Батырбек Дуулатов: «Оk» жөнүндө (№112)

Чоң энем менин илгери,
Чоёктоп жаман сөз айтсам,
Чочуп кетип "ок" - дечү!
Эмне болдуң десем мен,
Эки жагын каранып,
“Эч нерсе болгон жок” - дечү!

Азыр ойлойм бала үчүн,
Алынчу таалим булагы –
Ал кишинин өзү экен!
А көрсө, "ок" дегени,
Андай жаман нерсени,
Айтпа деген сөзү экен!

Ааламдашуу башталып,
Азыркы заман талабы,
Албетте, бөлөк тил билиш!
Океңче "да"- ны унутуп,
Окей дешип жаш-кары,
Орустан өттү "инглиш"!

"Ка"- сы "кы"- га алмашып,
Кат жазышып Ватсапта,
Калктын жармы отурат!
"Оk" деп жазгын баары бир,
Окей эмес, көбүнө
Ок деп эле окулат!

Тике айтамын кыргыздар,
Тирлик кыла албайбыз,
Тилибизди сүйбөсөк!
Кор кылбай эне тилиңди
Колдон келсе башка сөз,
Кошпой-этпей сүйлөсөк!

Оболу мага туюлчу,
Орусча сөздөр кошулса –
Оозума ачуу таткандай!
“Окей” деп эми сөз уксам,
Оо дүйнөдөн чоң энем,
“Ок” деп айтып жаткандай!

Улут болом десең сен,
Урматта деп тилиңди,
Улуулар айткан накыл кеп!
"Окей" деп айтыш ордуна,
Ойлонсок, неге болбосун,
"Ооба" деп же "макул" деп!

Орусча, четче кошпостон,
Оюңду жазсаң кыргызча,
Ошондо жүрөк эзилет!
Окурманым түшүнчү,
"Оk" - деп жазсаң жүрөккө,
Ок тийгендей сезилет!
06.05.2019., Бишкек ш.

Жеңиш күнүнө карата

Ушул күндөр көп болду,
Улам жаңы кинолор,
Улуу Жеңиш жөнүндө!
Кылгырып жаш көзүмөн,
Кымбат кез сонун - балалык,
Кылт эте түштү көңүлгө!

Анда мен тогуз-ондомун,
Артымда иним Сапарбек,
Аябай сүйлөйт безилдей!
Алышып ойноп чогуу өстүк,
Арабызда эки жаш,
Анча деле сезилбей!

Тентек кез анда билбейбиз,
Телевизор чанда бар,
Текши эмес жашоо элдерде!
Көчөдө болчу чоң майрам,
Көргүлө деп кечинде,
Көчмө кино келгенде!

Көрсө Совет өкмөтү,
Көрчү экен бизге камкордук,
Көп эле иштер жасалып!
Көчөдө тамдын боорунан,
Көрчү элек согуш кинону,
Көзүбүздөн жаш агып!

Эч бир сөзүн түшүнбөй,
Элим деген жоокердин
Эрдиги даана көрүнүп!
Эртеси ойноп кетчүбүз,
Элирип согуш оюнун,
Эки жаатка бөлүнүп!

Чыт курсак балдар биз элек,
Чыгырык калды ошондо,
Чындык минтип такталат!
Чырылдашып ойнодук,
Чын согушта жүргөндөй,
Чыбыктан жасап автомат!

Кошуналардын балдарын,
Корообузга чогултуп,
Командир өзүм болчумун!
Не кылсаң ошо кылгын деп,
Негедир дайым инимди,
Немис кылып койчумун!

Капут болдуң деп аны,
Кайда гана жүрбөйлү,
Кадимкидей арбаштык!
Кайра немис болбойм деп,
Канча жолу экөөбүз,
Кара көтөн кармаштык!

Окуудан кээде келгенде,
Ойнодук согуш оюнун,
Огородду тебелеп!
Унутуп калсак баарысын,
Уй жок деп апам кечинде,
Урушчу бизди жемелеп!

Бирок, дайым оюнда,
Бир мен аман калчумун,
Биздикилер жеңди деп!
Барчумун анан энеме,
Баягы кеткен согушка,
Балаңар аман келди деп!

Оюндар калды аз-аздан,
Ошол күн Жеңиш күн эле,
Отурсам азыр эскерип!
Чоңоюп калган балдарды
Чогултуп парад өткөзгөм,
Чоң энеме "честь" берип!

Апаат бүтөт, буюрса,
Ар нерсе түшүп оюма,
Артымды көздөй карадым!
Көңүлүм менин жай болор,
Көпчүлүк менен күзүндө,
Көрсөм Жеңиш парадын! 
Бишкек шаары, 09.05.2020.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз