Максат Жангазиев: Көңүл керек (№106)

АҢГЕМЕ

Баягы эле тиричилик токтобогон шаар ичи. Баягы эле жол. Анда ары-бери тынбай өткөн авто-унаалар. Базарды көздөй баягы эле коомдук авто-унаа баратат адатынча. Ичинде эл толо. Маршрутка улам токтогон сайын эл тыгылып кирип жатат. Эки киши аялдамадан түшсө, кайра үч-төрт киши кире берип, ичиндеги адамдар бастырылган чөптөй жыкжыйма толгон. Эл түшкөн сайын аңыраңдаган шоопур улам арт жагын карап алып кыйкырып баратат:

– Эй, ортодогулар! Жылбайсыңарбы ары жакка, оозго тыгылбай. Жылгыла дейм эй, ары жакка! (Тыгылган эл өзүнө пайда алып келерин капарга албай урушуп атат.)

– Ай, каягына жылсын эми?! Бут коёрго жер жок, биз эмне сага картөшкө белек? Үстү-үстүбүзгө эле жыйып атасың! – деп орто жакта оңтойсуз туруп бараткан, орто жаштагы толмоч аял шоопурга дароо жооп бере койду. (Ал деле өз каалоосу менен маршрутка түшкөнүн эстен чыгарып, милдет кыла койду.)

– А булардын авто-унаасы чоюлчаак, бата беребиз, – деп какшыктай сүйлөдү кара тору, арыкчырай бир киши мурутун сылап, сөз таап алганына корстон...

А маршрут сапарын улап барат, ал бечара техниканын кызматы ушу. Анын эл менен иши эмне? Эл аз болобу, көп болобу – ага баары бир. Кыйналганына карабай жүгүрө берет. Акысына күнүнө май ичип турса болду да... Муну адамдар ушул үчүн чыгарбады беле... Же эмне, өз каалоосу менен чыгып алыптырбы заводдон эл ташыйм деп...

Аңгыча кийинки аялдамадан колуна баштык кармаган, бир кош бойлуу келин түштү кыпчылып. Өзү бечара бир жагынан курсактагы ымыркайынан бүткөн бою салмактанып, омурткасы сыздаса, бир жагынан колундагы баштыгы да ашыкча чарчатты көрүнөт, кабагын чытып маанайы жок экен. Ал деле кирип-кире электе эле босогодо тургандардан ачуусун чыгарып алды:

– Өзүңөр эле батып алсаңар болдубу, жылып койбойсуңарбы ары! Анан баштыгын маршруттун айнегинин жанындагы орундукка коё салып, алды жактагылар орун берер дегенсип, кыпчылган көпчүлүктүн арасын бир нерсесин издегендей шыкаалай карады.

Аны алды жактагы орунтукта бараткан бир аксакал дароо байкады да, моюнун аста артка буруп, отургандарга кайрылды:

– Ыя, ботом, кош бойлуу бечарага орун берип койбойсуңарбы жашыраактарыңар?! – Минтип чын жүрөгүнөн айтып алган аксакал өзүнүн арт жагындагы орундукта жаш баласын алдына алып бараткан башка келинге байкоосуздан көзү чагылыша кетти. Аксакал так ошол келинден "орун бер" деп сурагысы келген эмес. Ал жалпы эле кайрылган көпчүлүккө... Муну өзү каалагандай түшүнүп алган балалуу келин да мурдун чүйрүп, өзүнчө күбүрөнүп алды:

– Кош бойлуу болсо эмне, биз үчүн тууп жатыптырбы... Тууса өзү үчүн тууйт да...

Минтип күбүрөнгөн келиндин колунда көшүлүп бир жаш бала уктап барат... Бул келиндин деле түйшүгү көп окшойт, кабагына кар жаап... "Биз үчүн тууп жатыптырбы" деп эпсиз сүйлөп жибергенинде бир мандем бар. Бул баласын жалгыз чоңойтуп жаткан жалгыз бой көрүнөт... Тиги келинди жемелейм деп тагдырдан жаңылып алган өзүн "жемелеп" алды окшойт. Болбосо өзү балалуу эне болуп туруп, жакында көз жарчу келинди себепсиз жемелемек эмес...

– Азыркы жаштар орун бербейт, арт жакка отуруп алышат калп эле уктамыш болуп. Кайран биздин убактагы жаштар, кандай адептүү элек... Кел, мына буерге отуруп ал, кызым,– деп азыркы аксакалдын жанынан бир аял ордунан турмакчы болду.

Кош бойлуу келин ошол орунга өтүп кетсин деп, ооз жактагы бир жигит эптеп кыпчылып артка жылмай болду эле, бирөөнүн бутун тебелеп алды. Кайра бутун тартып, башка жерге коём деп жатып башка бирөөнүн бутун дагы былчыйта тебеледи.

– Эй, көзүң барбы сенин?! Көзүңдү карабайсыңбы! – жаалданды бир сары кыз оозундагы сагызды эпсиз чайнап.

– Кечирип коюңуз, мен байкабай...

– Башымды оорутпачы, урод, көзүңдү карап жүр былжырабай! – жанагы кыз ого бетер чакчарыла көзүн акшыйтты.

Ызы-чууга жедеп көнүп бүткөн шоопур өзүн эмес элди алаксытмакчы болуп радионун үнүн чоңойтту. Кыргызча жай, жагымдуу ыр жаңырып баштады. Чынында сонун ыр экен:

"Биринчи адамга өмүр керек...
Экинчи адамга көңүл керек...
Кириңди жууганга, чайыңды куйганга апага келин керек..."

Ырды аткарган ырчынын мукам үнү эми маршрут ичине кенен жаңыра баштаганда эң арткы орунтуктагы сууктан бети кызарып, бирок уяттан бети кызарбаган (жанагы жаштарды тилдеген аял ушундай деп сүйлөдү) бир жигит шоопурга наалыды:

– Э, брат, алдагыңдын үнүн азайтып койчу каңкылдатпай!

Бирок шоопур аны уккан да жок. Азыр гана жагымдуу ырды тыңдап бараткан анын жүзү бузулду.

– Энеңди урайын, – деп ызырынып алды да, маршрутканы олдоксон булкуп айдап, ылдамдыкты жогорулатты. Анын сөгүнгөнү жанында кыпчылып бараткан тестиер балдарга даана угулду.

– Эшшек, энеңди урайын, ашып кеткен тура жанталашып, – деп сүйлөндү кайра шоопур.

А көрсө күндөгү конкурент болгон башка каттамдагы, бирок күн сайын базарга чейин бир жолдо бирге жүрчү маршрутка ашып кетиптир мындан. Шоопур аң-дөңдү карабай зуулдаган бойдон айдап жөнөдү. Ичиндеги адамдар эми чындап жанагы аял айткандай "картөшкөгө" айланды. Эки маршрут бири-бирине эрегише, биринен-бири улам ашып жарышып барат. Чоң жолдогу башка авто-унаалардын жолун кысып, алдына түшө калып, ыңгайсыздыкты дурус эле жаратышты. Буларга ызырынган башка шоопурлардын авто-унаасынын ачуу сигналын, аны коштоп ашата сөгүнгөндөрүн тиги жарышып бараткандар уккан да жок.

Шашканынын максат эмне? Аялдамадагы элди бири-биринен эртерек барып салыш керек. Антпесе кечке чейинки тапкан тыйының аз эле болуп калат. Шоопурду күндө түйшөлткөн ушул ой аны азыр да заматта жанагыдай ачуулуу абалына кайра алып келди... Маршрут ичинде ырдын башкы саптары акыркы кайрыктан кийин кайра аста кайталанып жаңырып баратты:

"Биринчи адамга өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек..."

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Күмүшай

    Өтө сонун сонунго

  • - Мээрим

    Сонун чыгарма

Комментарий калтырыңыз