Мая Осмонкулова: Бир гана Теңир жалгыз, түгөйү жок (№125)

*     *     *

Ошол саптар жаштыктын бир учуру,
Күлкүмдү да, ыйлагымды келтирген.
Жан дүйнөмдү ала салып оодарып,
Жүрөк байкуш тээ илгери мертинген.

Аалам күбө, асман күбө, сен күбө,
Жалбырактай бир жан элем дилдирек.
Тартынчаактык бир айыбым болбосо,
Алда кандай болмок тагдыр, ким билет.

Кыял бийлеп, алып кеткен болучу,
Кышкы аязга, жай чилдеге карабай.
Кеткенимди кеч түшүнүп, кеч билдим.
Мен учурду, учур мени баалабай.

РЕКВИЕМ

Табияттан кыш чыгып бара жаткан.
Келээр жаздын кызыгын неге тандың?
Оюма эч жамандык албай жүрүп,
Мен өзүңдү сагынган бойдон калдым.

Билбеймин эмне жазды маңдайыма,
Калганын дагы канча өмүр жашым.
Билем бирок тымызын арман коштоп,
Эми эч качан сагынчым таркабасын.

Арабызда анчейин жакындык жок.
Кайдыгер жан деп билип жаңылыпмын.
Ойлобой, көрбөй дагы билбей жүрүп,
Мен сени өмүр бою сагыныпмын.

Табиятта кыш бүтүп бара жаткан,
Кызыгын бул өмүрдүн неге тандың?
Бир сезимди моюнга албай жүрүп,
Мен өзүңдү сагынган бойдон калдым.

КАЙТААР ДҮЙНӨ

Бул дүйнө – кайтаар дүйнө кезегинде,
Кемчилик жок Теңирдин эсебинде.
Кесириңди эселеп эрте-кечпи,
Сүртүп коёт өзүңдүн бешенеңе.

Тагдыр болуп ак-кара бир эленип,
Кайтаар дүйнө айланып-тегеренип,
Тебелеп жүргөн менен жердин үстүн,
Мезгилинде калабыз тебеленип.

Кайтаар дүйнө – акыйкат, күмөнү жок.
Бир гана Теңир жалгыз, түгөйү жок.
Бирөө жүрөт баш чанып, багын чанып,
Бирөө жүрөт жанына күйөөрү жок.

Кайтаар дүйнө оролуп алкымыңа,
Карабай мартабаңа, алтыныңа.
Теңеп өтөт ченебей даражаңдын,
Бирөөдөн кем, бирөөдөн артыгыңа.

Бул дүйнө – кайтаар дүйнө куткарбаган
Аруу пейил алдына кут кармаган.
Алаксытып кетүүгө амал да жок,
Аалам-жердин арасын бүт кармаган.

Кайтаар дүйнө, күтө бер кезегиңди
Күн келет бере турган эсебиңди.

Бул дүйнө – кайтаар дүйнө…

КЕЧИРИП КОЙ, ТУУГАНЫМ

Кечир мени, кечирип кой тууганым,
Жок дегенде кармана албай үч күнгө.
Кайсы шайтан азгырганын ким билет,
Күлүп ийдим тажыяңдын үстүндө.

Ар жок дешет күлкү менен уйкуга.
Оо бир кезде мени узатып жатышып,
Көздөрүнөн жаш аккыча күлүшөт,
Калат кайгы күлкү менен чатышып.

Табияттын заңы экен, нетейин,
Адамдыктын абийирине сыйбаган.
Бирок азыр мына ушул мыйзамды
Табияттан мен тапкандай кыйналам.

Кечир мени, кечирип кой тууганым.
Ушул жорук салды мени мүшкүлгө.
Кайсы азыткы азгырганын ким билет,
Күлүп ийдим тажыяңдын үстүндө.

МЕН АЯЛМЫН

Мен аялмын – тагдырымын көптөрдүн,
Мени сүйүп, мени сүйбөй кеткендин.
Арманымын бирөөлөрдүн айыкпас,
Бейишимин кадырыма жеткендин.

Мен аялмын – энесимин мекендин,
Ошондуктан кайраттуу да, бекеммин.
Мен аялмын, жумшактыгым дагы бар,
Ата-Журттун ар бир демин сеземин.

Мен энемин – бар турпатым мээримден.
Ашып-ташып сүйүүлөрдүн чегинен.
Урпактарга кара жаным карч уруп,
Бир жеңилсем, акыйкатка жеңилем.

Мен энемин – таманымда бейишим.
Керек кезде жанып берем эл үчүн.
Үрөн кылып сээп кетем өзүмдү,
Жер үстүнө акыйкаттын жемишин.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз