Айдана Эрмекбаева: Алия (№109)

АҢГЕМЕ

Быйылкы кыш жумшак түштү. Айлана аппак кар болгону менен суук эмес. Эгерде айылда болсо тизеден өйдө кар кечип жүрмөк Алия. Эки бетиӊди кызартып, кирпик-кашыӊды агартып салган айыл кышы сонун көрүнөр эле кызга. Шаардын кышы андай эмес, кээде жаап эле кайра кары эрип кетет.

- Мен айылга кетем, – деди Алия акырын жанындагы жигитке.

- Эсимде. Жаӊы жылды апаӊ менен тосуп келем дегенсиӊ.

- Мен келбейм, Арген. Айылда калам, – деди Алия жана жетелешип келе жаткан колун тартып алып.

- Окууӊчу? – деген сөзү менен бирге “менчи” дегени бар эле жигиттин ичинде. Бүгүн эмнегедир башкача көрүндү ал Аргенге, көп нерсеге көӊүлү жок. Адатта тамашалап, жайдары жүрчү кыз. Анын ыӊгайсызданып турганын да сезди.

- Арыз жаздым... – деп үйүнө жакындап калган соӊ, башка эч нерсе айткысы келбеген Алия подъездге кирип кетти. Ооба, чыны менен кечээ өз каалоосу боюнча окуудан чыгаруусун өтүнүп арыз жазып деканга киргенде:

 - Алия, сага контракт боюнча жеӊилдетүү бербегенине байланыштуу кетип жатасыӊбы? – деген ал колго арызын ала электе.

- Ал гана үчүн эмес.

- Он сегизге качан чыгасыӊ?

- Үч айдан кийин.

- Андан ары окуу деле бүтүп калат экен да. Университеттин шарты боюнча документте майыптык топ көрсөтүлбөсө, жеӊилдик болбойт. Ал документти жашыӊ он сегизге чыкканда гана ала алат турбайсыӊбы. Баары бири-бирине байланыштуу. Макул, жаӊы жылдан кийин кайра арыз жазып аракет кылып көрөлү. Ректорго өзүм кирем, – деген декан кызга үмүт бергендей анын арызына кол койгон эмес.

Окуу жайынын активисти Алия биринчи курста окуганы менен аны көбү тааныйт болчу. Окуу боюнча да алдынкы студенттердин бири. Ал эл катарынан чыгып калчудай кыйналып турса да факультеттин көптөгөн иш-чараларына катушууга аракет кылат. Группалаштары да кечээ Алия окуудан чыгам дегенине ишенишкен жок. Кээси тамаша катары кабыл алып, айрымдары суроо жадырып жоопсуз калышкан. Өз көйгөйүн бирөөгө айтып арызданганды жаман көргөн кыз түрлүү суроолорду угуштан качып, азыр да тез кирип кеткенинин себеби ошол... Айтканда деле анын ички уйгу-туйгусун, абалын эч ким түшүнбөйт.

Алия лифт менен үчүнчү кабатка көтөрүлүп, үй ичинен чыккан катуу үндөрдү укту. Ал кирип тайкеси менен тайжеӊеси ашканада урушуп жатканын түшүнүп, коридордо туруп калды.

- Болдучу! – деген катуу үнү менен бирге  дүӊк этип столду чаптыбы тайкеси, андан кийин  үйдү жымжырт басты. Алия демин чыгарбады. Ушуну менен тайжеӊеси сөзүн токтоттубу десе, кайра эле болбой сүйлөй баштады:

 - Ай сайын! Ай сайын 4-5 миӊ сом ошол кызга кетет. Бул тамак-ашынан тышкары. Мага болсо өткөндө 7 миӊге көйнөк алып бербей койдуӊ!  Жээниӊден бизге акча артпай койду го.

 - Эми анын ден соолугуна байланыштуу экенин билесиӊ!

 - Апасы деле билет, жиберип турбайбы ошол акчаны. Очойгон контракты төлөп окутуп жатпайбы, акчасы бар демек! Болбосо иштесин кызы, биздин балдардын акчасын жебей. Инимдин эки баласы бар, аларды багып жатат деп ойлобойбу эжеӊ өзү. Кызын бизге өткөрүп берип койгонсуп. Ай сайын ага кетирген акчага балдарга деле жаӊы кийим, болбосо бутуна алып берсеӊ болбойбу?!

 - Кийим кийбей, балдар жылаӊач, жылаӊайлак калдыбы?!

- Жок дегенде балдарды каралашпайбы, мектепке алып барсын. Тимеле Кембриджде окуп жаткансып түштө бир тийип, анан тамак ичкени кечинде келет.

 - Окуп жатат ал, жалаӊ бешке! Келсе табарсыгын тазалайт, ошол кызга бир бооруӊ ачыбайт ко.

 - Окубай эле жигит жандап жүрөт аныӊ! Эмне таӊ каласыӊ? Кыз кичинекей эмес, он сегизге келип калды. Ишенбесеӊ сура келгенде, өз көзүм менен эки жолу көрдүм терезеден, – дегенин угуп Алия тайкесинин жообунан мурун кайра үйдөн чыгып кетти. Уялды.

Биринчи кабатка түшүп сыртка чыгарда кол телефонуна “суранам, эшикке чыксаӊ, сүйлөшөбүз” деген билдирүү келди. Аргендин күтүп турганын түшүнүп, чыккан жок. Подъездде көпкө турду. Ойлору чаташып, деми кысылып, колдору титирей баштады. Тайкесинин ачуусу келип турганда, эмне жооп айтат ага. Ал үйгө кирип түптүз бөлмөсүнө өтүштү ойлоду. Өзү чечкендей окууну таштап, айылга кетүүсүн туура көрдү. Андан башка эмне кылсын, жатаканада жашай албайт, тайкеси менен тайжеӊеси да Алия үчүн канча урушту. Барынан да өзү күбө болгонду каалабайт. Мурдагы шаардын четинде жаӊы конуштагы үйүндө турса, эч кимге тоскоол кылбайт болчу. Кап, ал үйдү сатып, айылга көчүп кетпегенде... А бирок азабы ошол үй жактан башталган. Ичиндеги, табарсык үстүндөгү тырыктары ал күндү унутка калтырбайт. Мындай ар кыл ойго баткан кыз өзүн колго алып, жүзүнө жылмаюу тартып, кайрадан үчүнчү  кабатка көтөрүлүп үйгө шаӊдуу кирип барды:

- Тайке-ем! – деди катуу жагымдуу үнү менен келгенин уксун дегендей. Ушинтип айтат Алия дайым тайкесин өзгөчө интонация менен, ага эркелеп. Тайкесине да жагат антип айтканы, ачуусу келип турган учурда да эрксиз жүзүнө жылмаюу түшөт. Алия бети-колун жууп алганы ваннага барып, сыр билдирбей: - Мени экзамендерден бошотту, мугалимдер, эртеӊ эрте менен жолго чыгам, – деди.

 - А жакшы! Апаӊа эртерээк барат турбайсыӊбы. Чайыӊды ич азыр. Баса, бөлмөӊө коюп койдум, бир айга жете тургандай алдым катетер майда-чүйдөсү менен ала кетесиӊ да.

 - Ооба, рахмат! – деген кыз ичинен жеӊилдей түшүп бөлмөсүнө өттү. Жана ошол бир айга алынган катетерден башталган экен көрсө уруштун бары. Тайжеӊеси тарапты карабаса да, ал ичинен быс-тыс болуп жатканын билет.

Албетте, ал өз балдарын ойлойт. Тайжеӊесинин көйнөк албай калганына жинденгенин түшүнөт. Кыз эмеспи. Алия да дүкөндөрдөгү түрлүү, саркеч көйнөктөрдүн жанынан суктанып өтөт. Өзү кийип турганын элестетип, айланып да көрөт. Ал көйнөктөр керемет жарашып калат кызга. Ал элесинде кийип көргөн көйнөктөрдүн көптүгүн айт! Өтүп бара жаткан бирөө кыялданып турган кызды кокус түртүп алып же жанына басып барган сатуучунун “Кийип көрсөӊүз болот, бардык өлчөмдөрү бар” деген оюн бузган үн болбосо, дагы канчасын кийип, айлынып көрөт эле...  

Бөлмөсүндө Алия адатынча узунунан жатып алып табарсыгынын өйдө жагындагы тешикке катетер салып, калган заарасын тазалайт. Бир күн ичинде минтип үч жолу тазалайт: эртеӊ менен бир, түштө, анан кечинде. Алиянын көздөрүнө дароо жаш айланды. Жок катетер салганы табарсыгын оорутпайт, ага кичинесинен көнүп бүткөн. Ушундай жашоодон тажады. Жакында эле заарасынын калдыгы  кан аралаш чыгып, бир жума ооруканага жатып чыккан. Ал калдыкты тазалап турбаса да болбойт. Аны тазалабаса, чогулган заара бөйрөктү ириӊдетип жиберет. Ансыз да чогулган зааранын уусунан бир бөйрөгүн эки жыл мурун алдырган. Ошондо да Алия ден-соолугу бекем кыздардан айырмаланбаган, өзүн тыӊ алып жүргөн кыз. Сыртынан ушунча азап чегип жүргөнүн эч кимге билдирбей,  дайым күлүп-жайнап жүрөт. Өзү сүйкүмдүү, сулуу кыз.  А бирок бул сүйкүмү ашкан, күлдүргөнгө уста кыздын абдан көӊүлү түштү бүгүн. Тайкеси менен тайжеӊесинин сүйлөшкөндөрүн угуп калганы маанайын чөктүрдү. Ал үчүн биринчи жолу эмес урушкандарын билсе дагы, так  бүгүн өзгөчө ойго батып, капаланып турган кези болду.

Тайкесине ыраазы болгону менен ага боору ооруйт. Анын үй-бүлөсүндө жаӊжал болушун каалабайт, барынан да жаӊжалдын себеби болгусу келбейт. Тайжеӊесинин ириген сөздөрүн эч кимге айтпай чыдап жүрөт эмеспи. Андан башка “Иште! Болбосо чыгып кет!” дегенин канча укту.  Албетте, жумуш таап, иштеп кетсем деген ой келбей койгон жок ага. Дал ошол ой үчүн окуудан чыгууну чечкен. Мындай оор жагдайга туш болгонуна кыз  өзүн гана күнөөлөйт. А бирок анда бала болчу да. Ал учурдагы жети жашар Алияга кошунасынын курулуп бүтпөй калган уранды дүкөнүнө барып ойнобо деп канча жолу айтышты. Болбой эле эшикке чыгары менен ошол жакка чуркачу. Ал дүкөн араӊ турганын баары билгени менен бир күнү Алияны чаӊыртып басып каларын ким ойлоптур...

Кыш кетип, жаан чакалап төккөн жаз келген анда. Жаздын жыты чыгып, курт-кумурска жөрмөлөп, айлана жашыл тартып калган. Дал ошол күнү күн тийип аба ырайы ысый түшкөн. Ошондо да бир нече күн тынбай жааган жаандан улам жолдор ылай, уӊкур-чуӊкуру көлчүк болчу. Шаар четиндеги жаӊы конуштун жолдоруна ал учурда асфальт төшөлгөн эмес. Балдардын баары  ээси жок үй болгондуктанбы, ошол жактагы  “оӊбогон”  дүкөндү тегеректеп ойноп калышар эле.

Алиянын тентеги ашып турган кезби, шоктонуп дүкөндүн үстүнө чыга коём дегиче болбой  кирпичтери бап этип үстүн басып калса болобу. Көз ирмем ичинде секелек кыздын жашоосун астын-үстүн кылган, ошол басып калган кирпичтер болду. Чаӊырган үнү асмандан жаӊырып, тегерегинде ойногон балдардан кулагын кесип өттү. Баары жүрөктөрү түшүп чырылдай башташты. Алиянын жанына басып баргандан коркуп, бири өӊгүрөп ордунда турду, бири үйүнө чуркап чоӊдорду чакырышты.

Чуркап чыккан кошуналардын арасында турган Алиянын апасынын андагы абалын элестетүү кыйын. Калчылдап айласын таппай, кирпич астында жаткан кызынын мелтиреген көздөрүн көрүп өзүн жоготту. Мүнөт өткөн сайын ызы-чуу, кыйкырык  Алияга  алыстан угулар-угулбас болуп, бара-бара айланада бардыгы үнүн жоготкондой сезилди... Кайрадан өзүнө келдиби, андан кийин көзүн ачса, тез жардам авто-унаасында апасы “кызым, Алю, Алютай көзүӊдү ач!”  деп кыйкырып, шолоктоп ыйлап жатканын көрдү. Алиянын бир нерсе айтайын дегендей оозун ачып, бирок сүйлөгөнгө алы келбеди. Жанындагы ак халатчан колуна ийне сайып жатыптыр. Дагы бирөөсү тез жардам авто-унаасынын сигналы менен кошо жарышып “Жол бошоткула! Жол бошоткула” деп кыйкырып жатканын кулагы илди.

Кээ бир авто-авто-унаалар жол бошотмок турсун, кошо жарышып өтүп кеткенге шашылышат, тобо. Тез жардам авто-унаасынын ичинде адам өмүр менен өлүм ортосунда бара жатканын билбесе да, бир ойлонуп коюшса. Ооруканага жетер жол анда абдан узак сезилди баарына. Кайсы бир мүнөт Алия үчүн акыркы болуп калышы мүмкүн эле. Алиянын  кайрадан көзү караӊгылап, эсин жоготту. Бир кезде көзүн ачса, таттууга үйүлгөн аарылар сыяктуу ызы-чуу боло айланып-тегеренип жүргөн толтура врачтарды көрдү. Болду ошондон кийин операция бүтүп, бир нече саат өтүп гана ойгонду. Буту-колу таӊылуу Алия дем алуучу апартка туташтырылган экен. Бөлмөдө “тут-тут” деген гана үн угулат.

Бүтүндөй денеси ооруп, эч бир кыймылга келе албады. Көрсө ошондо эки буту теӊ сынып, ичеги карыны үзүлүп, табарсыгы үч жеринен жарылыптыр. Беш саатка созулган операцияны он алты врач жасаганын апасынын айтканынан билет. Андан бери канча жыл өтпөсүн, ар бир катетер салган сайын баягы каргашалуу, жарым-жартылай курулган дүкөндүн жанына барганына өкүнөт. Андан бери азабы бүтпөс болду кыздын. Ооба, дени сак адам  катетер колдонууга муктаж болбой жашоо кандай гана кубаныч...

Бакыт экенин билбейт. Адам баласы бар нерседен кур калгандан кийин, ошол көрсө бакыт экенин түшүнөбү деген ойлор келет Алияга. Күнүнө табарсыктын тешигинен 350-400 миллиграмм зааранын калдыктарын чыгаруу эмне азап экенин билбейт алар. Билбесин... Андайды билбесин дейт кыз башкаларды ойлоп. Бардыгы үстү-үстүнө чогулдубу, бүгүн анын абдан ызаасы келди. Өзү ушинтип кыйналган учурда жашагысы келбей кетет. Өзүн ашыкча көрүп, бул кеӊ дүйнөгө батпагандай сезилет. Ооба, ага кээде-кээде кылт этип келген оюн азыр ишке ашырууга камданды. Минтип өмүр сүргөнчө, жер алдында жатканды туура көрдүбү, көз жашын сүрткөн Алия кийинип алып сыртка чыкты. Үйүндөгүлөр уктап калган сыяктуу, анын эшикке чыкканын  эч ким байкаган жок. Шаарда түнкү он бирде да көчөдө авто-авто-унаа көп экенин билген кыз жолго бара жатты. Караӊгы. Бозомук буллуттар ай менен жылдыздарды далдалап алган сыяктуу. Үйдөн узаган соӊ, светофор жок жолдун четине турду. Күндүзгүдөн аз болсо да дуулдаган авто-авто-унаалар ары-бери өтүп жатты. Катуу келе жаткан авто-унаанын алдынан чыкса, токтоткону жетишпей кала турганы анык. Жолдор да тайгалак эмеспи. Көзүн жумуп жолго чуркап кеткенге даярданды. Колдору мыкчылып, жүрөгү мурункудай эмес катуу дүкүлдөдү. Ушул учурда баягы каргашалуу күндөгү тез жардамда апасынын ыйлап отурганы көз алдына келе калды. “Кызым, Алютай! Алю көзүӊдү ач!” деп кыйкырып жатканы кулакка сиӊип калгандай даана угулду. Ошол күн бүгүн кайра кайталанып жаткансып өзү кошо буркурап ыйлады. Бүткөн бою титиреп, эми мына кадам шилтейин деп турганда, чөнтөгүндөгү телефону чыӊгыр этти. Токтоп калды. Телефонун караса “Апам го-о менин” деген жазуу көрдү. Дароо ала койгон жок. Телефондон көрүнгөн апасынын сүрөтүн карап турду. Көз жашынын эки тамчысы ал сүрөткө катар түштү. Эгерде албаса кабатыр боло бир нече жолу чаларын билет. Андан көрө апасынын үнүн акыркы жолу угуп алайын деген ойдо, колдору калчылдап телефондун жашылын оӊго жылдырды:

- Апа...

- Кызым, уктай элек белеӊ? Жакшы кабар айтканы чалып жатам, эртеӊкиге чейин чыдабайм го. Израилден кабар келди. Кезегиӊ келиптир, сени эӊ мыкты доктурлардын бири дарылайт. Алардын жакшы аппараты бар. Жаӊы жылдан кийин жолго чыксак болот. Көрдүӊбү, баары оӊолот дебеди белем. Баары жакшы болот, кызым. Сен жакшы болосуӊ!

- Акчабыз жетеби... – деди кыз эриндерин тиштеп, сыр билдирбей. Чынында, апасынын жакшы кабары бир аз болсо да ичиндеги дүрбөлөӊдү баскандай болду.

- Табабыз. Эл турат, тууган-туушкан деген бар, малды сатабыз. Керек болсо үйдү сатабыз. Сен аман болсоӊ болду, Алю, – дегенин угуп кыз тамагын кыскан жаштан улам эч нерсе жооп бере албады. – Жакшысыӊбы, кызым? – деди апасы кайрадан.

Ээги титиреп Алия телефонду коюп койду. Ооба, апасы кызы үчүн жашап жүргөнүн түшүнөт. Апасы ага жашоо тартууласа, ал эмне кылган жатат...  Алиянын канча түйшүгүн тартты. Ошол “оӊбогон” дүкөндүн кирпичтери өзүн басып калбайт беле дегенин канча айтты... Дагы деле апасы күйүп-бышып кызынын ден-соолугу үчүн чуркап жүрбөйбү. Ал күндөн бери апасынын жүзүнө канча бырыш түшүп, канча чачы агарды экен... Жүрөгү бир нерсе сезип, дагы чалып отурбайбы. Ооба, ал күнү кичинекей Алия жашасын деп опол-тоодой абройлуу он алты врач алышканын кайдан эстен чыгарсын.

Ооруканага үнү бүткөнчө “Жол бошоткула!” деп барган ак халатчанды кантип унутсун. Азыр аны окуудан кетпечи деп суранган группалаштары, достору бар. Алиянын сырын билсе да, дайым жайдары жүрүп барына күлкү тартуулаганына таӊ калган, жалыны менен караган Арген бар. Өзүчү. Өзү да бул азап менен он бир жылдан бери күрөшүп келе жатпайбы. Жакшы мүмкүнчүлүк пайда болгондо, ишенимин жоготуп утулуп береби азабына? Өмүрдү эмес, өлүмдү тандайбы?! Анда буга чейин оорусуна баш ийбей эмнеге тирешип жүрдү? Ар бир өмүр баалуу. Өмүрдүн ар бир кайталангыс мүнөтү. Сынбайт Алия! Ал эрки күчтүү кыз. Мындан да күчтүү болууга аракет кылат. Убактылуу алсыздыкка башка моюн сунбайт. Алия кайра апасына телефон чалды:

- Байланыш үзүлүп кетти окшойт. Мен эртеӊ барып калам, апа, айылга... сагындым сизди... – деди кыз жанагыдай эриндери титиребей ишенимдүү үнү менен.

Үйгө кайтмай болду. Кар жаап баштады бул учурда балпагай, жумшак, чоӊ. Аларды чогулткусу келген Алия колун жайып тосту. Кар алаканына тиери менен эрип кетип жатты. Кандай гана сонун көрүндү асмандан түшүп жаткан кар. Аларга бетин тосуп эркеледи кыз. Түндөсү жааган кар өзгөчө кооз көрүндү. Буга чейин караӊгыда жааган карды көрбөй жүргөнсүп сүйүндү. Айрыкча лампалардын жарыгы алдында себелеген кар керемет эле. Айланада бардык нерсе өзүнчө сулуу көрүндү кызга. Билсеӊер жааган кар Алия үчүн жөн гана кар эмес болчу. Ал – үмүт. Асмандан түшкөн үмүт болчу. Кандай абал болбосун, эми ал үмүттүн учун коё бербей жашоосун улантат. Анткени ичи ишеничке толуп турганда бары жакшы болорун билет Алия.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Осорова Минура

    Айдана ,азаматсын! Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Комментарий калтырыңыз