөртөт деп, жарым сааттай лаңшыды, жеңеми билесиң го, - деп жылмайды.

- Дос, менин ахвалымды сенчелик эч ким билбесе керек, атаман айрылгам, апам ооруканада. Тытынбасам болбойт.  Анан сезон бүтсө бара берем мечитке.

- Билем досум, билем. Өзүң билесиң да эми. Бир доктурга көрүнүп кой дос, - деп коштошту Керим досу.

Колунан келишинче дасторкон жасап Шакен досун күтсө жок. Күтүп-күтүп келбейт окшойт эми деп коньякты ачып, рюмкага толтура куйуп ичип жиберди. Коньяккабы; башы дагы ооруп чыкты. Кайра-кайра ооруп, башынын оорусу өнөкөткө айланып алганына кыжаалат болуп, таза аба жутканы сыртка чыкты.  Сыртта бир аз жүрүп кирсе, досу үйдө отурат.

- Э, мындай эмес да, өзүң чакырып коюп өзүң жоксуң, - деп каткырды Алым менен учурашып атып. Алым киргиче эле коньяктан өзү куюп ичип алганбы, кызуу.

Ал-ахвалдар сураштырылып бүтүп рюмкаларга ичимдик кайрадан толтурулганда, Алым чөйчөгүн колуна алып сөз баштады:

- Досум, сага сөз берерден мурда мен бир нерсени айтып алайын. Сага жолугуп, сенин кеңешиң менен пахта алып барып сата баштагандан кийин жашоомдо кескин өзгөрүштөр болду. Оң жагына. Сен себепкер болуп иш баштап, сенин кеңештериң менен ишим жакшы жүрүшүп кетти. Сага чоң рахмат. Сен мен үчүн асмандан түшкөн периштедей элесиң. Эми сөз сенде досум, бир нерсе деп кой, алып жиберели.

- Эми эмне дейбиз... Сөзгө жокмун... Ыыы... ийгилик сага. Ошо... Ал эми периште деп  ашыра чаап жибердиңго дейм, - деп жылмайды да, бир нерсени эстей калгандай, - айтмакчы, ошо сен өткөндө сулуу, периште деген келин, жанагы сен шайтандай деген кишини, сенин аркаңдан жетип өлтүрүп сал деп жөнөткөнүн билгениңде, сен ал келинди периште дебесең керек эле, - деп улады.

- Койсоңчу, дос - деп күлдү Алым, Шакенге ал келин жөнүндө качан айтканын  эстей албай атканда:

- Кел, алып жиберели, - деп Шакен анын оюн бузду.

- Ыы, айтмакчы, мен жер астынан чыга калган шайтандай деген Оомат аке дагы жакшы адам экен, - деди Алым ичип жиберип.

- Сен шайтан, периште десең ойлоп атам. Эмнеге адамдар периштелерди мактап, жакшы көрүшөт, а шайтанды жаман көрүшүп, каргашат? - деген Шакенге Алым акылынан адашкан адамга карагандай таң кала карады. Шакен жылмая сөзүн улдады:

- Оюмду жакшы түшүндүрүш үчүн мисал келтирейин, мына... Одоно мисалым үчүн кечирип кой... ыыы.. чымынды бокко конот деп жаман күрүшөт, аарыны гүлгө конот деп макташат. Айтчы, чымында эмне айып, аны кудай ошондой жаратса, ошону буйруса чымын байкуш кантсин? Ошондой эле шайтан шордууда эмне айып, аны кудай ошондой жараткан да. Кудай шайтанды жаратканда, ал турсун жарата элегинде эле билген, шайтан кимди кандай азгырышын, ал турсун кудай сен бул дүйнөгө жаралышыңан миллион жыл мурда эле сенин качан жаралып, качан өлүшүңдү, сенин шайтандын кайсыл азгырыгына азгырылышыңды билген, туурабы?.. Кудай бардыгын билүүчү да, же мен адашып атамбы? - деп Шакен Алымга суроолуу тигилди. Алымдын эмне деп айтышын айтырбай эле билип алчудай теше тиктеген Шакендин көз карашынан ичиркене түшкөн Алым  эмне дешин билбей туруп калды. Анан нары бурулуп баратып Шакен кандайдыр актангандай:

- Все притензии к богу, - деп орусчалап, өзүнчө гүбүрөнүп  койду.

Алымдын башында  чын эле деген ой жылт деди.

- Билесиңби, Шакен, сен азыр менин башымда мурдатан эле жүргөн ойду башкача нукта  айттың. А мен ойлой берчүмүн, мына кудай мүмкүнчүлүгү чексиз, мен кудай үчүн кыпынмын,  кыпынчалык  дагы эмесмин, анан мага неге кудайдын жини келет, мени макта дейт, мага сыйын дейт, менден корк дейт, кулсуң дейт, эмнеге? Коркутат, сени элеби шашпа деп кекетип-мокотот, бул жашоодо жыргап кетпегениң аз келгенсип тиги дүйнөдө өрттөйт. Эмне үчүн мени сынайт, мен ал кандай жаратса ошондоймун да, ал  мени сынабай туруп эле өзүмөн да жакшы билет да менин ким экенимди? Мен бул ойлорду айтмак түгүл ичимен ойлоп алып коркчумун, кудайдын каарына калам деп, билбейм бирок азыр айтып жибердим.

- Сенин жаңылыштыгың ушунда, кудай үчүн мен кыпын дагы эмесмин  дегениңде, кудай үчүн сенден өткөн баалуу нерсе жок, сен кудайдын бир бөлүгүсүң, ушуну жакшылап түшүнүп алышың керек. Сени коркуткан кудай эмес, ал дин. Как ни странно, - деп дагы  орусча аралаштыра сөзүн улады, -  кудайдын атынан сүйлөгөн диндин как раз и Кудайга тиешеси жок. Диндин орусча котормосу вера, бул жөн гана ишеним, религиянын максаты – адамдарды кудайдын каардуулугуна ишендирип, адамдын эң күчтүү сезимдеринин бири – коркуу аркылуу башкаруу. Айтмакчы, коркуудан күчтүү бир эле сезим бар, ал - Сүйүү. Сен кудайдан коркпой кудайды сүйүшүң керек, - деди да, айткандарымдын маани-маңызына түшүнүп алсын дегендей бир аз тыным алды. Чындыгында эле Алымга бул ойлор бир чети өзүнө жат, төбө чачты тик тургузгандай болсо, бир чети бул ойлор анын көңүлүнүн түпкүрүндө илгертен эле жашап келаткандай сезилип атты.

- Мындай да, - деп сөзүн улады Шакен бир аз тыныгуудан кийин, - чоң от, ошол оттон бир ширеңкенин даанасы  тутандырылат, анан миллиарддаган ширеңкенин  талдары бири-биринен тутандырылат, ошол ширеңкенин талдары биз, от жаныбыз, орусча айтканда душабыз, ошол от өчкөндө биз өлөбүз. Эмнени айтайын деп атам, биздин ширеңке өчкөн менен тиги чоң от өчкөн жок да, биз ошонун бир бөлүгүбүз, демек биздин жаныбыз, душабыз тирүү да. Душа түбөлүктүү дегени ошо... Дагы кандай түшүндүрсөм экен...

- Э, койчу досум, башты оорутуп ийдиң... Кел, андан көрө бирди алалы, - деп Алым Шакендин сөзүн бөлүп стаканын көтөрдү. - Мен сага бир нерсени айтып коюуга милдеттүүмүн, билесиңби, сага жакшылык кылып, туурадай сезилген сөздөрдү айткан адамдардын баары эле периште эмес, шайтан да алдаарда жакшылык кылып, туура сөздөрдү айтып, ишеничиңе кирип алып  алдайт, бардыгы ошол сөздөрдү кандай максатта айтып, ошол жакшылыктарды эмне максатта жасап атканында, - деп Шакен кандайдыр Алымды сынагандай, уурдана карады. Балким Алым мас болбогондо бул көз карашты байкамак. Бирок ал мас болчу. Эч нерсени байкабаган  Алым жаңы кийимдерин кийип досуна көрсөтө баштады. Джынсы шымы менен поливерин кийип, кире бериште турган күзгүгө келип бир аз каранып турду да, ээгин сылай, тамаша аралаш:

- Каап, көсөөмүн да сакал өспөйт, сакал коюп алсам мачо болуп калмак экемин, - өзүнө-өзү суктана күлдү.

- Э, койчу эй, сакалды эмне кыласың жаш эле туруп, сакал койчу күндөр да келет.

- И, ал эмне дегениң, алла пенделерин мусулман болууну буйруган, мусулман болгондон кийин бизге сакал коюу сүннөт, - деген Алым бир нече күндөн бери кудайды эми оозанып атканын эстеди.

- Алым, - деди ыраңы бузула түшкөн Шакен Алымды биринчи жолу атынан атап,- менин айтканым балким сага жакпайт, бирок сен түшүнүшкө аракет кылып көр. Кудай айыл өкмөтү, же райондун акими, же областын губернатору, ал турсун өлкөнүн президенти да эмес, буйрукту чыгарып, анысы аткарылса аткарылып, аткарылса аткарылбай кала берчү. Кудайдын буйругу кынтыксыз.  Кудай айды жерди айлан деп, жерди күндү айлан деп, күндү тынымсыз жарык чач деп буйруган, ушул кудайдын буйругу болот. Кудай жалгыз, а дин көп. Мусулман болуш, христиан болуш, же башка динде болуш бул пенденин жеке иши, жеке ишеними, жеке тандоосу. Эгер кудай пенделердин баары мусулман болсун деп буйруганда, дүнүйө жүзүндөгү элдин баары автоматтык түрдө мусулман болуп калмак. Кудай пендени мусулман бол деп буйруган эмес, ошондуктан дүнүйө жүзүндөгү калктын үчтөн эки бөлүгү башка динде. Тандоо мүмкүнчүлүгүн берген кудай пендеге. Молдокелер айтат, кудайдын айтканы болот деп, кудай бешенеңе кандай жазса ошондой болот дейт, менимче бул туура эмес, өзүң ойлоп көрсөң, мисалы бир пенде христианин болду дейли, демек кудай бешенесине ошону жазган, ошондой буйрук кылган, анан эмне үчүн кайра ошол пендени мусулман болбодуң деп жазалашы керек кудай, - деп  бир токтобой   сүйлөп аткан Шакенге Алым ормоё карап:

- Сага жолуккандан бери ишим жүрүшүп, сени периште окшойт десем, сен мени дин жолунан урган шайтан окшойсуң? - деди  Алым.

- Шайтан, шайтан эле дейсиң, мындай  да, караңгылыкты көрбөгөн адам жарыктык эмне экенин түшүнбөйт, жаманды билбеген адам жакшыны түшүнбөйт. Шайтан керек болсо пендеге жаман эмне экенин көрсөтүп, пендени тобасына таянтып кудайга алып келет, а молдолоруң динге алып келет, - деди да каяша айтмакчы болуп оозун таптап келеткан Алымга көңүл бөлбөй: - Мен сага бир сакал жөнүндө жомок айтып берейинби? - деп ушул Шакенге жолуккандан бери бир жолу да намаз окуй электиги жөнүндө ойлоно түшкөн Алымдын жообун күтпөй эле, Шакен  жомогун баштады: - Илгери-илгери, өтө илгери, ааламда, дүнүйөдө Кудайдан башка эч ким жогунда, Кудайдын жалгыз эле эрмеги жылдыздарды жагуу болгон экен. Ошону үчүн жылдыздар сансыз да. Отуруп алып эле Кудай ааламдын каалаган бурчуна колун созуп, - деп Шакен колун жогору карай суна, көрүнбөгөн түймөнү сөөмөйү менен баскандай түр көрсөтүп, -"чик" эттирип жылдыздарды жандырып эле отурчу экен, - десе, Алымга чексиз ааламда отуруп алып жылдыз жаккан Кудайдын элеси көз алдына келе түштү. - Күндөрдүн биринде, -деп улады Шакен жомогун- Кудай зеригип отуруп, Шайтанды жаратыптыр. Шайтан десе эле адамдар эчки буттуу, мүйүзү, куйругу бар жандыкты элестетишет экен, шайтандын туруктуу кейпи жок, анын касиети ушунда, ал каалаган көрүнүштө, ал турсун сенин кейпиңде, менин кейпимде да боло алат. Ошентип Шайтанды жараткандан кийин миллиарддаган жылдар өткөндөн кийин Кудайдын дагы бир зат жараткысы келет. Ошентип Адам-Ата жаралат экен. Адам кудайдын сүймөнчүгүнө айланып, Шайтанга да жакчу экен. Шайтан аны ар кандай амалдар менен алдап шакаба чегип, азилдешип, тамашалашып ойночу экен. Арадан дагы милларддаган жылдар өткөндөн кийин Адам, Шайтандын бүт айла-амалын билип алып, ага алданбай калат. Шайтан Кудайдан сурана баштайт, дагы бир ушундай жандык жаратчы деп. Кудай макул болуп, Адамдын кабыргасынан Обо-Энени жаратат.  Бирок Шайтан эстүү болчу. Ал дагы болбогон бир,  миллиард жылдан кийин Обо-Эне дагы, ага алданбай калышын билип, терең ойлонуштурулган бир ишти ишке ашырууга киришет. Адам, Обо бейиште жашашкандыктан алар эч нерсе жешчү эмес, карап коюп эле курсактары ток жүрө беришчү. Шайтан бир даана буудайды жарып ичиндеги унду Адамга жедир деп Обону алдай баштайт. Обо Шайтандын канчалык кара өзгөй экенин билбей, Адамга буудайды жедирип салат. Буудайды жегенден кийин Адамга мурда өзүнө жат сезим, күч  пайда болот, себеби урукту жегендиктен Адамда да урук пайда болот. Обо-Эне экөө мурда болуп көрбөгөн, бейиштегиден миң эсе күчтүү рахатка батышат. Кайра-кайра буудай жеп, кайра-кайра рахатка батышат. Алкым напсиси, ала напсиси  ошондо пайда болгон адам затында. Ошондо атаа этилип калган. Ошондо адам заты кара курсагынын, ала написинин кулуна айланган. Адамзаты кудайдын кулу эмес пендеси, адам заты кара курсагынын кулу. Напсиңди тый дейт, адам баласы напсисин тыя албайт, себеби адам баласы ошол напсинин натыйжасы. Дагы бир айтчу нерсе, азыр адамдар кандай даамдуу нерсе жебесин тез эле көңүлүнө тиет, нан гана көңүлгө тийбегени ошондон, адам затынын эң биринчи таткан даамы. Ошондон нан жеш, аял-эркек  рахматка батыш адам затына атаа этилип калган экен, - деди да Шакен Алымга карап, сөөмөйүн чорчойто, - байкап атасыңбы, буйруп эмес атаа этилип калган экен, - деди  да жомогун кайра улады, - жегенден кийин эмне болмок эле, улуу сөздө уят жок, жегендин чычмагы бар да, арадан эки күн өтпөй Адамдын улук саара кылгысы келе баштайт. Бейишти булгоого болбойт, айласы кеткен Адам өзүнүн топусуна улук саара жасайт да башына кие калат. Башынан ылдый ага баштаганда, ала калып колтугуна, аласына катат, Обо дагы аласына колтугуна катып, жашырууга жардам берет. Кийин бейишти сасытып жибергенде, сенден чыкты сен же деп, жанагы заңды  Обо-Эне, Адам-Атага жедирип жиберген экен. Ушул кылыгы  үчүн  Обо-Эне бейиштен куулган. Адам-Ата түбөлүктүү жыргал жашоодон баш тартып, сүйүүнү тандап, Обо-Энени ээрчип бейиштен өз ыктыяры менен кетип калган экен.

Адам төрөлгөндө башында чачы менен төрөлөт, бул адам затынын жаралышына күнөө себепкер болгонунун белгиси. Кийин адам бойго жеткенде, жыныстык жактан жетилгенде, кырсаң болбой,  жулсаң болбой, ошол заң тийген жерлерге жүн чыгат. Бул  буйрук, - деди да, - байкап атасыңбы, буйрук! - деп сөөмөйүн дагы чорчойтту, - Ошондуктан динине, расасына карабай баарына түк чыгат. Ошондуктан адам денесине чыккан түктөр арам делинип, сакал-мурутту жеген, ичкен нерсеге тийбей турган кылып коюшкан илгери. Бул Кудайдын бизге берип аткан белгиси. Биздин күнөөдөн жаралганыбыздын белгиси. Ошол Кудай буйрубаган дагы, тыюу салбаган дагы, бирок Адам-Ата менен Обо-Эненин катасынан пендеге атаа этилип  калган ишти, тукум курут болуп кетпес үчүн жасоого мажбур экенибиздин белгиси.  Эмнеге ак чачтууну, ак сакалдууну сыйлашат, себеби агарган чач, агарган сакал жарык дүйнөгө келиши үчүн жасалган күнөө иш үчүн жазасын, азабын тартып болгондугунун белгиси, ак сакал, ак чач арамдыктан арылган болот. Ошондуктан сакалды чачыңды ак аралай баштаганда коюшуң керек. Адамга Кудай азап берет дешет, жок, адамга азапты кара курсагы, ач көздүгү, текебердиги, куру намысы, алкым напсиси, ала напсиси  берет. Кудай адам баласын ушул сапаттары үчүн, күнөөдөн жаралгандыгы үчүн азап тартып болгондо гана бейишке кайра коё берет.

- Эй дос, мен бул айтканың менен такыр келише албайм, сен эмне аталардын сакалын, пайгамбар койгон сакалды арам дегиң келип турабы? Андай эмес да дос, андай дебе, анчалыкка барба, - Алым кызаңдай түштү.

- Сага эмне болду, мас болуп калдыңбы? Мен айттым го жомок деп, бул болгону жомок. Чындап жиниңди келтирип алдың го. Мен аталардын сакалы арам дедимби, тетирисинче аталардын сакалы таза дедим го. Мен болгону сени динди акыл менен түшүнүп, - деп оң колун башына койду да, анан колун көкүрөгүнүн сол тушуна коюп, - жүрөк менен кабыл алса экен эле деп атам, - деп Шакен бир паста чыңала түшкөн абалды жумшартуу үчүн жылмайды. Бир саамга экөө тең үндөбөй отуруп калышты. - Капа болбо, сени таарынтайын же капа кылайын деген эмесмин, айтылып жүргөн жомокту айтып койдум, - деди да - сөздү башкага бургусу келдиби, - эртеге эмне кыласың, пахта алып барасыңбы? - деп Алымга суроолуу тигилди. Таарына түшкөн Алым жооп бергиси келбеди.

- Айтмакчы, мына сен азыр, пахта алып сатып, бизнес кылып атасың. Сен эле эмес азыр баары базарда.  Ушинтип тапкан акчалары адалбы, арамбы? - деп суроо койгон Шакен - суроосуна өзү жооп берди, - адал, билесиңби эмнеге? Билбесең билип ал. Илгери бир пайгамбар жүнүнө уйгак жабышып, жүдөп калган койлорду акча берип алчу экен да, койду кыркып, жууп тазалап кайра ошол эле акчага берчү экен. Ошондо кыркылган уйгактуу жүн пайгамбардын пайдасы катары эсептелип, алып сатып пайда көрүү ошондон пенделерге атаа этилип калган экен. Жомоктун башында айттым го, пенделердин нан жеп калуусу жөнүндө, куду ошол нан жеп калуу атаа этилип калгандай атаа этилип калган.

Шакенге жарытылуу жооп бермек түгүл, айткандарына ынана баштаганына жини келген Алым баятан бери кайра-кайра стакан толтуруп, 2-3 жолу ичип жибергендиктен кыйла мас боло түшкөн:

- Атаа-патааңды билбейм... сс-сакал коюуу сүннөт, - деди кыжырдуу, тили булдуруктап.

- Ооба сүннөт, пайгамбарды тууроо сүннөт. Бирок сен айтчы, алты жашар кызыңды күйөөгө бересиңби, же сен өзүң алты жашар кызга үйлөнөсүңбү?

- Эмне дегиң келип атканын түшүндүм. Оозуңа карап сүйлө, азыр тишиңди күбүп салам, пайгамбар тогуз жашар кызга үйлөнгөн.

- Алты жашында нике кыйылган, тогуз жашында жыныстык катнашка барган. Мага эмне жиниң келет, мен эмне оюмдан чыгарып айтып атамбы. Өзүң сыйлап, урматтаган молдокелерден сурасаң деле ушуну айтат, аларга сенин жиниң келбейт ко?

- Э жоголчу, молдолорго асылбай. Сен алардын чыпалагына арзыбайсың аалымдардын.

- Мхы, - деди Шакен мурду менен бышкыра, - тапкан экенсиң аалымды. Аларың аалым болуп эмне "теория относительности" ачып коюптурбу, Эйнштейндей болуп? - деди Шакен молдолорду көп жактыра бербешин анча жашыра бербей.

- Э койчу, ошол еврейиңди жек көрөм, еврейлерди... - деди Алым беттерин тырыштыра.

- Оку десе эле болбойсуң. Илгери Авраам деген еврей болгон, ал Сара деген аялы менен карыганча  жашап бала көрбөйт. Анан Агарь деген египет кызматкери менен жакындашып коюп ал андан Исмайыл деген уул көрөт. Кийинчерээк Сара да төрөйт, атын Исаак коюшат. Өзүн түшүнөсүң, эки күндөштүн ортосунда тынбай жаңжал болуп турат. Исмайылдан араптар, Исаактан еврейлер тараган. Ушул күнгө чейин ошолордун жаңжалы басылбай келет, бир атанын балдары урушуп атса сага эмне жок дейм да.

- Ээ... - деп Алым  кол шилтеди, - сага дабаа жок экен. Шайтаның күч алып кетиптир. Сени окутуп шайтаныңды кубалаш керек. Тооба кыл, дагы деле кеч эмес, аллах кечиримдүү, кечирет... - деп мастыктан тумандаган көздөрүн чон-чоң ачып Шакенди издеп бөлмөну сыдырата карап негедир көрө албады.

- Мына ичимдик ичип отурабыз, ичимдик пенделерге кандай атаа этилип калганы жөнүдө дагы айтып берет элем, бирок сенден чочуп калдым, сен бул кейпиңде мени төпөчтөп коюштан дагы кайра тарпайсың, - деген  Шакендин шылдыңдуу  үнүн Алым кайсыл жактан чыгып атканын ажырата албай, мастыктан тунарган  көздөрүн кайра-кайра жумуп-ачып бөлмөнү тегерете карап, Шакенди издеп таба албай атты, негедир анын үнү Алымдын башынын ичинде жаңырып аткандай, өзү менен өзү сүйлөшүп отургандай  туюлуп кетти.

- Кой, кел ичели, - чөйчөктөгүнү шак көтөрүп ичип жибергендей болду Шакен.  Алым да жиндене ичип жиберди да, бир кыйлага чейин чөйчөк кармаган колунун  жеңин жыттап туруп калды. Чөйчөктү жерге койгондо анын жини тарап кеткен болчу.

- Билесиңби, - деди Алым, Шакенге баягыдан кыйла жоошуй, - ушул Камила менен бир түн эле болсом, баарына кайыл элем, о дүйнөдө тозокто күйгөнгө деле ыраазы элем, - деди азыр эле сөз эмне жөнүндө болуп атканын унуткандай, мастыктан тегеренген башын мыкчып.

- А, сен билесиңби каалоону этияттап айтыш керек экенин, ар бир тилекке периштелер да, шайтан да оомин деп турушун.

- Э, урдум! Периштесин дагы урдум, шайтанын дагы урдум, баарын урдум...  Бир эле түн... - деп булдуруктап, талтаңдай басып сыртка чыгып кетти Алым.

- Эх сен... Өзүң тиледиң, өзүң кааладың,тилегиңди өз оозуң менен айттың, - деп Шакен сыртка чыгып кеткен Алымды артынан ойлуу карап кала берди....

Дасторкондун чекесинде уктап калган Алым ойгонсо Шакен досу кетип калыптыр. Дасторконду караса бир эле адам тамактангандай, экинчи чөйчөк, экинчи тарелка, кашык, вилкалар таза бойдон. Алым буга таң калды, бирок маани бербеди.

Заводго пахта алып барып, Ооматка жолугуп калды, ал адатынча:

- Ассалому алейкуум, үкөм, кандайсың? Иштер кандай, баары жайындабы? Проблема жокпу? - деп бакылдап учурашты.  Ал-ахвал сурашкандан кийин Оомат Алымды машинасына отургузду да: - Бул сага, үкөм, мындай көтөрүп жүрмө телефон азыр област боюнча саналуу адамдарда эле бар, - деди да  колуна кател телефонун карматты. Мындайды күтпөгөн Алым апкаарып калды. Мындай телефондорду укканы эле болбосо, өмүрүндө көрө элек болчу.

- Магабы?.. Мен... мен мындайды иштетишти деле билбейм, - деди Алым алдастап.

- Ошол да кеппи, үйрөнүп аласың. Праваң барбы?

- Бар.

- Анда мындай, азыр балдар бир иномарка  алып келишет. Ошол дагы сага. Негизи ал мурда прокурордун  машинасы болчу, сага белек кылайын деп  сатып алдым, ал машинада жүрсөң сени эч ким тоспойт.

Оозун ачып отуруп калган Алымга:

- Колду бер, - деп колун сунду Оомат, - телефон, иномарка сеники, быйылкы сезон бүткүчө пахта алып келип тапшыра бересиң, мен экөөбүз келишкендей былтыркы баа менен акчаңды берем, ошо менен баягы ишти унутасың, келиштикпи?! Менимче жаман эмес айттым. Көнсөң ушул, көнбөсөң тогуз грамм коргошун, менде башка жол жок, - деп мостойду Оомат. 

Алым бул сөздөрдүн канчалык олуттуу экенин Ооматтын түрүнөн байкады. Алым Ооматтын колун бекем кысты дагы:

- Эркекче айтайынбы, Оомат аке, - деп Ооматтын көзүнө жылмая тике карады да: - чынын айтканда, мен силерди тааныган деле эмесмин, каалаган күндө деле силердин ким экениңерди айта алмак эмесмин. Мен макулмун, миң жолу ыраазымын сизге, - деди. 

Алымга бир саамга таң кала караган Оомат кыткырып жиберди дагы:

- Ха-ха-ха молодец экенсиң, бирок айттымбы, айтканымдай болот, келишим деген келишим, кол алышып койдук, сен эле сөзүңдөн кайтпасаң болду.  Мен сен жөнүндө баарын сүрүштүрүп билдим. Атаң өтүп кеткен экен, апаң ооруканада экен, ылайым тез сакайып кетсин. Сен азыр "Үркөр" кафесине барып отуруп тур, машинени ошол жерге алып келишип сага берет, - деди.

2. ОЙГОН

Жанына "зуу-у" деп келип токтогон машинадан чочуп кеткен Камила жолдон четтей берип рулда жылмайып  ага карап отурган Алымды көргөндө сүйүнүп кетти.

- Ой, сизби? - деди сүйүнгөнүн жашыра албай жылмая.

- Мен, отур, - деди Алым да жылмайганынан жазбай, башын жаңсай жанын көрсөтүп.

- Алдыңызбы? - деп отуруп атып суроо узаткан Камила менен кол алышып учурашып. Алым:

- Ооба, биринчи жүргүнчүм сенсиң, - деди машинаны ордунан козгоп атып.

- Соннун машина экен, кут болсун, жакшылыктарга миниңиз, - деди машинанын ичин айланта караган Камила.

Барган сайын зуулдап  ылдамдап бараткан машинанын ичи аларга, экөөнө тең бейиштей сезилип, экөөнүн тең жан дүйнөлөрү себепсиз рахатка батып, ушинтип эле миңдеген кылымдар бою кете беришти каалап, бир саамга үнсүз отуруп калышты. Өзүнө биринчи Камила келди:

- Ой, кайда баратабыз? - деди сырт жакты акмалай.

- Шаарга барып келебиз.

- Жок, Алым аке, болбойт, эжемдердикине кетип аттым эле, кечиксем кабатыр болушат.

- Эжеңдин домашный телефонун номери канча? - деди Алым бартачоктон кол телефонун алып чыгып. Таң калган Камила:

- Оххоо...  крутойсуз го, - деп эжесинин номерин айта баштады.

Номерди терип болгон Алым телефонду Камилага берип жатып:

- Бир шылтоону айтып кой, жарым саатта кайра келип калабыз, - деди.

Шаарды көздөй куштай сызып келаткан Алымдын машинасын токтотмокчу болуп жолго жүгүрүп чыга калган МАИ кызматкери машинанын номерин көрүп, какая тура калып честь берип кала берди. Алым шаардагы эң абройлуу ресторандын жанына келип токтоду. Ушунча келип калдык бир куюмдан чай иче кетели деп Камиланын кыйылганына карабай алып кирди. Ресторандын жакшы жасалгасы, көңүлдү эргиткен жеңил музыкасы Камиланы да кыйла жибитти. “Мейли, 10-15 минут отурса отуруп кетеличи” деген ойго токтолду Камила.

Алым экөөнө жеңил тамак, өзүнө коньяк, Камилага коктейль буйрутма берди. Коктейль алькоголдуу эле. Экөө тең бактылуу. Ушул көз ирмемдер түбөлүккө бүтпөшүн экөө тең каалап турду. Камила эжелери күтүп атканын да унутту. Экөө жеңил бий бийлешти. Бакыттан башы айланган Алым эми Камиланы эч убакта коё бере албашын сезип турду. Жок, Камиланы эч кимге бербейт, өз бактысы үчүн күрөшөт. Өз бактысы үчүн бардык нерсеге барат. Кайра өз ордуларына келип отурганда Камила “мен азыр” деп ары басты. Ошондо гана Алымдын эсине эки-үч күндөн кийин Камиланын тою экени түштү. Кан басымы көтөрүлүп чыкты.

Адатка айланган баш оорусу кармады. Эң керексиз учурда ооруп чыкан башын мыжыгып отуруп калган Алымдын далысына бирөө колун койду, караса  Шакен досу, досун көрүп сүйүнүп кетип, ордунан тура калайын деди эле, козголбо дегендей далысынан басып, "чүшшшш" деп сөөмөйүн эриндерине такап, Алымга жылмая көзүн кысты да, Камиланын коктейлине Алымдын коньягынан кошуп коюп, кандай капысынан келсе ошондой капысынан кетип калды.

Калганы тумандагыдай болду, Алым кандай машинаны шаарга айдап барган болсо, ошондой зуулдатып кайра айдап, өз үйүнө келип токтоду. Бутуна жакшы тура албай калган Камиланы Алым үйүнө көтөрүп кирди да:

- Жаным, мен сени эч кимге бербейм, - деп шыбырады  Алым.

- Мен сендикмин, - деди Камила, биринчи жолу Алымды сен деп.

Эки дене бир денеге айланыштан мурун Алым жүктөн шейшептүү төшөктү аңтара тартышка гана үлгүрдү. Бакыт деген, бейиш деген бир бутүндүккө айлануу турбайбы, эки сүйүшкөн адамдын бүтүндүккө биригүүсү тура. Денелеринин эле эмес, ойлорунун, максаттарынын, келечектеринин, тилек, мүдөөлөрүнүн биригүүсү тура. Биз бул дүйнөдөн издеген тирүүлүктүн мааниси, тигил дүйнөдөн издеген бейиш ушул экен. Азыр Алым дагы ушул бакыт үчүн бейиштен кубаланган Адам-Атага түшүнүп турду, Адам-Атанын ордунда болсо Алым деле ар кандай жазага макул болуп, Адам-Ата жасаганды жасамак...

- Алым аке, эмне кылып койдук?... Ойгонуңузчу... Мен эми эмне кылайын?.. -  деген Камиланын, анан: - Ойгон Алым, ойгон, кеч болуп кала электе ойгончу... ойгон... ойгон... ойгон, - деген  Шакен досунун, атасынын, апасынын үндөрү кулагында жаңырып, ыйлай берип көздөрү шишиген Камиланын элеси тумандагыдай Алымдын көзүнө тартылды.

Түш дейин десе өңүндөй. Ушунчалык көзүн ачайын десе болбой көздөрү жумулду, Камиланын карааны узап бараткандай туюлду  көзү илинип бараткан Алымга... Анан секунданын миңден бир бөлүгүндөй убакта кечээги болгон нерселер көз алдынан чууруп өттү... Көзү маштай ачылды. Көзүнө шейшептеги кан урунду...

- Камила-аа! - ыргып туруп сыртка атырылды. Сыртка чыгып эки жакты карап, атканасынын эшиги ачылып  турганын көрүп ошол жакка, энеден туума жылаңач экенине карабай жүгүрдү. Дайымкыда эки аттап жетчү мал сарайы алыстап кеткендей туюлду Алымга.

Мал сарайына кирип асылып турган Камиланы көрүп кыйкырып жиберди:

- Камилааа!!!

Бутунан кучактай жогору көтөрүп, акырдын кырына чыга калып Камиланы сыйырмактан чыгарып да атты,калтыраган үнү менен тынбай:

- Камила, Камила, Камила... -шыбырап да атты.

Жерге жаткырды да кыймылсыз жаткан Камилага бир карап алып үнүнүн болушунча:

- Жооооооооок!!!  Жоооооок!!!! Кереги жооооок!!!  - деп тизелеген бойдон эки колун асманга көтөрүп кыйкыра берди.

Ал кандайдыр бир сезим менен артында Шакен турганын сезди. Шарт бурулуп:

- Сен!.. Өлтүрөм... Сени өлтүрөм... Сен кылдың баарын. Сен шайтансын!!! - деп атырылып баратып үстүртөмөнүнөн жыгылды.

- Мен шайтанбы???  Мени өлтүрөсүңбү? Балким  бейкүнөө кыздын тагдырына балта чапкан сен шайтандырсың?! Өзүңдү өлтүрөрсүң. Же сулуулугу менен сени арбап жолдон урган Камила шайтандыр, Камиланы өлтүрүп жүрбө? А?! Неге үндөбөйсүң?! - деп эми Шакен кыйкырды. Жыгылып ордунан туралбай аткан Алым шалдырай түштү да, - жер муштап шолоктоп ыйлай баштады. Шакен баягыдан токтоо үн менен сөзүн улады: - Ооба, мен шайтанмын, ооба, мен периштемин, - деди да анан басым менен, - мен сенмин! - деди.

Бети менен жер сүзүп ыйлап жаткан Алым аны жалт карап чын эле өзүн көрүп турду, кантип ушул шайтан өзүнө эки тамчы суудай окшош экенин көрбөдү?.. А ал, камырабай сөзүн улады: - Кимди өлтүрөсүң, азгырган шайтандыбы, же сенин азгырылышыңа жардам берип сага жакшылык кылган периштениби, же балким баарына күнөөлүү өзүңдү өлтүрөттүрсүң? Эй, акмак, көзүңдү ач, дагы деле түшүнбөдүңбү? Сен өзүң шайтансың, сен өзүң периштесиң, керек болсо сен кудайдын кичинекей бөлүкчөсүсүң. Кудай сени жарыктыкка алып келиш үчүн сага өзүнүн кичинекей бөлүкчөсүн берген, шайтан болосуңбу, периште болосуңбу – ал сенин тандооң....  Жашоо деген – тандоо, өз диниңди, жашоо образыңды, ким болууңду тандоо. Тирүүлүктөгү жашооңду бейиш кылуу да тозокко айлантуу да сенин колуңда...

Камиланын какап-чакап жөтөлгөнүн угуп Алым Камилага боюн таштады:

- Жаным!!! Жан шеригим. Бейишим. Мен сени эч кимге беребейм! - деп Камиланы үйүнө көтөрө жөнөдү.

Шакен түтүнгө айланып, абага сиңип кеткенин Алым желкеси менен сезип баратты. Энеден туума жылаңач эркектин, ич көйнөкчөн аял кишини көтөрүп баратканы, азыр эле бейиштен кубаланган Адам-Ата менен Обо-Энеге окшош эле. Бирок Алым бактылуу болчу, себеби ал азыр кудайдын бир бөлүкчөсү көөдөнүндө, жан дүйнөсүндө экенин сезип баратты. Чынында эле бүтүндүк бакыт экенин билип, эми чындап бүтүн болгонун сезип баратты. Чындыгында пенде кудайсыз бүтүн боло албайт.

... Алым өзүнүн чачтары куудай агарып кеткенин азырынча биле элек...

Баса, Алым азыр элдин алды болуп кетпегени  менен арты да эмес. Тирикчилиги орто, эл катары. Бактылуу. Уул-кызга ата. Ал бир гана Шакендин ким экенин азырга чейин билбейт. Молдолордон сураса, Шакенди шайтан дешти, врачтардан сураса галюцинация, "жекеликтин экиленүүсү" (раздвоёние личности) дешти...

Алым өзү Шакенди периште болсо керек деп ойлойт. Себеби Алымды кудайга Шакен алып келди. Мурда Алым Кудайды акылы менен эле тааныса, азыр бүтүндөй дити менен, жан дүйнөсү менен таанып, сезип калды. Чындап кудайды таанууга адам затынын акылы чабалдык кыларын билип калды.

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Касмалиева жумакул

    эн сонун жазылган кенири ой талдоо менен , бардыгына терен маани берип ой жугуртуу кажет жакшы чыгарма .

  • - Уулкан Азаматова

    Өтө сонун жазылган керемет чыгарма болуптур. Каармандар да жакшы сүрөттөлгөн, Автордун айтайын деген ою жеткиликтүү баяндалган

Комментарий калтырыңыз