Авазбек Жусупбеков: «4Ж» ойду оңдойбу же Пери жардам бердиби? (№108)

АҢГЕМЕ

Чолуш чыкыроон суукту сезген да жок. Алдынан чыккандарды карап да койбой башын салаңдатып илкип-калкып келатты. Колундагы оролгон кендир арканды кармалап, өзүнчө сүйлөнүп коёт:

“Кыска эмеспи? Дагы эки-үч карыш узунураак болсо ээ? Мурда өлүп көрбөсөң ушул да... Тажрыйбаcы бар бирөөгө кеңешип албай... Ээ, Чоке, сага күлө турган киши жок, кимден кеңеш сурамак элең? Капырай, о'дүйнөгө кетүү оңой эмес окшойт... Эх, өлүп кайра тирилсем, бизнес кылып китеп жазмакмын, өлүүнүн оңой жолдору тууралуу... Мага окшогондор көпкө кыйналбайт эле... Кой эми, “урушта туруш жок” дегендей, кай жерге асылсам? Киши жок жерге баруу керек. “Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт” эмеспи... Чын эле, таппай калышса, дурус эле болмок. Үйдөгүлөрдү кыйнабай, чыгаша чыгарбай... Жокчулук жондон ныгырып турганда... А эгер, терең көлгө чөксөм, суу түбүндө жата берет элем көрүнбөй... Жакын аралыкта көл барбы? Ооба, өйдө жакта суу сактагыч бар эмеспи!.. Бирок ал жакка жетиш үчүн машина керек... Такси эң кеминде 200 сом алат... Суу да муздак... Ансыз да араң жан бөйрөктөрүмө суук тийгизип алсамчы?.. Экинчиден, кайыкты кайдан тапмак элем?.. Ошондуктан, асынып эле өлгөн жакшы окшойт... Туура! Шаардын түштүк тарабында эбактан бери курулуп бүтпөгөн "төрөт үйдүн" жаңы имараты бар эмеспи... Ээн, эч ким жолтоо болбойт. Кийин, Чолуш ооруканадан өлүптүр деп айтканга да жакшы. Зыйнатына айылдагы акем, атамдын иниси жардам берет... Колунда анча-мынча малы бар эмеспи, элден уялса да эптеп көөмүп коёр..."

Капылеттен бирөө жөөлөп өттү.

— Эй!.. Көзү жок эше... —  Ачуусу чукул Чолуш сөгүнгөнгө үлгүрбөй селейген бойдон катып калды.

— Ой, кечиресиз!.. —  деди коңгуроодой назик үн.                     

Чокеңдин жүрөк тушу жагымдуу зырп этти...

Маңдайында жаз күнүндөй жадыраган, узун бойлуу, мүчөсү келишкен, эки өрүм узун капкара чачтарын ийининен ылдый коё берген, ак пальто кийген перидей сулуу кыз көгүлтүр көздөрү менен жадырап-жайнап жылмая карап турду. Чолуштун эси эңгиреп барып оңолду, колундагы арканды койнуна ката салды...

— Арыбаңыз агай!? Келе жаткан Жаңы жылыңыз кут болсун! Жаңы жылда ишиңиз алга жылып, өзүңүз сак саламатта болуңуз! Үй бүлөңүз менен бактылуу жашаңыз! Ооба, Сиз бактылуу болосуз! —  деди асмандан түшкөн Пери жылмайып.

— Ээ... качан?.. Эстей албай турам... Кечиресиз, тиги... кудачага окшош экенсиз?.. —  деп Чокең оюна келгенин айта салды.

Мээнин ичиндеги дат баскан “жесткий диск” кылдырап кыймылга келип, тааныш кыз-келиндердин тизмесин экрандан өткөрүп жатты...

— Убара болбоңуз! Сиз мени тааныбайсыз. Демек, Сиз жетимиш жетинчи болдуңуз! Куттуктайм! Бактылуу экенсиз!..

— Албетте, Сизге окшогон Пери куттуктап жатса, мен бактылуу болбосом, анда ким?.. —  деп Чокең белин түзөп, баш кийимин оңдоп, мойнунда салаңдаган эски галстугун өйдө жылдырды.

— Сизге сыйкырдуу керемет сандар туш келиптир, эки жети, ошон үчүн бактылуусуз.

— Ага, демек мага 77 сом бересизби, же долларбы?.. Андан ашык болсо мейли, ыздачын деле берем, —  деп Чолуш тамаша-чындап жылмайып алакандарын ушалады.

— Андай эмес, агай, жакшы жышаан бар: Жаңы жыл алдында 77 кишини куттуктасаңыз сөзсүз бактылуу болосуз. Ашса андан бетер жакшы. Мен, мынакей, Сизди кошкондо 77 кишини куттуктап койдум. Демек, мен да бактылуу болом!

— Аа... Ошондойбу?.. А мен... тиги, гумжардам берет экен деп...

— Капаланбаңыз, Сиз сөзсүз бактылуу болосуз!

— Билесизби? Толук бактылуу болуш үчүн мага канча керек? Та-аак... азыр мага бир... бир жарым... жок, эки миң сом... ой, тоюс, үч миң доллар жетпей турат, честное слово, эсептеп чыктым! Доллар жок болсо мейли, сом менен деле ала берем, курс боюнча... жүз элүү миң сом эле... Тамаша кылам, чоң кыз, жүз элүү сом эле берип туруңуз?!

— Агай, Сиз да бүгүн 77 кишиге чын ыкласыңыз менен салам берип, жылмайып куттуктасаңыз, жакында жашооңузда жакшы жаңылыктар күтүлөт! Уктуңузбу?.. Жакшы каалоо, жакшы ойду сөзсүз 4Ж менен бекемдеңиз!

— Аның эмне, алтыным?

— 4Ж – жашоонун заманбап формуласы, Жагымдуу Жылмаюу Жакшылык Жаратат деп чечмеленет! Мейлиңиз, агай, кеттим... Унутпаңыз, 77 кишини куттуктаңыз! Жылмайыңыз!.. — деп Пери кыз күтпөгөн жерден Чокеңдин чогойнодой сакал баскан бетинен чоп эте өптү да, андан ары балеттеги бийчи кыздардай аяктары жерге тийбей эл арасына сиңип кетти...

Чолуш эси эңгиреп туруп калды. “Учуп кетти, ээ? Акчардакка окшоп... Балким, элүү сом эле сурасам берет беле?.. Эхх, эмнеси болсо да керемет кыз экен! Жомоктогу Пери бетимден өптү десем ким ишенет? Акыркы жолу кайсыл аял заты бетимден өптү эле?.. Чынын айтсам, эсимде жок... Аа-а, эстедим, жети жыл мурда мен кыркка чыкканда апам өппөдү беле?! Карачы... эми, бул бийкеч өптү да кетип калды, толкундантып, делебени козгоп салып... Жыпар жыты аңкыды го... Эхх! Кайран жаштыгым, кайдасың?.. Ой ата, кайда болмок эле, сайдасың!.. Эми, эки күндөн бери жуулбаган бетимди таптакыр эле жуубай койсомбу?.. Уят! Сакал-мурутумду саксайтып кантип басып жүрөм? Бомжго айланып баратамбы?..”

Чокең сакал баскан жаагын сыйпалап көпкө турду. Ары-бери баскандар түртүп кетпегенде, санаага батып тура бермек. Эки жагын карап эмне кылып жүргөнүн эстеди, койнуна колун салып арканды алып чыкты...

"Баса, кат жазып калтыруу керек да, табышмактуу өлүм кылбай... Киши колдуу болдубу деп ойлошпосун үйдөгүлөр. Эмне деп жазам? Болгонун болгондой элеби? Карызга белчеден батып, кредиттен качып деппи? Анда жалгыз катыным көзү өткүчө каргайт да, “Көрүңдө өкүрүп жаткыр, карыздарды ким төлөйт, кредитти кимге калтырдың, балдарыңабы?..” деп айтаары бышык. Чын эле, чиедей балдарыма убал го... Ии-и, баса, баарынан тиги, өзүм берип коюп, кайра алалбай жүргөн карыз акчалар эмне болот? Беш-алты миң болсо да акча да... Ошол бойдон алынбай калабы?.. Ал иттериң ырас болду дешип жыргап арак ичип майрамдашат да... А чынында мага ким кейийт?.. Балдарым, апам... дагы ким бар?.. Аа-а, ооба, кошунам Коргонбай. Ал байкуш чын ниеттен өкүрүп ыйласа керек. Башын далай ирет жазып берип сообуна калганымды кантип унутсун?.. Ии баса, баарынан да апам байкуш, анан, төшөктөн турбай жаткан атам кантет?.. Тү-үү, ата!.. Аларчы? Аларды адамдай кылып тиги дүйнөгө ким узатат? Өлүп бараткансып, жулкунуп, "безочередь" о'дүйнөгө кетип калганым... кудайга да жакпайт ко? Кой, эсим барда этегимди жаба турайын! Ойлонбой туруп жамандыкка барганым натура иш... А тигилер, неңдурайындар, келип жүргөн доочулар да баягы эле... Жаз бар, күз бар дегендей, кутулат элем да... Корккондо эмне?.. Анын үстүнө ушундай суукта муздак көргө кантип жатмак элем? Жаз болсо да бир жөн... А чынында, жайында өлгөн туура го, күн ысыкта көрдүн ичи салкын, тердебейсиң... Же биротоло күз маалына калтырсамбы?.. Бышыкчылык, мал семиз... Бир сыйра май чайнап жыргап алышмак үйдөгүлөр... “Кедейдин бир тойгону, байыганы!” дегендей. А бирок, мен жебей каламбы?.."

Чолуш жашоодогу көптөгөн жакшы нерселерден куру каларын ойлоп, оор үшкүрдү, өзүнө боору ооруду... Кылгырган көз жашын сүртүп, көктөгү жылдыздарды карады... Перини эстеди. Терең дем алып, белин түзөдү, жылмайды... Анан, чечкиндүү кыймыл менен колундагы арканды күчтөнүп туруп урнага ыргытты! Өхх!.. Оор жүктөн арылгандай жеңилдене түштү. Дагы бир ирет өйдө карап муздак абадан кере-кере жутту!..

"Анда эмне кылсам? Перинин айтканын аткарайын... Баса, Жаңы жыл качан эле?.. Эки-үч күн бар го дейм... Же эртеңби?.. Ээ, айырмасы кайсыл? Убакытты коротпой азыр эле баштай берейинчи? Аракет кылсаң, берекет! Салам айткандан менин эмнем кемийт?! Же менден акы сурамак беле? Эң кыйыны, жылмаюу экен... Анан, 4Ж-ны унутпа, Чоке! Тобокелчи тоо ашчы беле?! Баштадым!.. Үч... эки... би-ир!.. Кеттик!"

— Ээ... сала-мат-сызбы?! Жа-Жа-Жаңы жылыңыз менен!.. Жо-жо-жок, жөн эле... тааныш эмесбиз... 4Ж менен жашаңыз... Эмне? Уже, төрт аялыныз барбы?.. Я, де?.. Тамашакөй экенсиз... Салоомалейкум! Жанагы... эме... Жашооңуз 4Ж болсун... Жаңы жылыңыз менен келе жаткан... Саламатсыңбы!? 4Ж... Жаңы жылың... келе жаткан... кут болсун!... Салам жигит! Жаңы жылың менен!.. Мен сизге тийишкен жокмун... Соо элемин... Кечээтен бери ичелекмин... Эмне, барбы?.. Шиш, өзүңө! Карасаң муну, атаңды... Эмне дедим?.. Кой, сөгүнбөш керек... Канчоо болду? Бешөө... Өх-х!.. Салам айтыш деле оңой эмес окшойт... Салоомалейкум!? Жооп жок... тултуйган челек! Сөгүнбө, Чоке!.. Эми эптеп чыдайын, баштаган соң аягына чыгайын... Алтоо болду... Жети... Он... Жакшы... Он үч... Он тогуз... Жаңы жылыңыз менен келе жаткан!.. 4Ж менен жашаңыз!.. А мейли, бир аял жакшы... Меники да бирөө... Жетет ошол, жетөөгө татыйт...

... Чолуш ошентип Перинин “инструкциясын” сактап чын ыкласы менен алдынан чыккандарга тегиз салам айтып, куттуктап келе берди. Өтө кылдат эсептеп, жаңылбоого аракет жасады. Эл калың эмеспи деп базарга кирди... Арыраакта бирөө турат, колун өйдө көтөрүп өңгөчү үзүлгүчө кыйкырып:

— Лотерея алгыла, лотерея!.. Арзан, болгону 20 сом! Жаңы жылдык лотерея алгыла! Жүз миң сомго дейре утасыңар!.. Акыркысы калды!..

— Акыркысы дейби?.. Мүмкүн ушунусу утуп калар!.. Жанагы Перинин айтуусу боюнча азыр жолум болот...

Чолуш чөнтөктөрүн тегиз аңтарып 20 сомго тыйындарын чогултту.

—  Ме, жигит, ошол акыркысын мага берчи!

— Алыңыз... Эми мына бу жерин акырын сүртүңүз... Та-аак, сүрттүңүзбү? Эмне деп жазылып турат?.. “Лотерея уткан жок” деппи? Капаланбаңыз, байке, эмкиде сөзсүз утасыз... Эми мындай туруңуз, жолтоо болбоңуз. Эл-журт лотерея алгыла!.. Лотерея!.. Келиңиздер... акыркысы калды... жүз миңге чейин утасыңар!..

Чолуш утпаган лотереясын кармалап көпкө турду. “Жолдон мындай турбайсыңбы!” деп бирөө кыйкырганда гана эсине келе четке чыга берди.

Оңбогон шылуундун “акыркы”лотереясы түгөнбөйт турбайбы... Мага окшогон “лохтор” ала берет экен да? Эмне кылсам? Кайрадан келесоо кишиче көрүнгөнгө салам айтып, куттуктай берейинби?.. Баштаган ишимдин аягына чыгайын. Пери жолугуп сураса, тиги шылуунга таарынып кетип калдым деп кантип айтам?.. Кой, уят да... "

— Саламатсызбы?!. Жаңы жылыңыз менен келе жаткан... Үйүңүзгө 4Ж келсин. Салам, карындаш!.. Келе жаткан Жаңы жылың менен... Жок, жөн эле... Жүз грамм? Жүз грамм эмес 4Ж келсин үйүңө... Төрт жүз грамм эмес... Ким жинди? Менби? Ии, ооба, туура... Соо болсом көрүнгөнгө салам айтат белем?.. Саламатсыңбы?!. Чоң жигит келе жаткан Жаңы жылың кут болсун!.. Үйүңө 4Ж орносун!..

... Базарды тегиз кыдыргыча каш карайды. Улам жылмая берип жаактары карышты, тили күрмөөгө келбей калды. Аягында мас кишидей булдуруктап 70-кишини куттуктаса анысы коркуп качып да кетти. Үйүнө жакындап астынан чыккан тааныштарын, кошуналарын... баарын куттуктады. Демейде салам айтсаң да байкабаган Чолушту таң кала карашты, бирок кубанычтуу жооп беришти алар.

Чөнтөгүндөгү көптөн бери үн катпаган эски “Нокиасы" шыңгыраса Чолуш чочуп кетти.

— Але, але, Чолуш Акжолович сизби?

— Я?.. Ооба!.. Мен...

— Але, Чолуш агай, бул мен, Сайракан, бухгалтер... Офистен...

— Ии, ооба, тааныдым... Кандайсың?.. Кайдан?...

— Деректир, Асан Кадырович айтты, 2-январдан баштап  жумушка чыксын, заказдар түшө баштады дейт. Түшүндүңүзбү? Унутпаңыз! Анан, аванс алат белеңиз? Он миң сом жетеби?.. Келсеңиз аласыз, —  деп чаңкылдады беш жылдан бери иштебеген ишкананын бухгалтери. Чолуштун кулагына булбул сайрагандай эле угулду.

— Ооба, ооба, уктум, түшүндүм... Рахмат, ардагым! Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Э, Сайраш, азыр эле барсам... эме... авансты бере...

— Тү-тү-тү...

— Каа-ап, коюп салды... Самыран болгур Сайракан!.. —  Чолуш жини келе сүйлөндү... —  Ой, кой, сөгүнбөйүн. Элдин баарына чалса Сайрашта кайдан убакыт болсун?.. —  деди өзүнчө.

Өзү чалып сүйлөшөйүн деп соткесинде единица жок экенин эстеди.

— Жумушка чыгат экенмин да... Чын элеби? – деди Чолуш өзүнчө уккан кулагына ишенбей. Бирок маанайы кадыресе көтөрүлдү.

Үйүнө келип алгач мончосуна кирди. Шашпай бети-колун самындап жууп, сакал-мурутун алды. Чачын тарап, атырдан себинип анан үйүнө кирди. Кирбей жатып эшик алдынан кыйкырды:

— Салам, сага Эркетай! Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Сага ар дайым 4Ж каалайм! Сен 75-чисиң!..

— Ии де, андан көрө 99-чу дебейсиңби?... Ар качандан бир качан бир шаригиң кем деп айтчу элең... Дагы тоюп келген тура! —  деп Эркеси эки бөйрөгүн таянып тосуп алды.

— Ии-ий, жаным, каяктагы арак, же сен акча бердиң беле? Деги, бир, оң сүйлөп тосуп алган күнүң болобу, ардагым?.. —  деди Чолуш чочугансып жылмая.

Демейде атырыла сүйлөп, ашата сөкчү күйөөсүнөн мындай жоошуткан жоопту эч күткөн эмес!.. Эркетайы эси ооп карап калды. Кебетеси да башкача, чачы таралган, жакшынакай, атүгүл атыр жыттанат...

— Олтур, чай ич! Чарчагандай түрүң бар... —  деди аялы да күтүүсүздөн жумшарып.

— Ошентсең, берекем... Чай элеби? —  деп айтты Чолуш да шашпай отуруп жатып.

— Башка эмне? Беш бармак... – деп аялы оозун таптап барып токтоду. — Чай, нан жана сууга бышырылган картөшкө...

— Э мейли, бүгүнчө буюрганын жеп туралы... Эртең... – Чолуш кайра унчукпай калды.

— Эртең эмне?.. – Аялы акырын сурады.

— Эртеңби?.. Эртең Жаңы жыл дейт ко... – деди Чолуш жылмайып. — Атам менен апам кандай, бирдеме шам-шум этиштиби?

— Акыркы сары майга койдун ич майын аралаштырып буламык жасап бердим.

— Жакшы кылыпсың... Балдар кайда?...

Кичүү кызы жүгүрүп келип атасын кучактады.

— Аа, кызым, Жаңы жылың менен, алтыным, келе жаткан Жаңы жыл Жаңы бакыт-таалай алып келсин! Сени дайыма 4Ж жандап жүрсүн! Муйдуңдан бир жыттатып койчу?.. Охх!.. Жытыңдан!.. Сен 76-чы болдуң!.. Байкең кана?

— Тики тамда телевизол көлүп отулат...

Аңгыча уулу жүгүрүп кирип колундагы эки лотерея билетин көрсөтүп:

— Ата! Апа! Жүргүлө! “Үй бүлөлүк лотерея” ойнотулат!.. —  деп кубанычтуу кыйкырды.

Баары телевизорду тигиле карашып, алып баруучунун айткан ар бир сөзүн тыңшап, билеттердин номурундагы ар бир санды карап отурушту...

Тилекке каршы, эки билет тең утушка жакындаган да жок... Баарынын ындыны өчө түштү. Эркетай бурк этти.

— Буга 200 сом коротуп, андан көрө жарым кила эт албайт белең?..

Чолуш жооп берген жок. Баласынын бетинен өөп:

— Сени да келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Сен 77-чи болдуң!.. Бактылуу болосуң! Сага да 4Ж каалайм! – деди.

— Эмне дедиңиз?! Мага 4G менен иштеген планшет, же смартфон сатып бересизби? Круто! Ура-аа! Рахмат ата!..

— Буюруса, балам...

Ордунан туруп төркү тамга кирди. Керебетте турбай жаткан атасына карап унчукпай үшкүрүнүп алды. Эңкейип бетине эрдин тийгизип: “Эртеңки Жаңы жылың менен ата, Жаңы жылда жакшы болуп кет, ылайым!” деп шыбырады. Атасы бир калыпта, унчукпай көздөрүн жумган бойдон кыймылсыз жатты. Диванда уктап жаткан апасын ойготкон жок. Аяды. "Ооруу ооруу эмес, оорууну караган ооруу" дегендей апасы өзү араң басып жүрсө да эки жылдан бери чыдап келатат...

Чолуш нымданышкан көздөрүн сүртүп короого чыкты. Ары-бери басты. Жүрөгү кысылып чыкты... Негедир жанагы урнага таштап салган кендир аркан ойго келди... Терең дем алып, жылдыздуу асманды карады. Жылдыздардын арасынан Перини издеди. Үмүттүн учкуну кайрадан жылт этти. Муздак абадан дагы терең жутту... Жүрөгү калыбына келгенсиди. Үйүнө кирүүгө кадам таштады...

Аңгыча дарбазаны бирөө тарсылдатты! Чолуштун жүрөгү болк дей түштү! Дагы бир доочу келдиби?.. Заарканып жатып сурады:

— Ким?...

— Кечиресиз, бул кимдин үйү болду экен?

Таң калды... Ушундай сылык доочулар да болобу? Дарбазага жакын келип көчө жакты карады. Жолтандабас машиненин жанында бирөө турат. Тааныш эмес.

— Үй ээси мен, атым Чолуш.

— Саламатсызбы? Биз Акжол аттуу аксакалды издеп жүрөбүз.

— Акжол?.. Ал менин атам.

— Ырас болбодубу, шашып жүргөндө... Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен! Ал кишиге жолугайын дедим эле...

— Рахмат. Өзүңүздү да... Атам ооруп төшөктө...

— Аа... сүйлөшсөкчү?

— Атам инсульт алган. Туралбайт, сүйлөй албайт...

Чоочун киши саамга ойлоно түштү.

— Эмне кылсак?.. Анда үйгө кирип сиз менен сүйлөшсөк?.. Кандай дейсиз?

— Кирбей эле ушул жерден бүтүрсөкчү?

— Болбойт ко көчөдөн...

— Эмне боюнча? Тынчылыкпы?

— Ооба, кам санабаңыз. Менин атым Абдылда, атайын Россиядан келатам, атаңызга сөзсүз жолугуп, көрүп кетишим керек.

— Жүрүңүз... – Чолуш дарбазаны ачып тиги кишиге жол берди.

Үйгө, атасы жаткан бөлмөгө киргизди. Абдылда унчукпай үй ичин тегерете карап, Акжол аксакалга акырын салам айтты. Ал киши алик албады, көзүн да ачпады. Диванда отурган апасы чоочун адамдан чочуладыбы, бүшүркөп ооз учунан жооп берди.

Экөө конок бөлмөгө чыгышып, узун дивандан орун алышты.

Үйдөгүлөр да, дагы бирөө карызын доолап келдиби дегенсип чочулап карап турушту. Аларга "тиги тамга баргыла!" дегендей ишарат кылды Чолуш.

— Жок, жок, жолтоо болушпайт. Тим коюңуз, отура беришсин! —  деди Абдылда.

Соткесин алып бирөөгө чалды:

— Канат! Портфелди алып келчи!..

Айдоочу окшойт, кара-күрөң портфелди алып келип Абдылдага берди да, кайра чыгып кетти.

— Азамат Маратович сиздерге салам айтты!.. Сиз билесизби, ал киши ким экенин?

Тили күрмөөгө келбей Чолуш башын чайкады...

— Акжол аксакалга ушул аманатты тапшырып келесиң деди мага. Мына бул портфель силердики. Ичи толо акча жана шефтин өз колу менен жазылган каты бар. Ушуларды мен сиздин колуңузга беришим керек. Паспортуңуз барбы?.. Апкелиңиз...

Чолуш шашкалактап чөнтөктөрүн аңтарып, паспортун алып чыкты. Абдылда портфелден банкта таңылган боо-боо пачка акчаларды стол үстүнө төгүп салды!!! Үй ичи буркурап, жаңы акчанын жагымдуу жытына толуп чыкты.

Толкунданып жатып колдору калтыраса да Чолуш керектүү кагазына эптеп кол коюп берди. Абдылда паспортту жана Чолуштун өзүн да соткасына сүрөткө тартып алды.

— Макул анда... Тапшырманы аткардым, эми кетейин. Капа этпеңиздер, шашып жүрөм. Жумуштар көп...

Абдылда кайрадан төркү тамга кирди, Акжол атанын абалына дагы бир сыйра байкоо салып, ал кишини да сүрөткө тартып алды.

— Азамат Маратовичке айта барам, мүмкүн Акжол атаны Россиянын мыкты врачтарына көрсөтөт...

— Жакшы болот эле... Тамак... Чай ичип кетиңиз? – Чолуш Эркетайга карады.

— Рахмат. Эмки келгенде...

Аялы шашып барып ашканадан нан алып келди. Абдылда четинен сындырып ооз тийди.

Ошентип Абдылданын келгенинен да кеткени бат болду.

Коногун узатып коюп үйгө кирсе Эркетайы балдарын кучактап дагы эле стол үстүндөгү акчаны карап кыймылдабай отурушат. Чолуш да эмне дээрин билбей стол үстүн көзүн албай карап калды... Жымжырттыкты кызы бузду.

— Ата, ата, эми мага белесипед сатып белесиң ээ?

— А мага планшет жана смартфондун акыркы моделин? —  деди уулу.

Атасы жооп табалбай башын ийкеди.

— Чочулап турам. Эки-үч айдан кийин келип, кайра дооласа эмне дейбиз? —  Эркетай күйөөсүнө суроолуу карады. — Үйүбүздөн ажырап калбайбызбы?..

— Азыр, катты окуп көрөлүчү...

Чолуш акчалардын арасында жаткан конвертти алып ачты да, катты тикесинен турган бойдон окуду...

Кат фирманын бланкасына жазылыптыр.

“Ардактуу Акжол ата, саламатсызбы?!

Менин атым Азамат, атамдын аты Марат. Сиз менин аты-жөнүмдү унутуп койсоңуз керек. Мен сиз менен 1990-жылы Москвадан таанышкам. Анда мен МГУда 3-курста окуп жүргөм. Билесиз, ал кез кымгуут, башаламан мезгил эле... Акчанын азабынан аябай кыйналып, окуумду таштап, Кыргызстанга кетүүгө камынып калгам. Жолкиреге да акчам жок “Казан” вокзалына күнүгө келем, кайрымдуу бирөө-жарым чыгып калабы деп... Жардам бергендер болбоду. Баары эле ар кандай себептерди айтышып баш тартышат... Же мени бир шылуун деп ойлоштубу?.. Ошол 11-март күнү жолум болуп сизди жолуктурдум. Сыртыңыздан байкадым, кийингениңизден жана баскан-турганыңыздан үмүтүм артты. Таанышкан соң, ачка экенимди байкап ресторанга киргизип тамак алып бердиңиз. Шашпай сүйлөштүк, менин таржымалымды кунт коюп уктуңуз. Сиз Москвага иш боюнча командировкага келип, кайра кетип баратыпсыз. Иштеген жериңизди айткансыз, бирок эсимде жок. Окууну таштап үйгө кетип баратканымды укканда эле сиз баш чайкадыңыз. Ошондо сиздин айткан ар бир сөзүңүз эсимде:

— Мен сени Кыргызстанга алып кете алам. Бирок, үйгө барып эмне иш кыласың? Азыр бардык жерде абал кыйын... Же айылыңа барып жумушсуздардын санын көбөйтөйүн дедиңби? Менин тилимди алсаң, сен окууңду уланта бер. Эптеп бүтүрүп аласың, андан ары жакшы жумуш табасың. Анткени МГУнун диплому менен каалаган жерде иштеп кетесиң. Кыргызстанга да сага окшогон жаш адистер суудай керек... Кыскасын айтканда, азыр, мына, болгон акчамды берип турайын... Кийин да кыйналып баратсаң уялбай эле кайрылып тур. Акча жагынан жардам бергенге мүмкүнчүлүк бар,—  дедиңиз да колума бир тутам акча карматтыңыз. Кат жазып, телефон чалып тур деп аты-жөнүңүз, дарегиңиз жазылган кагазды да кошуп бергенсиз.

Ошондогу Сиздин жардамыңыз жана айткан сөздөрүңүз мени абдан шыктандырды, кайрат, күч берди... Мен кайрадан окуумду уланттым. Эки эселенген дем менен кириштим. Сизге уят болбоюн дедим. Жакшы окудум. Жогорулатылган стипендияга жеттим. Университетти артыкчылык диплом менен бүтүрдүм. Ошол эле жылы Россиянын нефть жана газ тармактарында иштей баштадым... Азыр болсо, "Сургутнефтегаз" Компаниясында аткаруучу директор болуп иштейм. Баары жакшы. Үйбүлөлүүмүн... Жыл сайын Сизге барып жолугайын дейм, бирок жумуштун көптүгүнөн мүмкүнчүлүк болбой жүрөт. Убагында кабарлашпай койгонум үчүн Сизден миң мертебе кечирим сурайм. Кыргызстанга барып иштесем деген ой бар. Жайында үйбүлөм менен барып калсам, Сизге сөзсүз жолугам. Ата-энем менен тааныштырам... Эми, Абдылда аттуу жардамчым аркылуу берип жиберген Жаңы жылдык белегимди, азырынча, аз да болсо көптөй көрүп алып туруңуз! Чын жүрөктөн тартуу кылам! Жаңы Жыл Сизге жана Сиздин жакындарыңызга жалаң жакшылыктарды алып келсин!

Сизди ар дайым сыйлап, Сиздин “бакма” уулуңуз Азамат Марат уулу.

Россия, Сургут ш. 20.12.2014-ж. ".

Катты окуп бүтүп Чолуш толкунданып, бир жылмайып, бир мостоюп, сүйлөй албай аялы менен балдарын карай берди, ошол эле маалда ыйлагысы да келди... Кубанган балдары келип атасын кучакташты. Кылгырган көз жашын көрсөтпөй, атасы эңкейип аларды баштарынан жыттады. Колуна бетаарчы карматкан Эркетайын өптү. Ага өзү да таң калды, анын да көз жашын аарчып жылмайды...

Жабыла төркү тамга кирип чоң атаны жана чоң апаны кучактап, беттеринен өөп, дагы бир ирет келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты. Балдарынын бул кубанычтарын сураштырбай эле чоң апа да улам жылмайып, жетиналбай алкап жатты. Акжол ата да негедир акырын көзүн ачып, кайра жумду, чукуранып бирдеме айткансыды...

... Бул түнү үйдөгүлөр бейкапар кызуу укташты. Түнү бою жагымдуу түштөрдү көрүшүп, жүздөрүндө кээде жылмаюу пайда болуп жатты...

Чолуш да уктап жатып улам жылмайа берди... Түшүндө Перини көрдү...     

АЯГЫ

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Бегай Ишембаева

    Ким окуп аткан болсо.чын журогумдон 4Жкаалайм.Жакшы каалоо,жакшы ойду 4Жменен бекемдениз.ЖАГЫМДУУ ЖЫЛМАЮ ЖАКШЫЛЫК ЖАРАТАТ! ЖАКЫНДА ЖАШООНУЗДА ЖАКШЫ ЖАНЫЛЫКТАР КУТУЛОТ!

Комментарий калтырыңыз