Бектурган Шаршембиев: Кыргыз деген бир эл бар алабарман (№126)

КЫРГЫЗДАР

(Улукбек Эсдөөлөттөн кийин)

Кыргыз деген бир эл бар атка минген,
Океандай “Манасты” жатка билген,
Каада-салтын калпыган Көк Теңирден
Канжыгага карт тарых бөктөрүнгөн.

Кыргыз деген бир эл бар алакандай,
Кырган сайын көбөйгөн кара таандай,
Алакандай ал элге аздык кылат
Асмандагы жылдызды санасаң да-й.

Кыргыз деген бир эл бар алабарман,
Кыйшык кылып кыйла ишти чала кылган,
Кыргыз тили жок болуп баратса да,
Кылы дагы кыйшайбай кала берген.

Барга дагы, жокко да кайыл болгон,
Баш кошушса беш-алтоо айыл конгон,
Бакай, Манас бабасы бүт дүйнөгө
Баатырдыгы жагынан дайын болгон.

Кыргыз деген бир эл бар ак таңдайлуу,
Кызыл тили көөнөрбөс жаткан байлык,
Бар байлыгы жоголсо баары бир тең,
Бар намысы жоголсо – баткан кайгы.

Кыргыз деген бөлөкчө бөлөк элден,
Кыяматың келсе да кенебеген,
Кымыз, этке тойгондо кайран Кыкең
Кырдан туруп жылдызды келе деген.

Болгон эмес бул элде кулпу деген,
Кулпу болгон боз үйгө тулку дене,
Көк-Теңирге тапшырган бары-жогун
Көчүп-конуп жүргөндө журту менен.

Кыргыз ким? - деп сураба, сурабагын,
Кыргыз деген соолубас булак анык!
Кыргыз ким? - деп сурасаң бурадарым,
Чынгыз хан да тирилип көр ичинен

Кыргызмын! - деп кыйкырат тура калып.

ОО, ТҮРК ДҮЙНӨ, ТҮРК ДҮЙНӨ!

(Түрк Дүйнө түрмөгүнөн)

Дүйнөнү дүңгүрөткөн
Дүңүнөн сүңгүп өткөн,
Караңгы каптаганда
Кармаган күндү көктөн,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Батышты багындырган,
Балбанын жабыр кылган,
Чыгышты багындырган,
Чыгаанын жабыр кылган,
Алаамат алса курчап,
Аллага Сабыр кылган,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Таң-кечин аттай минген,
Тагдырын жатка билген,
Тарыхын тактай билген,
Тамырын сактай билген,
Жабыркап турган кезде
Жашоосун барктай билген,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Кудайга тобоо кылган,
Куранды жобо кылган,
Коргошун колу менен
Коргонун короо кылган,
Кытайдын кыйырына
Кырк башын чоро кылган,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Талашып көктө күндөн,
Тагдырын бөктөрүнгөн,
Азайып барат десең,
Ансайын көп көрүнгөн,
Кылычтын мизи астында
Кылымдар чөккөнүн гөр,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Түшүнүп, түшүнбөгөн,
Түтөгөн күчүн көрөм,
Тамырын кыяр кезде
Ошо, тамырдан бүчүрлөгөн,
Оо, Түрк дүйнө, Түрк Дүйнө!

Насааты түгөнбөгөн,
Напсисин жүгөндөгөн,
Дүңгүрөп, дүңгүрөтүп
Дүйнөнү түгөлдөгөн,
Ал ошо жаралгандай
Ааламга сүрөөн менен,
Оо,Түрк Дүйнө,Түрк Дүйнө!

Жүз жылдап жүгүнбөгөн
Жүлжүйгөн жүзүн көрөм,
Узанып күзүн-жайын
Узарып, үзүлбөгөн,
Үзүлбөс, үзүлбөгөн
Күжүрмөн, күжүрмөнүм,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Тасмалын сүттөгөн ким?
Тарыхын түптөгөн ким?
Талаа-түз, ойдо-кырда
Таскагы бүтпөгөн ким?
Тизгинин жыйбаган ким?
Тизесин бүкпөгөн ким?
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Күн-Айын кучактаган,
Күнөөсүн “бычактаган”,
Эртеңки келечегин
Эсептеп-кысаптаган,
Оо, Түрк Дүйнө, таазим сага
Оо, Түрк Дүйнө кучак жаям...

Көрөңгөң көктөй кенен,
Көөдөнүң көктөмдөгөн,
Турпатың, турмуш күнүң
Тулаңдай, чөптөй белем,
Жабыркап турган күнү
Жалындай, өрттөй белем,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Абийрин төкпөй келген,
Ажалга чөкпөй келген,
Аттанса, жарактанса,
Ар жагын бөрктөй билген,
Жан Дүйнөң, оо Түрк Дүйнө
Жалындап өрттөй күйгөн,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Кынынан суурулганда,
Кылычы – жатаганы,
Ал анда ала келчү
Артынан – “Атак” алып,
Алакан жайып кенен
Алдынан батаны алып,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Калыстык – карегиндей,
Как жарган кара кылды-эй,
Казатка аттанган ким?
Калтырып Кара-Кумду-эй,
Оо,Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Алтайын, Саянын гөр,
Алмустак баянын гөр,
Батышын, Чыгышын гөр
Башатын, аягын гөр.
Оо,Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Аттардын туягынан
Азия аңтарылган,
Кан сымал агып турат,
Кайраты кан тамырдан,
Жарыгы өчтү десең
Жарк! - эткен жан чагылган,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Жүздөшсөм түпкүрүңдөн -
Жүз өлүп, жүз тирилген,
Добулбас добул урган,
Доорлор үшкүрүнгөн,
Жоолашкан жолдон чыгып,
Жоболоң мүшкүлүңдөн,
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Албаган чеби калбай,
Айтпаган кеби калбай,
Батышы, Чыгышыбы
Барбаган жери калбай,
Кандайсың оо, Түрк Дүйнө,
Кандайсың, деги кандай?!
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

Кайгы-муң тоорубасын,
Кайнасаң соолуба Сен,
Оо, сырдуу Түрк Дүйнө Сен
Оорусаң, ооруба Сен.
Оо, Түрк Дүйнө, Түрк Дүйнө!

МУНАРА

Каректер талыйт… ызалуу
Канча бир кылым
Мунарын тиктеп Пизанын…

Кылымдар тиктейт
кылымдар тиктеп
Кылымдар барат кыйшайып…

Кылымдар тиктеп
Кылымдар кыйрап,
Кызыгың түшкүр
Мунара кыйшык… - «түз» али…

Кыргыздын тили
Кыйшайган ошо мунара,
Кылымдар аны
Кыйрата албай убара!..

Кыйшайсын кылым,
Кыйшайсын ырың,
Кыйшайсын ырым-жырымың
Кыйшайсын Пиза мунараң!

Кыргыздын кызыл тилин бу
Кыйшык көз менен
Кыйрата көрбө, бурадар,
Кыйшык сөз менен
Кыйрата көрбө бурадар!

ПАРАДОКС

Жакындасаң ала тоолорго
Алар улам бийиктейт,
Алыстасаң Ала Тоолордон
Алар улам бийиктейт,
алар улам, улам бийиктейт…
… тоолордун ала чокусу,
Тоолордун парадоксу.

Түнкү жаратылыш, --
Ай – жанат кылыч,
Асманды жара тилип
Акырын барат жылып.

Жанат билик,
Жарык алачыгым,
Кашымда калам,
Кагаз жана чылым,

Олтурамын
Оодарып түн
Оюмдан ала чыгып… 

Түрүлүп түн.

Асман, Ай, Жетиген… Ээ

Башымда… чала… аз…
Кашымда кагаз
…калам жана чылым,
Жадыма жара чыгып,
Жазылбастан 
Жатат ана - кагаз актай
Жана да 
Жарым Айдай
Жазган ырым чети кем…

Асман ачык,
Ай, алачык,
Мен, Жетиген,
Анан тиги, "Алтын Казык" сайылган,
Башкасынын баары айланган
Башкасынын баары байланган…

Асман ачык,
Ай, алачык,
Мен - жетелеген Жетиген,
Баары менен кошо айланган
Баары менен кошо байланган…

Асман, Ай, алачык,
Жетиген жана Мен - "... Казыктай",
Жаздыкка башым сайылган,
Башкасынын баары айланган,
жай, ылдам…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз