Садырбек Турдубек уулу: Мээм — тегирмен, китеп — буудай, оюм — ун (№ 129)

*     *     *

Наркоз берди. "Онго чейин... и-и сана!"
алты-ы, жет-и-и-и... анан кайра ойгондум.
Ак сакалдар бата берди "Жүз жаша!"
алтымыш, жет... болбосо деп ойлондум.

*     *     *

Эмне кылдым? Эмне кылды Кудайым?
Мен болгону жар болууңду сурадым.
Какыр жайга айлангандай оазис,
көз ирмемде өзгөрүлдү чырайың.
Тийбей кеттиң, бирок, жалгыз таштабай,
тийди мага тилиң менен убалың.

*     *     *

Сен мага – көктүн Күнү,
мен сага – көптүн бири.
Бир-бирин көрбөсүн деп,
бизге не көз тийдиби?

Алкымың артыгымдай —
аккуунун алкымындай.
Элейип карар элең,
эликтин чаарчыгындай.

Күлкүңө кумар элем,
көлкүлдөп турар элең.
Эшитпей эч бирөөнү,
элести уга берем.

Баш тарттым ардагымдан,
Баар тапкын алганыңдан.
Кантип мен өйдө болом,
Каректей балдарыңдан.

*     *     *

Начар адам океандай болсо да,
наар татып, топтоп болбойт ал-кубат.
Тамчы сымал... жакшы киши зор дабаа,
таңдай катса суусунуңду кандырат.

ЭКИ САП

Жазам деп бир укмуш ыр эч кимде жок,
Жашадым ойлонууда көп жыл короп.
Кайрылгыс кезеңдерим актай барак,
Келечек күн да кыял, тек бир жомок.

Жазылып мазарларга,
сатылып базарларда, дүкөндөрдө.
Жайылып аскаларга, түзөңдөргө,
Калса экен эки сөзүм жок дегенде,
Эм болчу сүйүүсүз түгөйлөргө.

*     *     *

Мээм — тегирмен, китеп — буудай, оюм — ун,
каалап келем: ач көөдөндөр тоюшун.

АДАМ & СМАРТФОН

Адам кандай? Кара жаным батты ойго.
ана – ана-ан окшоштурдум смартфонго.
Билимдери байттар менен өлчөнөт,
бирөө бир байт, бирөө  терабайт болсо.

Самсунг, айфон, хуавей жана башкалар,
салыштырсак кадимки эле расалар.
Аты башка, заты башка болсо да,
акылына окшош нерсе сакталар.

Адам жасап, жанын токтон салгандай
Смартфондор — жаңы туулган балдардай.
"Памятында" не бардыгы маанилүү,
пайдасы бар, зыян да бар ар кандай.

Жүз пайыздан ылдый түшөт кубаты,
а адамдын жүзгө жетер туу жашы.
Сотка өчсө кайра күйөт ток берсе,
адам өтсө жерге кирер куу башы.

Жарык өчсө жана албастан жок болор,
жан экенбиз смартфонго окшогон.
Кудай гана окуйт кайра  жандырып,
шермендебиз чыкпаса экен... кооптоном...

ЖЕР ЖӨНҮНДӨ

Адамзаты билбей кесир, убалды,
ааламды бүт талкалачу куралбы?
Көчүп келип калгандайбыз Жерге биз,
көгүн жарып, таш талкандап бир алды —
Сатурн, Марс,  Плутон, Нептун Юпитер,
Меркурийди, Венераны, Уранды.

Тоо тегиздеп, чуңкур кылган түз жерди.
Тогуз дүйнө кечирсе экен биздейди.
Өздөштүрбөй койсок эмне? Аттигиң!
Көккө учуп, суу астында сүзгөндү.
Жерди дагы мойсоп тына электе,
оо, адамдар жаш планета издейли...

*     *     *

Жер деген — "Мен" планетанын биримин,
жеке басар эркесимин Күнүмүн.
Башка шарлар бабаларым сыяктуу —
эчак өлгөн. Жалгыз гана тирүүмүн.

Жашагым бар, жашатууга кам урам,
жашыл өңүм өчүп калса, АК урам...
Метеорит тешкен сымал озонду,
менин дагы тешилбесин аурам.

ЖАЙЛОО

Жайлоо. Жайлоо керек шашылбай,
жайлат менин өмүрүмдү жашыл жай.
Техниканын заманынан кыйналдым,
тез өтүүдө мезгил токтон бачымдай.

Айың жакын сыныгындай аяктын,
бийиктемин. Кереги жок канаттын,
Катып калган карагайлар зыңгырайт,
казаттагы черүүсүндөй Манастын.

Кер-сур тарткан баатыр зоолор сыр бербейт,
керемет, оо, сырын чечет ким бейлеп.
Чүрөк кыздын маңдайындай жаркырап —
чүчкүртчүдөй чубак жаткан күнгөй бет.

Кой-эчкилер чубайт сууга ак сайга,
койчу болсо куш уйкуда капталда.
Кара, ана! Бир короо кой окшошту,
каптагы арпа чууруп түшүп жатканга.

Бөрү кууса, токтой калып кар жиреп,
"Сүйөт экен бу кыргыздар малды" – деп
Кой, эчкинин көптүгүнө көз артып,
Кайберендер төштү тиктээр кайгы жеп.

Окоптогу аскерлердей даана, сак,
Чөндөлөйлөр чар-тарапты карашат.
Чиркин, жайлоом! Жан дүйнөсү Кудайдын,
Демек, баардык ода сага жарашат.

Бийим токтоп, катыганда кадемим,
Бир гүлүңө сугат болсун карегим.
Ага чейин суктанайын көз тоюп.
Аман болгун эң акыркы дарегим.

*     *     *

Жасалмалык башкарып бу дүйнөңдү,
Жакшылардын жашоого сүйүүсү өлдү.
Тажап кеттим чаңдаган заманадан,
Тагдырымды ташка чаап күбүсөмбү!?

Акыл тозуп, кара баш калды кеңгип,
Ак дил саттык, акчага мандикерлик.
Кереги жок наалыштын ким-бирөөгө,
Кайда барба өзүмчүл, кайдыгерлик.

Тардык сезбей дүйнөдө мал да, жан да,
Тар заманда, зар заман, каар заманда.
Бардар туруп кыйналдык балээ басып,
Баш ичи бош, жүрөк жок "бар заманда".

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз