Конкурска: Адашкан бакыт (№118)

АҢГЕМЕ

Албууттанып жер тытсаң дагы, күнөөлүүлөрдү четинен тапсаң дагы ошол эле. Болору болду. Сенин аракетиңе, пикириңе карабай тагдыр өз ордуңду билдирип койду. Сен болгону бир аялсың, бактың эркекке байланган назик жансың.

Сүйбөйт мени дейсиңби? Өзүңчү? Сүйөсүңбү? Эгер сүйсөң чыныңды, айтчы кимди көбүрөк: аныбы же өзүңдүбү? 25 жылдын жүзү өттү. Сүйүүдөн кыпындай бир нерсе калды дейсиңби? Жок. Сүйүүңдү багыш үчүн эмне кылдың? Чындап келсе өзүңдүн напсиңди сүйүп келбедиңби. Мен кыйынмын, мен кылдым, мен айттым… а ким сенден кыйын болууңду талап кылды? Балким чөйрөдүр. Анда ошол чөйрөдөн сыйлыгыңды сурап ал. Билесиңби, сыйлыкка эмне ала аласың – көрө албастыкты, басмырлоону.

Өзүңө болгон ашыктыгың өсүп, сенсиз анын күнү өтпөй калчудай ишенимге келип такалдың. Желиң толуп акыры жарылдың. Көзүң ачылды. Тагдырыңа баш ийип өз оордуңду таптың. Ыйла, сызда - эч нерсе өзгөрүлбөйт. Сенин бактың ошол аруулукта. Билгин дагы, мойун сун. Сен назиксиң, сен аруусуң, сенин милдетиң балким адамзаттын тукумун улоодур. Албетте, балдарыңдын алдында сен кайталангыс бир жароокер жансың, а бирок эркектин алдында эместир…  

«Кечир мени Аллахым. Уктум, бирок кулак салбадым. Билдим, бирок туйбадым. Көрдүм, бирок көз жумдум. Напсиме алдандым. Сүйүүмдү сага эмес, башкага арнадым. Эх, чиркин ошол түн… бүткүл жан-дүйнөмдү, аң сезимимди, болгон ааламымды аңтарып салган ошол түн…» деп Нурайым ойго түшүп өткөндү эсине алды.

Биринчи күн

Акыркы бир айдан бери эле Алтынбек кайсалактап бир башкача сезимтал болуп жүргөнүндө бир мандем болгон экен. Минтип жашырынып жүргөнгө намысы чыдатпай калдыбы же ичиндеги сезимдер бышып, жетилип бүттүбү, айтор ошол кечте Нурайымга баарын айтып берүүнү туура көрдү. Нурайым жарыкты өчүрүп жанына келгенде:

- Мен сага бир нерсе айтайын дедим эле? - деди.

- Ооба. Айта бер. Эмне болду? - деди Нурайым кызыга.

- Сен мага капа болбойсуңбу? Чыныңды айтчы? - деп алгач аялынын убадасын алды Алтынбек.

Он уктаса оюна келбеген нерсени угарын билгенде, балким ошондо укпаганга аракет кылмак беле?

- Жок, айта бер, - деди Нурайымдын ого бетер аялдык кызыгуусу артылып.

- Менин ойношум бар, мен аны сүйөм, - деди Алтынбек толкундана.

Күтүлбөгөн бул кабар жерди астын үстүн кылып жиберди. Сөз адамды өлтүрсө балким Нурайым ошондо өлүп калмак беле. Айтор, жер ачылып жутпаган соң, асман жарылып өрттөбөгөн соң, Нурайым намыстанып, бир нерсе сүйлөгөнгө аргасыз болду.

- А меничи? Мени сүйбөйсүңбү? - деп какшыктады күлүмүш болуп.

- Мурда сүйгөнмүн, азыр билбейм, - чынын айтты Алтынбек.

Ортодо бир оокумга түшүнүксүз жымжырттык...

- Мейли сүйбөсөң, сүйбө, бирок тукумуңду улап, ажал менен алышып, сага төрөп берген балдарыңдын урматына жок дегенде калп айтып, көңүлүмдү алып койсоң болбойт беле? - кекиртекке кептелген ыйды басып, таш боорлук менен жооп бергенге аракет кылды. Бир заматта ташталган, эч кимге керек эмес, намысы тебеленген бир байкуш жандай сезди өзүн. Жок, калп айтам жалгыз эмес. Балким бөлмөнүн караңгылыгы Нурайымдын намысын коргоп, жүзүндөгү алсыздыкты, көзүндөгү жылтыраган кайгыны жашырып жаткандыр, жанында жаткан саткын – көп жылдар жанында жүрүп, көңүлүнө кирип, далыга бычак сайган душман сыңар.

- Көкөлөтүп көккө чыгарып, анан кайра ташбоорлук менен жерге ыргытканың эмнең? Ушунчалык да мерез болосуңбу?

- Мен сага чындыкты айтайын дегенмин, - деп милдет кылып, корсулдады эркек.

Ашыкча чынчылдык акмакчылык менен чектешет деген макал Нурайымдын оюна коңгуроо болуп жаңырды. Бирок үн катып эч нерсе айта алган жок. Анткени бул акмакчылыктын себепкери өзү эле. «Бир нерсе болсо чыныңды айт, башкалардан уккуча, өзүңдүн оозуңдан угайын», - деген арсыз кептери эсине түшө калды. Аттиң ай, чындыкты угуу ушунчалык оор болорун билгенде, балким көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан болуп алданып, жашап жүрүүнү кааламак беле?

- Айтып берчи мага ал ким? - деди Нурайым.

- Экөөбүз чогу иштейбиз. Ал сенден он жашка кичүү. Айрым мүнөздөрү сага окшошуп кетет. Билесиңби, ал аябай акылдуу… - жадагалса айтып берип жатып наздана сүрөттөгөнү, Нурайымдын сай-сөөгүн сыздатканын түшүнсөчү эркек. Жүрөгү быт-чыт, согуш талаасындай канжалап, түтөп жатты. Бир кезде Нурайымдын ичи бурап, чыдагыс болуп ооруп кетти. Артыкча эч нерсе жебеди эле, бул эмнеси? Күтүлбөгөн суук кабар, ичине түшүп кеткендей. Алтынбектин сөзүн бөлүп сыртка чыгып кетти. Кайра келгенде Алтынбек уктап калыптыр. Нурайым көпкө дейре көзү чекчейе шыпты тиктеп, ойлонуп жатты. Чогу өткөн жашоосунун баары көз алдынан кайра-кайра кайталанып өтө берди.

«Сүйгөнүң сага сүйрөлүп жетсин» деп студент кездеги курбу кыздарынын тостторун эсине түшүрдү. Анын сыңарындай суйкайган сулуу, өңү да, бою да келишкен Нурайымдын артынан далайлар сүйрөлүп ээрчиди эле. Алардын катарында Алтынбек аркасынан калбай жүрөгүн ээледи. Айтканынын баарына макул болуп… бирок үйүнө алып барып аялдыкка алгандан тарта ролдор алмашты. Корсулдап, өзгөчө ата-эне, бир туугандарынын астында буйрук берип, үстөмөндүк кылып калды. Кой мейличи деп көңүлүнө катуу тийгенине карабастан Нурайым тагдырына баш ийди. «Сүйүү да ушундай болмок беле? Бул мени башынан эле сүйбөсө керек. Эмесе бир трофей катары мага жетип анан кызыгуусу тараганда көңүлүмдү тебелеп, таштап коймок беле? Муну билгенде канча жылдан бери алданып жүрө бербей, балким башкача жашамак белем». Анан үстөкө босток ушул ойду далилдеген окуялар эсине түшө берди, түшө берди…

Энеси баш болуп, «келгин» туугандары төш болуп тырмалап ар нерсени айтып жемелегенде бир ооз катып Нурайымга болушпаганычы. Ошол беле сүйүү? Жок, сүйүүнүн илеби да сезилбейт. Эркек деген аялын коргойт дечү беле? Кана коргогону? Өзүнүн бир каталары үчүн дагы, Алтынбектин тескери сөздөрү, кыялдары үчүн да тил угуп, акыры чыдабай талашып жүрүп бетпак атка конду.

Төрөткана. Экөөнүн тең эсинде каларлык, өздөрүнө гана тийешелүү тарыхый бир маанилүү күн. Анда Нурайымдын экинчи төрөтү. Беш-алты саатка уланган кармашуу. Жашоону жаратып, ажал менен күрөшкөн бир жагымсыз саамдар. Көзүн карангылатып, жүрөгүн дирилдетип, бүткөн боюн калчылдатып акыры бала жарыкка келди. «Оф, мына эми эң оору бүттү» дегиче болбой каны катып, алы кетип суусап баштады. Ошол кезде сүттөлгөн ысык чайды бирөө суна калса болгон байлыгын бергенге даяр эле. Бирок кайдагы суттөлгөн чай. Эптеп кыбырап кранга жетип барып, муздак сууну крушкага куюп алып, калтыраган колдору менен токтобостон тартып жиберди. Анан кайра ичти бурап, толгоодон эч айырмасы жок соңку толгоо башталды. Ошол кезде баланы кармамак тургай, өз жан айласын таппай тырышып, эки бүктөлүп жатып калар эле. «Ысык тамак ичип бошогон муундарыма күч берип алсам, бүткөн боюмду ээлеп турган дирилдек да кетээр эле» - деген ой менен саатты карап, Алтынбекти күтүп баштайт. Башка убактан бөтөнчө мына азыр Алтынбектин жардамына, тирегине муктаж болуп турган кезде ал кайда? А көрсө ал достору менен арак ичип, майрамдап жүрүптүр. Ушулбу чыныгы сүйүүсү? Жок, сүйүү эмес. Балким бул кенебестиктир, балким бул түшүнбөстүктүр, балким бул жаштыктын катасыдыр, бирок эч кандай сүйүү эмес! Чындап келсе, сен өлсөң сага окшогон башкасы бар деген ой менен шайкеш келген бир көрүнүш.

Бир жолу суук тийип ооруп төшөккө жатып калды, Алтынбек маңдайында кино көрүп жаткан эле. «Мага тиги бөлмөдөн дары алып берип койчу» десе. «Азыр» деген бойдон кинону көрүп бүтүп, уктап калды. Ушулбу сүйүүбү? Жок, сүйүү эмес.

Шеринелерде өңдүү кыз-келиндерди көргөндө кылтыңдап турганычы, Нурайымдын көз алдында. Күнүгө көрүп жүргөн баягы орой мүнөз Алтынбек жок. Кубулуп тап-такыр башкача, түшүнүктүү болуп кеткен. Айланчыктап тегеригинен чыкпай ал келинди айттырбай чыны, кашыгын алып бере калып, турса үстөлүн жылдыра калып.

Көрсө билбей калдым, көрбөй калдым деген кептер суу кечпеген бир шылтоолор турбайбы. Көрсө ал баарын балакеттей билип, туйуп жүрчү турбайбы. Каалаганына билгич болуп, каалабаганына түшүнбөгөн бир дөдөй болуп. Ошол беле сүйүүсү? Жок, албетте.

Бир жагынан балдардын түйшүгү, бир жагынан жумуш деп Нурайымдын чарчап жүргөнү жүргөн. Ошондо жок дегенде бир ирет «чарчадың го, жатып эс алчы. Мен балдарды карап турайын» деди беле? Жок. Тескерисинче, өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылып «кана тамак, кана кийимим, эмне эле кылып жатасың кечке» деген сөздөрү. «Деги сүйүү бар беле экөөбүздүн ортобузда? Жок, болгон да эмес көрүнөт» - деген бүтүмгө такалды.

Эркек менен аялды бул жашоонун кыйынчылыктарын бирге жеңип, кандайдыр бир муктаждыктарын бири бири аркылуу кандырыш үчүн гана кошуп койсо керек. А сезим – бул бирде бар, бирде жок, а бирок жалыны тозок отундай айоосуз куйкалаган бир көрүнүш окшойт. Ага ишенип болбойт тура. Сезимдерге ишенсең алданганың, тозокто күйгөнүң ошол тура. Ажалың аркалап келгиче жаша. Кудайыңды тааны, адал тамак ич, же укта, балаңды тарбияла, ата-энеңди сыйла, күнөө кылба, бирок бир шарт менен – сезимдериңди чынжырлап, терең орго таштап сал! Көмүп сал! Ошондо гана намысыңды, жан дүйнөңдү кайгы-кападан коргой аласың... деген жаңылыш ойлордун ортосунда таланып Нурайым качан уктап кеткенин билбей калды.

Экинчи күн

Эртеси Алтынбек күнөөлүү, жалооруй Нурайымга бир көз чаптырды да жумушка чыгып кетти. «Кетти сүйгөнүнө» - деген ой ошол саамдан тарта Нурайымды ит талагандай тытып, жеп баштады. Кызганыч, жек көрүү, өзүн өзү басмырлоо, куру намыс, анан дагы жалгыздыктан, эл сөзүнөн коркуу - баары аралашып көөдөнүн уйгу-туйгу бороон-чапкын кылды. Бир ойду аркаласа, экинчиси тытмалайт, аны жөнгө салса, үчүнчүсү жемелейт… деги жаны жай ала турган эмес. Акыры туруп балдарына тамак берди.

Кичүүсүн мектепке даярдап, жеткирип баратты. Өзүн карманып, шайтан ойлор жүрөгүн жалмаласа дагы көзүнөн бир тамчы жаш алдырбады. «Эми эмне болот? Ал мени таштап кетеби? Балдардын, менин келечегибиз кандай болот? Сүйөм деп коёт. Балдар жаңы чоңойуп келе жатканда ушундай да кылабы? Булардын ичкен-жегени, окуусу бар дегендей. Аларды ойлобой, кайдагы сүйүүнү айтат. Кандай жашоо болот эми? Деги элдин бетин кантип карайм?». – Мындай ойлорду бөлүп кызы:

- Апа, эмнеге биз токтоп калдык? - деп сурады. Чын эле маршрутка жол тыгында токтоп турган экен. Башпагып алды жакты караса, МАИ кызматкерлери жолду тороп чоңдордун авто-унааларын өткөрүп жаткан эле.

- Тээтиги жолдон чоңдор өтүшөт кызым, алар өтүп жатканда МАИ кызматкерлери башка унааларды өткөрбөй турушат. - Ажар апасынын жообуна ичи чыкпады. Бир кезде:

- А эмнеге МАИлер чоңдорду өткөрөт да, тез жардам унааларын жол тозуп өткөрүшпөйт. Ал жакта ооруп, кыйналып жаткан адамдар бар эмеспи?

Мындай күтүүсүз суроо Нурайымдын бетине суу чачкандай болду.

- Билбейм, кызым. А-а-аны чоңойгондо өзүң түшүнүп аласың, - деп жылмайып кутулду.

«Чын эле чоңдор деп коёбуз. Ушу Алтынбекке окшоп кичине акчаны көп көрүп, көпкөн, ойнош күткөн, үй-бүлөсүнүн баркына жете албаган бир ыпылас жандар өтүп жаткандыр ал жолдон, болбосо мамлекетибизди эчак гүлдөтүп жибербейт беле» деп ойлогондо эркектердин баардыгы бир бузуку, карамүртөз жандардай туюлду. Өзүн болсо жанагы тез жардам ичиндеги жардамга муктаж адамдай элестетип, ого бетер мууну бошой түштү.

Таң аткандан күн батканча күйөөм, балдарым, үй-бүлөм деп жүрүп карып баратканын да байкабаптыр. Эми минтип жаңы ирденип келатканда Алтынбектин жашыраагына ооп баштаганы Нурайымдын «а менчи» деген сезимдерин ойготту. А көрсө бетине эчак бырыш түшүп, чачтарын ак басып баштаган экен. Кептеринде эркекти кызыктыра турган жалын жок. Болгон кызыгуусу бала, үй-жай, оокат – арзыбас бир түйшүктү мойнуна жүктөп алган. Кимге керек мындай аял? «Мындан ары тек өзүм үчүн гана жашаймын. Жетишет! Күйөөм барктабаса, балдарым деле кадырыма жетерин бир Кудайдын өзү билет» - деп ойлогондо чыйралып бою да түзөлө түшкөнсүдү. Чөнтөгүндө үйгө бир буюм алабыз деп Алтынбектен алган акча бар эле. Ошону өзүнө колдонуп алууну чечти.

Ажарды мектепке таштап, түз эле базарга жөнөдү. Шашпай, катарларды кыдырып, алса албаса да көйнөктөрдүн түрүн карап таң берди. Ушунчалык, болуп көрбөгөндөй өзүн бактылуу, жеңил сезди. Жок, түнкү окуяны унутуп калган жок, көйнөктөрдү да биринчи көргөн жери жок, базарды деле кыдырып жүрчү. Болгону, көптөн бери биринчи жолу ырахат алып, эч бир түйшүккө байланбай өзү үчүн акча коротуп жаткандыгы. Буюм алып жатып күйөөсүнүн, балдарынын астында өзүн күнөөлүү сезбегендиги үчүн. Кечкиге тамак жазашым керек, үйдү жыйнашым керек, кир жуушум керек деген шашма ойлорго байланбаганы үчүн. Акыры кылыктана кыдырып отуруп бир көйнөктү алды. Баасы кызыктырган жок. Кандай сонун сезим. Муну алсам башкасына жетпей калат деген ойлордон арылып, көңүлүнө жаккан буюмду сатып алган өзүнчө бир ырахат экенин туйду. Базардан чыккыча дагы бир нече майда-чүйдө өзүнө керектүү, бирок анчалык зарыл эмес оокаттардан сатып алды. Бул буюмдар аз болсо да анын көңүлүн жылытты.

Кечке жуук өз убактысынан кечикпей Алтынбек жумуштан кайтып келди. Ууру кишидей бирде тиктеп, бирде көзүн ала качат. Нурайым кыжыры кайнап, бирок жемелегенден намыстанып, өзүн карманды. «Мага баары бир, сенсиз деле күнүм өтөт» дегенчелик кылып мостоюп тамагын берди. Тамак ичип бүткөн соң Алтынбектин туруп баратканын көрүп эмнегедир жанынан кетиргиси келген жок. Сүйлөшкүсү келди. Ыйлап ичиндеги таарынычын айтып, жүрөгүн сыздаткан букту чыгарып алгысы келди. Эптеп карманып:

- Мага акча керек? – деди Нурайым.

- Сенде акча бар эмес беле? – Алтынбек таң калды.

- Мен бүгүн өзүмө көйнөк сатып алдым, – деп баса белгилеп Алтынбекти тиктеди. Бир нерсе десе ичиндеги толуп турган арыз муңун чачып жибергенге даяр эле.

- Я де… - Алтынбек да иштин чоо жайын түшүнө калды көрүнөт. – Макул, туура кылыпсың. Бирок азыр жанымда акча жок. Эртең бир нерсе ойлоп табам, – деди да чыгып кетти.

Ою ишке ашпады. Кайгысын ачык айтуудан коркту. Өзүн алсыз көрсөткүсү келген жок. Жыйырма жылдан ашык чогу жашап арыз-муңун бөлүшө албагандыгы өзүн да таң калтырды. «Балким менин күчтүүлүгүмдүн артында, Алтынбектин мага болгон камкорлугу жаткандыр» деген ой кылт этти да жок болду.

Кантсе да ичиндеги күйүттү бирөөгө айтпаса чыдай ала турган эмес. Бирок ким менен бул уятсыздыкты бөлүшөт. Апасына айтса, анын жүрөгүн оорутат. Буга чейин балдарынын түйшүгүн тартканы аз келгенсип, эми өзү картайып жардамга муктаж болуп турганда кантип энесинин тынчын алат. Бир туугандарына айтсачы? Жок, алар келип Алтынбекке ар нерсени айтып, аягы чырга айланышы мүмкүн. Кайненем… Жок, анын табасын кандырып, ого бетер өзүнө күнөө үйгүсү келбеди. Курбуларычы?.. Ооба, ушул туура окшойт. Бирок алар кандай кеңеш берет? «И баса, - эсине чогу иштешип жүргөн бир эжекеси келди, ал аябай акылман, билгич аял эле. - Бирок азыр кеч болуп калды, бүгүн эмес эртең» - деп Нурайым жакшы кеңеш угуп, бир нерсени өзгөрткөнгө үмүтү пайда болду.

Төшөккө жаткыча Нурайым дагы, Алтынбек дагы бушайман болуп жүрүштү. Экөө тең тагдырдын эки айрылыш жолуна такалганын сезишти. Мындан аркы жашоо тууралуу ой жүгүртүү экөөнүн тең тынчын алды. Нурайымдын алыстап жатканы, аны жоготуп алуу коркунучун жараткандай. Кенендейинен баш кошуп Нурайымга канчалык жакын болуп калганын Алтынбек эми сезди. Бир күн ичинде аялынын жүзүнөн нуру өчүп, өңү кер сары тартып калган эле. Аны көрүп чындап боору ооруду. Ката кетиргенин түшүндү. Бирок жүрөгүн ээлеп алган жалындуу жаңы сезим күчтүү эле. Жаны жанчылып эки аялдын ортосунда от болду. Нурайымды эркелетип, алдайын десе сөз табылар эмес. Табылса да ал сөздөрдө чындык боло турган эмес. Ал эми чындык Нурайымга дары болбосу анык. Андыктан унчукпай эле жатып алууну туура көрдү. Жыйырма жылдан бери бирге бөлгөн төшөк, эми бир башкача муздак, ыңгайсыз. Аркаларын салып, экөөбү эки четте. Тымтырс, уктамыш болуп, бирок ойго жаткандарын экөөбү тең туюп турду.

Үчүнчү күн

Таң атып ал кайра кетти сүйгөнүнө. Кайрадан Нурайым ичинен сызып кала берди. Бүгүн кечегиден башкача жүрөгү ооруксунуп ойгонду. Бутуна турса деми кысылып, кайра отура калды.

Түшкө чейин кыбырап үй оокаттары менен асылышты. Ажарды улуу баласына дайындап мектепке жөнөтүп жиберди. Баары кетип, үйдө жалгыз калганда акыры чыдабай ичиндеги күйүт жарылды көрүнөт, өңгүрөп-өксүп ыйлады. Ушунчалык тажаалданып ыйлаганына өзүнө өзү таң. Бир кезде эс алып, бети-колун жууду да баягы эжекесине телефон чалды.

Бир аз ал-акыбалын сурашып бүткөн соң Дамира эжеке:

- Ай кыз сага эмне болгон? Кайра-кайра үшкүрүнөсүң? – деп зээндүү аял кепти биринчи баштады.

- Жүрөгүм кысылып жатат, эже, - Нурайым ыйлап жиберди.

- Эмне болду, айтчы ботом. Деги тынччылыкпы? – деп Дамира кыйкырып жиберди.

Нурайым буркан-шаркан түшүп, болгонун болгондой айтып берди.

- О кокуй ошол элеби? Тапкан экенсиң ыйлаганга себепти. Бул окуя сенин бир тамчы көз жашыңа арзыбайт. Эмне мынча күйүткө алдырып алгансың? Эң башкысы башың аман, балдарың маңдайыңда. А тигиниңдин кызыгы тараганда кайра айланып өз колуңа түшөт, карап тур, айтты дейсиң, - деп Нурайымды сооротумуш болгону менен, анын ичиндеги күйүттүн канчалык оор экенин жан дили менен сезип турду.

- Мен ажырашам, - ачуусу менен кыйкырып жиберди Нурайым.

- Эмне дейт? Кой айтпа, андай болбогон кептериңди. Эси жок аялдардай болбой жөн отурчу. Ушунча жылдан бери тырмалаңдап үй-бүлө курам деген аракетиңди чачып салгың келеби. Аял үйдүн куту, аны бузууга акың жок. Аркаңда балдарың турат чырылдап. Аларды эмнеге ойлобойсуң? Силер али жашсыңар, ага аял табылат, сага да балким эр табылар, бирок балага өз эне, өз атадай ким камкор болот. Битке эрегишип, көйнөгүн өрттөйт болбо, Нурайка.

- Ал мени сүйбөйм деди. Мен аны менен кантип жашайм?

- Оо кокуй ой, дагы эле жаш секелек баладайсың го. Сүйүү деп коёт. Деги ал билет бекен сүйүү эмне экенин? Ойнош оттон ысык, боктон сасык деген эле кеп аныкы. Мындайлардын далайын көрдүм го, Нурай. Ашып кетсе эки жыл анан кайра эле мурдуна суу жетип айланып сага келет.

- Мен ал үчүн эмнени гана кылган жокмун, эже. Болгон жаштыгымды, өмүрүмдү ага арнадым, анын мага кылган жакшылыгы ушулбу?

- Ооба, алтыным, туура айтасың. Бул кылганы дурус эмес, ал эми бири бириңерге чындап арначу өмүр али алдыда, - Нурайга кошулганы менен кайра Алтынбекти жактап баштады. – Андан көрө эстечи, ал деле сени эч нерседен кем кылган жок ко, Нурай. Устуңдө үйүң, астыңда машинең бар. Балдарыңдын курсагы ток, кийими бүтүн. Мындай эркекти сен кайдан табасың. Айрым учурда адам адашат. Ага түшүнүү керек. Бакыт үчүн күрөшүү керек. Жөн эле «ме гой» деп татынакай күйөөңдү бирөөгө бере салгың келип турабы? Кой, эси жоктук кылба. Андан көрө сабыр кыл, балам. Албууттанып жатып ден соолугуңдан ажырап алба. Бул күндөр да унутта калат, дарт денеңден орун алса акыры түбүңө жетет. Ошондо анан бармагыңды тиштебе. Андан көрө эсиңе кел. Менин бир жакшы кардиолог таанышым бар, сага номурун берейин, барып текшерил да, эс алдыра турган дарыдан жаздырып ал. Алдагы дем алышың жакшы эмес.

- Мен аны жек көрүп калдым, эже, аны эч качан кечирбейм. Кой ушул кыйналбасын деп кошо иштеп, кайда болбосун жанында тирек болуп жүрдүм. Эмнеге ошону баалабайт? - Нурайым Дамиранын сөздөрүнө ызалана түштү.

Дамиранын да ачуусу келди:

- Кечирбегенде кайда бармак элең, ортодо балдарыңар турса. Өзүңдү эле ойлобой балдарыңды ойлобойсуңбу. Акыры сен энесиң го. Ким сени иште деп мажбурлады? Төрөдүм дейсиң, ким сени төрө деп мажбурлады? Чындап келсе кылганыңдын баары тек ал үчүн эмес, балким өзүң да үчүндүр. Кимге милдет кыласың эми? Жашоо - сыноо. Бирди төрөп, иштебей жатып алсаң деле Кудайдын ченелген ырыскысын алмаксың. Күйөөнүн да кадыры, көңүлү болот, балким сен оокат деп жүрүп анын көңүлүн унутуп койгондурсуң. Эми күнөөлөгөндөн пайда жок. Уруш эч качан бир тараптуу болбойт. Ыйыңды токтот дагы мен айткандай кыл. Алтынбек менен өзүм сүйлөшөм, - деп телефонду өчүрдү.

«Кайдан чалдым эле кайра тигиге болушат», - деп Нурайым сүйлөндү.

Дамирага канчалык ачуусу келбесин, анын сөздөрүндөгү акыйкаттын уюткусун кайтарып салуу мүмкүн эмес эле. Кандай болбосун доктурга барууну туура көрдү. Чындап эле жүрөгү бир башкача сыгылып турган.

Жолдо баратып жанагы сөздөр, дары денеге сиңген сымалы, Нурайымдын оюн ээлеп баштады. «Ал деле сени эч нерседен кем кылган жок ко, Нурай», ушул сөз өзгөчө мээсинде кайра-кайра кайталанып жаңырып турду. Чындыктан канчалык чычалап качпа, баары бир жашоодо ал өз ордун табат.

Нурайымдын эсине кызыктуу окуялар келе баштады. Анда биринчи баласы боюнда бар. Ошондо туздалган бадыраңга аябай талгак болгон. Кечинде Алтынбек жумуштан келгенде ага эңсеп жаткан тамагын айтса, кеч болгонуна карабастан тегеректеги дүкөндөрдүн баарын кыдырып эч жерден таппай койду. Ал кезде азыркыдай жер жайнаган супермаркеттер жок. Анан досун чакыртып анын машинасы менен бир жерден барып жарым килограмм бадыраңды таап келгенин ойлогондо мыйыгынан жылмайуу пайда болду. «Сүйгөн эмес деп кантип ойлодум экен. Албетте, ал мени сүйгөн. Балким азыр деле сүйөттүр, бирок мен анын сезимдерин байкабай соолутуп алгандырмын».

Сегизинчи мартта үч түп роза алып келгенде «муну эмнеге алдың? Бекер эле акча коротуп. Андан көрө үйгө пайдалуу бир нерсе алып келбейт белең» деп шагын сындырганын ойлогондо, өзүн өзү муштагысы келди. Ошондон кийин ал бир да жолу гүл алып келбеди. Аялдык назиктигин, аруулугун ыпылас дүнүйөгө алмаштырып алыптыр. Жыйынтыгы эми минтип бакыйып көрүнүп калды. Алтынбектин көз алдында Нурайым аруу, назик аял эмес, дос же кесиптеш сыяктуу сезилип калган экен.

Чындап келсе Нурайым деле көп жолу анын көңүлүн оорутуптур. «Аял жакшы эр жакшы» деген макалды туура эмес талкуулап, Алтынбектин оокатка тыңдыгын өзүнө ыйгарып алды. Нурайымдын кыйындыгынан болуп жаткандай түшүнүктө болду. «Мына эми ал кетип калса, ким үйгө ырыскы ташыйт?» деген суроо кабыргасынан турду. Нурайым балдарды карайбы же эртеден кечке ырыскы табам деп көчөлөп жүрөбү. Деги көчөлөсө да Алтынбектин бир кылганын кыла алаар бекен? Кыйынсынып менин тыңдыгымдан ушундай тирилик кылып жатабыз деп өзүн Алтынбектен өйдө тутуп калган эле. Акыркы убакта бир маселелерге келгенде Алтынбектин эмес Нурайымдын сөзү сөз болду. «Мени сүйгөндүктөн оюмдагынын баардыгына көнүп жүргөн тура. Балким ойношу өзүнүн ою менен эмес Алтынбектин ою менен болуп, анын көңүлүн тартып алгандыр. Алтынбектин каалоолорун аткарып, сөзүнө кулак салып… А менчи? Качан акыркы жолу Алтынбектин каалоолорун аткардым… Жадагалса эсимде жок» деп Нурайымдын көңүлү чөктү. 

Доктурдун кабыл алуу бөлүмүндө отурганда Алтынбек конгуроо чалды. Телефондун үнүн басып жооп бере алган жок. Бир катар текшерилүүлөрдөн өткөн соң кардиолог бир-эки дары жазып берди. Жүрөктүн согушунда өзгөрүүлөр пайда болгонун айтып, бирок алар анчалык коркунучтуу эместигин билдирди. Ошентсе да сактанбаса, булардын баары чоң илдетке алып барарын эскертти.

Сыртка чыгып телефонду караса, Алтынбектен он эки коңгуроо келиптир. «Мынчалык чалгыдай Дамира эже ага эмне айтты экен?» - деп ойлонду Нурай. Кайра чалайын деп өзүн токтотту. «Керек болсо дагы чалсын» - деп кайрадан азгырыктар өз оюнунун баштап жиберди. Куру намысы сөз таштады:

- Ал сени баары бир сүйбөйт, эмне кыласың ага сөйкөнүп. Намысың барбы? Сен ансыз деле жашай аласың. Ажыраш!

- Эл эмне дейт. Мен элден уялам, - деди Нурай.

- Туура, - деп кубаттады шайтан. – Эл сени мазактайт. Аларга билдирбе.

Ичинен «демек сен, Жараткан Алладан эмес элден коркот экенсиң да?» - деп шайтандын табасы канып, каткырып күлдү.

- Алтынбек сенин баркыңа жете алган жок. Мындай адам менен кантип чогу жашайсың? Ал сени сатып кетти. Ага арнаган жаштыгыңды да, сулуулугуңду да, төрөп берген балдарды, көңүлүңдү, деги койчу бүткүл өмүрүңдү бир жаш кызга алмаштырды. Ал өзүмчүл, кара мүртөз, - деп шайтан тынбай шыбырай берди.

- «Үйдөн чыгып кет» деп айтам. Ошол шуркуясы менен барып жашай берсин. Балдарды багасың дейм. Көрөм ошондо жанагы шуркуясы, качанга чейин түшүнүктүү, акылман болгонго чыдамы жетээр экен. Ал аялдын этегине киргиче көңүлү менен болуп, айтканын кылаарсың. Анан бир жагынан «сүйгөнүң», бир жагынан балдары «келе, келе» деп тытмалаганда жыргал жашоону көрөсүң, сениби шашпа, - деди Нурайым шымаланып.

Дарбазадан аттап кирери менен короодо Алтынбектин ары-бери толкундана басып жүргөнүн көрдү. Нурайымды байкап астына тосуп чыкты.

- Эмне болду сага, Нурайка? Кечирчи мени, мен акмакчылык кылдым. Кечиресиңби, жаным,- кучактап бетинен өөп жиберди. Нурайымдын колундагы дарыларды көрүп. – Бул эмне болгон дарылар? Сен жакшы элесиңби, айтчы?

Мындайды күтпөгөн Нурайым ыйлап, аны көкүрөгүнөн түртүп жиберди.

- Мен сени жек көрөм. Сен баарын талкаладың, буздуң. Эми мындан ары кандай жашоо болот?

- Антпечи, Нурайым, сен болгону менин жанымда бол. Мен баарын оңдойм.

- Кантип? Кантип? Бул мүмкүн эмес! Сен мени ылайга аралаштырып тебелеп салдың! Менин көңүлүмдү эмнеге ойлогон жоксуң?

- Мен мындай болот деп ойлогон эмесмин, жаным. Мен сени күчтүү, акылдуу аял, баарын түшүнөт деп...

- Жок, жок! - Нурайым уккусу келбегендей кулагын жаап алды.

Дамиранын да, Алтынбектин да сөздөрү Нурайымдын алсыздыгын кайра-кайра тастыктап, «мен кыйынмын» деген ишенимин жокко чыгарып жатты. Журт астына чыгарып үстүндөгү кийимин бирден сыйрып тытып жылаңачтап жаткандай болду. Журт өзүнүн намысы болсо, кийими - напсиси, жалган ишенимдери эле. Ушунчалык таттуу белең напси? Чындыгында сен күнөөлүүсүң баарына. Там, машина, байлык. Ошол байлык аркылуу эл астында кадыр-барк күтүү. Балким балдарын жакшы окутуу дагы - эл астында бой көтөрүп жүрүү үчүндүр. Мына шайтан кайда уурдап кеткен ашыктыктын ачкычын. Минтип эми тагдыр деген хирург наркозу жок Нурайым менен Алтынбектин канына сиңип бараткан рак оорусун – напсисин чыркыратып, кескилеп жатты. Напсини багуу менен адам баласы бакыт таппасы анык болду.

«Нурайым менден кетип башканы таап алсачы? Анын үстүнө үй-жайды бөлүүгө туура келет? Кайрадан баарын жаңыдан баштаймынбы? Балдарымды багамбы же жаңы үй-бүлөмдүбү?» Бир үйдү эптей албай жатканда экинчисин кантип багам деген ой эми ачыкка чыкты. Ушинтип Алтынбек ашыктык, эргүүнүн чокусунан кайтарыла баштады. Нурайымдын мамилеси Алтынбектен жашоого сергек кароону талап кылгандай болду. Бир жагынан аялы чындыгында кайраттуу эмей эле, бир жөнөкөй, сезимтал жан экендиги анын эркектик эргүүсүн ойготту. Экинчи жагынан Нурайым көзүнө бир жароокер, баягы жаш кезиндегидей назик, аруу көрүнүп, Алтынбектин өчүп бараткан сезимдерин козгоп жиберди. Эркектин табигатындагы коргоо, камкор болуу сезимдери көкүрөгүнө батпай жарылып чыкты. Баягы жаш кезиндей Нурайымды кучагына алып сүйүүгө бөлөгүсү келди.

А бирок аны менен бирге Алтынбектин дагы эки жүздүүлүгүн айгинелеген жиптин учу сойлоп чыкты. Сотко берсе утуш Нурайымда болору анык. Анткени жаш балдары бар. Ортодогу дүнүйө-мүлктүн баардыгын чогу табышкан. Чындап эле сүйүүсү ойгондубу? Балким Нурайым жашоосуна ыңгайлуу адам экендигин эми түшүнгөндүр. Балдарына камкор, ашыкча талап кылбайт, болгонуна ыраазы, колго кол, бутка бут болуп жөлөп турат. Качан болсо үйү тыкан, балдар тарбиялуу, өзүнүн курсагы ток, кийими таза. Кереги барбы ашыкча баш оорунун? Жаш аял кандай болот? Алтынбектин астына бийик талаптарды койсочу? Балдары менен катыштырбай салсачы?

Мына кызык эми башталды. Эми эр болсоң түшүнүп көр өзүңдү. Кимге көбүрөк ашыксың: аялыңабы? Ойношуңабы? Же чогулткан дүнүйөңөбү? Акыркысы болуп жүрбөсүн? Байкатпай ушул жерде Алтынбектин алсыздыгы жашынып алган көрүнөт. Шайтан Алтынбекти адаштырды. Алтынбек үчүн бакыт – бул аялды коргоо, аярлоо эмес, тескерисинче, аялды дүнүйө чогултуу үчүн пайдалануу болуп бараткан. «Мени карабасаң башкага кетем, колуңдан эмне келет?» - деген ойдон такыр намыстанбай калган эле. Мындай ой эркектерди денесин саткан сойкулардан айырмалабасы анык. Бул ойду аркалап өзүн көтөрмөлөйм деген ой шайтандын илмектеринин бири экенин билер бекен? ЭРКЕК деген улуу атты булгаганын туйду бекен? Эмесе АЯЛ аманат экенин эстебейт беле?

Төртүнчү күн

Кечеги түн аябай оор өттү. Алтынбек менен Нурайым түн бир оокумга чейин сүйлөшүп олтурушту. Алтынбек ойношу менен мамилесин токтотууга убадасын берди. Нурайым анын сөзүнө көп деле ынанган жок. Бирок үйбүлөнүн тынчтыгы үчүн ишенүүгө өзүн мажбур кылды.

Жумуштан кеч келген Алтынбекти Нурайым жылмайуу менен тосуп алып, бетинен өптү. Чыдабай биринчи эле суроосу:

- Эмне болду? Сен аны менен сүйлөштүңбү? – деди.

Алтынбек көзүн ала качып:

- Жок, Нурайым, мага кичине убакыт берчи, - деди.

- Эмнеге? - Нурайым чындап эле түшүнө алган жок.

- Анын көңүлүн оорутпай, акырындап алыстайын дегем, - Алтынбек эптеп үн катты.

Мындай кепти уккан Нурайымдын араң кармап турган кызганычы сыртка жулунуп чыгып, колундагы телефонду Алтынбекке карай ыргытып жиберди. Телефон ага тийбей дубалга барып быт-чыты чыгып чачырап кетти.

- Акмак, сен мени дагы деле алдагың келеби?!

- Акырынсаң Нурай, балдар угат, - Алтынбектин тынчы кетти.

- Укса уксун. Билсин алар да эки жүздүү экениңди! - Нурайым ого бетер кекетти.

- Кыйкырбачы, жаным. Мен сүйлөшөм. Эртең сөзсүз сүйлөшөм аны менен, - Алтынбек актана баштады.

- Анын көңүлү бар экен, а меники жокбу? Кет ошол шуркуяңа. Мени тебелей берсең болот экен да ээ? Бул карыган кемпирди ким карамак эле, кайда бармак деп жатасың да ээ?

Алтынбек мындай сөздөрдү угууга чыдамы жетпеди. Аялын жаакка тартып жиберди. Башкача Нурайымды токтотуу мүмкүн эмес эле. Анан көзүнө тигиле карап:

- Сага айттым го! Мен баарын түшүндүм! Мага сенден башка эч кимдин кереги жок дебедимби! Эми кичине чыдап койсоң эмне болот?! - деди да каалганы тарс жаап, сыртка чыгып кетти.

Нурайым ыйлаган бойдон кала берди. Бирок Алтынбектин сөздөрү бул жолу бир башкача ишенимдүү сезилди. Сабырын жоготуп, алсыздыгын билгизип алгандыгы үчүн өзүн жемеледи.

Арадан үч жыл өттү

Нурайым пристанга жөлөнүп көпкөк, жылтыраган суу үстүндө термелип турду. Жүзүнөн нуру төгүлүп бир башкача ажарлуу. Узун, аппак көйнөгүн шамал денесинен талашып сыдырат. Дене бою кумурадай чийилген - назик… күн нуру аны кучагына бөлөдү.

- Кандай ажайып көрүнүш, - жанына басып келген бейтаныш эркектин коңур үнү угулду.

- Ооба, биздин Ысык-Көлдөй болобу, - Нурайым кубанычтуу жооп берди.

- Мен бул жерге жылда келем. Бирок ушул көлдүн сулуулугуна суктанып бүтө албадым.

- Суктанып бүтүү мүмкүн эмес ко, - деп Нурайым жылмайды.

- Билесизби, мен жашаган мамлекетте суусу аябай кирдеген. Адамдар ылай сууга деле жыргап чөмүлө беришет.

- Анан кантишсин тазасы болбосо, - Нурайым каткырды. Бир көргөн адамы менен ушунча жеңил баарлашканына өзү таң. Касиеттүү Ысык-Көлдүн таасири окшобойбу. Бир кезде;

- Сиз бул жерде үй-бүлөңүз менен эс алуудасызбы? - деп бейтааныш алыстан сөз узатты.

- Ооба. Алар тетиги кайыкта сүзүп келатышат, - Нурайым алыска колун узатты. Шарф менен жабылган назик колдору аккуунун канатындай жайылды.

Бейтааныш көңүлүнүн чөккөнүн билдирбей, бирок дале үмүтүн үзө албай:

- Бала кармап отурган жигит сиздин абышкаңыз го? – деп сурады.

- Ооба. Колундагы биздин неберебиз. Ал жакында экиге чыгат. Билесизби, ал аябай сууну жакшы көрөт экен. Келгенден эле ыйлап, көлдү көздөй колун суна берди, анан чоң атасы кайыкка сүздүрөйүн деп алып кетпедиби. – Нурайымдан чыгып жаткан кубанычты, бакыттын энергиясын жашырууга мүмкүн эмес эле.

- Жап-жаш чоң-ата, чоң-эне экенсиздер го. Канча небереңиздер бар?

- Ооба, жаш элебиз, мен кырк жетидемин, жолдошум элүүдө. А неберебиз азырынча бирөө эле. Балдар деле бой жеткен, бирок окуп, чет жактарда жүрүшөт, үйлөн десек көнбөй жатышат, окууну бүтүрөлү деп.

- А эмнеге сиз кайыкка түшкөн жоксуз?

- Жүрөгүм ооруйт. Корктум түшкөндөн, - Нурайым көңүлсүз жооп берди. – Болбосо мен дагы түшкүм келген аябай.

- Жолдошуңуз сизди аябай жакшы карайт окшойт. Өзүңүздүн жашыңызга кыйла жаш көрүнөт экенсиз, - бейтааныш Нурайымга суктана көз чаптырды.

Нурайым анын көз карашынан өзүн ыңгайсыз сезип, баягы жаш кезиндей бетинен кызыл тарады. Аны байкаган бейтааныш:

- Сиз менен маек куруу мага чоң бакыт тартуулады. Чоң рахмат сизге. Уруксат берсеңиз мен узайын, - деди да көңүлсүз жылмайып басып кетти.

Нурайым эч нерсе деп жооп бербей, таң калып аркасынан тиктеп калды. Бул адамдын ичинде катылган бир сыры, айтылгыс күйүтү бар эле…

- Эй чоң апасы, - ачуулана кыйкырган Алтынбектин үнү чыкты. Нурайым чочуп кетти.

- Оу, - деп алдастай караса, алар пирстин астына жетип калган экен. Алтынбек ачуусунан эки бети кызарып, кабагы түйүлүп калыптыр.

- Кызыңды карап койсоң боло! - деп кетип бараткан кишинин аркасынан ызырына тиктеп алды.

Нурайым жылмайып, кызына колун булгалады.

Ошол күнү кечке Алтынбектин кабагы ачылган жок. Кызганычын оңураңдап, кагып, силкип билдирип жатты. Нурайым унчукпады. Тескерисинче, Алтынбектин бул жоругуна ырахаттанып жүрдү. «Сулууларга суктанууга акым бар» деп далай ирет Нурайымдын кызганычын жаратты эле, эми минтип өзү да бул сезимдин торуна түшүп калды. «Балким менин деле суктантууга али акым бардыр» деп ойлоп Нурайым мыйыгынан күлүп койду.

Үч жыл мурунку окуя кечээ эле болгондой Нурайымдын элесинде дале турат. Алтынбек бул суроого кайрылбаганга аракет кылат. Колунан келсе эч нерсе болбогоной кылып ал күндөрдү Нурайымдын элесинен чыгартып салгысы келет. Ошондогу окуя көпкө дейре созулган. Нурайымдын канча көз жашын, өмүрүн алды. Ажырашууга жетип калганда, кызы турмушка чыгып кетип, ошол тойдун шары менен үй-бүлө сакталып калган эле.

Ошентсе да ал окуя асмандан түшкөн белек болду. Нурайым андан кийин кубулуп, кайра жаралып чыкты. «Өзүмө такыр убакыт жок, өзүмдү ойлосом башкасы калат» деген түшүнүктөн оолактады. Биринчи оорунга өзүн койгонду үйрөндү. Албетте, башта көнбөгөнгө оор болду. Бой жетип калган балдарынан ыңгайсыз болуп, уялып да жүрдү. Бирок Алтынбектин кылыгын эстеген сайын ага өчөшүп «алып бер кийинем, киного барам, эс алам» деген талаптарын ишке ашырып жатып, акыры ошондой жашоону бир көнүмүш ыргакка айлантты. Кызыгы, Алтынбекке дал ошол жаңы Нурайым жаккан сыяктанды же анын астында өзүн күнөөлүү сезгендиктенби, айтор аялынын өзгөрүлүүсү кадимкидей делебесин көтөрдү. Баягы жаш кезиндей анын көңүлү менен болууну каалап калды. Каалабаска аргасы да жок сыяктанат. Нурайым фитнес клубга барып, өз дене боюн мурдагы калыбына келтирип алды. Жадагалса жүзүндөгү карылык дагы көрк берип, нурун чачыратып калгандай.

Жок, алар миллионер болуп кеткен жери жок. Болгону «эл эмне дейт» деген түшүнүктөн оолактап, кызыгууларын алмаштырды. Той-топурларды кыскартып, жакын адамдары менен гана катыша турган болушту. Бир жылда бир жолу үйбүлөсү менен Кыргызстандын кызыктуу аймактарына саякатка чыгып келүүнү салтка айландырышты.

Коомго сиңип калган айрым жаңылыш ойлор аларды тунгуюкка салганы менен ошол окуя тунгуюктан ал экөөнү сууруп чыгып бакытка бөлөдү. Балким ал окуя болбогондо Нурайым дагы эле элдей болом деп напсисин тойгуза албай адашып жүрмөк беле? Анын түшүнүксүз талаптарын аткаралбай Алтынбек да чарчап бүтөт эле. Эми мына, аял өз оордун таап балдарынын маңдайында, күйөөсүнүн көлөкөсү, аруу жары болуп олтуруп калды. Алтынбек дагы мурдагыдай эс алууну тыштан издебей, өз аялынын назиктигине, сулуулугуна бөлөндү.

Нурайым күчтүү болуу бир гана эркектерге таандык сапат экенин эми чындап түшүндү. Аруу аял болуу, камкорлукка муктаж болуу чындыгында бул Кудайдын буйруп койгон бактысы экенин эми билди. Мурдагы «мен дагы сенден кем эмесмин, мен дагы сендей таба алам» деп эркектин оордун талашуу - эси жоктук деп түшүндү.

«Бири бириңерге чындап арначу өмүр али алдыда» деген Дамира эжесинин сөзү анын жүрөгүнөн орун алды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз