Конкурска: Үй (№117)

(ЖОМОК – ФЭНТЕЗИ)

– I –

Оо, бир кезеңде бул Үй, даңазалуу улуу тоолордун койнунда, шаркырап аккан тоо суусунун боюнда, жап-жашыл токой четинде, дүйүм гүлдөр жайнап жайкалган шибер бетинде абдан сөөлөттүү тигилип турар эле. Ак элечек зайып ага дайым кам көрүп, бапестеп карап, саймалап түр салып, өтө аздектечү. Ичинен күлкү-шаң кетпей, балдар каткырып ойноп, чоңдор күү чертип, дастан айтып, чогулган эл “Манас” угуп сонун күндөр өткөн.

Эми ошол Үй, ал күндөрдү жоктоп, жетимсирей, жалгыз... Эскилиги жетип абдан карыды... Ал күндөр эми түштөй. Сөөктөрү каржайып, чаң басып, бүк түшүп, азыркы дубал үйдүн бастырмасында жатат. Эч кайда батпай, эмки кожоюну да аны ар кай жакка алып ыргытат. Өткөндө ушул айылда бирөөлөрдүн сөөк койгонуна эптеп-септеп тигилип, көрксүз, көңүлсүз, кайгырып, кабыргасы сөгүлүп, жаны кейип туруп берди. Андан кийин да минтип, бир бурчка ыргытып коюшту.

Анын көңүлүн бир күнү короодо, кожоюндун кичикий баласы менен чүкө атышып ойной калган жаш жигит бурду... Негедир анда, ага тааныш мээрим, жылуу ырай бардай сезиле, аны өзүнө тарта берди. Аңгыча, ал ыргыткан чүкө жакын келип түшкөндө, оркоюп чыгып турган жыгач четине чалынып кеткен жигит да, кудай жалгап аны байкады. Багалегинин чаңын күбүгөн ал, ага имериле, кызыга көз салды. Тааныгандай, колдору менен сылап, чала жабылуу үстүн ачып карап, аны сүйкүм тиктеди...

– II –

Бир күнү ал экөө болуп келди. Келди да, кожоюндун макулдугу менен аны кайдадыр жүктөп алып жөнөштү. Жаңы турак алган жери жаман эмес экен. Каадалуу орнотулуп, көөнү агаргансыды. Көптөн бери, бу жарыкта бар экени да унутулуп, четте калган эски Үй эки жашка баш паанек болгону, көөнөргөн канаттары жайылып келбетине келе түштү. Мурдагыдай жүдөө тартпай сергий түшкөнсүдү. Жаш колукту аны улам жасалгалап, улам сулуулай, көркүнө чыгара берди. Жаш жубайлар экөө бири-бирин эле эмес, Үйдү кошо сүйүп бараткандай күндө бирдемени ойлоп табышат. 

– Мобу сайманы ушул жакка илсем жарашчудай, – деди келин, себине келген туш кийизин сандыгынан алып чыгып. – А, мобу чачылуу түймөнү күзгүнүн үстүнө илем. Карасаң, жараштыбы? – жаш келин наздана жигиттин мойнуна колун артып аны бери бурат.

– Сонун экен!.. А, мунуңду каякка коёсуң?.. Саймалуу жаздыкчалардычы!..

– Бул жакка!.. Же мындай койсомбу? Кайсынысы жакшы жарашты?..

– Эки жагынан тең жакшы көрүнөт экен, дагы кичине жылдырып көрчү? Эми мыкты дизайн болду!.. Төр көркүнө чыкты, азамат!..

– Сенин буюмдарың бул жакта турсун – эр жагына! Бул жагы эпчи!..

Ошентип эки жаштын сүйүүсүнөн Үй да жашаргансыды. Убактылуу турабыз деп коюлган Үй күндөн-күнгө көркүнө чыгып, эки жаштын жүрөгүн кантип ээлеп баратканын билбей калышты.

– Ушул Үйдө эле жашай берсек окшойт?!.. Баары бир чоң кирпич үй салганга күчүбүз жетпейт. Бул деле оригиналдуу го?!.. – деди жаш келин бир күнү.

– Кышында үшүбөйбүзбү? Кел анда полдойлу?..

Күндөн-күнгө улам жасалгаланып, татынакай ак өргөөгө айланган Үй, эми канат байлап – булуттуу көк астында, төшү түктүү жер үстүндө кайдадыр учуп бара жаткан куш сымал сезди өзүн!.. Балким бул – махабатка мас болгон эки жаштын түндүктөн көчкөн булуттарды карап жаткандагы жыргалдуу сезимидир?!.. Үй да алардын бактысына магдырады, бирок бул ага жетишсиз эле...

Эми ал өзүндөгү сырдуу ички руху менен арбап, жаңы, мээримдүү жаш кожоюндарга мындан да бекем жагууну көздөдү. Алардын таттуу кыял, купуя сырларына ортоктош болуп, өзүнүн бар кереметин көрсөткүсү келди. Махабаттуу таттуу күндөрдүн ырахатындагы эки жаш анда эң бактылуу учурун өткөрүп атканы да ага шык берди. Андыктан, Үйгө чындап көрүнбөгөн канат бүткөнсүдү!..

– III –

Үйдүн жылуу койнун уялаган эки жаш да кандайдыр туюк сырды сезип, андан жаңы күч-кубат, дем алгандай, кыялдары көкөлөп, аруу ойлорго арбалышып, кээ күндөрү көпкө уктай алышпады...  

Ошондой күндөрдүн биринде жигиттин түшүнө Үй кирди: Үй булуттуу көктүн астында, төшү түктүү жер үстүндө кайдадыр учуп бара жаткандай туюлду... Ал аны дагы эркин учсун деп, анын канаттарынын талчаларын бири-бирине жабыштырбай, араларын ачып, жылдыра берди... Жылдырганда ал жерден аппак нур шоолаланып төгүлүп, жаркыраган күтүүсүз бир эшик пайда болду. Жигит таң кала, нур төгүлгөн бул эшиктин артында эмне бар болду экен деп ачып жиберди.

Ал эшикти ачканда жап-жашыл кооз өрөөн көз алдына тартылды.

– Ох-хо-оо?!.. Бул кайсы жак? Мурда эмнеге көрбөгөм?!..

Жигит таң калып, оозу ачыла суктанып карап туруп калды. Аңгыча, келишкен ак боз атына үкү тагып, үртүк жапкан, күмүш жабдык-жасалгалары жаркыраган, ак жибек көйнөк кийген татынакай кыз ага жылмая карап өтүп баратты. Жигит да аны көрүп кошо жылмайды. “Өңү тааныш, ким болду экен?” – деп ойлоп, атын сурады:

– Бийкеч, Сиз кимсиз?..

Кыз наздана унчукпай күлүп койду. Жигит ого бетер от ала, артынан ээрчий басты.

– Кайда барасыз? Ушул жакта жашайсызбы?..

Кыз жылмая көзүн сүзүп, өрүлгөн кооз камчысын эки бүктөгөн бойдон кайдадыр нускады. Жигит ал жакты карай калып, дөңдөн ылдый жайыкта чоң айыл барын көрдү.

– Аа, бу кайсы айыл? – деп сураганы кайрыла берип, эки жагын карап кызды таппай калды...

Анан, ал дөңдөн ылдый көк шибер менен сыймаланып, кээ бир жерлерден кыйгачтап басып түштү. Айыл четиндеги апакай өргөөгө кирди.

– Арыбаңыздар, мал-жан аманбы, күүлүү-күчтүү, эсенсиздерби?.. Конушуңар жайлуу болсун! – деп учурашты ал, өзү үчүн да күтүүсүз. Мурда ал эч ким менен эч качан минтип учурашкан эмес. “Кайдан уккам? Кимден үйрөнгөм?” – деген ой кылт этти. Таң калганы – мурда айтып жүргөндөй, көнүмүштөй, маанилүү, такалбай айтканы болду.

– Кел, кел, жолоочум, төргө өт!.. – Карыя адам учурашкан соң жанынан орун көрсөтө нускады. Жигит төргө, карыянын жанына өтүп, бир келин чоң жыгач аяк кымызды алдына койду.

– Биздин Үйгө оп-окшош экен, жаңы кезинде ал да ушундай жакшынакай болсо керек?.. Абдан кооз, көрктүүсүнөн да, негедир өтө жагымдуу, тааныштай... мурда көргөн жок белем?.. – деп ой жоруду жигит, отурган соң үй ичине көз таштап...

Адамдарга назар салса; баары укмуштуудай келбеттүү, келишимдүү, нурдуу жандар экен... Өздөрүнчө нускаалуу кептерди, кызыктуу, нарктуу сөздөрдү сүйлөшүп отурушат:

– Жаңы доор аттап кирди. Жандуунун баарына жаңы сыноо келди!.. Кандай алакеттен кантип өтөрү Жараткандын буйругу менен адамдардын өз колунда...  

– ...Ааламдын алп бүркүтү, жаңылануу үчүн жанын аябай өзү менен өзү күрөшөт...

– Ооба!.. Эскирип, керектен чыккан өз тумшугун өзү аска-зоого жан аябай тынбай ургулап, көп күндөрдөн соң азап тартып талкалап түшүрөт.  

– Ие, андан соң эки-үч жума күм-жам болгондой дымын чыгарбай жатат. Болоттой курч жаңы тумшук өсүп чыкканда гана жарыкка чыгат, жарыктык. 

– Анан, жаңылануу кайра эки эселенип уланат. Кырк жылы кызмат кылган эски айбарлуу, алп тырмактарын, ошол эле аскага болгон күчү менен көзүнөн от чагыла эси оогончо ургулап, бир-бирден жулуп чыгат.  

– Ие, азыр дүйнө да дал ошондой абалда... Курмандык көп болот... Пендеге – кайрат, напсиге – ынсап...  

– Акыл-эс, туюмунун ачкычын туура пайдалангандар гана утат...

– Табигаттын буйругуна сөз жетеби?!.. Жаңырган теңдешсиз болот тумшук менен текөөрлөр мурдагыдан курч, албарстай бекем болот!..

– Ооба, мына ошондо баарын көрүп ал!.. Дагы кырк-элүү, же жүз жылдап эбегейсиз доорон сүрөт!.. 

Буларды укканча жигит өзүнчө ой жоруй берди: “...Оо, булар сөөгү таза мырза адамдар экен го?!.. Өздөрүн кармап-тутканында, отуруп-турган кыймылдарында терең бир ийкемдүү көрк, ички бир терең, сырдуу насили камтылган; карап эле тургуң келет... Не деген керемет жандар?!.. Жылдыздуу, нарктуу, ажарлуу сөөлөтү таң калтырган карыялар, жигиттер экен... Мурда эч мындай адамдарды көрбөгөн элем...

... Төрдөгү элечекчен байбиче да, кол менен сүрөткө тартып койгон перидей сымбаттуу, сөөгү таза, аруу жан экен. Аны улай, кашыктай койкойгон сулуу кыз-келиндер шыңкылдап күлүп, өздөрүнчө ырдаса үндөрү шыңгырап, укмуш жагымдуу, тунук!..

“Ах, ыр болбосоң коё кал?!.. Эстеп калсам экен, ырдап жүргөнгө!..”

Жигит эми отургандардын дасторконуна назар салды, желип аткан тамак дасторкондо эч азайбай, кемибей бир калыпта турганы кызык көрүндү. Колун сунуп, башкалар алгандай дасторкондон өзү эчтеке ала албады, колдору аба жиреп, идиш колго урунбай, тамактар кармалбады. Коноктун бар-жогун да келгенден бери үзүл-кезил баары унуткарып салгандай, өздөрүнчө мамыр-жумур.

Ушунун баары ичин кызытып, эчтекеге түшүнбөгөн жигит, жанындагы бирөө алайын деп аткан нерсени аны менен кошо кармап көргүсү келди. Жакын отурган жап-жаш, сулуу келиндин колун кармап шоктоно кетти. Келин чок кармагандай чочуп, колун тартып алды:

– Аа-аай!.. Ким бар?!.. Бул эмне?!..

– Апэ-ээй!.. Арабызда адашкан бирөө бар окшойт... – дей салды созолонгон байбиче. Карыя менен жашамал дагы бирлери ага шак бурулуп:

– Сен кайдан келдиң? Барагой, сен бул жерде чоочун экенсиң балам!.. Адашып эрте келипсиң!.. Барагой!..

– Сенин убагың али келе элек экен. Жетилгенде келесиң.  

– Биз сени ошондо жакшылап тосуп алабыз, сен биздин урпагыбызсың... – дешти. Аны ордунан тургузуп, ак өргөөдөн коштоп чыгара, жанында аккан күмүштөй суудан аркы жээкке өткөрүп коюшту. “Бул эшикти азырынча унут”, – дешти...

... Жигит көзүн ачып-жумуп ирмегиледи. Өз үйүнүн эле бир капшытында уктап, ойгонгонун көрдү. Башын көтөрүп, эки жагын карап ордунан турду, кереге тушун сыйпалап, анын бир аз-бир аз кенелип, жайылып турганын байкады.

– IV –

Жигитке эми жаңы кубат, дем кире, Үйдүн буга чейин катыңкы тартып, бири-бирине жабышып калгандай болгон сырдуу кереге – канаттарын майлап, чын эле дагы бир аз кеңитип ачкысы, кенелткиси келди... Үйдү дагы эркинирээк “учсун” деп ойлоду!.. Төр жаккы тушка келди. Капысынан, чындап эле түшүндөгүдөй сырдуу нур-шоола төгүлүп, эшик пайда болгонсуп, эшик артында бир сырдуу бөлмө – уяча бардай сезилди...

Ал, колуктусун да көрсүн деп чакырса, ал сууга кеткенби, жок экен. Эшикке колу тийип-тиелекте ачылып кетип, ал жакта чоң жаргылчакты колу менен тегеретип тартып отурган олбурлуу, сулууча ак байбичени көрдү. Байбиченин тегереги кырманда отургансып толтура үйүлгөн дан, тегерек чети жаркыраган нурга толуп башка эчтеке көрүнбөдү. Жигит ызаат кыла колун бооруна ала башын ийкеп учурашып, “Сиз кимсиз?” – дегендей, таңыркаган суроолуу көздөрүн алайта жалжылдады.

Байбиче жылмайыңкы нурдуу жүзүн ага буруп кунт коё карагандай: “Мен – Берекенин Пиримин!” – деди ага үнсүз, бирок так, даана угузгандай жооп берип, ишин уланта берди. Жигит оңтойсуздана, ыраазылык билдиргендей, кубанычтуу алайган көздөрүн ирмегилей артына жылып, чыгып кетти. Кереге-эшик жабылып, үй ичинде эчтеке болбогондой туруп калды. Калганы мурдагыдай эле эч өзгөрүүсүз эле. Керегенин ичинен эмелеки эшик да билинген жок. “Береке байбиче” отурган  эшик – да купуя сыр болуп ичинде калды. Ким ишенет буга?!.. Мейли, бир чети жакшы – жаным тынч болот, деп ойлоду ал, ичинен кудуңдап...

– V –

Бир аз күн өтпөй, ал каптал жаккы керегеге көзү түшө баштады. Бул жерди да бир аз керип-чоюп көрсөмбү деп ойлоду ал. Андан, үй ичи дагы кенеле түшчүдөй сезилди ага. Келинчегин карады, сыртка кетиптир! Керегенин экинчи канатын кармалап, тарткылап көрдү. Керегенин байланган боолору капыс чечиле, ортосу ачылып кетти да, арыда дагы бир бөлмө бардай жагымдуу жылуулук урду.

Көзүнө алгач урунганы эле бет алдында турган чоң мамы эле. Анын көк мелжиген башы кайдадыр түпсүз көктө, учу көрүнбөйт. Тээ, бийигирээкте жаркырап илинип турган нерсе да ошончо аралыкка карабай көзүнө дап-даана көрүнүп, мурдатан эле тааныш сыяктанды. Чоң энесинин эски сандыгында да ушундай бир нерсе жүрчү. “Балким ошодур?” – деген ой кетти. “Бирок анын жоголуп кеткени качан?!” Чоң энеси аны кайсы бир кыйын кезеңде үймө-үй кыдырып “текшерип” келгендер алып кеткенин көп айтчу. “Анда бул кайдан келди? “Кут жамбы го?!” Ооба, дал өзү! “Кут жамбы” деп атачу аны!.. Ата-бабасынан келаткан Кут жамбы!.. Кайдан кайтып келди?!.. Мамынын боорунда баштыгы менен октору келишкен жаа саадагы да илинүү экен. Канетсе? Оо, оордугу зылдын ташындай, атмак түгүл ордунан кыймылдата албайт киши!.. Алптар болсо керек мындай жаа-саадактын ээлери!.. Мейли, кайтарып тура берсин Кут жамбыны!..” Ушинтип ойлоор замат ал кайрадан керегенин ичинде болуп калды. Үй ичи мурдагыдай тып-тынч.

Сырттан чакаларын жерге коюп ичкериге көтөрүп кирип келаткан келинчеги баш бакты.

– Самоорго от жакчы, ичине суу куюп койдум, – деди ал, – ысык чай ичели...

Келинчеги ичине чөп-чар  салып бышырган калама жасаптыр отко.

– Эксперимент!.. Кандай экен? Жактыбы?

– Со-оонун!.. Мындайды өмүрү жеген эмесмин!.. Жасалышы кандай?

– Айтпайм!.. Эми бат-бат жеп турасың!.. – күлүңдөдү жаш келин, ырахаттана. 

– Ким үйрөткөн сага мындайды? Бу кайсы чөптөр?.. Үйдө жүсай, ашкөк да жок эле?!..

– Мобу эле талаадагы чөптөр!.. Шоро, чырмоок, каакымдын жалбырагы, бака жалбырак, согон, чалкан...

– Койчу?!.. Жесе болобу?.. Ууланбайбызбы?.. Мөөрөп-маарап кетпейбизби?..

– Ха-ха-хаа-аа!.. Мен ушуларды жеп чоңойгом!.. Жазында көп жасачубуз!.. Витамин!.. Экологиялык – эң таза тамак!.. Бир аз сары май коштум.

– Мм-ыммм!.. Жакшы экен!.. Жакты!.. Аты барбы?..

– Көчмөндөрдүн “пицасы”, “калама самсы” десе да болот!..

– Оу-уу, мындай атты ким койгон?!.. Даамдуу, жыттуу да экен!..

– Мен да!.. Эртең ушунун эле оромосун жасап берем! Каймак менен сонун болот!..  

– Ой-бууй!.. Таза “оттоп” кетпейли?!.. Рекламаң да күчтүү экен?!.. Чын эле көчмөндөр жегенби?.. Укмуш!.. Эми, муну киши укпасын?! Экөөбүз эле билели...

– Эмнеге?..

– Эл укса ушактайт... Экөө ачка калыптыр дешет!.. Уй, койлор жеген чөптү жеп...

– Ха-ха-ха-ааа!.. Койчу?!..

– Чын... чын айтам... ха-ха-хаа-аа!.. Тамаша эмес, бул – чындык!..

– Койчу-эй!.. Таппаганың жок да!.. Биз жакта баары жешет!..

– Алар сенин төркүнүң да, аларды айтпа!.. Кийин таарынасың анан?!..

– Мейли, эмне дешсе ошо дешсин!.. Өздөрүнө жаман...

– Эмнеге жаман?..

– Ушундай сонун, пайдалуу тамактан кур калышат!.. Ха-ха-ха-ааа!..   

– Жасап көрүштөрү да мүмкүн... кээ бирлери... балким...   

– Ии-иии!.. Ошондой  десең!.. Ха-ха-ха-ааа!..

– VI –

Бул арада жигит, айыл четиндеги сай жээгинде өскөн кызыл талдардын билектей жоон бутактарынан апкелип, ийип, жонуп, сүргүлөп, кургата берди. Мерчемине жеткенде, алгач Үйдүн бир жагына, анан экинчи жагына кичинекей тегерек уяча-бөлмөлөрдү жасады. Ал уяча бөлмөлөр Үйдүн бөтөн көзгө көрүнбөгөн канаттарынын астына камтылды. Андыктан өтө татынакай, ыңгайлуу жана кооз көрүндү. Күндөй теп-тегерек болгон Үй, эгиз балалуу болгон аялдай эки кичинекей тегеректүү болду. Кубанычы койнуна сыйбаган келин, эпчи тарабындагысына түрдүү, жыты аңкыган сонун тамактарды жасап, үйдүн ичи берекеге толду. Эр жагындагысына жуунуп-таранышып, жашоо-шарттары шаардыктардыкындай келише түштү.   

Көп өтпөй, жаш келин жүктүү болуп, кийинки жылы көз жарды. Ымыркай бөбөктөр да эгиз – бир кыз, бир уул экен. Үйдүн босогосун аттаганы алардын ыңаалаганы кезекме-кезек жаңыра баштады. Күн өткөн сайын үндөрү бийиктеп, өздөрүнчө эле ырчылардай түрдүүлөп обон созушат десең. Үй да аларды сүйүп тыңшагандан тажабайт...

Наристелер бат эле торолуп, телчиге баштады. Үй да алар үчүн дагы эки тоголок "наристелүү" болгусу келип, талпынып турду. Жигиттин аракети менен сырдуу канаттарынын астындагы сырдуу эшиктер бат эле, дагы жаңы эки уячаны пайда кылды. Алардын бирин уулу ээлеп, бирине кызы кирди да: “Кандай сонун!.. Бул жагы меники!” – деди.

Ал эми алардын атасы менен Үй ошо менен тынып калган жок. Алардын кыялында дагы эки уяча жаралуу алдында турду. Акырындан ал да ишке ашты. Алардын бирине Үй ээлери Кут бөлмө деп орношуп, бирин конок-карага сый бөлмө аташты. Ошентип, он эки касиеттүү Умайдай – он эки канаттуу Үй, кире бериши менен кереметтүү жети уячалуу болду.

Бул акжолтой Үйдө чоңойгон эки наристе бакчага барып китеп-караны тааный баштаганы, бош убактарында бул жети уяча-бөлмөгө – жети аймактын атын коюп жашынмак ойноону адат кылышты. Анткени атасы жер картасын орто жерге илип коюп, аларга шаарларды, аймактарды үйрөтө баштаган эле. Азырынча ушул жети аймакты бир аз билишкендиктен, ошол аттар менен бирин-бири издешет.

– Сен каяктасың? – дейт жигитче, карындашына.

– Айтпайм. Мени тапчы?.. – дейт үнүн бийик чыгарып чыйылдак сары кыз.

– Кана... кана... Сен Көлдөсүң, көрдүм... таптым, тигине...

– Жок, тапкан жоксуң... Мен Нарындамын...

– Ал жак Нарын эмес, Ош да?... Сен туура эмес айттың!..

– Ики-ии!.. Өзүң туура эмес!.. Бул жер Талас!..

– Ооба сага!.. Ал Баткен!.. Бул жак Чүй!..

– Ал – Жалал-Абад, сен калп айтпа!..

– Ики-ии!.. Өзүң калпычы, ата меники туура ээ?..

Карындашы дароо атасына ыйламсырап барат. Уулу апасына кайрылат... Алардын чаташынан чыккан чыр кечки таттуу тамак менен аралашып, араздашуудан алаксытып жиберет. Бирок күн өткөн сайын алар да чоңоюп, жаңылбай таап калышты. Эми алар жөн гана ар бир аймакты түз атынан айтышып, кайсы бир керектүү нерселерин издесе же сураса дароо эле: “Оштон кара”, “Жалал-Абаддан изде”, “Нарында болуш керек”, “Таластагы текчеде”, “Көлдүн төрүндө”, “Чүйдөн көргөндөй болгом”, “Баткенде турган...” дешип кеп куруп калышты. Эң кызыгы – Үйдүн ортосу Бишкек. Ал жерге баары кечкисин чогулуп аңгемелешет, телевизор көрүшөт, шахмат, шашки ойношот, сүрөттөрдү тартышып, кээ бир маселелерди чечишет... – өзүнчө бир ордо.

Ошентип, Үй өз максатына жетип, сырдуу касиеттери менен кадыр-баркка ээ болуп, сүймөнчүктүү жайга айланды. Эл ичинде Балалаган Өргөө аталып, бул үй-бүлөгө Умай энедей ыйык, камкор, берекелүү боло, өтө кызык жашоо, маңыздуу өмүр, баа жеткис бак-дөөлөт тартуулады.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз