Нурбек Нарын: Туманга тоо оронот, чүмбөттөлүп (№114)

MILLENIUMда

Гүлбакта – түн...
Гүлбакта – түн!..
Бейит сымал бозорот
тоноп бүтүн,
таланган соң...
Каңгып  калган –
адамдардын Үмүтү –
жалгыз калган
кемпир сымал,
алсыз абдан...

Бейиш делген
гүлбакты түн айлантты тозокко  кең...
Доор куму каргыштай  көмдү үстүн,
мезгилдин оор шамалы үйлөп күчүн
аябады...
Күнсүз, Айсыз, жылчыксыз  эч
түн  түштү  түз...
Кайдасыңар  адамдар?!..
Кайдасыңар?!..
Көртирликтин  миң  түркүн
айласы  бар
чырмаганга...

Тагдыр  кууп,
Бакыт  кууп,
Күндү  кууп... –
уурдалган!..
Барасыңар  алыстарга...
Континенттер, өлкөлөр...
артыңарда!..
Байыркы  бир, бир  мезгилдей... –
тарыхта  чоң  бурулушта
адамдарды бүт  туш-тушка
чачты  Тагдыр... –
солкулдаган  жел  көпүрө
согуп  адам  өмүрүнөн,
Ажал  менен  Жашоонун
күрөшүнөн, -
ташталды  туңгуюкка...

Кайтат  болдуңар  бекен
кайра  артка?
же, бир тууган  эл  болуп
даа  бир  жакта,
өтөсүңөр  урматтап  тегиңерди,
гүлбагы  деп  бейиштин – Кыргыз  Жери... –
уламышка  айланган  учур  менен
урпактардын  канында  кайнайт  белги...

АЙГҮЛ  ГҮЛҮ

Айгүл  гүлү,
кеч  күүгүмдө
кызгылт – сыя
Айдын  арткы  өңүндөй... –
Өзүнчө  бир планета  бүтүндөй!..
ушул  гүлгө  жашырылган
чоң махабат өзүндөй
сырдуу  жана  табышмактуу –
Ханышасы!.. –
Айгүл Тоонун  аймагынын  үзүмдөй...
Ар жаз сайын,  ушул  гүлдү  жайнаган,
канчалаган жүрөктөрдү арбаган  –
канчалаган  буттар  келип тепсешет,
канчалаган  колдор  келип  эптешет –
үзүп-жулуп,  уурдоо үчүн  кайрадан?! –
баскынчылык  доорундай,
байыркыдай...  кандарында  кайнаган!..

Жүрөк солк деп!..
Эстейм эски  аңызды,
болумушту – сулуу бийкеч жайы ушу...
баатыр жигит  баалап-коргоп,  чабышты!.. –
жап-жаш бойдон –
бири  тоого, бири гүлгө  айланышып калышты!..
Тоо  болсо да,  коргой албайт Айгүлүн,
кучагынан  орун  берип,
бул ааламга  айчырайын  жайды тим! –
“Бул ажайып  көрктү көр да, сүйө бер,
бирок  бизге  залал кылба, кайридин!.. –
Сулуулуксуз – аалам көрксүз!” –
деген өңдүү  Кызыл Китеп бетинен да 
ал бүгүн!..

ТИБЕТ “КЕРЕМЕТИ” ЖӨНҮНДӨ АҢЫЗ

---  I  ---

Карт  Гималай, Тибетти  мекендеген,
Жараткандын белеги – эл издеген
мээр чөптөй, көп элге миңдин бири, –
жер  үстүндө “жеткенге – жетем” – деген,
миң-миңдеген  кылымдар, жылдар  бою,
көзгө урунбас көп сырын бекемдеген,
чөп да эмес, жаныбар дагы эмес,
жер алдында жетилген – укмуш элес! –
көпөлөктүн куурчагы тамыр алды,
чыпалактай чыкчыйып бою дагы,
энекеси Жамгырды ээрчий чыккан,
атакеси Тумандын койнунда ыкчам
өсүп дароо жетилип: “Изде!” – деген,
чакырыгын абага таштайт ылдам;
жашырынып көздөрдөн, бадал алды, –
ойногонсуйт жашынмак “таап алчы!..”,
боортоктой унутуп буту барды, –
чөпкө түшкөн ийнедей издейт баары!..

---  I I  ---

Туманга тоо оронот, чүмбөттөлүп,
Кар өйдөлөйт, Жаз чыгып этегинен,
миң-миңдеген кылымдар келген өнүп,
бүт жандууну чыгарбай эсебинен,
Жамгыр элейт көз-жашын күндө төгүп,
чыгалбастан зор сезим жетегинен...

Тамчыларды чогултуп ичип куунак,
жер алдында жетилген чүрпө чунак,
мүрөк суусуна канып касиеттүү,
ийиндеги жаныбардай өсүп чыйрак –
тамырлайт да көпөлөк куурчагынан –
чыпалактай көлөмү – күйгөн чырак,
баалуулугу, кымбаты – алтындан зор,
таң калтырган ааламды сыры турат;
адамзатка өтөөрдө улуу кызмат –
курмандыкка чалгандай өзүн чындап!.. –
Азгырыгы абаны алган курчап!..
Канчалаган жандарды издеттирет,
азап тарткан пендеге өмүр керек,
ал андыктан тартылат ага баары,
көзгө урунбай жашынган, ойноок аны.
Чөгөлөшүп, сойлошуп адамдар бу, –
касиетин сыйлашат табышмактуу!..
Тапкан адам – бактылуу, андан ары,
ызаат менен колуна алат дагы,
берет келген адамга – башка, жаңы...

... Күнү-түнү  ченемсиз, улуу наркта,
Сүкүт чалып космоско бек айкаша,
турган Тибет, Гималай карыларга,
башын кошуп, баарлашып бир купуя,
тургансыйт Шамал гана сырга бата... –
күңгүрөнүп  күүлдөп,  дуулдап да,
миң айлана  ааламды  зуулдап да,
келген-кеткен жандарды бүт узата... –
болбогондой эч нерсе, көнгөн ага;
жылдагыдай  кубулуш сырын тата,
көчөт тынбай миңдеген доорлор мында,
көрүнбөгөн, көлөкө сымал сыза!..

*    *    *

Теңир  дендүү, жалгыз  көздүү
АСМАН  алп –
ышкысы  күч  ып-ысык  деми менен
куйкалайт  сары  көздүү
ашыгы – Азияны,  күнү  кечке  өбө  берип...
Түн  киргенде  көйрөңдөнө
оттуу  жабак  киет да,
табышмактуу каалгый  бийлеп  кирет... -
пенделердин өмүр менен өлүмү,
махабаты  баянын!..
Айланып бүт  ажайып  бир  белгиге –
адатындай,  байыртадан  беркиде –
түбөлүктүү  ханышасы Азияны,
эң  сырдуу, эң  тунук – көз жашындай,
жылдыздардын  үнсүз жылмаюусундай –
алмаз таажы менен  кооздойт –
Көк  Теңир;
адамдардын  жазмышынын,
ойлордун – каргышынын,
өнүгүүнүн – өтмүшүнүн,
ааламдын өз  күчүнүн
бардык  сырын  ачкандай...
жана  Адамдан – Кудайды  да
пендени  да тапкандай...

*    *    *

Тоолорго!..
Тоолорго!..
Тоолорго!..-
Деп Кыргыз үн салып - Оң, Солдо,
Үндөгөн  жүрөгүн бийикке,
Бир конуп
Кайберен, кийикке...
Чокуда бүркүттөр  шаңшыган,
Жанашты булутка жаны улам,
Аруулан деп өзүн, - аруу жан!..
Жылдыздай  жаныптыр көктө анан,
Ойт берип, ар чоку, ар кырдан...

От болуп ар чоку, ар кырдан,
Кылымдын түндөрүн сапырган
Рухуна сан элди бөлөптүр,
Ченемсиз доорлор атынан,
Бабалар нур болуп калкыган,
Бел кыла урпагын артынан...

Тоолорго!..
Тоолорго!..
Тоолорго!..
деп дайым  каранып - Оң, Солго,
Жылдыздуу асманды ойлонто,
Бабалар айбарын козголто,
Айланган  тоолорго, тоолорго!..

Сөөлөттүү  зор дене алп алар,
Капкалуу шаардай  калкалаар.
Сырына сан элди таң кылган
Купуя катылган жаалы бар!
Жазданып өңүрүн бир жабар
Жашаган урпактын багы бар!..

Бүгүн  да
Тоолорго!..
Тоолорго!..
дейт кыргыз жүрөгү - Оң, Солдо,
түбөлүк, урпактан  урпакка
Торолуп  тоолордо,
Тоолордо!..

*    *    *

Ак сарай, Эгей деңиз боюндагы,
Маңкайып эч бир кирсиз, бекем, жаңы.
Ушунча толкунданып, эстен танып,
Урматтап сүйүп турат деңиз аны.
Түбөлүк  махабаты  – жалгыз  ага,
Баш урат, ыйыктыкка табынабы?!..
Жээкти кечип турган татына, зор,
Жумуру, сыйда, аппак мамылары...
Оройт да, күрсүнөт оор, онтойт, сүйөт,
Сезилип, купуя сыр – миң жылдаркы, – 
Сестүү бир,  күүлдөгөн  дабышынан,
Алтымыш аалам күчү  жаңырабы?!..

АВТОПОРТРЕТ – 1

Үңкүйүп
үңкүрдөймүн,
үстүмө  жан  кире  алгыс...
Үзүгү
укмуш  жолдун  мында  апкелген!..
Үйөрлүү  күндөрүмдүн  үлп  деп  жангыз,
Үртүгү
сыйрыла  элек
бууданы  мен... –
Үркөрдөй  турган  ирдүү...

Үзөңгүлөш
үзүрлүү  күндөр  менен,
үйрүлөт  шамал жанда
дайым  тирүү...
Үкөгүн
калдуу  жалдан
кайып  арта,
Үндөбөс  зергер  менде  жашап  жүрү... 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз