Жумагүл Барктабасова: Күчүк (№127)

АҢГЕМЕ

Шаардын балдар көп ойногон көчөлөрүнүн биринде кичине күчүк пайда болду. Кайдан-жайдан экени белгисиз,   балким,   бул көчөдө балдар көп болгон үчүн кимдир-бирөөлөр атайы ушул жерге таштап кетишкендир,   ким билсин. Айтор,   аны эң  алгач ирбийген көтөрүм козудай болгон сары кыз көрдү.

–  Ме, ме, ме,  –  деди күчүктү чакырып.

– Эй,   карагылачы,   сонун күчүк таап алдым! – Кыз жанатан бери ага көп көңүл бөлбөй ойноп жаткан балдарга мактана кайрылды.

– Омиий,   эй! Укмуш күчүк ко. Кайда жүрүптүр? – деди чоңураак бети тегерек бала.

– Мен таап алдым.

– Сонун го.

– Ме, күчү-күчү.

Балдардын баары тегеректеп калды. Бир азга алаксый түшүштү. Анан бети тегерек бала айтты:

– Болду эми,   жүргүлө,   кайсы жерине келдик эле? Ойнойсуңарбы?

Ошондо башка балдар да шашкалактап калышты. Эми аларга күчүк кызыксыз болчу.

– Ии,   жүргүлө!

Күчүктүн жанында эки кыз эле калды. Жанагы сары кыз менен андан чоңураак кара кыз.

Бошурак байланган жука чачтары кичине эле жел жүрсө сексейип көтөрүлүп калган кара кыз күчүктөн көзүн албай карап турду. Күчүк да анын бутун жыттагылап, куйругун шыйпаңдатып, аны карайт. Кара кыз анын башынан сылап, баладай кылып көтөрүп алды. Кайра жерге койду. Күчүк ага бир башкача татына көрүндү. Чын эле, бул кичине жандык өтө сүйкүмдүү эле. Өзү кара, көзү да капкара, каректери жылтырап, кара берметтей күйүп турат. Шалпыйган эки кулагы көтөрүлөйүн десе да учу ылдый тартып жаткандай көрүнөт. Анан да анын төшүндө атайы кол менен тартып койгондой аппак так бар. Эки алдыңкы буттарындагы кичинекей тактар кар жабышып калгандай көрүнөт. Энесинин жанынан жакында эле чыккан окшойт, томпоюп, томолонуп сүйкүмдүү.

Күчүк кара кыз кайда барса да ээрчип алды. Сары кыз деле аны кызганбады.

– Бул чын эле сенин күчүгүңбү? –деди кара кыз сары кызды карап.

– Билбейм. Ушул жерге келди.

– Бул мени жакшы көрүп жатат, карасаң,  – деди кара кыз.

– Ии, чын эле сизди ээрчип алды го.

– Сен муну үйүңө алып кетесиңби? – деди кара кыз. Ушинтип сурап алып, абдан тынчсыздана түштү. Себеби, күчүк ага абдан жагып турган.

– Жок, апам урушат,  – деди сары кыз кайдыгер.

– Анда мен апама айтып көрөйүнчү, – Кара кыз жакын турган жашыл дарбазага чуркап кирип кетти.

Короодо анын апасы карагат тазалап олтурган экен.

– Апа, сонун күчүк таап алдык. Тиги Айтурган таап алыптыр. Биз багып алалычы. Атын Ак төш деп койдум. Азыр мен сизге көрсөтөм, – деп апасынын жообун да укпаган кыз сыртка чуркап чыкты да, кара күчүктү көтөрүп кайра келди.

– Мына, карасаңыз!

– Иий, байкушум, чын эле татынакай экен. Бирок биздин итибиз бар да. Анын үстүнө күчүгүң ургаачы турбайбы.

– Экөөнү тең бага бербейлиби?

– Билбейм, кызым. Эки итти кантип багабыз? Атаңа айтып көрөлүчү.

Кыз андан аркысын уккусу келген да жок. Жаңы мейманын ээрчитип үй артында бак короого бет алды. Ал жакта эки кулагы тикийген овчарка байланып турган эле. Ал кыбыраган кичине күчүктү көрүп үрө баштады. Тимеле бошонуп кетсе жеп жиберчүдөй жулунат. Күчүк аны карап коёт, кайра оюнга алаксыйт. Кыз болсо тиги итти урушкан болот:

– Болдучу, Киреше! Бул биздин күчүк, сен да биздикисиң!

Кеч кирип калган эле. Бат эле көз байланып, караңгылык түшө баштады. Кыз үйгө киргенди да балдар менен ойногонду унутуп, кечке чейин күчүк менен алпурушту. Ал да кыздын артынан калбайт. Экөө эмне кылып ойноп, эмне болуп бир-бирин түшүнгөнүн ким билсин, кечке бирге жүрүштү. Бир кезде кыздын апасы сыртка чыкты.

– Каныкей, үйгө кир!

– Күчүгүмдү да киргизсем болобу?

– Албетте, болбойт! Күчүгүңдү складка киргизе тур. Ит жулунуп жатат, чынжырын үзүп кетпесин,  – деди апасы.

Алар күчүктү тамактандырып, складка киргизишти.

Кыздын атасы жумуштан келгенде, апа ага кайрылды:

– Кызың бир күчүк көтөрүп келиптир.

– Кайдагы күчүк?

– Көчөдөн таап алыптыр.

– Анан?

– Ошол, тиги складда турат. Аябай жактырып алыптыр, сүйүнүп жүрөт.

– Эркек бекен?

– Ургаачы.

– Эртең көлгө барабыз да, жолдон базарга кире кетебиз. Ошондо таштап коёлу. Бирөө-жарым көтөрүп кетсе керек, – деди. Ошентип, күчүктүн тагдыры чечилди.

Таң атканда апа складка кирди. Күчүк ал үйгө көнүп, өзүн короочу сезип алган экен, эшик ачылары менен борсулдап үрө баштады. “Ушу кичине жандыкты карасаң, тобо-оо, кымындай болуп алып адамга ак кызмат кылганын көр! – деп таң калды апа. Аялдын күлкүсү келди, бир чети ичи ысыды. Аңгыча артынан кызы келип калды. Күчүк ага үргөн жок, тескерисинде куйругун шыйпаңдатып, эркелеп жатты.

– Ой, сен кандайча эрте туруп калдың?

– Мен күчүгүмдү сагынып кеттим.

Экөө тамактанып, кайра оюнга киришти.

Түш оой ата машинасын от алдырып, базарга, андан ары көлгө жөнөмөк болушту.

– Каныкей, күчүгүңдү алып, машинага түш. Көлгө барабыз, – деди атасы.

– Күчүгүм менен көлгө түшөмбү?

– Жок, күчүгүңдү базарда жакшы кишилерге беребиз. Биздин ит бар эмеспи.

Кыздын жүрөгү туйлап кетти. Көлгө түшүүчү күндү бир жумадан бери күтүп жаткан. Аны деле унутуп коюптур. Кыз ишенер-ишенмексен, сүйүнөр-сүйүнмөксөн эле. Ата, апа, кыз, кичине күчүк машинага түшүштү.

Кара күчүк машинанын арткы отургучунун жанында жерде жаткан. Бардык ишеничи кызда болгонсуп, жалдыраган эки көзүн андан албайт. Кадимкидей дайыма машинага түшүп жүргөн шаардык ит өңдөнүп тынч жатат.

– Ата, Ак төш биз менен көлгө барып келсинчи?

– Болбойт.

Кыз унчукпай калды. Үйдүн кичүүсү болгондуктан, ата-энесине жакшы эле эркелечү, бул жолу эмнегедир сөз козгой албай олтурат. Себеби, ата-энеси күчүк тууралуу ойлорун эбак чечип коюшкандай, ага чоочун кайдагы бир нерселер жөнүндө сүйлөшүп баратышты. Кыздын жүрөгү ачышып жатты. Эмне кылар айласын таппайт. Колунан келсе Ак төшүн кучактап алып талааны көздөй качат эле. Каап, күчүк ата-энесине көрүнбөй, жалгыз өзүнө гана көрүнгүдөй болуп калса кана! Аны жуунтуп, тарап, үйүнө эле киргизип алмак. Кызга ушундай ойлор келип, жанын кайда коёрун билбейт.

Чоңдор болсо чоң сөзгө киришкен. Түшүнүксүз жана кызыксыз сөздөр. Арасында күчүгүм жөнүндө сүйлөшөбү деп коёт, бирок аларга күчүктүн тагдыры деле кызыксыздай. Кыздын ою жалгыз күчүгүндө. Ал дагы эле жакшылыктан үмүт үзбөй, Ак төшүн башкаларга кыя албай жатты. Колу жан досунун жалтырак кара жонун аялуу сылап, көзүнөн жаш куюлат. Күчүк аны аягандай карайт.

Машина тез эле базарга жете келди. Кыз көз жашын аарчып, ылдый карайт. Машинанын эшиги ачылып, атасы күчүктү колуна алды. Ушул маалда ал күчүк менен кошо анын жүрөгүнүн бир жагын жулуп кеткендей сезилди. Кыз алардын артынан түштү. Ата чоң билеги менен күчүктү колтугуна кыса кармап, ар кимге көргөзүп барат.

– Күчүк кереги жок беле? Күчүк багып албайсыңарбы?

Кыдырекей тизилген соодагерлердин арасынан бири:

– Кана, эркекпи? – деди.

– Жок, ургаачы.

– Анда, кереги жок. Кыз күнгө күйгөн бети майлаган карападай жалтыраган бул кишини "жакшы эле немеби?" дегендей жаш толгон карегинен сынай өткөрдү. Ал ата-энесине көрсөтпөй көз жашын сүрөт. Эне аны байкаган менен, байкамаксан. Ата күчүктү дагы бир-эки кишиге көрсөттү да, анан жерге коё берди. Күчүк башын көтөрүп, быкылдаган кишилерди карап, башы айлангандай. Ары-бери баскан буттарга оролошуп, бет алдын көздөй жүгүрдү.

Кыз шашкалактап артын карабай бараткан ата-энесин ээрчиген менен кылчактап күчүгүн карайт. Ал зуулдаган машинанын астында кала жаздап, качып, жашылча толтурулуп тизилген каптардын арасына кирип кетти. Ошо менен көрүнбөй калды.

Атаңдын көрү, ушул күчүк ит баласы болбой, мал болгондобу, адамдар анын ургаачы экенине сүйүнүшөт эле. Анын бактысыздыгы ит болуп жаралып калганында го. Ит менен мышыктын ургаачысы адамдарга керек эмес. Ошентип, бул жандыктардын көбү көчөдө калып, жолбунга айланат. Алар чоңоюп, көбөйүп кеткенде, адамдар алар менен чоң күрөш баштайт, акыры аларды атып тынышат. Жолбундун маңдайына жазылган тагдыр ошол!

Кээде буркурап, шилекейди чубурткан таттуу жыты менен азгырып, кээде чириген жашылча-жемиштин жагымсыз жыты бур этип, жүрөк айныткан базар кызга өтө жаман жай көрүндү. Себеби, ушул базар аны досу менен ажыратпадыбы.

Ата-эне дарбыз-коон, дагы көп нерселерди алды. Машинага кайтып келатып кыздын каректери Ак төштү издей берди. Бирок таппады. Кыз машинага түшүп, ал ордунан жылганда, көзүнөн аккан жаш жамгыр болуп төгүлдү.

– Ак төшүм, менин байкуш Ак төшүм, сен жанагы машиналардан алыс болчу! Жана дөңгөлөк алдында кала жаздадың го. Сен мени өзүң издеп келип, таап алдың эле, мен сени жоготтум!

Апа кызын билип-туюп турган менен, каалаганын жасап, ашкере эрке кылып албайлы деп ойлоп, атанын чечимине макул, секелегинин сезимин байкамаксан. Анан артына бурулуп:

– Күчүгүңдү жакшы адамдар алып кетишти го. Сен кайгырба, аны жакшы багып алышат, – деп койду.

Кыз ушул сөзгө ишенгиси келет, бирок акыр-аягына чейин ишенбейт.

– Кечир мени, досум! Мен сага эч нерсе кыла албайм. Мен али кичинекеймин. – Ушул сөзү айтканда, өзүн бул жер шаарындагы өтө алсыз жандай сезип, жанын кайда коёрун билбей тыбырап жиберди. Ага бир жумадан бери күткөн көлдүн да, машинага салынган жашылча-жемиштин да кереги жок эле. Жолдо катар жашынып ыйлап баратты.

Үй-бүлө көлгө келгенде кыздын чачтары тер басып, сууга түшкөн чычкандай болуп калыптыр. Жүзү жаш менен жуулуп жалтырайт. Ата-эне айланчыктап, чүрпөсүнүн көңүлүн көтөрөлү дешти. Бирок ал чындап эле сыркоолоп калган. Кыз көлгө түшмөк түгүл өзү жакшы көргөн жемиштен да ооз тийбеди. Дене табы көтөрүлүп, ошондон кийин үч күн төшөктө жатты. Ата-эне кызы мурдагы күнү күчүк менен кечке чейин ойноп, суук тийип калганбы деп да ойлошту. Бирок кыз кусага баткан эле. Күндөн күнгө көңүлсүз тартып, үйдөн чыкпай калды. Түнкүсүн жөөлүйт. Ак төш деп ыйлап ойгонот. Ата-эне бул окуядан соң ага башка күчүк алып келип берүүнү чечишти, арийне, кыз ага көнбөдү.

Ошентип, арадан бир ай өтүп кетти. Бир жолу бул үй-бүлө таң заарынан айылга жөнөмөй болду. Жолдо катар жашылча-жемиш ала кетели деп базарга кайрылышкан эле. Таң эрте базар башкача болот экен. Баягыдай додологон эл жок, жемиштерди дүңүнөн саткандар гана жаңыдан кыбырап кыймылга келип жатышат. Ата-эне сатууга даярдалып, али оозу ачыла элек каптарды аралап, ар нерсени кармалап жүрүшкөн. Кыз машинанын жанында аларга байкоо салат. Бир маалда кыңшылаган алсыз үн угулуп, кайдан-жайдан арыктап жүдөгөн Ак төшү темтеңдеп араң басып келсе болобу. Көргөн көзүнө ишенбей нес боло түштү. Баягы жалтыраган жүнү жок, уйпаланып, аппак төшү да кирдеп, боз топурактай булганыптыр. Кыз сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди. Күчүктү колуна алып кучактап кысып-кысып алды. Бул анын эң алгачкы сагынычы, эң алгачкы кусасы эле. Күчүк да кубангандай кыска куйругун кыймылдатып кыңшылайт. 

– Сенин күчүгүң беле? – деди жүк ташыган машина толтура дарбыздардын жанында олтурган жигит.

– Ооба!– деди кыз сүйүнүп.

– Бул көптөн бери мобул суу өтүүчү трубанын ичинде жашап жүрбөдүбү. Акырын алдап нан берсек да чыккан жок. Сени күтүп жүргөн тура. Каап, мен багып алайын деп жүрдүм эле да, – деп ыржая күлдү тамаша-чынга салып.

Аңгыча ата-эне да кайтып келди. Кыз аларды карап, эмне дейрин билбеди Анын башында “Эми күчүктү багууга уруксат беришеби?” деген ой бар эле. Бул жолу ал күчүгү үчүн кимге болсо да каршы чыгып, кыйкырып ыйлоого даяр болчу. Кыз өзүнө окшогон кара кичине жандыкты кучактаган боюнча аларды сынай карады. Ата-энеси кубанып жана таң калгандай көрүнүштү. Алардын жылмайган жүздөрү асмандан түшкөн периштелердин өңүндөй эле. Алар чын эле периштелер болчу!

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Талантбек Шабиев

    Эң сонун чыгарма экен. Жүрөктү элжиретет го). Автор сүйлөм түзүлүштөрүн бир аз иштеп чыкса жакшы болоор. Анткени: Кыздын атасы жумуштан келгенде, апа ага кайрылды: -деген сүйлөмдү алсак эле орус тилинен сөзмө-сөз которгондой туюулуп калат экен. Автор эске алаар.

  • - Асылбек Абдиллаевич

    эн мыкты чыгарма. манисин толугу менен тушунгон окурманга ото маныздуу. калеминиз курчуп, мынданда жакшы чыгармаларды жарата аласыз деген чоон ишеничтебиз. Бул чыгарма менен келечек тиреги болгон жаштарга мотивация бере алыптырсыз. чыгармачылыка болгон сезимталдуу ой пикириниз кенен экен. Жумагул Барктабасова,сиз негизи эле ото позитивдуу аракетчил инсан экенинизда билебиз. туйшуктуу чыгармачылык ишинизде жалан гана жакшылыктар жылоолоп жандап журсун.

Комментарий калтырыңыз