Рахат-Райхан Таштемирова: Каректе калган элестер (№113)

ЭССЕ

Иш сапар менен Ошко барган элем. Эмнегедир балалыгым, жаштыгым калган көчөлөрдү көргүм келдиби, ошол күнү жөө басып баратып, өтмөктө туруп калдым. Бир мезгилде жаныма колуна эки баштык көтөрүп, кичине жоолугун чачына аралаштыра башына байлап, үстүнөн ак жоолугун арта салынган жашамал аял туруп калды. «Келиӊиз, мен көтөрүп алайын» – деп колундагы баштыктарды алдым да, жол көрсөткүч жарык жашыл күйгөндө өтмөктөн өттүк. «Мынча нерсени көтөрүп кайда баратасыз?» – дедим кызыгып. «Ээ үкам, небере деген ширин турбайбы, неберелериме огороддон жесин деп, жер-жемиш алып баратканым», – деп жооп берди да, колумдагы баштыктарды алып жатканда, анын тамырлары көөп, күнгө тотуккан колдору көзүмө урунду. Бул колдор менин маӊдайымдан сылап эркелетип, ботала болуп оюндан чарчап келгенде урушуп жатып, (анысы деле эркелеткендей сезилчү) жуундурган, тандырга бышырган ысык нанды майга жууруп, колума карматкан мен үчүн дүйнөдө жок эӊ жагымдуу, эӊ жылуу апамдын колдорун эсиме салды...

Менин апам да иштерман аял эле. Күнүн пландап алгансып, тынымы жок күйпөлөктөп, бир неселерди жасап жүрчү. Ысыкта маӊдайынан чыбырчыктаган терин сүртүп, жерге силкип алар эле да, жасап жаткан ишин уланта берчү. Кир жуумай, тамак бышырмай, үй тазаламай, анан калса огороддогу иштер... Бирок бир да жолу «чарчадым ай» деп наалыганын көрбөпмүн. Ошончо нерсени жасаганга милдеткердей эле. Балким, ошол анын чексиз бактысы болгон го, сыягы.

Апам биз окуган мектепте жууп-тазалагыч болуп иштечү. Өз ишин гана аткарып тим болбостон, мектептин тазалык, тартип жагын да көзөмөлдөп жиберчү. Ал мезгилде эмне, жолдор күн жылууда топурак, жаан-чачында ылай... Мектептеги балдардын бут кийимин бирден жуудуруп, тазалатып анан өткөрчү. Айрыкча жамгырлуу күндөрү кичине чыбык менен ботинкаларыбыздын ылайларын тазалап, анан жууп жатып мыйтыйган колдорубуз кызарып кетер эле. Апамдан жалтангандан баарыбыздын сумкабызда бут кийим аарчыгычтарыбыз болор эле. Мектеп тим эле зымылдап, таптаза болуп турчу. Анча-мынча тополоӊ салып, чарпыша кеткен балдардын арсына кирип, токтотуп, тартипке салып коёр эле. Ошондон уламбы, мектептеги мугалимдер да апамды абдан сыйлашчу. Бизди үйгө келгенде, «өзүӊөрдү таза, тыкан алып жүргүлө, бейбаштык кылбагыла. Анте турган болсоӊор, өзүнүн баласын баштап албайбы, - деп – мен кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп калам» – дечү. Биз да башкалардын апама болгон сый-урматын көргөндөнбү, айтор, биз үчүн апам чоӊ кызматта иштегендей эле сезилчү...

Апам өтө сарамжал киши эле. Ысырапкорчулукту жактырбайт эле. Бардык керсени ченеми менен үнөмдөп колдончу. Нандын калдыктарын топтоп, бирдей өлчөмдө майдалап кесип, кадимки палоодой кылып бышырчу. Аны «нанпалоо» дээр эле. Анын татындай даамдуу тамакты азыр да эӊсеп кетем. Дегеле, апалардын бышырган тамагы башкача болсо керек. Жасаган тамагына энелик сүйүүсүн да катып коёт ко...

Апамдын кичинекей кара сандыгы болор эле, ага таттууларды салып, оозун бекитип койчу. Биз көӊүлүн кубантсак, ошондон бир-эки момпосуй алып берип сыйлар эле. Же жөн эле бергиси келгенде баарыбызды тизип алып, колубузга карматчу. Биз эмнеге ачып эле койбойт деп таӊ калчубуз. Көрсө, баарын эсеби менен үнөмдөп, бизди таттуу менен камсыз кылчу тура. Биздин ар кимибиздин өзүбүзгө жараша иш бөлүп берчү да, аны толук аткарууну талап кылчу. Көӊүлүндөгүдөй аткарып койсок, жадырап-жайнап, жалынып-жалбарып төгүлүп кетчү. Ошондо апамды карап туруп, дүйнөдөгү апалардын эӊ сулуусу – менин апам болуш керек деп элестетчүмүн.

Ошончо жумуштун ичинен апам бизге жомок айтып бергенге да жетишчү. Апам жомок айтып жатканда огош бетер ажарлуу болуп, биз жомоктор дүйнөсүнө аралашып кетер элек. Ошондон уламбы, мен көркөм китеп окуганга өтө кызыкдар болдум. Ал тургай жазуучу болом деп да кыялданчумун... Мектепте дибаяндарды да берилип жазар элем. Ошон үчүн филология факультетин да бүтүрдүм. Бирок тагдыр айлампасында кандай буйрук болсо, ошондой окшобойбу. Кийин укук жагынан адис болдум. Анткени менен апам эӊсегендей эл жүгүн көтөргөн инсан болдум го деп ойлойм. Өзүмдөгү кайсы бир алгылыктуу сапат болсо, ал да апамдын энелик асылдуулугунан болду болуш керек... 

Бирок апам арабыздан эрте кетти... Эстесем азыр да каӊырыгым түтөйт... Анын ошол маӊдайымдан сылаган шуудураган колдору, мээрим чачырап жайнап турган көздөрү, чачтарына кошуп, башына бекем орогон жоолугу, боюна ушунча жарашкан бүрмөлүү көйнөгү, кемсели... айтор, ар дайым карегимде турган өчпөс элестер...

Өзүмдөгү тартип, тыккандыкты өзгөчө талап кылган сапатым да апамдан калыптанган болуш керек. Демек, акыркы демиме чейин карекке баткан ушул элестер, апама болгон орду толбой калган арман сүйүү мени менен жашаары чындык!

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Султанова Гулзада

    Көз алдыма чыттан тигилген майда гүлдүү көйнөгү акырын желге желпинип, үстүндөгү кара махмал камселинин топчулары күнгө чагылышкан Эненин каректери көз алдымда элестеп, ары бери түгөнгүс тириликтин иштери менен алек болуп жүргөнү элестеди. Күнгө күйдүм, шамалга бетим куруп, колдорум жарылды деген сөздү оюна да келтирбеген ары сулуу, ары мееримдүү үй бүлөөнүн куту, аруузат аял элестеди. Чыгарманын ар бир сүйлөмү, чоң маанини, окуяны каматып, бир демде окудум. Окуп бүтүп эле өзүмдүн Апамды ушул мүнөттөрдө сагынып элжиреп турганымды сездим. Чыгарманын авторуна ийгилик, дагы да көптөгөн аңгеме, эссе чыгармаларды тилектешмин.

  • - Султанова Гулзада

    Көз алдыма чыттан тигилген майда гүлдүү көйнөгү акырын желге желпинип, үстүндөгү кара махмал камселинин топчулары күнгө чагылышкан Эненин каректери көз алдымда элестеп, ары бери түгөнгүс тириликтин иштери менен алек болуп жүргөнү элестеди. Күнгө күйдүм, шамалга бетим куруп, колдорум жарылды деген сөздү оюна да келтирбеген ары сулуу, ары мееримдүү үй бүлөөнүн куту, аруузат аял элестеди. Чыгарманын ар бир сүйлөмү, чоң маанини, окуяны каматып, бир демде окудум. Окуп бүтүп эле өзүмдүн Апамды ушул мүнөттөрдө сагынып элжиреп турганымды сездим. Чыгарманын авторуна ийгилик, дагы да көптөгөн аңгеме, эссе чыгармаларды жаратуусуна тилектешмин.

Комментарий калтырыңыз