Самат Кенжебек уулу: Ирмем (№128)

АҢГЕМЕ

Кыш. Январь айынын суук күндөрү эле. Айлана түн жамынып кар кийинген бак-дарактар, үйлөр ай нурунун алдында үнсүз тунжурашат. Кээде гана жортуп жүргөн аязга аралашкан кар бүртүкчөлөрү учуп келип терезеге урунушат.

Терезеден түшкөн ай нуруна бөлмө ичи араң эле байкалат. Чогу өчө элек мештен жылуулуктун илеби уруп, эки үйдү мемиретип турат. Аркы бурчтагы керебетте оор дем алып кыйналган чоң эненин онтогон үнү угулуп жатты. Андан бери терезенин түбүндө түн бир оокум болсо да уйкусу келбей бир нерсе тартсам деген каалоосу күч алып ак баракты тунжурай тиктеген бала отурду. Колундагы жарты сынык карандашты улам-улам айландырып, ою бир орунга турбай ары-бери ала качат. Акыры бир нерселерди чиймелей баштады. Бирде узунунан, кээде кыска, атүгүл ийри-муйру кеткен бул сызыктар бири-бирин толуктап бутүн нерсеге айланып жатты.

Карандаш калтырып жаткан кара чийиндер улам көбөйүп бараткансып, кудум жөргөмүштүн желеси сымал баланын колдоруна жабышып, андан бүткүл денесине чырмалып, кийин бөлмөгө жайылып жаткансыды. Чырмалышкан чийиндердин арасында чымынга окшоп туйлап, жан алы калбай жан талашкан бала кутулууга канчалык аракет кылбасын алардын арасында эрбеңдеген гана кичинекей нерсеге окшоп турду. Денесине оролгон чийиндер улам кысып, эс учунан оодарып демин кыса баштаганда өз керебетинен солк этип ойгонуп кетти. Түш экен деди. Өйдө болуп колдорун караса, карандаштын кара боёгу жугуп калыптыр. Бөлмө ичи чачылган ак барактарга толуп, баланын чачыраган оюнан бетер туш-тушта бытырайт. Сырткы эшик ачылып, андан жулунуп кирген эртең мененки муздак желге барактар ыргалып келип баланын жылаңач бутуна урунушат.

Чоң эне керебетинен онтоп жиберди. Бала шып ордунан ыргып туруп кийине калды да, жетип барып ачылган эшикти тарс жапты. Керебетке басып келип:

- Чоң эне, сизге бир нерсе керекпи? - деди башын ылдый кулагына жакындатып. Ал оозун араң кыбыратып “Суу” дегендей кылды. Мештин үстүндөгү чайнектен жылуу сууну чыныга куюп келип шашпай ичирди.

- Бүгүн абалыңыз начар экен. Ордуңуздан турбай эле коюңуз, мен отту жакшылап жагып кетем.

*     *     *

Сыртта жаап жаткан кар бүртүкчөлөрүн карап терезенин түбүндөгү эң арткы партада бала жалгыз отурду. Класс ичи окуучулардын кобур-собурунан кулак кужурун алып, ал тургай коридорго чейин угулуп жатты. Акыры коңгуроо берилип, ары-бери жүргөн окуучулардын аягы тыйылгансыды. Класс ичинде өз ара баштарын бириктире калып бир нерселерди сүйлөшө калышкан кыздар кээде шаңкылдап күлүп да коюшат. Бала терезеден башын буруп класс ичине көз жүгүрттү. Ою он талаа болуп көңүлү бир орунга турбай буулугуп жатты. Мугалим кирип келгенде баары тең китеп-дептерлерин шарактатып, жазууга ручкаларын даярдай башташты. Анан кадимкисиндегидей сабак өтүлө баштады. Бала арткы партада ручкасын ары-бери айландырып, бирде мугалимге, бирде окуучуларга карап үн-сөзсүз отура берди. Сабак ортолоп калганда партага башын койду да терезеге карады. А сыртта кар дагы деле мурдагы калыбынан жазбай жаап жаткан эле.

*     *     *

Бала жакындай бергенде топурап жүргөн элди байкады. Бир нерсе болгон экен деди ичинен тынчсызданып. Кадамын ылдамдатып жыгач эшиктен кире бергенде, алдынан кошуна байке тосуп чыкты да четке алып чыгып:

- Чоң энеңден айрылып калдык, сабыр кыл,- деди.

Бала мелтиреп эмне дээрин билбей калды. Нес болгон абалында түз эле үйгө кирип барып төрдө жаткан чоң энесинин керебетин карады. Керебеттин эки башындагы күйүп турган чырактар гана чын эле чоң энесинин жоктугун айтып турду. Оозун басып ылдый отура кетти. Жыгач полдон кадимкидей сууктун илеби уруп турган эле. Адамдар аны тегеректей калып бир нерселерди айтып жаткандай болушту. Кыязы, сооротуп жаткандары го...

Сырттагы кыштын суугу канчалык муздак болсо баланын жан дүйнөсү андан өтүп сууй баштагансыды. Мындай учурда адам эмне кыларын билбей, тек гана өткөн күндөрдү эске түшүрүп, андагы кээ бир окуяларды өзгөртүп жибергиси келет. Болуп жаткандарга ишенбей кудум түш сыяктуу көрүнүп, мына азыр ойгонуп кетем деген таризде ойлонуп калат.

Өтмүш менен реалдуулук чаташып бараткансыды. Бала эсине келсе өзү жаткан бөлмөдө отурган экен. Караңгы. Колу менен сыйпалап керебетин тапты да, ага таянып өйдө турду. Аркы бөлмөдө шыбырашкан үндөр угулат. Эшикти акырын ачып караса, терезеден келген анча жарык эмес шооладан адамдардын бир нече элеси ары-бери кыймылдап жаткандары байкалат. Түз эле сыртты көздөй бет алды. Эшикте таң атып келатыптыр. Ары жакта эки-үчөө самоор кайнатып, дагы топтошуп бир нече адамдар турушат.

*     *     *

Күрөктөр жерге кирип топурак уламдан-улам үйүлүп баратты. Адамдар өчү бардан бетер тынбай күрөк артынан күрөк ыргытып, өлүктүн үстүнөн бастырып жатышты. Бала тизелеп отурган абалынан жылбай, үйүлгөн топуракты телмире тиктейт. Көзүнөн тамчы жаш да чыкпады. Топурак үйүлүп бүткөндө көздөрүн жумуп, башындагы миң түркүн ойлорго чаташып калды. Элдин добушу акырындап азая баштады. Баланы ордунан эч ким козгогон да жок. Акыры таптакыр эч нерсе угулбай, айлана тыптынч боло түштү. Канча отурганы белгисиз, көздөрүн ачса айлананы калың туман басыптыр. Мүрзөлөрдүн арасында селейип өзү жалгыз. Ордунан тура калып эки жагын каранды. Арка жагынан кимдир-бирөөнүн чуркап өткөн дабышы угулду. Үн чыккан тарапка утурлай басканда, туман арасынан кичинекей караан көрүнө калды да, чоң жол тарапка чуркап жөнөдү. Ал чуркап кеткенде шыңгыр этип үнү угула түштү. Бул үндү тааныды. Жазбай тааныды. Караандын аркасынан жүгүрүп эмне болгонун түшүнгүсү келди. Тигинин карааны кээде көрүнүп, кээде жок болуп жатты. Анан алдынан алоолонуп күйүп жаткан машина көрүндү. Бала эмне болгонун түшүнбөй, ичинен кыйкырыктар угула баштады. Жалындаган өрт жакын жолотпой, баланы кошо күйгүзүп кетчүдөй бери көздөй жулкунат. Күйпөлөктөп машинанын эшигин ачууга аракет кылды эле, ысыган темир колуна жабыша түштү. Колун тартып алды да, муздак карга баса калды. Коңгуроонун шыңгыр эткен үнү арка тараптан кайра угулду. Бурулуп карай салса, көздөрү бакырайган алты-жети жаштардагы кыз карап туруптур. Колуна чоң энесинин кичинекей коңгуроолору бар билеригин кармап алган. Бала ооруган колун кармалап өйдө боло бергенде, кулагы тунуп, башы сынып кетчүдөй ооруй баштады.

Башынын ичинде "зыңңңңңң" деген гана бир ичке үн угулат. Чыдабай башын мыжыга калды да, жерге отуруп туйлап жиберди. Акырындап барып айланадагы үндөр угула баштаганда так гана кулагынын түбүнөн коңгуроонун добушу чыкты. Катуу кыйкырып, башын өйдө көтөрсө, класстагы окуучулардын баары баланы тиктеп турушуптур. Танапис болуп, мектептин коңгуроосу берилип жатыптыр. Сол алаканы ооруганынан караса, күйүктөн калган тактар бар экен.

Класс ичинде үнсүз ойлуу отурду. Кирүүгө кайра коңгуроо берилгенде окуучулар парталарына жайгаша башташты. Мугалим киргенде класс ичинде тынчтык орноду.

- Балдар, бүгүн араңарга бир окуучу келип кошулат, - деп сөзүн баштады мугалим.

Эшиктен уялыңкы бир кыз кирип, мугалимдин жанына туруп калды. Ошондо бала кызды биринчи жолу көргөндө эле анын көздөрүн эстеди. Бирок мурда эч жерден жолуккан да эмес эле. Кыз да баладан көзүн албай тиктеди. Бала көздөрүн тартып алды. Анткени, көздөрүн кайдан көрдүм эле деп бушайман болуп эстеп жаткан. Таптакыр эстей албады.

- Менин атым Эсмеральда,- деди кыз башын ийкеп анан түз эле баланын жанына келип отуруп алды. Класстагы балдардын баарынын баштары арткы партага бурулду. Бала ыңгайсыз боло терезеге үңүлдү. Сыртта дагы деле кар балпалактап жаап, чоң-чоң бүртүкчөлөрү терезеге келип урунуп жатышты.

Бир кезде бала ордунан ыргып турду да, күрмөсүн алып сыртка чуркап чыкты. Жолдо энтиге чуркап, бет алдынан соккон шамал менен кар көз ачырбай жатса да жүрөгү элеп-желеп согуп, үйүн көздөй учуп баратты. Эстеди. Анын көздөрүн кайдан көргөнүн эстеди. Үйүнө жете келип бөлмөсүнө шашкалактап кирип, ар жерде чачылып жаткан ак барактардын арасынан аны издей баштады. Акыры тапты. Мынакей, анын элеси тартылган барак. Дубалга сүйөнө ылдый отура кетти. Анын көздөрү, чын эле аныкы! Эсмеральданын кара карандаш менен тартылган портретинен көз айырбай көпкө тигилип карады...

Мектептин бакчасындагы эски отургучта Эсмеральда жалгыз олтуруптур. Муздак жел келип анын жүзүн аймалап өткөндө, чачтары сеңселе түштү. Берки бурчуна кызга далысын салып бала отурду.

- Бул эмне? - деди балага колундагы баракты карап. Бала унчукпай портретти сунду. Эсмеральда андагы өзүнүн элесин көрүп көздөрү чоңоё түштү. - Бул кандайча? Муну качан тарткансың?

- Оюмдан чыгарып тарткам. Көрсө сен экенсиң. Өзүм да таң калып турам.

- Кудум мени карап туруп тарткандай. Айтчы, мени мурда көрдүң беле?

- Жок. Сени бүгүн биринчи жолу көрдүм. Анан көздөрүңдү эстедим. Көрсө ушул сүрөттө экенсиң. Мындан артык эч нерсе түшүндүрүп бере албайм. Ишенсең ишен.- Ортодо жымжырттык өкүм сүргөндө, шамалга бактардын карга ийилген бутактары араң козголуп, түшпөй калган бирин-серин куураган жалбырактардын гана дирилдегени угулуп жатты. Мектеп коңгуроосу катуу жаңырды. Бала бурулуп кызга караса, отургучтун аркы башында кыз эмес анын элеси тартылган ак барак гана калыптыр...

*     *     *

Түнкү саат 03: 19дар чамасы эле. Бөлмөнү караңгы түндүн коюу караңгысы каптап, андан шамдын үлпүлдөгөн жарыгы араң эле байкалат. Бала өз керебетинде кара терге чөмүлүп, ары-бери оонап, түшүнүксүз түштөрдү көрүп, айтор, катуу жөөлүп жатты. Караңгылыктын түпкүрүнөн чыга албай, кандайдыр сөлөкөттөр көрүнүп, алар улам чоңоюп, кайра кичирейип, бир формадан экинчи формага айланып жатышты. Ушул учурда убакыттын канча бир узун бөлүгү өтүп кеткендей, бул түн эч качан таңга айланбай калчудай сезилди. Баланын денеси муздай баштады. Мурдунан таптаза аба кирип терге чөмүлгөн денеси эс алгандай боло түштү. Жүзүн муздак жел аймалап өткөндөй болду. Барган сайын өзүнө келип ойгоно баштады. Оозунан муздак буу чыгып денеси чыйрыга, оң капталына оодарылып көзүн ачты. Коюу туман арасында жаткан экен. Чочуп өйдө тура калды. Айлана кулак-мурун кескендей тыптынч. Коюу туман арасынан бозоргон көрүстөндөрдүн элестери араң эле байкалат. Эки жагын элеңдей карап эс учун жыйганча, ары жактан адамдардын кобурашкан үндөрүн укту. Үн чыккан тарапка жакындаган сайын топтолгон кишилердин бир жерге топурак үйүп жаткандарын байкады. Алардын жүздөрү сумсарып, эч өзгөрүүсүз мелтирейт. Сүрдүү да, коркунучтуу. Баланын келгенин көрүшүп баары тең токтоп калышты. Баягы эле өзгөрүүсүз абалдагы коркунучтуу беттер. Бырыш баскан жүздөрү, чүңүрөйүп ары кирип кеткен көздөрү баланы коркутуп турду. Алар эки четке чыга беришип, ортого жол ачып беришти. Үйүлгөн топуракты көздөй басты. Жакындаганда андагы коюлган сүрөткө көзү кадалды. Коркконунан жүрөгү оозуна кептелди. Себеби, ал сүрөттөн өзүн көрүп турган эле. Артка кетенчиктей бергенде кулагы туна түштү. Анан"Ааааа" деп катуу кыйкырып, жерге тизелей бүк түштү. Жаңырык ээнсиреген мүрзөлөрдү аралап барып жок болду. Башын өйдө көтөрүп караса, айланада эч ким жок, өзү жалгыз соксоюп отурат. Аркага бурула калса, баягы кичинекей кыз жылмайып карап турат. Колунда коңгуроолору бар билерикти кармап алган. Бала өйдө боло бергенде кыз чуркап жөнөдү. Анын карааны коюу туман арасынан заматта жок болду.

Туш-туштан каткырган үнү чыгып бирде артынан, бирде алдынан көрүнүп жаткандай. Анын аркасынан болжолдоп чуркап жөнөдү. Бир кезде буту чалынып, күү менен көмкөрөсүнөн күп этип жерге кулады. Ошол боюнча көздөрүн бекем жумуп жыгылган жеринде жатты. Улам дем алганы оорлоп, денеси чылпылдап тердей баштаганда сол капталына оодарылып көзүн ачса, шамдын жанындагы саат баягысындай эле чык-чык... Анын жебелери түнкү саат 03: 11 мүнөт өткөнүн көргөзүп турат. Түш экен деди. Эмнегедир мууну бошоп шалдырай түшүптүр. Көздөрүн араң жумуп, өткөн окуяларды эсине түшүрдү. Ушул учурда убакыт токтоп бардык басып өткөн жолу кудум кассетаны артка түрдүрүп жаткандай; баары бат-баттан артка түрүлө баштады. Анан катуу дем алды да көзүн ачты. Айлана тыптынч. Адамдар эбак кетишкен өңдөнөт. Бирок маңдайында үйүлгөн топурак тургай эч нерсе жок...

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Роза

    Ангемеде баланы психологиялык абалы абдан жакшы чагылдырылган,уйдун Ичи,сырттагы суук,уйдун ичиндеги ооруган чон эмнеси,баланы Жан дуйносундогу кымгуут абал менен кыялындагы кызды суротко тартып,реалдуулукка айлантышы элестуу чагылдырылган. Ангеме жакты,окуяны кубалап окугандан элес калтырды. Авторго ийгилик каалайм

Комментарий калтырыңыз