Конкурска: Эки үтүр, бир чекит (№122)

АҢГЕМЕ

Кол арабада сүйрѳгѳнү бар – бирдеги, жетелеп ойноткону бар - үчтѳгү, ѳзү деле бала – алтыдагы. Аларга тамдын сол жагындагы узун жыгач отургучтан кош үтүрдѳй болуп кѳз салып отурушкан отуз жылы жетпеген эки кылымдык чал-кемпир бар! Алтыдагы ал сиңдиси менен үкѳсүнѳ – чоң, карыларга – кол, бут, кѳз, кулак.

- Экѳѳбүз тең соксоюп отура бербей, жок дегенде бирибиз кетсек жакшы болот эле,- дейт кемпир. Кѳздѳрү батып бараткан күн. Каректери караганында эмес кѳрѳ алгыс тереңдикте жүрѳт. Кеби үшкүрүктүү. Сѳздѳрү оозунан эмес бүт кан-жанынан чыккансыйт.

- Аа, эми Кудай алмайынча... - чалдын кѳздѳрү да тереңден угулат. Чал кемпиринен улуурак, бирок кемпирине караганда териси жазыраак, басып-турганы да тыңыраак.

- Ээй, ма! - алтыдагы дароо карады, чоң атасынын аны чакыргандагысы. Азыр бѳлүшүп жегиле деп шириндик карматат. Чал-кемпирдин жанында алтыдагы укмуштай уюткулуу кеп-сөздөрдү угуп, жыргайт. Кемпир-чал да ушу алтыдагыга кѳп айтып беришет. Анткени анын укканын жактырышат. Үйдөгү чоңдор алтыдагыдай уга алышпайт, кѳздѳрү да аныкындай жайдары карашпайт.

Кемпир жаңы келин болгондогусун, канча чынысы, кандай кийизи болгонун унута элек. Аялдыктын азаптарын, келиндиктин кейиштерин эми бирѳѳлѳрдѳн айтып ѳч ала тургансып бекитпей баяндайт, ызалуу баяндайт.

Абышка кайсы жылы канча жылкы байлаганын, кашкулак кармап, кекилик аткандарын унутпайт. “Ушу да тамакпы” деп бышып турган ашты табагы менен ташка ыргыткан күндѳрүн, мас болуп келип баарын уруп, кууп, ар кимиси ар жакта ал соолукканча корголоп качып жүргѳн убактары да эсинде. Бирок буларды ал айтпайт, унчукпай аттап өтөт.

Алтыдагы айран-таң боло берет. Чоң энеси менен чоң атасы илгеркинин ийне-жибине чейин эстешет да кечээги эмес бүгүнкү болгон нерселерди унутуп калышат. Мына дагы кемпир кол жоолугун издей баштады.

- Түйүнчѳккѳ түйүп койбодум бекен, барып карап келчи, – алтыдагы эки айттырбай жѳнѳйт. Башка чоңдор чочоңдоп каяша сүйлѳшү мүмкүн, “аны эмне кылмак элеңиз эми, турат да бир жерде, кызыксыз” –мындайды укканда унчукпай гана ылдый түшүп калган ээгин тили менен жаланып отуруп калат. Кагуу жеген жаш бала ыйлайт, кагуу жеген кары дагы карып, кичирейе түшѳт. Кары менен баланын окшоштугу – экѳѳ тең алсыз, бири кубатка толо элек, бири кубатын жоготкон.

Убагында үй-жайдын баарына кожойке, эң баалуунун баары салынган тѳрдѳгү сандыкка да ээ болгон кемпирдин азыр жалгыз ээлиги – ѳзүнѳ окшоп түпкүчтѳй түйүлгѳн түйүнчѳгү. Үйдүн тѳрүндѳ отурган менен эч кандай добушка ээ эмес, баягы сандыгы баалуулугун жоготуп, малканада акырдын милдетин ѳтѳп калган, анын ордуна зор, кубаттуу, чоң шкаф орун алган, бирок анда кемпирдин түйүнчѳгүнѳ орун жетишпейт, кийимдер ийиндеринен илинүү, илинбегени кыры чыгарылып бүктѳлүү, а кемпир, чалдыкын кастарлап илбесе деле бырышы билинбейт эмеспи.

Алтыдагы кемпирдин түйүнчѳгүнѳн боз кол жоолукту жолуктура албады. Сыртка чыгып кир жайган зымдан тапты. Аны кемпир чалынын кол аарчысы менен кошуп жууп, жайып коюптур. Кемпир каруусу кете элегинде кирлерди үйдѳй кылып үйүп алып жууп отурчу. Эми ал оор иштен арылып ушу эки чүпүрѳктү гана жаман кѳрүнбѳй жууй алат, ошого гана күчү жетет. Болбосо үстѳлдүн үстүн сүрткѳн чүпүрѳктү да кенен кармай албайт, аарчыйын деп аракет кылып талпынып калса эле “жѳн эле коюң, азыр ѳзүм тазалайм” деген үн угулат да колу таягына сунулат, таягына сүйѳнѳт, андан кубаттанып отуруп калат.

Бир кезде баарына баш болуп, каарданса эч ким жанына даап тура албаган чалдын үнү дагы деле бак-бак чыгат, «муйдуңу тос», «а атаңын оозун урайын» дегендери алыс-жакын кошуналарга дейре угулат. Бирок ал добуш азыр бош чыгат, күчү жок. Ал добуш чоң маселелерди чечкенге катышпайт, үнү кемпирине гана жетет.

*     *     *

Кемпир дасторкон үстүндѳ тамак сузган кашыгы менен бети-башын ургулай берди. Тамагы бети ылдый тѳгүлүп дасторконго жайылды. Тиги ѳзүн да, отурган жерин да булгап жеп жаткан бирдеги небереси кейиптенип отурганын сезип, ыңгайсызданып, уялып кетти кемпир. Кол жоолугу менен оозун сүртүндү.

- Ээ гампир, мине болду сага?

- Биламби,- деп койду кемпири.

- Оозуңу таппай отуруң го, кѳз барбы?

- Кѳзүм деле кѳрбѳй калды окшойт, абышка.

Уул-келини бири-бирин карашты.

- Кѳзүңүздү кѳрсѳтѳлүбү, апа? - деди уулу.

Кемпир кѳрсѳт же кѳрсѳтпѳ деген жок. Унчукпай отуруп калды. Алтыдагынын жүрөгү кичине болсо да сыгылганга жарап калыптыр, ошол тушу зырпылдап, кемпирди аяп карады, жанына жылып ѳттү да, тамак жегизмей болду. Кемпир биринчи кашыктагыны жеди да экинчи сунганга жеткирбей «мен тойдум, рахмат кызым, ѳмүрлүү бол» деп койду.

Кемпирди бир аптадан кийин кѳзүн кѳрсѳткѳнү алып жѳнѳштү. Райондун күчү жетпей облуска кетишти. Облустан катаракта деп кармашып, операцияга жаткырышты.

Чал келиндин кол телефонунан кемпирине күн алыс чалат, “качан келесиң” деп шаштырат. Алыстаганына жарым ай болгондо чалып алып сѳктү, “аякта жата бербей келбейсиңби, биякта тирилик мине болду” дейт. Кемпир сѳгүү укканына капа болгон жок, кайра жүзүнѳ жылмаюу кирип “ой, абышка оой, барам да, кѳзүм жакшы болсун” дейт.

Бир айдан кийин кемпир үйүнѳ келди. Бирдеги, үчтѳгү анан алтыдагы кибирешип тосуп чыгышты. Чал үйдѳн чыккан жок. Кемпир аны кѳздѳрү менен издеди. Анан айланасы башкача жарык, мурункудай эле жашыл экенин кѳрдү. Тоолорду, Асманды, булуттарды кѳрдү. Алар эскирген эмес, мурдагыдай эле турбайбы!? Үйлѳрдү, буюмдарды кѳрдү. Уулунун кошуп салган үйүн кѳрдү, жаңы курулган тандырды байкады. Бозомтукта жашай берип бозала сезилгендин баары эми айкын кѳрүндү, үйдүн ичи үңкүрдѳй эмес эми жарык сезилди. Анан оң ыптада бүктѳлгѳн тѳшѳктү чыканагына коюп, капталдап жаткан чалын кѳрдү. Баягы шаштырып жаткан чалы жок, коймаарек карайт.

- Ыы, гампир,- деп обдулуп барып кайра эле ордунда отуруп калды чал. Экѳѳ эч качан кол беришип учурашышкан эмес. Бул жолу деле учурашышкан жок. Бүгүн кемпири келерин билгенде чал ордунда отура албай эшикке чыгып, кайра кирип эле бирдеме болуп аткан. Анан кемпирин салган машине келгенде үйгѳ кирип жатып алганы эмнеси?

Кемпир чалдын бет маңдайына бөкчѳңдѳп отуруп, таягын жанына жаткырып койду. Алакандарын жайып уулу, келини, неберелерине бата тилеп кирди. Тизилип тиктешип турган бирдеги, үчтѳгү, алтыдагыларга берейин десе чѳнтѳгүндѳ эчтемеси жок экен. Мурдагыдай бир жактан бапырап белек-бечкеги менен келген кези азыр жок. Колуна тыйын тийбейт. Сурагандан уялат.

*     *     *

Кемпир-чалдын бүт ѳмүрлүк эмгек, мээнет, күчү уул-келиндин чѳнтѳгүнѳ түшүп калганы качан. Кемпир кубаттуурак кезинде бир ирет картычкесин улуу кызын ортого салып уулунан суратып, алып да кѳргѳн. Ошондо картычкесин кайра алып койбосун деп чѳнтѳктѳрүнѳ калтыргандан коркуп, ич кийимдерине ороп тыгып, айтор, кайра эле “кармалып” калган. «Баары бир картычкеден ѳзү ала албайт да». Уулу деле “картычкеңизди берейинби?” деп сураган, ѳзү “жок, биз эмне кылмак элек, иштете бергиле” деп койгон. Чал-кемпир картычкелеринде канча бар экенин, канчасы каякка корогонун деле билишпейт, сурашпайт.

*     *     *

Чал ушул ойгонушунда ѳзүн болуп кѳрбѳгѳндѳй сергек сезди. Кадимки кырктагы кезиндей. Сыздатып, кыжаалат кылып же алсыздантып, болбосо ооруксунтуп турчу денесинин бүгүн бир жери да ойлондурган жок. Тѳшѳгүндѳ отурган бойдон кемпирин карады, мактангысы келди. Мурдагыдай колдорун ойнотуп тийишкиси келди, «коюңчу ихи-хии, жѳнүңчү иий» деп ал да мурда ойдолоктоп оолактамыш болмок. Азыр болсо биртке болуп бүрүшүп жатат. “Оппиримолдо” деп очорулуп араң турчу чалдын турушу да шайдоот бул жолу. Чал чочуй баштады, шойкомдуу нерсе жакындап жатканын туйду.

- Гампир, меники жакындап калды окшойт.

- Ардемени сүйлѳй бербеңчи,- деди кемпир.

Чал эртеси тѳшѳктѳн турбады. Чакырылган врач жүрѳгүнүн согуусу жайлап калыптыр деди. Ошол күнү кечинде ар тараптагы уул-кыздары кѳбѳйүшкѳндѳрү менен кошо жетип келишти. Жай күнү минтип толук топтолуш ѳтѳ кыйын болчу.

Оорулууну карап отуруштун ѳзү оор. Чалдын жанында кемпир эле калды.

- Э, гампир! - чал алсыз кыйкырып койду.

- Ооу, абышка,мен ушердемин.

Чал колу менен тѳшѳктү сыйпалап, алаканын жайып, манжаларын бүктѳгүлѳдү. Кемпир чалдын колун ѳзүнѳ алып биринчи манжаларынын учун уучтап анан билегине чейин шашпай жылдырып кармалап отурду.

- Гампир,- чалдын үнү кайраттуу боло калды - Биз жакшы жашадыкпы, жаман жашадыкпы – ѳмүр ѳттү. Кудайга шүгүр балдарды ѳстүрдүк, жаман болушкан жок. Азыр кайрадан жаш болсом кандай жашайт элем, билбейм, гампир, бирок, сени барктабадым, сага колум кѳп тийди. Мени кечир, гампир.

- Анын эмнесин айтасыз эми, абышка. Мен капа болгон жокмун.

«Мен капа болгон жокмун» дегени угулар-угулбас чыкты. Чал «ыя?» деп кайра сурады.

- Мен капа деле болбойм дейм, абышка. Тынч боло бериң,- деп кулагына жакындап үнүн бийик чыгарып сүйлѳдү кемпир.

Чал эртеси кетти.

*     *     *

- Чоң атам неге жүзгө чыккан жок?

Чал жайына коюлуп, келип-кеткендер түгөнүп калган. Боз үйдүн ичинде алтыдагы кемпирге чекиттей болуп жабышып алган.

- Жүзгө чыкканда не, түртүндү болуп, жаман көрүнүп.

- Анда эмнеге жүзгө чык деп айтышат?

- Баары көп жашагысы келет, карылыкка жетели дешет. Анан күнүмдүк түйшүк, көр тирилик менен шашып жашашат. Ошентип учурдагысын уттуруп коюшат. А карылыкта жашоо деле жок, кызым. Жөн эле өлүмдү күтмөй экен го.

- Мен карыгым келбейт, чоң эне.

- Эк, антип айтпа. Көп жашайын, карылыкка жетейин де. Өмүрүңү, бактыңы берсин, кызым.

- Карыганда жашоо жок деп атпайсызбы? Бетиң бырышат, баса албайсың, кулагың укпайт, көзүң көрбөй калат.

- Мен ушул жашка келбесем сени көрбөй калмакмын да, кызым. Сен да менин бактымсың. Абаларыңын, эжелериңин киши болгондорун көрбөй калмакмын. Сен дагы карып балдарыңын, неберелериңин жакшылыктарын көрүшүң керек, кызым.

*     *     *

Алтыдагы сегизге келгенде кемпир да кетти.

Сегиздегиге “Кызым, сен жакшы жаша, күлүп жаша, шашпай жаша, жашоону сезип жаша, жашап жаша!” - деп айтып кетти...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз