Шабдан Сулайманов: Дамбыр ыры (№107)

  • 10.05.2020
  • 5843

Жазды көрдүм жазылган пешенеден,
Жамгыр төгөт токтобой эселеген.
Эмнегедир алгач күн күркүрөсө,
Энем тышта жүргөндөй сезе берем.

Энем тышта... Мынчалык барбы бакыт?
Эски чака-челегин калдыратып.
Күбүрөнөт, тиленет ал ан сайын
Күн күркүрөйт кетчүдөй там кулатып.

Жалынууда кайталап "дамбыр-ташын",
Жайнап жүзү тоскондой жан курдашын.
Сагынычын жашырбай табият да,
Сабалайт оов тыялбай жамгыр жашын.

Аңдабастан түшүнүп бирин-бири,
Апамдын да ак жамгыр дилин билип.
Келген эле далай жыл эриш-аркак,
Кетти бир күн өмүргө иңир кирип...

Тыйылды анан баягы бата-тилек,
Тынчып калды кагылбай чака-челек.
Апам барда төрт мезгил төркүн болуп,
Ар бирине сый кылып жашачу элек.

Апам барда теңдешип Теңир менен,
Аалам турчу кирпикте мен ирмеген.
Жамгыр уруп келгенде азыр деле
"Дамбыр" ырын уккандай жеңилденем.

Дамбыр ыры... Чагылган... "Күр" эткен үн,
Дайымкыдай эсимде жүрөт менин.
Далдааланып турамын бирок бүгүн,
Далис... Чака-челексиз... Жүрөктө муң...

Капилеттен карачы күч алганын,
Кара жерге төкчүдөй бүт арманын.
Жаап турат нөшөрлөп, бирок аттиң,
Жамгырды мен апамдай күтө албадым.

*     *     *

Аңтарылып аруу дүйнөң ичтеги,
Атымды айтпай аяр гана "сиз" дедиң.
Жашоомду өтөп тынч жатканда, жаштыкты –
Жарыгым ай! Неге менден издедиң?

Жүгүм оорлоп, жай табалбай эч жерден,
Жүрөк "болк" деп ошондо эле сезгем мен.
Кадырыңды билген менен канткенде
Кабыл алам бул сезимди кеч келген.

Жалганда бул жакшылардын кеми чын,
Жалгыздар бар жанын берчү сен үчүн.
Бизди кошпой өтүп кеткен мезгилге
Бирок кыйын менин кайтып келишим.

Жылуубу деп, салкынбы деп турагың,
Жылкы айдаган өзөндөрүм сурадың.
Жароокерим, жанмак элем мен балким,
Жакын болсо жалындаган курагым.

Эргүү берип турган менен илебиң,
Эч убакта бир болбойбуз билемин.
Мээ кайнаткан калааны сен мекендеп,
Менин болсо тоолор жакта түнөгүм.

Сырыбыз бар сыртка чыккыс, ачылгыс,
Сыйыбыз бар, ырыбыз бар жазылгыс.
Айыпсызбыз көрүшпөгөн эч качан,
Алыспыз биз, абдан бирок жакынбыз.

*     *     *

Урааны Манас болгон көчмөн кыргыз,
Улардын үнүн угуп өскөн кыргыз.
Өзөгү тоолор менен тең жаралып,
Өзү эле өз киндигин кескен кыргыз.

Канча бир улуттардан бийик турган,
Каадасын каруусундай түйүп турган.
Кыйындык түшкөн кезде бир жарыгы,
Кырк үйгө кыркалекей тийип турган.

Барктаган баба наркын асыл элең,
Бакырга, жакырга да ашы кенен,
Бар эле мырзаларың көөдөнүнө
Батырган ээр токумду аты менен.

Кайнене кагып койсо кенебеген,
Кайра эле мээрин төгүп "энелеген"
Бар эле айымдарың бардар пейил,
Бакытты байлык менен ченебеген.

Каныңда жок эле го жасалмалык,
Капыстан кеттиң неге кашаңданып.
Тааныйсың сен өзүңдү кайсыл кезде,
Табасың өз жолуңду качан барып?!

Арылбай кайдыгерлик жаратынан,
Аңызды баскан өңдүү кара туман.
Дүмүрдөй дүңкүйгөн бир пейил күтүп,
Дүйнөбүз таш боор болуп барат улам.

Жетимдин чекесинен сылабаган,
Жесирдин алын-жайын сурабаган.
Чыркырап ыйлап жаткан бечараны
Чыгарып түртүп турган улагадан.

Атасын курдаш кылып "сенсиреген",
Апасын кагып-силкип "жөнчү" деген.
Тентегиң көбөйүүдө орой, зулум,
Текебер, терс кыялды энчилеген.

Түлкүдөй кай бирөөлөр амал кылып
Түгөнүп барат бирөө араң жылып.
Жүгүрүп турган менен көр оокатың,
Жүрөктү каптап барат караңгылык.

Бирөөсү дөөрүп жүрөт "кудаймын" деп,
Бирөөсү жөөлүп жүрөт "ылаймын" деп.
Кыр жактан кыйкырган бир жан көрүнбөйт,
"Кыргыздын кыргыздыгын улаймын деп".

Калдайган калың кыргыз бөлөк болдук,
Калбырдан жасалган бир элек болдук.
Бийикте туу сыяктуу мелтилдебей,
Бирөөгө желпилдеген желек болдук.

Калк элең касиеттүү, көрөңгөлүү,
Кадырлуу, каада-салттуу, жөрөлгөлүү.
Чыйырлуу жолуң тапчы тээ баштагы,
Чын болсо кыргыз болуп төрөлгөнүң!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз